Австралиядагы Ахмадий мусулман жаш балдардын тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Австралиядагы Ахмадий мусулман жаш балдардын тарыхый жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Австралия

Австралиядагы Мажлис Атфал-ул-Ахмадиянын 60тан ашуун мүчөсү Азирети Мырза Масрур Ахмад менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон чыныгы сүйүү бизден анын ар тараптуу жактарын жана анын асыл мүнөзүнүн бардык өзгөчөлүктөрүн сүйүүнү талап кылат». – Азирети Мырза Масрур Ахмад

10-октябрда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралиядан келген 12 жаштан 15 жашка чейинки Мажлис Атфал-ул-Ахмадиянын 60тан ашуун мүчөлөрү менен виртуалдык онлайн жолугушуу өткөрдү.

Мажлис Атфал-ул-Ахмадиянын мүчөлөрү Улуу Сиднейдин четиндеги аймакка караштуу Марсден паркында жайгашкан «Байтул-Худа» мечитинин комплексиндеги (улуттук башкы кеңсе) Халифат залында чогулушкан, Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан өз кеңсесинен жыйналышты башкарды.

Аталган азем Ыйык Курандын аяттарын окуу жана анын котормосу менен башталып, андан соң бир поэма ырдалды. Андан соң, Австралиядагы Мафлис Атфал-ул-Ахмадиянын Улуттук катчысы тарабынан отчёт сунушталды.

Бир сааттык жолугушуунун калган бөлүгүндө Мажлис Атфал-ул-Ахмадиянын мүчөлөрү Ал Азиретиге өздөрүнүн ишеними жана динине байланыштуу бир катар суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ислам дини башка диндерден эмнеси менен айырмалангандыгы жөнүндө суралганда, Ал Азирети Исламдын келиши менен диндин жетилгендигинин белгилүү болгонун жана Ыйык Куран бүт адамзат үчүн бир универсалдуу окуу болгонун айтты. Буга каршы, мурунку пайгамбарлар жана Ыйык Жазмалар айрым улуттарга жана элдерге арналган болчу. Ал Азирети мындай деп түшүндүрдү: адамзаттын түшүнүгү талап кылынган деңгээлге жеткенде жана диний окуунун дүйнөнүн булуң-бурчтарына жайылышы мүмкүн болгондо гана, Алла Таала чексиз ырайымы жана мээрими менен Исламдын Пайгамбары Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жөнөтүп, аны акыркы шарият алып келген Пайгамбар кылып дайындаган.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Австралия

Андан кийин, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эӊ сүйгөн бир өзгөчө мүнөзү барбы деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Аллах Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды бүткүл адамзатка эң сонун өрнөк жана үлгү деп эсептеген, ошондуктан ага болгон чыныгы сүйүүбүз бизден анын ар бир тарабын жана анын асыл мүнөзүнүн ар бир өзгөчөлүгүн сүйүүнү талап кылат. Ошентип, бир касиетке же сапатка көңүл бурбастан, адамзат үчүн эң сонун өрнөк болгон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) жөнүндө ой жүгүрткөндө, биз анын ар бир иш-аракетин жана мүнөздөмөсүн жакшы көрүп, өз жашообузда колдон келишинче аны тууроога аракет кылышыбыз керек. Эгер адам өз жашоосун ушундайча өткөрө алса, анда ал албетте жакшы мусулман болот».

Ал Азиретиден COVID-19 чектөөлөрүнө байланыштуу беш маал парыз намазды адам мечитте эмес, өз үйүндө окуса, Аллах Таала ошол эле соопторду жана берекелерди береби деп суралды.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Азыркы учурда COVID-19 чектөөлөрүнөн улам үйдө намаз окуп жаткан мусулмандар муну зарылчылыктан улам жасап жатышат жана Алла Таала алардын чыныгы ниетин билет. Ал Ырайымдуу. Эгер мусулман адам кадимки шарттарда мечитке барып ибадат кылуудан атайылап качса, анда бул туура эмес. Бирок, шарттар уруксат бербеген жерде, Аллах адамдардын ниетине жараша сыйлыктарын берет. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам): «Чындыгында, амалдар ниет менен бааланат», – деп айткан. Эгер адамдардын ниеттери таза болсо, анда бул үчүн аларга сыйлык берилет. Экинчи жагынан, эгерде алар арам ниеттерге ээ болушса, анда алар Анын нааразычылыгына кабылуучулар болушат. Мисалы, кээ бир адамдар кайрымдуулук иштерин жасашат, бирок алардын максаттары чын жүрөктөн эмес, бул туура эмес жана Аллах Таала мындай нерсени жактырбайт».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Австралия

Бир жаш бала Ал Азиретиден бир жаш адам досторунан кандай сапаттарды издеши керек деп сурады.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сага ишенимдүү, чын болгон, жүрөгүндө башкаларга боору ооруган жана мүнөзү жакшы адамдар менен достук издегин. Чыныгы достор – кандай гана шартта болбосун, сени алдаган же калп айтпаган адамдар. Баарыңар жаш студенттер болгондуктан, окууга олуттуу мамиле жасаган адамдар менен достошууга аракет кылгыла. Андан тышкары, Ахмадий мусулмандар катары, Аллах Тааланын бар экендигине ишенген адамдар менен достук мамиле өрчүтүшүңөр керек».

Share via