Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Голландиядан Франкфуртты көздөй сапар алды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 14-октябрында Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитине келди.

Учурлук Халифа Голландиянын Нунспит шаарынан машина менен Германияны көздөй жол тартты жана Германияны кесип өтөөрү менен Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза жана бир топ башка кызматтарда иштеген адамдар тарабынан тосулуп алынып, андан кийин алар ал кишини Франкфурт шаарына чейин узатып келишти.

2015-10-14-DE-Frankfurt-Arrival-002

Улуу урматтуу Халифа жолдо келатып Нордхорн шаарына токтоп, ал жерде «Садык» аттуу мечитке алгачкы ташын койду.

Ал киши Нордхорн шаарынан өз сапарын андан ары Франкфуртка улантып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:35те «Байтус-Субух» мечитине жетип келди, ал жерге келген жүздөгөн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар өздөрүнүн руханий Жетекчисин дагы бир жолу көрүп, чоң кубанычта болушту.

Улуу урматтуу Халифа Германияда болгон күндөрдө бир топ расмий жолугушууларга катышып, жана Германияда жашаган Ахмадий мусулмандары менен жолугат.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via