Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландияга келди

ислам ыйман дин голландия мечит мусулман халифат халифа

Азирети Мырза Масрур Ахмад Голландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жылдык Жыйынына катышуу үчүн келди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2019-жылдын 25-сентябрында аман-эсен Голландияга келип, Нанспит шаарынын мэринин орун басары Герт Ван Ден Берг жана жүздөгөн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар тарабынан тосулуп алынды.

Ал Азирети Голландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу максатында жол тартты.

Ал Азирети Жалса Саланада өзүнүн жумалык жума кутбасын окуйт жана үч күндүк аземде (27-29-сентябрь күндөрү) дагы үч кайрылуусун жасайт, ал кайрылуулары Ахмадия Мусулман Жамаатынын спутник теле каналы, Эл аралык МТАдан түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

Жалса Салананын учурунда Ал Азирети жасай турган кайрылууларынын бири Ахмадия Мусулман Жамаатынын тыштан келген коноктор үчүн болот, алардын катарында мусулман эместер да болушат. Ошентип, Ал Азирети ар түрдүү дин жана ишенимдеги адамдардын арасындагы тоскоолдуктарды жоюуда өзүнүн талыкпас аракеттерин улантат.

Ал Азирети ар кандай сыйлуу коноктор жана саясатчылар менен жолугат, бир топ медиа маектешүүлөрүн өткөрөт, ошондой эле Голландияда жашаган Ахмадий мусулмандар менен жеке жолугушууларды өткөрөт.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via