Германиянын 2018-жылдагы Жалса Саланасы аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиянын 2018-жылдагы Жалса Саланасы аяктады

жылдык жыйын азем

Германиянын 2018-жылдагы Жалса Саланасы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин ыйманды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады

Карлсруэ шаарында болуп өткөн үч күндүк жыйынга 99 өлкөдөн келген 39000ден ашуун адамдар катышышты

2018-жылдын 9-сентябрында Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 43-Жылдык Жыйыны (Жалса Салана) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) жасаган таасирдүү кайрылуусу менен аяктады.

жылдык жыйын азем

Өзүнүн кайрылуусунда, Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Ислам Ахмадиянын таралышы тууралуу айтып берген алдын ала кабарларынын үзгүлтүксүз аткарылып жаткандыгы жөнүндө сөз кылды.

жылдык жыйын азем

Ал Азирети дүйнө жүзү боюнча өткөн жылы өз дубаларынын кабыл болуусу же көргөн түштөрүнүн аткарылуу түрүндө Алла Таала тарабынан көрсөтүлгөн муъжиза-жышаандарды көрүп, Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулган адамдардын окуяларын да баяндап берди.

жылдык жыйын азем

Ал Азирети Ыйык Куран ачык эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Бардык Пайгамбарлардын мөөрү» жана андан кийин жаңы Шарият менен эч бир пайгамбар келүү мүмкүн эмес деп билдиргенин айтты.

Ошентип, Ыйык Куран жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтып кеткен алдын ала кабарларына ылайык, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдийдин келүүсү чечилген тагдыр болчу.

жылдык жыйын азем

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала акырзаманда Убада кылынган Масийх жана Имам Махдийди шариятсыз жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га бүтүндөй көз каранды болгон пайгамбар катары жиберээрин убада кылган эле».

жылдык жыйын азем

Азирети Мырза Масрур Ахмад ошол алдын ала кабарга ылайык, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Алла Таала тарабынан Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий катары жөнөтүлгөн деп айтты.

жылдык жыйын азем

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) дүйнөгө Ыйык Курандын алгачкы жана тунук окууларын сунуш кылган жана ал кабар дүйнөнүн булуң-бурчтарына чейин жайылып кетти. Ал дүйнөдөн өткөн соң, анын Жамааты Ахмадия Халифаты жетекчилиги астында жайылып жатат».

жылдык жыйын азем

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын максаты Исламдын чыныгы жана баштапкы окууларын жандандыруу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эң мыкты таалимдерин жер жүзүнүн бардык аймактарына жайылтуу милдетин аткаруу болчу».

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мусулман дүйнөсүнө берген кабардан сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бардык мусулмандарды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген кабарына кулак салууга чакырган. Тилекке каршы, мусулман дүйнөсүнүн көпчүлүгү анын чакырыгына кулак салбай калды, жана алар адамдарды Алла Таала жана Анын Пайгамбарбары (саллаллааху алайхи ва саллам)ды карай чакыруудан көрө аларды адаштырып жаткан аалымсөрөй диний уламмаларды ээрчишүүдө».

жылдык жыйын азем

Ошентсе да, ал туш болгон каршылыктарга карабастан, Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадия Мусулман Жамаатынын үзгүлтүксүз күчөп-бекемдеп бара жатканын билдирди.

Анын өсүп-өнүгүүсүн токтотууга жасалуучу үзгүлтүксүз аракеттерге карабастан, бүткүл дүйнөдөн жүз-миңдеген адамдар жыл сайын Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жамаатына кошулушууда.

жылдык жыйын азем

Андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын чынчылдыгын кабыл алган адамдардын ыйманды күчтөндүрүүчү бир топ окуяларын айтып берди.

Ал Азирети Ганада болуп өткөн бир окуяны айтып берди, ал жерде бир улгайган аял көргөн түшүнүн аткарылганын көрүп, 90дон ашык адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирген.

Үч Ахмадий мусулман анын айылына барып, жергиликтүү элге Ислам дини жөнүндө айтып берген жана кантип намаз окуу керектигин аларга үйрөткөн. Аталган аял муну көрүп, жети жыл мурун түшүндө Ислам динин жана намаз окууну үйрөтүү үчүн үч дааватчы адамдар келгендигин түшүндө көргөндүгүн айткан. Өз түшүнүн орундалганын көрүп, ал, анын үй-бүлөсү жана анын айылынан башка ондогон адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулушкан.

жылдык жыйын азем

Ал окуя жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Тааланын ырайымы менен Жамаат ал айымдын айылында түзүлдү. Алла Таала мусулман да болбогон, Африканын тээ алыскы аймагында жашаган улгайган бир аялга бир түш көрсөтөт, анан жети жылдан кийин ал түш аткарылат, бул кайсы бир адамдын колунан келет деп ким айта алат?» 

Ал Азирети айтып берген дагы бир окуя Буркина Фасодо болуп өттү. Ахмадия Мусулман Жамаатынын бир миссионери Исламдын тынчтык окуулары жөнүндө айтып бергени бир айылга барган. Бирок, ал убакта ал жакшы жооп алган жок. Ошентсе да, аталган миссионер жергиликтүү элге качан менин шаарыма келгениңерде, мени менен жолуккула деп айткан.

Кийинчерээк ошол айылдан бир адам миссионерди зыярат кылды жана ал Эл аралык МТАдан Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисин көрүп, ал түшүндө Ал Азиретин мурун көргөнүн эстеп, ошол замат Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирүү чечимин кабыл алды.

жылдык жыйын азем

Өзүнүн кайрылуусунун аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала жыл сайын Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын жүз-миңдеген чындык белгилерин көрсөтүп келе жатат. Буга карабастан, биздин каршылаштарыбыз бизди акылсыз деп айтып, мен Убада кылынган Масийх жана Махдий болом деген билдирүүнү айткан инсанды чанууга чакырышат. Бирок, чындыгында, Алла Тааладан коркуудан көрө, Исламдын окууларын бурмалап жаткан уламалардан корко турган окумуштуулар жана адамдар гана акылсыз болот».

 Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биз, Ахмадий мусулмандар, бүткүл дүйнөгө Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу иш-аракеттерибизди эч качан таштабайбыз. Бул биздин милдетибиз жана бул биздин максатыбыз, жана ар бир Ахмадий мусулман бул үчүн аракет кылышы керек жана Алла Тааланын жардамын тилеп, намазда таазим кылышы лаазым. Баарынан да маанилүүсү, Исламдын сулуулугун эң жогорку моралдык үлгүлөрдө көрсөтүү биздин милдетибиз болуп саналат. Алла Таала ошондой кылууга силерге жардам берсин. Аамийн».

жылдык жыйын азем

Ошол эле күнү Карлсруэ шаарында болуп өткөн аземге катышкан 39000ден ашуун Ахмадий мусулмандар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасынын колуна эмоциялуу антты (Байъат) беришти. Ал церемонияда бир топ адамдар биринчи жолу ант беришти.

Ошол эле учурда, дүйнө жүзүндөгү Ахмадий мусулмандар да МТА Эл аралык теле каналы аркылуу түз эфирде ал программаны көрүү менен катышышты.

 жылдык жыйын азем

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via