Германиядагы Жалса Саланага көрүлгөн даярдыкты текшерүү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиядагы Жалса Саланага көрүлгөн даярдыкты текшерүү

Ислам жыйын

2018-жылы Карлсруэ шаарында боло турган Германиядагы Жалса Саланага көрүлгөн даярдыкты текшерүү

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жалса Саланада кызмат көрсөтө турган акысыз кызматкерлерге кайрылуу жасады

2018-жылдын 6-сентябрь күнү Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 43-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды текшерүүдө.

Ислам жыйын

 Текшерүүлөр жүрүп жатканда, Азирети Мырза Масрур Ахмад аталган аземди уюштуруу жана алып баруу милдеттери жүктөлгөн ар кандай бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Ал Азирети Мессе Карлсруэ аймагында даярдыктарды көрүп жаткан учурда ал кишиге ошол бөлүмдөр жөнүндө кыскача маалымат берилди.

Ислам жыйын

Анан Ал Азирети ушул Жалсада ар кандай кызматтарды акысыз аткара турган миңдеген кызматчыларга кайрылуу жасап, Жалса Салананын алып баруучулары катары аларга жүктөлгөн милдеттерин эскертип өттү.

Ислам жыйын

Ал Азирети Жалса иштерин уюштурууну жылдан жылга жакшыртуу керектигин айткан жана өз ыктыяры менен кызмат кыла турган кызматкерлер ар дайым сылык-сыпаа жана маданияттын бийик үлгүсүн көрсөтүү абдан маанилүү экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силердин көбүңөр азыр тиешелүү милдеттер боюнча жакшы чеберсиңер, бирок мен сиздерге ар дайым жүзүңөрдөгү жылмайуу менен бул милдеттерди жүргүзүүңөр керек деп дагы бир ирет баса белгилеп кетмекчимин. Мурда, кээ бир адамдар Германияда бул жагынан бир аз кемчиликтер бар болчу деп өз көз карашын мага билдиришкен, ошон үчүн бул жолу мына ошондой даттануулар түшпөөнү ишендирүү үчүн өзгөчө көңүл буруу керек. Кандай гана жагдай болбосун, дайыма сылыктыкты көрсөтүп, боорукерлик жана чыдамдуулук менен башкаларга мамиле кылуу керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Быйыл Англиядагы Жалса Салана баштала электе мен өз ыктыяры менен кызмат кыла турган кызматкерлерден ар дайым сылыктыкты көрсөтүп, эң мыкты адеп-ахлактарды көрсөтүүнү суранган элем, андан кийин мен көптөгөн коноктордон Улуу Британиянын ыктыярдуу кызматкерлери менин көрсөтмөлөрүмдү эске алгандыгын билдиргенин уккан элем. Мен бул жерде, Германияда да ушундай болот деген үмүттөмүн».

Ислам жыйын

Ал Азирети былтыр Пакистандан келген Ахмадий мусулмандар быйылкы Жалса Саланада тырышчаактык жана берилгендик менен өз милдеттерин аткарышкандыгы маалымдалганын да айтты.

Ал Азирети алар жасаган иш-аракеттери үчүн аларга ыраазычылыгын билдирип, Алла Таала бардык жагынан алар жасаган иш-аракеттерине береке кошсун деп бардык ыктыярдуу кызматкерлер үчүн дуба кылды.

Аталган Жалса Салана Германиянын Карлсруэ шаарында бүгүн башталып, базар күнүнө чейин улантылат (7-9-сентябрь күндөрү).

Ислам жыйын

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via