Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди

Ислам Германия Халифат

Азирети Мырза Масрур Ахмад Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 43-Жылдык Жыйынына катышканы сапарга чыкты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2018-жылдын 1-сентябрында Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитине келди.

Учурлук Халифа Лондон шаарынан жеӊил унаа менен Германияны көздөй жол тартты жана Европа материгин кесип өтөөрү менен Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза жана бир топ башка кызматтарда иштеген адамдар тарабынан тосулуп алынды.

Ислам Германия

 Ал Азирети өз сапарын андан ары Франкфуртка улантып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө «Байтус-Субух» мечитине жетип келди, ал жерге келген миңдеген Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар өздөрүнүн руханий Жетекчисин дагы бир жолу көрүп, чоң кубанычта болушту. Келүүсүнөн бир аздан кийин Ал Азирети Шам жана Куптан намаздарына имамчылык кылды.

Ал киши Карлсруэ деген жерде боло турган Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 43-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу максатында жол тартты, ага ар кайсы өлкөдөн 35000ден ашык делегаттардын келүүсү күтүлүп жатат.

Үч күндүк аземде (7-9-сентябрь күндөрү) Ал Азирети Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдери тууралуу Ахмадий мусулмандарга жана Ахмадий эмес конокторго кайрылуу жасайт. Андан тышкары, Ал Азирети Ахмадий мусулман эркек жана кыз студенттерге жогорку билим алуу жетишкендиктери үчүн таануу сыйлыктарын тартуулайт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via