Англиядагы Жалса Саланага көрүлгөн даярдыктар текшерилди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англиядагы Жалса Саланага көрүлгөн даярдыктар текшерилди

Жылдык Жыйын

2018-жылы Англияда боло турган Жалса Саланага көрүлгөн даярдыктарды текшерүү

Азирети Мырза Масрур Ахмад Алтон, Хэмпшир жана Морден жерлеринде даярдыктарды текшерди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) базар күнү 2018-жылдын 29-июлунда  Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 52-Жылдык Жыйынына (Жалса Салана) көрүлүп жаткан даярдыктарды көрүп чыкты.

Жылдык Жыйын

Даярдыктар камсыздалып жаткан кезде Азирети Мырза Масрур Ахмад үч күндүк аземдин аралыгында иштей турган ар кандай бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Ал кишиге (Хузурга) учурда көрүлүп жаткан ар кандай даярдыктар жөнүндө кыскача маалыматтар берилди.

Андан соң Ал Азирети акысыз иштей турган 5,000ден ашуун ыктыярчы кызматчыларга түздөн-түз кайрылып, аларга өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди тырышчактык менен аткарууга жана намаздарды калтырбай окууга насаат кылды. Ал Азирети кызматчыларды ар убакта достук жана жылуу мамилени көрсөтүүгө чакырды, ошондой эле Жалса Салана боло турган Алтон деген аймакта жана Лондондогу «Фазл» мечитинин айланасында жашаган адамдардан Ахмадий мусулмандарына карата эч кандай арыз-даттануу болтурбоо керектигинин маанилилүүгү туралуу айтты.

Ал Азирети «Фазл» мечитинин аймагында жашаган кээ бир кошуналар Ахмадий мусулмандар мечитке келгенде, алардын жарым-жартылай айдоо-жолун тосуп коюшат деп дааттанышканын айтты.

Жылдык Жыйын

Ал Азирети өз кошуналарына кандайдыр бир ыңгайсыздыктарды жаратуу толугу менен туура эмес экенин жана мындай даттануулардын түшүүсү анын өзү үчүн да улуу уят экенин айтты.

Намаз жана Алла Тааланын ибадатынын канчалык маанилүү экенин айтып, өз кайрылуусунун аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул күндөрдүн ичинде бардык ийгилигибиз таянган намазга көңүл буруубуз абдан маанилүү болуп саналат. Биздин милдеттерибиз жана биздин максаттарыбыз бир гана Жалгыз Аллахтын берешендиги менен ишке ашырылышы мүмкүн. Алла Таала мүмкүн болушунча ар бир ыктыярчы-кызматкерге өз милдеттерин мыкты жол менен аткаруу мүмкүнчүлүгүн берсин».

Буга чейин Ал Азирети Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жана Хэслемер деген аймакта жайгашкан Англиядагы Жамия Ахмадиянын имаратында Жалса Салананын көрүлгөн даярдыктарын да көрүп чыкты.

Жылдык Жыйын

Ал Азирети жума күнү ушул аземде өзүнүн жумалык кутбасын окууру менен Жалса Салана башталат. Андан кийин Ал Азирети базар күнүнө чейинки убакыт аралыгында дагы 4 кайрылуу жасайт.

Жылдык Жыйын

Базар күнү миңдеген Ахмадий мусулмандар Халифанын колуна «Байъат» деп аталуучу ишеним антын беришет.

Программалардын баары МТА Интернейшналдан (Эл аралык Мусулман Ахмадия Телевидениясы)нан түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт.

Жылдык Жыйын

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via