Ахмадийлерди башка жамааттардан өзгөчөлөп көрсөтүүнүн себеби • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадийлерди башка жамааттардан өзгөчөлөп көрсөтүүнүн себеби

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылы «Ахмадияттан кабар» аттуу китепчени жазып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары аталган Жамаатка жаапкан кээ бир жалааларга жооп берген. Ал китепчени ак ниет менен окуган ар бир момун-мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына коюлган бардык дооматтардын негизсиз жана ачык жалаа экенине күбө болот деп бекем ишенебиз. Ал китепчеде «Ахмадийлерди башка жамааттардан өзгөчөлөп көрсөтүүнүн себеби» деген жөнүндө кеңири сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Айрым кишилер: «Бул түрдөгү кандайдыр бир жамаат түзүүнүн эмне кажети бар эле? Мына ушундай таалимдерди башка мусулмандар арасына жайылтуу керек», – деп айтышат. Мунун акылга ылайык жообу: аскер башчысы аскер кызматына чакырылган кишилерди гана согушка жибериши мүмкүн. Аскердик кызматка кирбеген адамдарды ал кантип урушка жөнөтө алат?!

Эгер жамаат түзүлбөсө, анда Ахмадия Жамаатынын негиздөөчүсү кимдер менен иш аткаруусу жана кимге буйрук бериши мүмкүн эле? Ошондой эле, анын халифаларычы? Эмне, алар базар айланып, кезиккен мусулманга: «Бүгүн балан жерде Ислам үчүн чогулуш болот, сиз ошол жерге барыңыз», – дейт беле? Ошондо, ал: «Мен сиздин сөзүңүздү укпаймын», – деп жооп берсечи? Алар кийинки адамды жана дагы башкасын токтотуп, ушул сөздөрдү айтабы? Чынында, кашкайган чындык мындай: жакшы уюшулган бир ишти амалга ашыруу керек болсо, анда кандайдыр бир жамаатка муктаждык туулат. Ансыз эч бир ишти аткарууга болбойт. Эгер: «Жамаат зарыл болсо түзө берсин, бирок бардыгы менен камыр-жумур болуп жашоо керек да», – деп айтсаңыз, буга мындай жооп бар: жанын коркунучка салып аткарыла турган иштерге ар бир киши каерде даяр турат? Мындай иштерди «дубаналар» гана аткарышы мүмкүн жана аларды «куу-акылдуулардан» ажыратып коюш зарыл. Антпесе, «куу-акылдуулар» «дубаналарды» да өздөрүнө окшотуп алышса, анда мындай иштерди ким аткарат?

Мындан тышкары, башкалардан өзгөчөлөнүп туруунун өзү таң каларлык сезимдерди жаратат, адамдар өз-өзүнөн ал тууралуу сурап сураштырып биле башташат. Акыры, бир күнү өздөрү жок кылууга ниеттенген нерсенин колуна өздөрү түшүп калышат. Кыскасы, мындай каршылыктар билимдин аздыгынын натыйжасы. Эгер тереңирээк ойлосо, негизи Ахмадия тандаган усул гана туура экендиги айкын көрүнөт. Мына ушул усулга амал кылып, ал Ислам үчүн жанын курман кылуучулардын Жамаатын түзүп алды. Ошондой эле, качанга чейин ушул ыкмага амал кылып турса, күндөн-күнгө мындай кишилердин сабын арттыра берет. А түгүл каапырлык Исламдын күч алганын сезип, бар күчү менен Исламга каршы чабуулга өтө баштайт. Бирок, ошондо чабуул убакыты өтүп кеткен болот. Майдан Ислам колунда калып, каапырлык жеңилүү азасын тартат.

Биз саясий күрөштү ишке ашыруучулардын жолунда тоскоол болбойбуз. Биз аларга: «Сөздөрүбүздү түшүнбөгөнүңөрчө иштериңерди уланта бергиле», – деп айтабыз. Ошондой эле, аларга: «Силер да бизди жолубуздан тоспогула» – деген каалообузду да билдиребиз. Эгер кимде-ким алардын жолун ылайык тапса аларга, биздин жолубузду ылайык тапса, бизге келип кошулсун. Алардын жолунда курмандык аз, атак-данк көп, ал эми биздин жолубузда курмандык көп, атак-данк аз. Аларга өздөрүнүн үлүшү бериле берет, бизге да өз үлүшүбүз бериле берет. Акыйкат жана маани жагынан Исламдын артыкчылыгы көбүрөөк зарыл, – деп түшүнгөндөр бизге келип кошулат, дүйнө кумарына байлангандар аларга барып кошулат. Ошондуктан, эмне үчүн өз ара урушуп жана жаңжалдашабыз? Жеке-жеке мүчөлөр кыйынчылыкка дуушар болсо да, эки топ тең коом камын жеп кайгырууда. Алардын башы ооруса, биздин дилибиз азап чегүүдө.

Мен жогорку жоопту тек акылга салып бердим. Эми, руханий көз караш жагынан жооп беремин, менин оюмча ушул эле акыйкат көз караш. Бул суроого руханий жооп төмөнкүчө: ааламда жаманчылыктар күчөп, дүйнөдөн руханият жок болуп, адамдар дүйнөнү динден жогору коё баштаганда, Алла Таала Өзүнүн эзелки сүннөтү (адаты) боюнча Өз пенделерин хидаят-туура жолго баштоо жана аларга жол көрсөтүү үчүн кандайдыр бир элчини «Алланын жолунан адашкан пенделерин туура жолго кайтарсын жана Алла жөнөткөн динди кайтадан дүйнөдө бекем орнотсун» – деген максатта жиберет. Кээде ушул элчилер өздөрү менен чогу шарият келтирешет, кээде оболку шариятты орнотуу үчүн келишет. Курани Каримде Алла Тааланын ушул сүннөтүнө өзгөчө басым жасалып, адамзаттын бүт дити кайра-кайра Алла Тааланын ырайымын жана Анын мээримдүүлүгүн таануусуна бурулган.

Эч күмөнсүз Алла Таала чексиз улуулукка ээ, инсан Ага карата бир кумурскадан да төмөн. Бирок, Алла Тааланын баардык иштери хикмат-даанышмандыкка толгонуна шек-күмөн жок. Ал эч бир ишти себебсиз жана пайдасыз кылбайт. Алла Таала Курани Каримде айтат:

Ad-Dukhan 29

Окулушу: ва-маа ха-лак-нас-са-маа-ваа-ти вал-ар-за ва-маа бай-на-ху-маа лааъи-бийн. (44:39)

Котормосу: Биз ушул жер жана асмандарды жөн гана жаратпадык. Жок, аларды жаратууда бир максатты көздөдүк. (44:39)

Ал максат: адам Алла Тааланын сыпаттарын айкындап, Анын күзгүсү болуп, дүйнөдөгү бийиктикке көтөрүлүүгө кубаты жок адамдарды Алла Таала менен тааныштырсын. Жаратылыштын башынан тартып, азыркыга чейин Алла Тааланын мына ушул сүннөтү (адаты) уланып келүүдө. Кез-кезде Алла Таала ар түрдүү көрүнүштөгү күзгүлөрүн (элчилерин) ушул дүйнөгө жиберди. Алла Тааланын сыпаттары кээде Азирети Адам (алайхиссалаам), кээде Азирети Нух (алайхиссалаам) аркылуу айкын болгон. Кээде Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам), кээде Азирети Муса (алайхиссалаам) денесинен айкын болгон. Кээде Дөөт (алайхиссалаам) Алла Тааланын жүзүн дүйнөгө көрсөттү, кээде Азирети Масийх (алайхиссалаам) Алла Тааланын нурларын өзүндө чагылдырды. Эң акыркы жана эң жеткиликтүү-кемчиликсиз түрдө Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын бардык сыпаттарын кыскача жана толук, ошондой эле жекече да, социалдык жагынан да, ушунчалык зор салтанат менен дүйнөгө таанытты, абалкы пайгамбарлар анын күнгө окшогон денесинин алдында жылдыздар сыяктуу бүлбүлдөп калышты. Расуулуллаах (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин бардык шарияттар бүттү жана шарият алып келүүчү бардык пайгамбарлардын жолу бекитилди. Муну кандайдыр бир атаандаштык, же кандайдыр бир талкууга баруу себебинен токтотулду, деп түшүнбөш керек. Жок, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген шарият бардык муктаждыктардын түйүнүн чечүүгү жана бүткүл керектөөлөрдү камсыздандыруучу болгонунан ошондой болду. Алла Таала тарабынан эмне келе турган болсо, келип бүттү. Бирок, пенделер туура жолду четке кагышпайт жана бул акыйкат таалим-насаатты унутушпайт дегенге эч кандай кепилдик жок эле. Курани Каримде Алла Таала ачык айткан:

As-Sajda 6

Окулушу: ю-дабби-рул-ам-ра ми-нас-са-маа-и илал-ар-зи сумма яъ-ру-жу и-лай-хи фий я-у-мин каа-на мик-даа-ру-ху ал-фа-са-на-тин мим-маа таъуд-дуун. (32:6)    

Котормосу: Алла Таала Өзүнүн бул акыркы «калаамын» жана Өзүнүн бул акыркы шариятын асмандан жерге орнотот, адамдардын каршылыгы Анын жолун тосо албайт. Бирок, андан кийин бир мезгил өткөн соң бул «калаам» асманга көтөрүлө баштайт жана миң жыл ичинде бул дүйнөдөн көтөрүлөп кетет. (32:6)

Жогоруда баян кылынган хадис боюнча Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) диндин орнотулуусунун ушул доорун үч жүз жыл, деп белгилейт. Курани Карим да «Алиф-Лаам-Мийм-Раа»[1] аркылуу бул доорду эки жүз жетимиш бир жыл, – деп белгилейт. Эми диндин асманга көтөрүлө турган убакыты – миң жылды буга кошуп эсептесек, бул доор 1271 жылды түзөт. Тагыраак айтканда, дүйнөдөн Ислам рухунун жок болуу доору Курани Карим боюнча 1271 жыл же он үчүнчү кылымдын акыры болот. Курани Каримден белгилүү болгондой, ушундай доордо дүнүйө бүтүндөй шайтандын эркине өтбөшү үчүн жана Алланын өкүмчүлүгү дүйнөдөн түбөлүккө жок болуп кетбеши үчүн Алла Таала тарабынан кандайдыр бир жол көрсөтүүчү жана жетекчи албетте келет. Кыскасы, бул доордо Алла Таала тарабынан бир кишинин келиши зарыл эле. Бул ким болбосун, албетте келиши керек эле.

Азирети Адам (алайхиссалаам)дын жолдоочулары туура жолдон адашканда, Алла Таала аларга жардам кылды. Азирети Нух (алайхиссалаам)дын жолдоочулары жолдон адашканда, Алла Таала аларга да жардам берди. Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам)дын жолдоочулары арасында да каталык жүз бергенде, Алла Таала аларга көмөк көрсөттү. Азирети Муса (алайхиссалаам)дын үммөтү жолдон чыкканда, Алла Таала аларга да жардам берди. Азирети Иса (алайхиссалаам)дын жолдоочулары туура жолдон адашканда, Алла Таала аларга да жардам кылды.

Эми, Саййад-ул-Анбия Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтү адаша баштаса, Алла Таала аларды көрүп туруп, кантип жардам кылбасын? Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтү тууралуу мындай кабар берилген эле:

«Майда-чүйдө кемчиликтер-каталыктарды тартипке келтирүү үчүн анын үммөтүнө ар бир кылымдын башында бирден «мужаддид» жиберилет.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам):

Abu Dawood

«ин-нал-лаа-ха яб-ъа-су ли-хаа-зи-хил-умма-ти алаа раси кулли миа-ти сана-тин ман ю-жадди-ду ла-хаа дий-на-хаа». (Сунан Аби Дауд, Китаабул-Малаахим)

деп айткандай, майда-чүйдө тартипсиздиктерди иретке келтирүү үчүн Алла тарабынан «мужаддиддердин» келүүсү акылга каршы иш эмес, бирок Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айтуусуна караганда пайгамбарлар дүйнөгө келе баштагандан бери кабар берип келе жаткан ушул улуу баш аламандык учурунда кандайдыр бир элчи, бир жол көрсөтүүчү, бир жол башчынын келүүсү акылга каршы ишпи? Мусулмандарды чыныгы дин чөйрөсүнө топтоо үчүн Алла Таала тарабынан бир да чакырык болбош кызык эмеспи? Мусулмандарды караңгылык каарынан чыгаруу үчүн асмандан бир да аркан түшүрүлбөсөчү? Аалам жаратылгандан бери Өз ырайымын төккөн Алла Тааланын мээрим дайрасы бүтүшүнөн көрө Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) элчиликке жиберилгенден кийин ого бетер ташкындап чыкты. Эгер Алла Таала качандыр бир убакытта ырайымдуу болгон болсо, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үммөтүнө Ал мурдагыдан да ырайымдуураак болушу керек болчу. Эгер Алла Таала качандыр бир мезгилде мээримдүү болгон болсо, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үммөтүнө Ал мурдагыдан да мээримдүүрөөк болушу керек болчу. Албетте, Ал дал ошондой. Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтү арасында качан туура эмес иштер пайда болсо, Алла Таала Өз тарабынан жол көрсөтүүчү жана жол башчыларды жиберишине Курани Карим жана хадистер күбө. Өзгөчө, акыр заманда «Дажжалдын фитнасы» айкын болуп, христиан дини үстөмдүк кылганда жана Ислам бир караганда жеңилүүгө дуушар болгондо, мусулмандар динди таштап, башка коомдордун үрп-адаттарын кабылдай баштаганда Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир жеткиликтүү «күзгүсү» пайда болуп, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) төмөнкүчө сүрөттөгөн заманды оңдойт:

Mishkaat

«лаа яб-каа ми-нал-Ислам-и иллаа ис-му-ху ва-лаа яб-каа ми-нал-Куран-и илла рас-му-ху». (Мишкаат, Китаабул-Илм)

Исламдын жалгыз наамы, Курандын жалгыз жазуусу гана калат. Исламдын маңызы эч бир жерде көрүнбөйт жана Курандын маанилери эч кимге айкын болбойт. (Мишкаат, Китаабул-Илм)

Кыскасы, эй сүйүктүүлөрүм! Ахмадия Жамааты мына ушул байыркы сүннөт боюнча, ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана өткөн пайгамбарлар бул заман туурасында айткан кабарлар боюнча түзүлгөн. Эгер: «Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын тандалуусу бул ишке ылайыктуу болгон эмес», -деп айтылса, анда (Кудай сактасын) бул Алла Таалага жалаа жапкандык. Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын мында эмне күнөөсү бар? Бирок, эгер Алла Таала «аалымул-гайыб» (кайыпты Билүүчү) болсо жана эч бир сыр Андан жашыруун болбосо, ошондой эле Анын бардык иштери даанышмандык-акылмандыкка толгон болсо, анда Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын тандалышы гана туура тандоо болгондугун, ошондой эле аны кабыл алууда гана мусулмандардын жана дүйнөнүн пайдасы бар экенин билүү керек. Ал дүйнөгө кандайдыр бир жаңы чакырык-кабар алып келген жок. Ал ошол – Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дүнүйөгө тараткан, бирок дүйнө унутуп жиберген ошол эле чакырык-кабарды гана алып келген. Ошол эле чакырык Куранда да айтылган эле, бирок дүйнө андан жүз бурду. Ал чакырык-кабар мындай: бүтүн ааламдын жаратуучусу жалгыз Алла. Ал адамды Өзүнүн махабаты жана алакасы үчүн жараткан. Алла Таала:

Al-Baqara 31

«ва из каа-ла Раббу-ка лил-ма-лаа-и-ка-ти инний жаа-ъи-лун фил-ар-зи хали-фа-тан». (2:31)

деп айткандай, Ал Өзүнүн сыпаттарын инсан аркылуу айкындоо үчүн аны жаратты. Ошентип, Азирети Адам (алайхиссалаам) жана анын насили Алла Тааланын халифасы – өкүлү. Ал Алла Таала сыпаттарын дүйнө алдында айкындоо үчүн жаратылган.

Демек, өзүнүн жашоосун Алла Тааланын сыпаттарына ылайык өткөрүү бардык адамдарга парыз. Бир жерге жиберилген өкүл ар бир ишинде өзүн жиберген башчысына кайра-кайра кайрылгандай, ошондой эле бир кул кандай иш болбосун, аткаруудан мурда кожоюнуна кайрылган сыяктуу Алла Таала менен дайыма алакада болуп, ар бир иш-аракетте Ага ишенип, Алланын жетекчилигинде болуу жана эң Сүйкүмдүү Алла болгонун билүү адамдын милдети. Мына ушул милдетти аткаруу үчүн Азирети Масийхи Мавъуд[2] (алайхиссалаам) дүнүйөгө келген. Анын милдети – бул дүйнөлүк иш менен алек кишилерди динге тартуу, алардын дилдерине Ислам өкмөтүн орнотуу, ошондой эле шайтандын күчтөрү ичтен жана сырттан биригип, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды тактан түшүрүү үчүн жасаган чабуулдарынан аны сактап, кайрадан өзүнүн руханий тактысына өткөзүү.

Бул максатка жетишүү үчүн Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) алгач төмөнкү ишти жасаган: ал мусулмандардын көңүл-дитин кабыктан алып түпкү маңызына буруп, өкүмдөрдүн тышкы көрүнүшү да өтө маанилүү жана зарыл, бирок инсан ички дүйнөгө көңүл бөлбөстөн эч өнүгө албагандыгына басым жасаган. Кыскасы, ал бир Жамаат түзүп, «байъат убадасында» «мен динди мал-дүйнөдөн жогору коемун» деген шартты койгон. Чындыгында, мына ушул жара мусулмандарды кене сыяктуу жеп жаткан эле. Мүлк-дүйнө мусулмандардын колунан кеткенине карабастан, алардын үмүттөрү дагы эле дүнүйөдөн үзүлбөдү. Алардын түшүнүгүндө Ислам өнүгүүсүнүн мааниси бийликке жетишүү болуп калган эле. Алардын түшүнүгү боюнча Исламдын ийгилигинин мааниси мусулман деп аталуучулардын таалими жана соода тармагынын өнүгүүсү болуп калган эле. Ал эми Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдар мусулман деп аталышы үчүн гана дүйнөгө келбеген; жок, ал адамдарды чыныгы мусулман кылуу үчүн келген; чыныгы мусулманды Курани Карим мындай мүнөздөйт:

Al-Baqara 113

«ба-лаа ман ас-ла-ма важ-ха-ху лил-лаах»,

өзүнүн бүтүн денесин Алла үчүн багыштаган жана дүнүйө керектөөлөрүн диний керектөөлөрүнө багындырган (киши чыныгы мусулман) (2:113).

Сыртынан бул жөнөкөй гана бир сөз болуп туюлат, бирок акыйкатта Ислам жана башка диндер ортосундагы айырма да мына ушунда. Ислам: «Силер илим албагыла же соода кылбагыла же өндүрүштү өнүктүрбөгүлө же өкмөттү бекемдөөгө аракеттенбегиле», – деп айтпайт. Ал бир гана адамдын тек көз карашын өзгөртөт. Дүйнөдөгү бардык иштер үчүн эки гана көз караш болот: бири – кабыктан маңызды алуу көз карашы, экинчиси – маңыздан кабыкты алуу көз карашы. Кабыктан маңызды алууга үмүттөнгөн киши максатына жетүү жолунда ийгиликке жетишүүсү шарт эмес, анын көбүнчө жолу болбойт. Бирок, маңызды алуучу бир убакытта кабыкка да ээлик кылат. Расули Карим (саллаллааху алайхи ва саллам) жана анын жолдоочуларынын бүт күрөшү дин үчүн болгон. Бирок, бул – алар дүнүйө «нээматтарынан» куру калышкан дегендик эмес. Бул табигый абал: динге ээ кишилердин артынан мал-дүйнө кул жана күң сыяктуу жүгүрүп келет. Бирок, дүнүйө-мүлк менен кошо дин берилүү шарт эмес; көп учурларда киши динге ээ боло албайт; көп учурларда колунда бар дин дагы колдон чыгып кетет.

Кыскасы, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) пайгамбарлардын усулуна амал кылып, Алланын өкүмү менен дин жакка көңүл бурдурууга өзгөчө басым жасады. Ал майданга чыкканда, мусулмандар арасында эки түрдүү аракет бар эле: бири, мусулмандардын ахвалы алсырап кеткендиктен дүйнөлүк күч-кудуретке ээ болууга аракет кылыш керек; экинчиси, биз көңүл-дитибизди динге толук бурушубуз керек, мунун натыйжасында Алла Таала бизге мал-дүйнөнү албетте Өзү берет. Мунун акыркысын ал киши баштады.

Айрым кишилер түшүнбөстүктүн натыйжасында мындай талкуу жүргүзө баштады: «Ал баштаган аракет да дал бүгүнкү күндөгү суфийлер жана башкалардын аракетине окшойт». Алар (суфийлер) бир караганда намаз жана орозого басым коюшуп, жакшынакай кишилерди жалгыздыкка чыгарып, дал паранжы жамынган аялдардай кылып коюшат. Эгер ал киши ушундай кылганда, албетте маңыз атынан кандайдыр бир кабыкты алууга чакырган болот эле, бирок ал мындай кылбады. Диний буйруктарга басым жасап, ал киши бир убакыттын ичинде дин инсандын акыл-дараметин өнүктүүгө, мээсин жарык кылууга жана акылын курчутууга Алла Таала тарабынан келгендигине басым жасады. Ал айткан: «Акыйкатта динге амал кылып, жасалма иш жасабаган адамда дин эң жакшы ахлак-адепти пайда кылат. Дин ага амал кылуу күч-кубатын берет. Дин анын ичинде өз акысын башкаларга берүү жана курмандык кылуу күчүн жаратат». Ал айткан: «Силер динге ээ болгула, намаз окугула, орозо туткула, ажы сапарына баргыла, зекет бергиле, бирок Курани Карим айтып берген намаздарды окугула, Курани Карим айтып берген орозолорду туткула, Курани Карим айтып берген ажы сапарына аттангыла, ошондой эле Курани Карим айтып берген зекетти бергиле. Курани Карим силерден бекерге отуруп-турууну, бекерге ач калууну, өз мекениңерди себепсиз таштоону жана мүлкүңөрдү талаага чачууңарды талап кылбайт».

Курани Карим намаз туурасында мындай дейт:

Al-Ankabuut 46

«иннас-салаа-та тан-хаа анил-фах-шаа-и вал-мун-кари». (29:46)

Албетте, намаз бузукулуктардан жана ар түрдүү жаман иштерден кайтарат. (29:46) 

Ошентип, силер окуган намаздан Курани Карим буюрган намаздагыдай натыйжа чыкпаса, анда мындай намазыңар намаз эмес.

Орозо туурасында Курани Карим мындай дейт:

Al-Baqara 184

«ла-аълла-кум татта-куун». (2:184)

Орозо дилиңизде такыбалык жана жакшы адеп-ахлактарды жаратуу үчүн белгиленген. (2:184)

Демек, эгер силер орозо тутсаңар, бирок ал натыйжа бербесе, анда ниетиңер дурус эместиги айкын болуп калат. Ошондо, силердин орозо тутканга эсептелинбей, бекер ачка каласыңар. Алла силерди ачка калтырууну көздөбөйт.

Ажылык сапар жөнүндө Курани Карим: «Бул напсинин ыксыздыгын жана өз ара уруштарды четтетет», – дейт. Демек, ажылык сөгүнүү, ушак-айың жана жаңжалды токтотуучу куралы эсептелет.

Зекет тууралуу Курани Каримде мындай айтылат:

At-Tawba 103

«хуз мин ам-ваа-ли-хим са-да-ка-тан ту-таххи-ру-хум ва ту-заккий-хим би-хаа». (9:103)

Зекет жеке адамдын жана коомдун, ошондой эле жүрөк жана ой-пикирлердин тазалануусу үчүн парыз кылынган. (9:103)

Демек, мындай натыйжалар болмоюнча силердин ажылык сапарыңар жана зекетиңердин аты гана болот.

Болуптур, силер намаз окугула, орозо туткула, ажы сапарына баргыла, зекет бергиле, бирок силердин намазыңарды, орозоңорду жана ажылык сапарыңарды натыйжа бергенде гана кабыл аламын. Ошондой эле, силер бузгунчулук, сөгүнүү жана жаман иштерден өзүңөрдү сактагыла, дилиңерде такыбалык пайда болсун, ушак-айың жана жаңжалдан бүтүндөй оолак жүргүлө, жеке адам катары да, коом катары да тазалангыла, жүрөк жана ой-пикириңер да тазалансын. Бирок дилинде ушундай нерсе пайда болбогон кишини мен жамаатымдын мүчөсү, – деп эсептебеймин. Анткени ал кабыкты гана тандады, Алла каалаган маңызды тандабады.

Ошентип, башка түрдөгү ибадаттар жөнүндө ал маңызга басым жасап мындай деди: «Исламдын эч бир өкүмү даанышмандыктан куру эмес. Алла таала көзгө көрүнбөйт. Ал дилге көрүнөт. Алланы кол менен кармап болбойт, Аны махабат менен кармаса болот».

Кыскасы, диндин максаты көз жана колду башкаруу гана эмес; жок, инсандарда Алла Тааланы көрүүгө, Аны кармай алууга жана Анын үнүн угууга жардам берүүчү күчтөр пайда боло берсин үчүн ал көз жана колду, дил жана сезимди тазалоо максатында башкарат.

Кыскасы, мындай нерселерге басым жасап, ал киши Исламдын жарыгы үчүн бир жаңы жол ачып берди. Натыйжада, кичинекей болсо да, бир Жамаат пайда болду. Ал Жамаат динди мал-дүйнөдөн жогору коюп, Исламдын руханий жарыгы жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын руханий падышачылыгын бекем орнотуу үчүн ар түрдүү курмандыкты баштады.

Сиздер ойлоп көрүңүздөрчү: Ахмадияттын чакан бир Жамааты кайда, башка мусулмандардын эң чоң тобу кайда? Бирок, Исламды жайылтуу жана анын жаркындыгы үчүн сан жагынан миң эсе көбүрөөк болгон мусулмандар Ахмадия Жамааты ишке ашырып жаткан иштердин жок дегенде жарымын, же эч болбосо, бир чейрегин жасашыптырбы? Деги бул өзгөрүш кантип болду? Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Ахмадийлерге: «Динди мал-дүнүйөдөн жогору койгула!» – деп басым жасоосунан пайда болду. Ахмадийлер бул акыйкатты билгенден кийин, алардын амалдары жаңыча түрдөгү амалдарга айланды. Чыныгы Ахмадийдин намазы жалпысынан башка мусулмандыкынан дагы маңыздуураак. Кыймыл-аракет, сөздөрү бирдей, бирок маңызы башкача. Ахмадий намазды намаз үчүн, ошондой эле Алла Таала менен алакасын күчөтүү үчүн окуйт. Кимдир бирөө: «Эмне, башка кишилер Кудай Таала менен алакасын күчөтүү үчүн намаз окушпайбы?» – деп айтышы мүмкүн. Менин жообум мындай: «Эч качан!» Эгер сиздер кылдаттык менен көңүл койсоңуздар, азыркы учурда тилекке каршы мусулмандар арасында Алла Таала менен түзмө-түз алакада болуу мүмкүн эмес, деген кеп таркалганына күбө болосуңар. Жалпысынан мусулмандар: «Азыркы учурда Алла Таала пенделери менен сүйлөшпөйт, ошондой эле пенделери да Аллага өз сөздөрүн жеткире алышпайт», – деп жаңылышууда. Мына бир кылымдан ашуун убакыттан бери мусулмандар Кудайдан аян түшүүнү жокко чыгарып келүүдө. Эч күмөнсүз мурдакы мусулмандар арасында Кудай сөздөрүнүн мезгил-мезгили менен түшүп турганына ишенген кишилер болгон. Ишенмек түгүл, алар Алла Таала менен сүйлөшөөрүн да айтышкан. Бирок, бир кылымдан бери мусулмандарды мына бул балээ басты: алар Кудайдын сөздөрүнүн түшүп турушун бүтүндөй четке кагышкан, а түгүл айрым молдолор бул акыйкатты айтууну каапырлык, деп баалашкан.

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) дүнүйөгө келип, мындай жар салды:

«Алла Таала мени менен сүйлөшөт; жеке мени менен гана эмес, кимде-ким мени ээрчисе, менин жолумду тутса, менин окуу-насыйкатымды кабыл алса, ошондой эле менин туура багытыма макул болсо, Алла таала аны менен да сүйлөшөт». Ал киши Кудайдын сөздөрүн дүнүйө жүзүнө тынымсыз баяндады жана жолдоочуларына: «Сиздер да Алланын ушул белек-тартууларын алууга умтулгула», деп насаат кылды. Ал айткан: «Мусулман күнүнө беш маал Алладан мына бул дубаны окуп, тилек кылат:

Al-Fatiha 6-7

«их-ди-нас-си-раа-тал-мус-та-кийма, си-раа-талла-зий-на ан-аъм-та алай-хим». (1:6-7)

Эй Алла, бизге туура жол көрсөткүн, Өзүң тартуулаган – мурдагы пайгамбарлардын жолун көрсөткүн. (1:6-7) 

Демек, анын дубасы такай бекер кетип, Алла Таала мусулмандардан эч бирине илгерки пайгамбарларга ачылган жолду ачпай, эч бир киши менен илгерки пайгамбарлар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшпөй коюшу мүмкүнбү?          Ушундайча, ал киши мусулмандардын дилиндеги ушул түйүндү бүтүндөй чечип таштады. Мен айтпаймын ар бир Ахмадий, бирок муну албетте айтамын: Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын максатын туура жана толук түшүнгөн ар бир Ахмадий намазды карызын өтөп жаткан киши сыяктуу окубайт. Ал намазды Алладан бир нерсе алууга баргандай, Алла Таала менен жаңы бир алака түзүүгө баргандай окуйт. Ушул ниетте намаз окуган кишинин намазы башкалардыкынан өзгөчө болоорун түшүнүүгө болот. Ал киши Алла менен алака кылууга өзгөчө басым жасап, мындай айткан:

«Менин чакырыгымды кабыл алуу үчүн Алла Таала көптөгөн далилдерди келтирди. Бирок, мен: «Силер ал далилдерди ойлоп көргүлө жана маңызын түшүнгүлө», – деп айтпаймын. Эгер бул далилдерди ойлоп көрүүгө жана маңызын түшүнүүгө мүмкүнчүлүгүңөр болбосо, же буга зарылдык жок, деп билсеңер, же акылыбыз бул сөздөр туурасында бир чечимге келүүдө жаңылып калышы мүмкүн деп ойлосоңор, анда көңүлүңөрдү төмөнкү нерсеге тартамын: силер Алла Тааладан: «Эгер бул киши туура болсо, бизге жетекчилик кыл, ал эми жалганчы болсо, анда бизди андан алыс кыл» – деп айтып, мен жөнүндө дуба тилегиле жана Кудай Тааладан хидаят-туура жолду сурагыла».

Ал мындай кошумчалайт: «Эгер бир киши куру сезимден оолак болуп, бир нече күн чын ыкластан ушундай дуба кылса, Алла Таала сөзсүз ал үчүн хидаят-туура жолун ачат жана менин акыйкаттыгымды ага айкын кылып коёт».

Жүздөгөн, миңдеген адамдар ушундай аракет кылып, Алла Тааладан нур алышкан. Бул кашкайган айкын далил эмеспи? Инсан акылы жаңылыштык кетирүүсү мүмкүн, бирок Алла Өзүнүн башчылык ишинде каталыкка жол бербейт. Өз акыйкатын жеткирүү үчүн бир чечимге келүүнүн ушундай усулун дүйнөгө айкындаган адам өзүнүн акыйкатына канчалык ишенет! Деги, бир жалганчы киши: «Баргыла, мен тууралуу Алладан сурагыла», – деп айтышы мүмкүнбү? Жалганчы адам: «Чечимдин ушундай усулу менин пайдама туура чечим болот», -деп ойлошу мүмкүнбү? Кимде-ким Алла Таала тарабынан эмес, бирок ушундай чечимге макул болсо, ал өзүнө каршы өзү өкүм чыгарат жана өз бутуна өзү балта чабат. Ал эми, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) дүйнөгө дайыма мындай айткан:

«Менде миңдеген далилдер бар, бирок эгер бул далилдерден да канаттанбасаңыздар, анда силер менин жана мага каршы болгондордун пикирин укпагыла, Алла Тааладан менин чынчыл же жалганчы экенимди сурагыла. Эгер Алла Таала мени жалганчы, деп айтса, анда шексиз жалганчы боломун. Бирок, Алла Таала акыйкаттыгымды айтса, анда менин акыйкат экендигимди кандайча четке кагасыңар?»

Эй азиздерим! Бул туура жана ишенимдүү чечимге келүүнүн эң сонун жолу! Миңдеген кишилер мындан пайдаланышты; азыр да ушул чечимге макул болгон бардык адамдар мындан пайдаланышы мүмкүн. Чындыгында, анын: «Дин мал-дүнүйөдөн жогору турат», – деп ишенгендиги үчүн ал бир чечимге келүүдө мына ушул жолду жактырды. Ал айткан: «Алла Таала материалдык нерселерди көрүү үчүн көздөр берген; Алла Таала материалдык нерселерди түшүнүү үчүн акыл берген; материалдык буюмдарды көрсөтүү үчүн Өз күнүн жана жылдыздарын жараткан. Демек, андай болсо, руханий хидаяттарды көрсөтүү үчүн кантип бир жолду белгилеген эмес? Албетте, кимдир бирөө Кудайдан руханий нерселерди көрүүнү кааласа, Алла Таала ага жол ачып берет. Ал Өзү Курани Каримде айтат:

Al-Ankabuut 70

Сөздүн кыскасы, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) «динди мал-дүнүйөдөн жогору коюу» деген жолду өзүнүн Жамаатына да, өзүн четке кагуучуларга да сунуш кылган: биздин Кудайбыз тирүү Кудай; Ал азыр да бүткүл ааламдарды, жалпы жаратылышты, дүнүйө жана динди башкарууда. Алла менен көбүрөөк байланышта болуп, Ага көбүрөөк жакындашуу ар бир момун-мусулман үчүн зарыл. Туура жол айкын болбогон киши үчүн Алладан гана жарык суроосу жана Анын жардамы аркылуу акыйкатка жетишүүгө аракет кылуусу зарыл.

Кыскасы, дүйнөнү оңдоо жана адамдарды Аллага алып баруу, Алла Таала менен жолугушуудан үмүтсүздөнгөн кишилердин дилдеринде Алла Таала менен байланышууга ишеним жаратуу, ошондой эле Азирети Муса (алайхиссалаам), Азирети Иса (алайхиссалаам) жана башка пайгамбарлар доорунда жашаган кишилерге насип болгон жашоодой жашоону буларга да берүү Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын негизги иши, негизги даават-чакырыгы эле.

Эй азиздерим! Эски китептерди окуп көрүңүздөр, кийин өз ата-тегиңердин тарыхына назар таштасаңар, эмне алар жалаң материалдык керектөө менен гана өмүр сүрүшүптүрбү? Алардын иштери бүтүндөй материалдык айла-амалдар аркылуу жүргүзүлгөнбү? Жок, алар Алланын мээрим-махабатына жетишүү үчүн күнү-түнү чуркашкан. Алардын арасындагы бактылуулары Алланын кереметтери жана жышаандарынан үлүш алышкан. Алардын мына ушул жашоосу аларды башка коомдордон айырмалап койгон. Ал эми бүгүн хиндилер, христиандар жана башка коомдордон мусулмандарды айырмалай турган кандай артыкчылык бар? Эгер эч кандай өзгөчөлүк болбосо, анда эмнеге Исламга муктаждык бар? Чындыгында зор бир артыкчылык-өзгөчөлүк бар, бирок мусулмандар аны унутуп коюшкан. Бул артыкчылык – Исламда Алланын сөздөрү ар дайым уланып, Алла Таала менен ар дайым түз байланышса болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ажайып берекелеринин мааниси да ушунда. Баккалавр жана магистратура деген экзамендерден өтүү – бул Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын келтирген берекелеринин мааниси эмес. Эми, христиандардан ушундай даражаларга ээ болушкандар жокпу? Кандайдыр бир мекемени башкаруубуз – бул Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ажайып берекелеринин мааниси эмес. Эмне, христиандар, хиндилер жана сикхтер[3] ушундай мекемелерди башкарышпайбы? Кандайдыр бир чоң кампа курганыбыз жана узак өлкөлөрдө соода-сатык иштерин баштаганыбыз – бул анын ажайып берекелеринин мааниси эмес. Бул ишти хиндилер, христиандар жана жөөттөр дагы кылышууда.

Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ажайып берекелеринин мааниси мындай: анын касиетинен улам инсан Алла Таала менен түз алака орнотсун; инсандын дили Алланы көрсүн; анын руху Аны менен бирге болсун; ал Анын ширин-шекер сөздөрүн уксун; Алла Тааланын улам жаңы белгилери жана жышаан-аяттары ал үчүн айкын болсун. Бул нерсеге дүнүйөдө эч ким Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кул болбостон жетише албайт. Мына ушул боюнча Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жолдоочулары башка коомдордон өзгөчөлөнүшөт.

Кыскасы, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мусулмандардын көңүлүн ошого буруп, кабыл албагандарга карата:

«Жоголуп кеткен бул асыл берметти Алла Таала мага берди жана куру кеткен бул байлыкты мага тартуулады. Бул нерселердин баардыгына Расуули Карим (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтү болгонум үчүн гана татыдым. Анын ажайып берекелери гана мени мына ушул даражага жеткирди», – деп баса белгилеп айткан.

Мындан тышкары, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) башка көптөгөн иштерди да жасаган. Алардын бардыгы майда-чүйдө иштер болгон, бирок ошол эле учурда алар абдан маанилүү жана улук иштер. Ал эми динди мал-дүйнөдөн жогору коюуга жана руханий нерсени материалдык нерседен жогору коюуга баштап берген иш, анын негизги иши эле. Шексиз, ушул жолдо гана Ислам башка диндер үстүнөн жеңишке жетишет. Биз замбиректер жана мылтыктар менен да өлкөбүздү коргойбуз. Биз айрым душмандарыбызды ушул куралдар менен да жеңебиз. Бирок, Ислам Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) белгилеген руханий жолдо гана бүтүн дүнүйөдө жеңишке жетишет.

Мусулман мусулман болуп, динди мал-дүйнөдөн жогору коё баштаганда, руханий нерселерди материалдык буюмдардан жогору көрө баштаганда Батыш мамлекеттеринин таасиринде биздин өлкөбүздө тамыр жайган көңүл ачууга ыктаган жашоо өзүнөн-өзү жок болуп кетет. Инсан кимдир бирөөнүн буйругуна эмес, ал өзүнүн напсисинин талабына карап жеңил-желпи, беймаани жашоо өткөрүүнү четке кагып, акыйкат турмуш өткөрө баштайт. Кийин анын тилинде таасир пайда болуп, кошунасы ал тутунган жолду тандай баштайт. Ошондой эле христиандар, хиндилер жана башка диндеги кишилер да куду меккеликтер сыяктуу төмөнкү сөздөрдү айта башташат:

Al-Hijar 3

«лау каа-нуу мус-ли-мийн». (15:3)

Атаганат, биз мусулман болсок кана! (15:3)

Кийинчирээк, бул сөздөр куду меккеликтер сыяктуу алардын амалына айланып, алар албетте мусулман болушат. Анткени эч ким узак убакыт жакшы нерседен алыста тура албайт. А дегенде, оболу кызыгат, кийин ач көздүк туулат, андан соң аракет башталат, акырында ошол нерсеге бүтүндөй жакын келип калат. Азыр да дал ошондой болот. Оболу Ислам мусулмандардын дилдерине кирип барат, кийин денелерине жайылат. Андан ары мусулман болбогон кишилер мына ушундай жетик мусулмандарга кошулуу үчүн кумарланып калышат. Акыры-акыбетте дүнүйө мусулмандарга толуп, Ислам жайылып кетет.

Эй азиздерим! Ушул кыскача макалада мен далилдерди кеңири баян кылып, Ахмадия дааватынын баарын көңүлүңөргө сунуш кыла албаймын. Мен жалпысынан, Ахмадияттын максатын алдыңарга койдум. Ушул макалага кунт коюп, ага төмөнкүчө ой жүгүртүп көрүүңөрдү өтүнөмүн: дүнүйөдө диний кыймылдар эч качан жалгыз гана дүнүйө куралдары менен жеңишке жетишкен эмес. Диний кыймылдар ар дайым напсини өзгөртүү, үгүт-насыйкат жана курмандык берүү аркылуу гана ийгиликке жетишкен. Азирети Адам (алайхиссалаам) доорунан азыркыга чейин жүз бербеген нерсе азыр да жүз бербейт. Алланын чакырыгы азыркыга чейин кайсы жол менен дүнүйөгө жайылып келген болсо, азыр Мухаммад Расуулуллаах (саллаллааху алайхи ва саллам)дын дааваты да дал ошондой жол менен дүнүйөгө тарала берет. Кыскасы, өз жаныңарга, балдарыңарга, үй-бүлөңөргө жана коомуңарга, ошондой эле өлкөңөргө боорукер болуп, Алла Таала ырайымынын эшиктери сиздер үчүн тезирээк ачылышы үчүн, ошондой эле Исламдын жарыгы эч качан артка кайтпашы үчүн силер Алланын чакырыгын угууга жана түшүнүүгө умтулгула. Азыр биз өтө көп иш кылышыбыз керек, бирок бул үчүн биз силердин келүүңөрдү күтүүдөбүз. Анткени Кудай жолундагы өсүү-өнүгүүлөр кереметтерден тышкары, диндин жайылышы менен да байланыштуу.

Келиңиздер! Исламдын өсүп-өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жүктү биз менен бирге көтөрүңүздөр. Шексиз түрдө курмандык, тоскоолдук жана кыйынчылык сыяктуу бардык нерселер бул жолдо албетте учурайт. Бирок, Алланын жолунда бир «өлүм» гана чыныгы жашоо тартуулайт. Ушул «өлүмдү» тандабастан эч бир киши Алла Таалага жакын боло албайт. Ошондой эле, ушул «өлүмдү» кабыл албастан Ислам да жеңишке жетише албайт. Келиңиз, жүрөктүүлүк кылып, биздин жана сиздин «өлүмүңүз» аркылуу Исламга жашоо тартуулансын жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын дини кайтадан жаңылансын үчүн «өлүмдүн бул кесесин» оозуңузга тийгизиңиздер. Бул «өлүмдү» кабыл кылып, биз да сүйүктүүбүз – Алланын кучагында түбөлүк жашоодон рахат алалык. (Аллаахумма амийн)». («Ахмадияттан кабар» 35-52-бет, Бишкек – 2006)

[1] «А-нал-лаа-ху аъ-ла-му ва а-раа» дегендин кыскартылганы болуп, (Мен Алла, Эң жакшы билүүчү жана көрүүчүмүн) деген маанини билдирет.

[2] Арабча сөз болуп, «Убада кылынган Масийх» дегенди билдирет. Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)ды Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий кылып жөнөткөн.

[3] Индиялык бир диний агымга мүчө болгондор.

Share via