Германиянын Улуттук Мажлис-э-Амиласынын тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиянын Улуттук Мажлис-э-Амиласынын тарыхый жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Германия

Германиянын Улуттук Мажлис-э-Амиласы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы менен Виртуалдык Жолугушуу урматына ээ болду

Ахмадия Мусулман Жамаатынын бардык ийгиликтерин жана өсүп-өнүгүүлөрүн Аллахтын Берешендигинин жана Ырайымынын натыйжасы деп эсептей бергиле – Азирети Мырза Масрур Ахмад

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Мажлис-э-Амиласы 2020-жылдын 18-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жолугушуу жана көрүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Германия

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жыйналышты алып барды, ал эми Улуттук Амила мүчөлөрү Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук штабы катары кызмат кылган Франкфурттагы «Байтус-Субух» мечитинен кошулушту.

Жетимиш беш мүнөттүк жолугушуунун жүрүшүндө Амиланын мүчөлөрү өздөрүнүн бөлүмдөрү жөнүндө отчёт берип, бир катар маселелер боюнча Ал Азиретиден багыттарын жана көрсөтмөлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Улуттук Таалим катчысына (Билим берүү иштери боюнча катчы) кайрылып жатып, Ал Азирети Таалим Бөлүмүнө Ахмадий мусулман студенттеринин светтик билим алуусунда жетекчилик кылууга көрсөтмө берди.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Германия

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Таалим бөлүмү Германиядагы бардык Ахмадий мусулман студенттеринин билим алуу муктаждыктарына көңүл бурушу керек. Алар менен жекече байланышып тургула жана аларды ар дайым колдоп, алардын жыргалчылыгына чын жүрөктөн кызыкдар экениңерди билип турушу үчүн, аларга жетекчилик кылгыла. Германияда кээ бир Ахмадий мусулман балдары бар, алардын атаэнелери өзгөчө жакшы билим алышкан эмес, ошондуктан алардын мектебине жана билимине чын жүрөктөн кызыгуу көрсөтсөңөр, бул аларды окууда талыкпай эмгектенүүгө түрткү берет жана атаэнесин да туура жолго багыттоо кызматын кылат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн улады:

«Мындан тышкары, жумушу жана кесиптик карьерасы менен алектенген башка ата-энелер дагы бар, ошондуктан алар балдарынын билим алуусуна көңүл бурбай жатышат. Ошентип, Таалим (Билим) бөлүмү бардык Ахмадий мусулман балдарынын билим алуусунда ийгиликке жетишүүсү үчүн жана аларга жардам берүү үчүн өтө кылдаттык менен иштеши керек. Сиздер аларга жол көрсөтүп, кеңеш беришиӊиздер керек, бир дагы Ахмадий мусулман жаштын жөндөмдүүлүгү менен талантынын эч качан текке кетишин каалабайбыз деген ойду эсиңиздерден чыгарбаңыздар».

Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүн адеп-ахлактык жактан тарбиялоо милдети жүктөлгөн Германиянын Тарбият (Тарбия) бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн масштабын кеңейтүү зарылдыгы жөнүндө айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Германияда азыр силердин кылган аракеттериңер менен Тахажжуд намазын үзгүлтүксүз аткара баштаган канча Ахмадий мусулмандар бар? Силердин жасаган аракетиңердин натыйжасында азыр канча адам жамаат менен беш убак намазды окуй баштаган? Азыр дагы канча адам күн сайын Ыйык Куранды окуп, анын мааниси жөнүндө терең ой жүгүртүп жатышат? Эсиңерде болсун, Ахмадия Мусулман Жамааты улам өсүп баратат жана биз Убада кылынган Масийх жана Махдийдин (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбарлык доорунан алыстап баратабыз жана айрыкча (COVID-19 чектөөлөрүнө байланыштуу) Ахмадий мусулмандардын Халифа менен түздөнтүз байланышы азыраак болгон учурда Ахмадия Мусулман Жамаатынын администрациясында кызмат өтөгөндөр мындан да көбүрөөк иштеши керек жана мүчөлөрүбүздүн адепахлактык тарбиясын камсыз кылуу үчүн мыкты иш-чараларды жана программаларды иштеп чыгышы шарт».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Германия

Амила мүчөлөрү өз милдеттерин кантип аткарууга аракет кылышы керектиги жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кандай гана иш болбосун, өсүпөнүгүү жана ийгилик адамдан ар дайым өзүнөзү анализдөөнү талап кылат. Ахмадия Мусулман Жамаатынын башкаруусунда өз милдеттерин чын дили менен аткарууну каалаган адамбул жаңы жолдорду издөөнү жана иштөөнүн жаңы жана мыкты жолдорун табууну улантуучу адам. Ийгиликке жеткен адамдар – бул өз алсыз жактары жөнүндө чынчылдык менен ой жүгүртүп, аларды оңдогонго чын дилден аракет кылгандар».

Ар дайым момундуктун маанилүүлүгү жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетишкендиктерин же өсүп-өнүгүүлөрүн эч качан жеке аракетиңер же жеке ийгилигиңердин натыйжасы деп эсептебегиле. Тескерисинче, муну ар дайым Аллах Тааланын Мээримдүүлүгү жана Ырайымы деп эсептеп, андан кийин дагы чоӊураак кичипейилдик менен иш-аракет кылуу керек деп ойлогула».

Аягы

Чектеш темалардын мазмуну
Share via