Ахмадия Мусулман Жамаатынын АКШда кан тапшыруу иш-аракеттери
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын АКШда кан тапшыруу иш-аракеттери

19 жыл мурун Америка Кошмо Штаттарында болгон 11-сентябрь окуясыы, албетте, миңдеген адамдардын өмүрүн алып, сансыз адамдар жаракат алган чоң трагедия болгон. Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири Мирза Музаффар Ахмад Сахиб АКШнын ошол кездеги президенти Бушка жана Мамлекеттик катчыга көңүл айтуу катын жазган эле. Ал катта Ахмадия Мусулман Жамааты Нью-Йоркто жана Вашингтондо ушул күнгө байланыштуу бардык жаракат алгандардын өмүрүн сактап калуу үчүн кан тапшырууга даяр экендиги да айтылган.

11-сентябрь окуясынан кийин көптөгөн жылдардан бери бул маараке өлкөдө белгиленип келген жана Ахмадия Мусулман Жамааты андан бери кан тапшыруу акциясын баштаган.

Ошентип, быйыл Детройтто 9/11/2020 күнү тышкы иштер боюнча Улуттук катчысы урматтуу Амжад Махмуд Хан мырза бир программаны түздөдү. Бул программанын негизинде биздин командабыз Кызыл Чырым уюму менен биригип, Детройт шаарындагы «Махмуд» мечитинде кан тапшыруу үчүн жарнактап, Америкалык Кызыл Чырым өзүнүн тобу менен аны «Махмуд» мечиттин залында уюштурду. 19-ковидге байланыштуу, программа бир жерде өткөрүлбөй калды, бирок көрүүчүлөр ага Zoom аркылуу катышышты.

Программа Майаминин тургуну доктору Халид Минхас мырза окуган Куран жана анын котормосу менен башталды. Андан кийин АКШдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Тышкы иштер боюнча улуттук катчысы урматтуу Амджад Махмуд Хан мырза бардык катышуучуларды жылуу тосуп алып, аталган программа менен тааныштырды. Ал киши ага Калифорниядан кошулганын, жана учурда ушул штатта жана анын айланасындагы башка штаттарда эң ири өрт кырсыгы болуп жаткандыгын, ошондой эле өрттү өчүрүү үчүн 15000дей өрт өчүрүүчү иштеп жаткандыгын да айтты.

Ал 11-сентябрь трагедиясын да кеӊири сүрөттөп, ал баардыгы үчүн өтө оор мезгил болгонун айтты.

Анын артынан Калифорния штатындагы конгресс-айым Норма Торрес айым сөз сүйлөп, ушул жолугушуу жана кан тапшыруу иштин уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Ахмадия Мусулман Жамааты өлкө жана эл үчүн кылган кызматтарын мактап, сиздердин жетекчилигиӊиз мыкты иштеп жатат деп айтты. Ал Америкадагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири улуу урматтуу Мырза Магфур Ахмад Сахибге да ыраазычылыгын билдирди.

Урматтуу конгресс-айым: «Силердин Жамаатыӊар Гватемалада дагы оорукана ачып, ал жактагы адамдарга кызмат кылды жана менин районумда дагы сиздер жума сайын кедей-кембагалдарга азык-түлүк таратып жатасыздар жана качкындар үчүн дагы сиздердин кызматтарыңыз өтө маанилүү», – деди. Өлкөбүздө көптөгөн кыйынчылыктар болуп турганда жана биз бири-бирибиздин жардамыбызга муктаж болуп турганда, сиздер Ислам дининин таалимдерин так аткарып жатасыздар деп да айтам. Анын сөзүнөн кийин Вашингтондо кызмат көрсөтүп келе жаткан миссионерибиз Яхья Лукман мырза сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал адамзатка кызмат кылуу жөнүндө Ислам жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын окууларын жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын кайрымдуулук иштери жөнүндө баяндады.

Андан кийин АКШнын Кызыл Чырымынын вице-президенти Пол Салливан мырза сөз сүйлөп, коомчулукка Кызыл Чырым уюмунун кызматтары жөнүндө маалымат берди. Анын сөзүнөн кийин Tехас конгрессмени Томас Райс мырза аталган аземге катышып, кан тапшыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Ахмадия Мусулман Жамаатынын кызматтарына сый-урмат көрсөттү. Анын артынан Калифорниянын конгрессмени Пит Агилар мырза келди. Ал дагы кан бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, сиздердин жан аябас кызматтарыңыз үчүн бүтүндөй Ахмадия Мусулман Жамаатыңызга таазим этем жана мага көрсөткөн сый-урматыңыз үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Эгер мага татыктуу кызмат бар болсо, анда мен ар дайым даярмын деди.

Андан кийин 5 мүнөттүк видео ролик көрсөтүлүп, Жамаатыбыз ар кандай учурларда жасаган кайрымдуулук иштери чагылдырылган, ошондой эле АКШнын ар кандай жогорку даражалуу чиновниктери, конгрессмендер жана конгресс-айымдар да Жамаатыбыздын кызматына жогору баа беришкен. Бул Muslim for Life (өмүр бою мусулман)дын дагы он жашка толгон күнү болчу.

Андан кийин урматтуу Амжад Махмуд Хан мени тааныштырды. Мен аталган аземге Детройт шаарындагы «Махмуд» мечитинен катыштым. Мен 11-сентябрь окуясына өкүнгөндүгүмдү билдирип, мааракени белгилөө биздин Жамаатыбыздын салты эместигин жана Ахмадия Мусулман Жамааты терроризмге каршы жихадды биринчи күндөн баштап жарыялаганын айттым, мейли ал терроризм жеке адам тарабынан болсун, же бир мамлекеттин башка мамлекетке каршы жасаган болсун, же кайсы бир топтун башка бир топко каршы жасаган болсун.

Исламда терроризмге такыр орун жок. Жок, Ислам тынчтыктын жана тынчтыкты камсыз кылуучу дин. Ислам – бул мээримдүүлүк жана сүйүүнүн аты. Ошондуктан биз «Сүйүү Баарына, Жек көрүү Эч кимге» деп айтабыз. Экинчиден, Ахмадия Мусулман Жамааты – бул кудайлык Жамаат жана ушул доордо Ислам дининин туура таалимдерине элдерге жол көрсөтүп жатат. Мен 2008-жылы Лахордо Ахмадия Мусулман Жамаатынын эки мечитине кол салуу болуп, анда 90дон ашуун адам ошол жерде каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Андан кийин «Моӊ Расул» айылында таңга маал биздин мечитибизге кол салуу болуп, 9 адам каза болгон. Биздин Халифабыз жана руханий жол башчыбыз бизди сабырдуулукка чакырган. Биз Ислам таалимдерине ылайык Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуунну гана окуганбыз. Андан кийин эч бир маараке белгилеген жокпуз.

Азыр деле биз эч бир мааракени белгилеп жаткан жокпуз. Жок, азыркы Амирибиз пресс-релизин жарыялап, анда биз кан тапшырабыз деп айтылгандай, ошондон бери кан тапшырып жатабыз. Бул ишибиз кандайдыр бир өзгөчө күнгө таандык эмес, жок биз бүгүн, эртең жана келечекте да жасайбыз. Ошол эле учурда, эгер кимдир бирөө биздин жардамыбызга муктаж болсо, бизге кабарлап койсун, биз бул жердебиз деп жарыялайбыз.

Биз 19 жыл мурун дагы диндер аралык жолугушууларды өткөрүп, өлкөнүн жана улуттун сакталышы үчүн дуба кылганбыз, азыр дагы дуба сурап жатабыз. Мен Америкадагы Жамаатыбыздын Амири Мырза Музаффар Ахмад жазган катты да окуп бердим.

Андан кийин Детройт шаарынан келген, тышкы иштер боюнча жергиликтүү катчы урматтуу Насир Бухарий мырза – ал улуттук командада дагы кызмат кылат – «Махмуд» мечитин тааныштырып, жакында эле курулган «Махмуд» мечитинин мунарасын көрсөттү. Аталган аземдин баары түз эфир аркылуу көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Кызыл Чырым мүчөлөрү кан тапшыруу үчүн коюлган жабдуулары турган «Махмуд» мечитинин залы да көрсөтүлдү.

Бул учурда урматтуу Мажид Хан мырза дагы «Humanity First of America» уюмунун ишмердүүлүгүн баяндады. Конгресстин мүчөсү Джеки Спир дагы ал учурда Ахмадия Мусулман Жамаатынын кызматтарын, айрыкча кан тапшыруусун жогору баалап, мындай программаларды улантууга чакырды. Урматтуу Амжад Махмуд Хан мырза дагы баарына ыраазычылыгын билдирди.

Кудайга шүгүр, бул программа бардык жагынан ийгиликтүү болду.

(Репортажды даярдаган: Саййид Шамшад Ахмад Насир – Детройт, АКШ)

٭…٭…٭

Share via