Кадияндагы 124-Жалса Салана аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кадияндагы 124-Жалса Салана аяктады

Мухаммад Пайгамбар

Кадияндагы 124-Жалса Салана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчисинин кайрылуусу менен аяктады

«Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жолдоо менен Жаӊы Жылды тосушубуз керек, натыйжада биз ага байланышуу кут-берекелерге ээ бололу», – Азирети Мырза Масрур Ахмад

Индияда жайгашкан Кадияндагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 124-Жылдык Жыйыны (Жалса Салана) 2018-жылдын 30-декабрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) жасаган ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады.

Мухаммад Пайгамбар

Ал Азирети спутник аркылуу Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинен соңку сессияга кайрылуу жасады. Кадияндагы аталган Жыйынга 48 өлкөдөн 18,800дөн ашык адам катышышкан, ал эми 5,000ден көбүрөөк адам соңку сессия үчүн Лондондо чогулушкан.

Мухаммад Пайгамбар

Өзүнүн кайрылуусунда Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) баяндаган Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бийик даражасын айтып берди.

Мухаммад Пайгамбар

Өз кайрылуусунда башынан акырына чейин Ал Азирети Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн дуба кылууга жана ага салаваат жолдоого өзгөчө басым жасады.

Өз кайрылуусунун башында Азирети Мырза Масрур Ахмад Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өзгөчө бийик даражасын далилдеп көрсөтүү үчүн Убада кылынган Масийх жана Махдийдин эбегейсиз кылган кызматы тууралуу сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бийик салтанаты жана улуу даража-мартабасы жөнүндө дүйнөнү кулактандырып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Ислам динине каршы айтылган сын-пикирлер жана коюлган дооматтардын айынан ыйманы алсыраган мусулмандардын ыйманын бекемдеген. Ал (алайхиссалаам) Ислам жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын каршылаштарынын ооздорун да тизгиндеген. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) тарабынан акыл жана логиканын негизинде берилген далилдердин натыйжасында Исламга каршы болгондор өздөрүнүн сын пикирлеринен баш тартууга аргасыз болушкан».

Мухаммад Пайгамбар

Азирети Мырза Масрур Ахмад Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га толук берилгендиги жана баа жеткис сүйүүсүнүн аркасынан гана бийик даража-мартабаларга ээ экенин түшүндүргөн.

Ал Азирети Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мүнөзүнүн кооздугун чагылдыра турган Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын бир топ үзүндүлөрүн, анын ичинде фарси тилинде жазылган белгилүү ыр саптарын келтирген.

Мухаммад Пайгамбар

Аталган ыр саптарында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Алладан кийин мен Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсүнө мас болдум,

Эгерде бул каапырлык болсо, анда Алланын атын ортого салып айтам: мен эӊ чоӊ каапырмын»

Ал Азирети Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келген учурунда бардык диндер өздөрүнүн чыныгы окууларынан алыстап жана буттарга сыйынуу бардык дүйнө жүзүндө күч алганын түшүндүрдү.

Ал доордо арабдар аракечтик, кумарпоздук, зордук-зомбулук, жетим балдардын мал-мүлкүн тартып алуу жана башка илдеттерге чалдыккан болчу. Мындай адамдардын арасында жана ошол учурда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дүйнө буга чейин эч качан көрбөгөн бир руханий ыӊкылапты алып келди.

Мухаммад Пайгамбар

Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) төмөнкүдөй айтканын мисал катары келтирди:

«Ислам жана Ыйык Куранды кабыл кылгандан кийин ал сабатсыз жана заалым адамдардын арасында жүз берген руханий жана адепахлактык ыӊкылап ар бир калыс адамга кандайдыр бир далил. Кудайдын Сөзү жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалимтарбиясынын таасири кыска мөөнөттүн ичинде аларда ушундай өзгөрүүлөрдү жаратты: сабатсыздык абалынан кийин алар мол Руханий илимбилимдерге ээ болушту. Алар бул дүйнө жана материализмге болгон сүйүүсүн таштап, өздөрүнүн Раббисинин сүйүүсүнө чөгүп, өздөрүнүн Эгесинин ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн өз мекенинин, байлыгынын, туугандарынын, арнамысынын жана материалдык байлыктарынын рахаттарын таштап салышты».

Ал Азирети Ахмадий мусулмандар мүмкүн болушунча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн көп-көп дуба кылып, салаваат жолдоо керектигин да айтты.

Мухаммад Пайгамбар

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу даража-мартабаларынын өсүп-өнүгүүсү жана ийгилиги үчүн дуба кылуу керек. Чындыгында, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ийгилиги үчүн дуба кылуу – бул чыныгы Ислам дининин ийгилиги, анын жайылуусу жана жер жүзү боюнча орношуусу үчүн дуба кылуу дегендик. Анын ийгилиги – бул зулумдук жолу менен анын атынан болуп жаткан финта-чагымчылыкка чекит коюу. Ошентип, дуба кылуу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жолдоо бүгүн ар бир Ахмадий мусулмандын милдети болуп эсептелинет. Дубалар аркылуу гана биз бул дүйнөдөн жаманчылыкты жогото алабыз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га түбөлүккө салаваат жолдоого биздин жүрөктөрүбүздө кандайдыр бир өзгөчө шыктанууну жаратсын. Алла Таала убада кылган жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чыныгы сүйгөн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) аркылуу алдын ала кабарланган Ислам дининин ийгиликтерине жана жеӊиштерине күбө болууну Алла Таала бизге насип этсин».

Мухаммад Пайгамбар

Ал Азирети Ахмадий мусулмандар Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болууну өздөрүнө максат кылуулары керектигин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биз мусулманбыз деп ырастоого эч кандай мамлекеттик же диний аалым деп аталгандардын күбөлүгүнүн кереги жок. Биз кандайдыр бир анкетага кол коюу менен да мусулман же мусулман эмес болуп калбайбыз. Бизге бир гана күбөлүк керек жана ал Алла Тааланын ыраазычылыгы күбөлүгү болуп саналат. Биз чындап Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтү экенибизди далилдегенибизде гана Ал бизге ошол күбөлүктү берет».

Мухаммад Пайгамбар

Азирети Мырза Масрур Ахмад 2018-жылдын күнү батайын деп калгандыгына ишаарат кылып, Ахмадий мусулмандарды жаӊы жылды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га көп-көп салаваат жолдоо менен тосуу керектигин айтып, өз кайрылуусун аяктады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жылдын бул акыркы күндөрүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жолдоо менен толтургула жана Жаӊы Жылды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жолдоо менен тозгула, натыйжада биз ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га байланыштуу болгон кут-берекелерден үлүш алалы».

Жалса Салана Ал Азирети алып барган тынч дуба менен аяктады.

Мухаммад Пайгамбар

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via