Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Манчестердеги «бүтүндөй жапайчылык болгон» террордук кол салууну айыптады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Манчестердеги «бүтүндөй жапайчылык болгон» террордук кол салууну айыптады

Азирети Мырза Масрур Ахмад ал кол салууну

«толугу менен Ислам таалимдерине каршы»

экенин айтты.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) чечкиндүү түрдө дүйшөмбү күнү Манчестерде жасалган террордук чабуулду катуу сындады.

Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде өзүнүн жумалык жума кутбасын окуп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад аталган кол салуулар толугу менен Ислам окууларын жана ишенимдерин бузуу болуп эсептелгенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул жуманын башында Манчестерде, 22 бейкүнөө адамдар, анын ичинде жаш балдар мыкаачылык жана зөөкүрчүлүк менен өлтүрүлгөн. Бул толугу менен жапайчылык жорук жана мына ушундай ыплас иштер толугу менен Ислам таалимдерине каршы. Мусулман катары бул кол салуу бизди тереӊ кайгы-капага салды жана мүмкүн болушунча аны катуу сындайбыз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Күнөөсүз адамдардын мусулмандардын колунан өлтүрүлгөндүгү жана кээ бир мусулмандардын Ислам дининин атынан ушундай кыйроо жана талакалоону жасап жатканын угуу ар бир чыныгы мусулман үчүн кайгы-капачылык булагы болуп саналат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад жабыр тарткандар үчүн дуба сурап, мындай деди:

«Алла Таала бардык жабыр тарткандарга жана жакындарынан айрылгандарга ырайым кылсын жана Ислам дининин атынан мындай мыкаачылык иштерди кылып жаткан адамдардын ырайымсыздыгын токтотсун».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via