Франциядагы чиркөөгө коюлган чабуулга байланыштуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын билдирүүсү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Франциядагы чиркөөгө коюлган чабуулга байланыштуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын билдирүүсү

Мурунку күнү Франциянын чиркөөсүндө Папа Жак Амелдин өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабар Ахмадия Мусулман Жамаатынын жер жүзүндөгү баардык мүчөлөрүн чоң шокко жана кайгыга салды.

Ахмадия Мусулман Жамааты ушул окуяны кандайдыр бир мыкаачылык жана ыпылас кол салуу деп эсептейт, ошондой эле кандай гана жагдай же кырдаал болбосун, аны актоого такыр болбойт.

Курани Карим жана Ислам дининин Негиздөөчүсү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген таалимдер – бул тынчтык, сабырдуулук жана адамзатты сүйүү.

Курани Карим а түгүл бир адамды өлтүрүү бүткүл адамзатты өлтүрүү менен тете деп айтат. (5:33)

үйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өмүр бою ар түрдүү согуш, чыр-чатак жана адилетсиздикти сындаган. Ал өзүн ээрчигендерге төмөнкүдөй катуу көрсөтмө берген: а түгүл коргонуу максатында кылынган согушта да мусулмандарга эч бир диний кызматкерге, эч бир сыйынуучу жайга, же карыялар, аялдар жана балдар сыяктуу бейкүнөө адамдарга кол салууга уруксат жок.

Бүгүнкү күндө эч бир коом же эч бир топ Ислам динине каршы согушту жарыялаган эмес. Мусулмандар Батыш өлкөлөрүндө эркин жашап, өздөрүнүн ишенимдери боюнча амал кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ошондуктан мусулмандар ушул эркиндиктерге ыраазычылыкты билдирүүлөрү зарыл. Ошентип, террористтер жана экстремисттер тарабынан көрсөтүлүп келе жаткан жек көрүү бүтүндөй түшүнүксүз. Мына ошондой террористтер жана экстремисттер Ислам динин коргоонун ордуна, тескерисинче аны жана анын таалимдерин жаманатты кылууга жана булгоого кызмат кылышууда.

Ахмадия Мусулман Жамааты Папа Жак Амелдин үй-бүлөсүнө жана жабыркагандардын баарына терең көңүл айтат.

Биз Рим папасы Франциск, Римдик Католик Чиркөө жана франциялыктарга да көңүл айтабыз. Биз алардын кайгысын жана өзгөчө нааразычылыктарын тең бөлүшөбүз.

Биз дүйнөдө тынчтык болуп, ар түрдүү терроризмдин, экстремизмдин жана жек көрүүнүн жоголушу үчүн дуба кылабыз.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via