Франциядагы акыркы окуялар жөнүндө Мусулман Лидердин билдирүүсү
Франциядагы акыркы окуяларга байланыштуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Башчысынын билдирүүсү
Бүгүн 16-октябрда Ниццадагы кол салуудан кийин жана Самуэль Пэти өлтүрүлгөндөн кийин, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы Азирети Мырза Масрур Ахмад терроризмдин жана экстремизмдин бардык түрлөрүн айыптап, бардык элдерди жана улуттарды өз ара түшүнүшүүгө жана диалогго чакырды.
Ал киши, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай дейт:
«Самуэль Пэти өлтүрүп жана анын башын алуу жана Ниццада бүгүн эрте жасалган кол салуу мүмкүн болушунча катуу айыпталууга тийиш. Мындай оор кол салуулар толугу менен Исламдын таалимдерине каршы келет. Биздин динибиз терроризмге жана экстремизмге эч кандай шартта жол бербейт жана эгерде бирөө буга каршы билдирүү жасаса, анын амалы Курани Каримдин таалимдерине каршы келет жана Исламдын Пайгамбарынын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) асыл мүнөзүнө каршы келет.
Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл Дүйнөлүк Башчысы катары, мен курман болгондордун жакындарына жана француз элине терең тилектештигибизди билдирем. Мындай чабуулдарды айыптоо жана жек көрүү жаңы нерсе эмес, жок, ар дайым биздин позициябыз жана мүнөзүбүз болуп келгендиги ачык болсун. Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана анын халифалары ар дайым диндин атынан зордук-зомбулуктун жана кан төгүүнүн бардык көрүнүштөрүн кескин түрдө четке кагып келишкен.
Бул жийиркеничтүү иш-аракеттердин кесепети Ислам дүйнөсү менен Батыштын жана Францияда жашаган мусулмандар менен башка коомчулуктун мүчөлөрүнүн ортосундагы тирешүүнү ого бетер күчөттү. Биз муну терең өкүнүч жана дүйнөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту мындан ары бузуу булагы деп эсептейбиз. Экстремизмдин бардык түрлөрүнүн тамырын кыркуу жана өз ара түшүнүшүүгө жана толеранттуулукка үндөө үчүн бардыгыбыз биригишибиз керек. Биздин көз карашыбыз боюнча, Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдө Исламдын чыныгы жана тынчтык окууларын жакшыраак түшүнүүгө жардам берүү үчүн өз миссиясында күчүн аябайт».