Пешаварда бир Ахмадий мусулманга экстремисттер кол салышты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Пешаварда бир Ахмадий мусулманга экстремисттер кол салышты

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар пешавар пакистан экстремисттер радикалдар

Пешаварда (Пакистан) бир Ахмадий мусулманга белгисиз экстремисттер тарабынан кол салынды

Каргашалуу окуя Пешавар шаарында болгон. Ага беш ок тийди, бирок коркунучтуу абалдан чыкы.

Акыркы күндөрдө Пешаварда Жамаатыбызга каршы иш-аракеттер күчөп бара жатат. Бүгүн эртең менен дагы экстремисттер бир бейкүнөө Ахмадий мусулманга кол салып, аны катуу жарадар кылышты.

Пакистандагы Ахмадия Жамаатынын өкүлү Салиймуддин мырзанын (Наазир Умур-э-Аама) твиттерине ылайык, 2020-жылдын 20-сентябрында Пешавардагы Ахмадия Жамаатынын 62 жаштагы мүчөсү өзүнүн дүкөнүндө күнүмдүк бизнеси менен алек болуп жүргөндө, кээ бир экстремисттер ага ок ачышты.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар пешавар пакистан экстремисттер радикалдар

Анын дүкөнү Пешавар шаарынын бир белгилүү базарынын калкы жыш жайгашкан бөлүгүндө жайгашкан. Анын бутуна төрт, ал эми колуна бир ок тийген. Аллах Таала Өзүнүн ырайымы менен (муъжиза) керемет жолу менен анын өмүрүн сактап калды. Учурда ал Пешавардагы белгилүү бир ооруканада дарыланууда жана анын абалы туруктуу экени айтылууда. Аллахым ага тезирээк шыпаа берип, аны толук айыктырсын. Оомин.

Бул окуя дагы учурда өлкөдө Ахмадия Жамаатына каршы болуп жаткан толкунунун белгиси болду окшойт. Эске салсак, Мераж Ахмад аттуу бир Ахмадий мусулман ушул эле шаарда бир ай мурун 12-августта медициналык дүкөнүн жапкандан кийин үйүнө бараткан жеринен шейит болгон.

Ахмадийлер өз ишин Аллах Таалага тапшырышат. Бирок мамлекеттин жана улуттун кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин жана административдик органдар Жамаатыбызга каршы иш-аракеттерге катышкан элементтерине көз жумуп койгондун ордуна, аларга конституцияга жана мыйзамдарга ылайык катуу чараларды көрүшү керек, ошондой эле башка жарандар менен Ахмадийлерди коргоодо эч кандай айырмачылыктар болбошу керек.  Улуттук институттар жана бийлик органдары тарабынан белгилүү бир топко карата кодулоо коомду адилеттүүлүктөн ажыратуу коркунучун жаратып, көптөгөн бейкүнөө адамдар ушул шалаакылыктын кесепеттерин тартышат.

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via