Сектачылык – кутулуучу агым • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сектачылык – кутулуучу агым

Байъат ант убада дин Ислам
Ан Аби Хурайрата анна Расулаллаахи саллалааху алайхи ва саллама каала тафарракатил-яхууду алаа ихда ва сабъийна ау ис-натайни ва сабъийна фиркатан ван-насаара мисла заалика ва тафтарику умматий алаа салаасин ва сабъийна фиркатан.

Ан Аби Хурайрата анна Расулаллаахи саллалааху алайхи ва саллама каала тафарракатил-яхууду алаа ихда ва сабъийна ау ис-натайни ва сабъийна фиркатан ван-насаара мисла заалика ва тафтарику умматий алаа салаасин ва сабъийна фиркатан.

Котормосу: Азирети Абу Хурайра(ра)дан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын мындай деп айтканы рабаят этилет: «Жөөттөр жетимиш бир (71) же жетимиш эки (72) агымга бөлүнүп кетишкен. Христиандар дагы ошондой ахвалга туш болгон жана менин үммөтүм дагы жетимиш үч (73) агымга бөлүнүп кетет». («Термизий» Абваабул-иймаан, Баабу ифтирааки хаазихил уммати)

Түшүндүрмөсү: Бул хидисти Имам Ахмад, Имам Термизий жана Ибн Маажа баян эткен. Имам Термизий жана Хааким экөө тең анын {صحيح} «сахих» тууралыгына өз ара пикирлеш. («Тухфатул-ахвазий шарах «Термизий» 3-том, 367-бет, «Даарул-китааб ал-Арабий» Бейрут)

А түгүл Имам Хааким аны «Муслимдин» шарттарына ылайык  {صحيح} «сахих» (туура) деп айткан. Ушул хадис туурасында сунний менен шиит эки мектеп бир пикирде. («Бихаарул-Анваар» 28-том, 30-31-бет, «Дару ихя-ит-тураас ал-Арабий» Бейрут, (Ливан) – 1983)

Бул хадисте Мухаммад(сав) үммөтүнүн жөөттөргө бүтүндөй окшоп кетүүсү жөнүндө сөз кылынган. Башка бир рабаятта ал окшоштугу төмөнкүдөй кеңири сүрөттөлгөн: кандай бир бут кийимдин бир түгөйү башка түгөйүнө окшогонундай ушул үммөт жөөттөргө окшоп, алардын изине түшөт жана эгер жөөттөрдүн арасынан бактысыз бирөө өзүнүн энеси менен ойноштук кылган болсо, менин үммөтүмдө да сөзсүз ошондой бактысыз бирөөлөр болот». («Термизий» Китаабул-иймаан, Баабу ифтирааки хаазихил уммати)

Бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) өз үммөтүнүн бир бөлүгүнө «жөөт» деп ат койгону менен кошо кээ бир үммөт мүчөлөрүнө «Ыйса» деген атты да койгон, ошондой эле жетимиш (70) агымдын арасынан бир агымдын хидаятта (туура жолдо) боло тургандыгы жөнүндө сүйүнчүлөгөн. Ал кутулуучу агымды издөө ар бир момун-мусулмандын милдетине кирет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) ал кутулуучу агымдын эң маанилүү белгиси төмөнкү экенин айткан:

Маа ана алайхи ва асхаабий

Маа ана алайхи ва асхаабий

Ал жамаат менин жана сахаабаларымдын үлгүсүндө жана изинде жүрүүчү жамаат болот». («Термизий» Китаабул-иймаан, Баабу ифтирааки хаазихил уммати)

Дагы бир хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) жетимиш эки «жок болуучу» агымдын каршысында «кутулуучу» агымдын төмөнкүдөй белгисин да айткан: алар бириккен жамаат түрүндө болушат. Белгилүү болгондой, Имамсыз чыныгы бир жамаатты элестетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, качан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) акырзаман фитна-чагымчылыктарынан сөз кылганда, Азирети Хузайфа разияллааху анху: «Эй, Алланын Элчиси! Ошол убак келгенде, биз эмне кылышыбызга кандай көрсөтмө бересиз?», – деп сураган. Ал(сав) мындай деп жооп берген:

Талзаму жамааъатал-муслимийна ва имаамахум, култу фа-ин лам йакун лахум жамааъатун валаа имаамун, каала фаътазил тилкал-фирака куллахаа ва лау ан таъазза би-асли шажаратин хаттаа йудрикал-мауту ва анта алаа заалик

Талзаму жамааъатал-муслимийна ва имаамахум, култу фа-ин лам йакун лахум жамааъатун валаа имаамун, каала фаътазил тилкал-фирака куллахаа ва лау ан таъазза би-асли шажаратин хаттаа йудрикал-мауту ва анта алаа заалик

Мааниси: Мусулмандардын Имамы бар Жамаатына кошулгун.  Мен эгер Имамы бар бир жамаат болбосо, деп сурадым, ал(сав) анда бак-дарактардын тамырларын жеп күн көрүүгө туура келсе да, сага өлүм келгенче бардык агымдардан алыс жүргүн деп жооп берген. («Бухарий» Китаабул-мунаакиб, Баабу иламаатин-нубуввати фил-Ислами)

Башка бир рабаятта мындай деп жазылган:

Ин ра'айта йаумаизин Халифатуллаахи фил-арзи фал-зимху ва ин нухика жисмука ва ухиза маалука.

Ин ра’айта йаумаизин Халифатуллаахи фил-арзи фал-зимху ва ин нухика жисмука ва ухиза маалука.

Тактап айтканда, сектачылык жана адашууга чакыруучу адамдардын заманында «эгер Алланын халифасын жерде көрсөң, аны бекем туткун, мейли сенин денең тытылып, мал-мүлкүң талап-тонолсо да. («Муснад Ахмад бин Хамбал», 5-том, 403-бет, хадис Хузайфату бин аль-Йаман, 22916-хадис, «Дарул-фикр ал-Арабий» -Бейрут)

Бүгүн мусулман үммөтүнүн бардык агымдары бири-бирине каршы «каапырлык» фатваларын чыгарышууда жана өз ара бөлүнүп кетишкен. Бирок 1974-жылы ушул агымдардын баары бир ооздон Ахмадия Мусулман Жамаатын «мусулман эмес азчылык» деп жарыялашкан. Ошентип, алар ушул негизги белгини зор салтанаттуулук менен Ахмадия Мусулман Жамаатынын кызыкчылыгына орундатты. Тагыраак айтканда, жетимиш эки (72) агым Ахмадия Мусулман Жамаатын өзүнөн бөлүп, «кутулуучу агым» деп ырасташты. Мындан тышкары сахаабалар разияллааху анхумга таандык бардык жакшы касиеттер жана улуу даражалуу адеп-ахлактар Ахмадия Мусулман Жамаатында кезигет, аны чоочундар дагы моюнуна алышат. Демек, бүгүн жер жүзүндө ар жактан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) жана ал(сав)дын сахаабаларынын үлгүсүн жана эң улуу даражалуу сүннөтүн жандандыруучу Жамаат бирөө гана, ал Жамаат Алла таала жана Анын Пайгамбары Мухаммад(сав) үчүн өз жанын, мал-мүлкүн, убактысын жана абийирин курман кылып жатат. Бул кудум Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) жана ал(сав)дын сахаабалары келиме келтирүү, азан айтуу, даават жүргүзүү, ажылык кылуу ж.б.дан тосулганындай эле тосулган жападан-жалгыз Жамаат. Ооба, жыйырманчы кылымдагы өнүккөн дүйнөдө бүгүнкү күндө да диндин атынан мыкаачылыкка учурап, сахаабалар сыяктуу зулумдукка гана кабылбастан, алардын сабырдуулугу жана кайратынан үлгү алып жүргөн Жамаат. Бул Жамаат өзүнүн Имамынын кол астында ушунчалык катуу бириккен: анын бир ишаараты менен отуруп-туруучу Жамаат. Мына ушундай Ислам Жамаатына окшош Жамаатты бүгүнкү дүйнөдөн тапса болобу?

Share via