647,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

647,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулду

жылдык жыйын

Англиянын 52-Жалса Саланасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын кайрылуусу менен аяктады

2018-жылдын 5-августунда базар күнү Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 52-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) жасаган күчтүү жана ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады.

жылдык жыйын

Алтон, Хэмпширдеги «Хадийкатул-Махдий» (Махдийдин багы) деген жерде болуп өткөн Жалса Саланага 115 өлкөдөн 38,500дөн ашуун адамдар катышышты.

жылдык жыйын

Ага катышкан миңдеген Ахмадий мусулмандардан тышкары көптөгөн Ахмадий эмес жана мусулман эмес коноктор да катышышты. Аталган аземдин баары МТА Интернейшналдан (Эл аралык Мусулман Ахмадия Телевидениясы) түз эфир аркылуу көрсөтүлдү.

жылдык жыйын

Үч күндүк Жалса Салананын өзгөчө окуяларынын бири – бул базар күнү болуп өткөн «Байъат» деп тааныла турган ант берүү аземи, анда катышкандар Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла Таала ага Жардамчы болсун) колуна Байъат (ант) беришти.

Катышкандар Халифага чейин адамдардан турган чынжырды түзүп, ант сөздөрүн чогуу кайталашты. Церемониянын башында Ал Азирети өткөн бир жылдын ичинде жер жүзүнөн 647,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирди деп билдирди. Ал Азирети азыр Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдөгү 212 өлкөдө түзүлгөн деп да билдирди. Быйыл Ахмадия Мусулман Жамааты Чыгыш Тимор жана Грузияда биринчи жолу түзүлдү.

жылдык жыйын

Өзүнүн жыйынтыктоочу кайрылуусунда, Азирети Мырза Масрур Ахмад чыныгы мусулман адам умтулушу керек болон бийик адеп-ахлактары жөнүндө сүйлөп, мусулмандар Алла Тааланын буйруктарына ылайык жашоо өздөрүнүн милдети экенин далилдөөлөрү керек деп билдирди.

жылдык жыйын

Ал Азирети жөнөкөйлүк, жоомарттык жана Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн каржылык курмандыктарды жасоого даяр болуу сыяктуу чыныгы мусулмандар ээ болушу керек деген ар кандай адеп-ахлактар жана кулк-мүнөздөр тууралуу айтып берди.

жылдык жыйын

Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн кайрымдуу иштерге акча коротуунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала Алланын ырайымы менен Анын жолунда акча сарптоо менен бир адам Анын немат-белектерине ээ болуп калат деген кушкабарды берген, жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын көптөгөн мүчөлөрү бул боюнча жеке тажрыйбага ээ. Алла Таала жолунда сарптоо бир адамды жакырчылык абалын гана чыгарбастан, тескерисинче, Анын жолунда сарптагандарга Алла Таала бейпилдик жана жеӊилдик тартуулайт».

жылдык жыйын

Ал Азирети бардык учурда жеке бузулган адеп-ахлактар жана айып-кемчиликтерден сактануу керектигин баса белгилеп айтты. Ал Азирети мындай айып-кемчиликтер адамдын өзүнө да, бүткүл коомго да зыян экенин айтты.

жылдык жыйын

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгер адеп-ахлактык алсыздыктар жана күнөөлөр дароо басылып алынбаса жана алар күчөй берсе, анда алар абдан зыян келтирип, коомду алсыратат. Мисалы, кээ бир адамдар жалган шылтоого жамынып, өкмөттөн социалдык жардамдарды алмакчы болушат. Бул бир гана башкаларга зыян келтирип, жана коомдун өзүн алсыратат. Мындай жалганчылык жана адеп-ахлаксыздык толугу менен Ислам динине каршы келет».

жылдык жыйын

Руханий жана адеп-ахлактык жактан оӊолуп-реформалануу жөнүндө дагы сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Момун-мусулман адамдын өзгөчөлүгү: ал башкаларды жаман жана курулай сөздөрдөн кайтарат. Бирок башкаларды кайтаруудан мурун, ал жакшылыкты көздөй башкаларга таасир этүүчүдөй даражада өзүн ушунчалык таза кылып алуусу зарыл. Эркек киши болобу же аял киши, ал башкаларды жакшылыкка баштоодон мурун өзүнүн адеп-ахлактык абалын жакшыртууга тийиш. Бир адам жакшы үлгү аркылуу гана башкаларга таасир бере алат».

жылдык жыйын

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Башкаларды зулумдук же күнөөдөн кайтаруу үчүн бир адам ылайыктуу убакыт, орун жана жолду тандашы керек. Албетте, башкаларды жаманчылыктан кайтаруу – бул жакшылык жана эгер ошол иш туура аткарылса, анда бул чоӊ колдоо болуп саналат. Башкаларды кемсинтүү туура эмес. Мисалы, бир адам башка адамдардын күнөөлөрүн эл алдында ашкерелөөдөн оолак болушу керек».  

Ал Азирети момундук дубалардын кабыл болуу ачкычы экенин айтты.

жылдык жыйын

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дубалардын Алла Таала тарабынан кабыл болушу үчүн карапайымдыкты көрсөтүп, өзүн эч нерсеге арзыбаган нерсе деп, момундуктун туу чокусуна жетүү зарыл».

жылдык жыйын

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биз кээ бир адамдарды намаз окуп, бирок ошол эле учурда үзгүлтүксүз жаман иштер кылып жатканын да көрүп жатабыз. Бул алардын намаздарында жалынып-жалбаруу жана чыныгы руху жок экенин көрсөтүп турат. Алар ийгиликке жетишүү үчүн зарыл болгон рух менен туура жылынып-жалбарышпайт. Алар бир гана адат сыяктуу баштарын жерге тийгизишет».

жылдык жыйын

Ал Азирети Жалса Салана катышуучуларды чын жүрөктөн дубага көӊүл бурууга чакырып жана Жалса Салананын үч күнгө чейин созулган руханий чөйрөсүнөн узак мөөнөттүү пайдаларды алууга умтулууларына да басым жасады.

жылдык жыйын

Үч күндүк чогулуш аралыгында Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын жылдык эсептөөлөрү менен бирге беш кайрылууну жасады.

жылдык жыйын

Үч күндүк убакыт аралыгында бир топ башка докладдар жана кайрылуулар да жасалды. Андан тышкары, ар кандай көргөзмөлөр, мисалы, «Турин Плащы» көргөзмөсү, «Тынчтыкка алып баруучу Жол» көргөзмөсү жана «Ислам дини Чыгышта» көргөзмөсү да көрсөтүлдү.

Жалса Салана Азирети Мырза Масрур Ахмад кол көтөрүп, алып барган тынч дубасы менен аяктады.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via