Кадияндагы 122-Жалса Саланасы соңуна чыкты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кадияндагы 122-Жалса Саланасы соңуна чыкты

Азирети Мырза Масрур Ахмад ѳзүнүн соңку кайрылуусун Лондондон жасады

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 29-декабрында жекшенби күнү Индиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 122-Жалса Саланасын (Жылдык Жыйын) ыйманды күчтѳндүрүүчү жана күчтүү кайрылуусу менен аяктады.

Халифа Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» Мечитинен спутник байланышы аркылуу акыркы сессияга ѳз кайрылуусун жасады. Кадиянда 17000ден ашуун адам Жалса Саланасына катышышты, ал эми соңку сессиясына катышуу үчүн Лондонда 5000ге жакын адам чогулушту.

Qadian-2013-2

Ѳзүнүн чамасы бир саат убактан турган кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад Алла таала адамдарды кантип Ахмадия – чыныгы Исламга багыттагандыгы тууралуу сѳз кылды.

Qadian-2013-3

          Ал киши мындай деди: кѳптѳгѳн мусулмандар мусулман дүйнѳсүнүн учурдагы ахвалын кѳрүп «үмүттѳрүн» үзүп коюшту, бирок ѳздѳрүнүн эле жеке кызыкчылыктарын кѳздѳгѳн, атынан эле «улама» деп аталуучу аалымсѳрѳйлѳрдѳн коркуп, ѳздѳрүнүн катуу кейигенин билдире алышпай жатышат.

Ошентсе да, кѳптѳгѳн терең ойлуу мусулмандар Мессия жана Махдийдин чыгуусу үчүн дубаларды да сурап жатышкан эле жана Алла таала аларды туура жолго багыттоо менен алардын дубаларына жооп кайтарып жаткан.

Qadian-2013-4

          Азирети Мырза Масрур Ахмад адамдардын кантип Кадияндан (Индия) чыккан Убада Кылынган Мессия – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын чынчылдыгын даңазалоочу ачык-айкын жана чыныгы түштѳрдү кѳргѳн соң Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулгандыгы жѳнүндѳгү окуялардан турган мисалдарды акыркы күндѳрдѳн жана тарыхтан келтирди. Ушул сыяктуу “таңгаларлык” окуялар арбын болчу деди Азирети Мырза Масрур Ахмад.

Qadian-2013-5

Халифа Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары ѳздѳрүнүн мыкаачылыктары жана зордук-зомбулуктары менен аталган Жамааттын ѳсүп-ѳнүгүүсүн токтотуу үчүн кантип тынбай аракет жасап жаткандыгын кыскача айтып берди. Ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты Алла таала тарабынан колдолуп келе жаткандыгы үчүн алардын аракеттери ар дайым ийгиликсиздикке учурайт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла тааланын жетекчилиги жана жардамына күбѳ болуп туруп, каршылаштарыбыз бизге кѳрсѳтүп келе жаткан зордук-зомбулуктар жана мыкаачылыктардан кооптонуп-коркуубуз мүмкүнбү? Жок, эч качан!»

Qadian-2013-6

Ал киши мындай деп улантты:

«Он тѳрт (14) кылым мурун Азирети Билал(ра) ѳзүнѳ кылынган ар бир зордук-зомбулук жана мыкаачылыкка туруштук берген жана «Алла – Бирѳѳ гана», «Алла – Бирѳѳ гана» деп гана жооп кайтарган. Бүгүн ал мисал биз – зордук-зомбулук, мыкаачылык жана каршылыкка кабылган Ахмадий мусулмандарга сабак болуп отурат.

Ал бизди тѳмѳнкүдѳй чыныгы максат-мүдѳѳбүзгѳ чакырып жатат: ушул зордук-зомбулуктар жана мыкаачылыктарга карабастан биз Алла тааланын Бирѳѳ гана экенин дүйнѳнүн булуң-бурчтарына чейин жеткиребиз жана аны орнотуу үчүн Убада Кылынган Мессияны ээрчишип (Азирети Мырзаа Гулам Ахмад), ѳз аракеттерибизди таштабайбыз жана андан эч качан артка кайтпайбыз».

Qadian-2013-7

Кайрылуунун аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад Жалса Саланасын дуба суроо менен аяктады.

 

АЯГЫ

 

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via