Күнөөсүз бир Ахмадий Пешаварда мыкаачылык менен өлтүрүлдү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Күнөөсүз бир Ахмадий Пешаварда мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Күнөөсүз бир Ахмадий мусулман Махбуб Хан мырза Пешаварда өз акыйдасынан (ишениминен) улам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

Бул адам өлтүрүү Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы ушундай кол салууларга туруштук бере албай жаткан жек көрүү өнөктүгүнүн түздөн-түз натыйжасы.

Өкмөттүн Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө каршы зордук-зомбулукту коргоп, токтото албаганына карабай, Пешаварда Ахмадийлер биринин артынан бири бутага алынууда.

Мамлекеттик мекемелер Пакистанда жашаган Ахмадийлерди коргоого байланыштуу натыйжалуу чараларды көрүшү керек: Ахмадия Мусулман Жамаатынын өкүлү.

Ченаб Нагар (PR) 82 жаштагы Махбуб Хан мырза аттуу бир Ахмадий мусулман өз акыйдасы (ишеними) үчүн Пешаварда өлтүрүлгөн. Ал мамлекеттик саламаттыкты сактоо кызматынын пенсиядагы кызматкери болгон. 2020-жылдын 8-ноябрында ал кызына жолугуп, үйүнө кайтып келе жатып, аялдамада автобус күтүп турганда, белгисиз бирөөлөр аны атып кетишкен. Анын башына аябай жакын аралык жерден атылгандыктан, ошол замат жанын берген. Анын артында 70 жаштагы жесири, 2 уулу, 2 кызы калды.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөсү болгондуктан, Махбуб Хан мырза ишеними үчүн куугунтукка жана коркутууларга туш болгон. Мындай мүнөздөгү Пешаварда Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө каршы акыркы 4 айда болгон 4-окуя. Ахмадия Мусулман Жамаатынын өкүлү Салиймуддин мырза бул окуяны кескин айыптады жана өкмөттөн диний жек көрүүчүлүктүн түздөн-түз натыйжасы болгон мындай зордук-зомбулукка каршы чечкиндүү чараларды көрүшү керек деп талап кылды. Андан ары ал Пакистанда Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү көп жылдардан бери ишениминин аркасында бутага алынып келе жатканын айтты. Бирок мындай жек көрүүчүлүктүн жана максаттуу кол салуулардын түздөн-түз натыйжасында, кооптонуу сезими жана коркуу сезими өтө тездик менен жүрүп жатат. Мындай окуялардан өкмөт жана укук коргоо органдарынын Ахмадийлердин жашоосу жана мүлктөрү жөнүндө аз тынчсыздангандыгы айдан ачык көрүнүп турат. Ошондой эле ал акыркы айларда Ахмадийлерге каршы жек көрүү өнөктүгүндө олуттуу өсүш болгонун айтты. Пакистан өкмөтү Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнүн башына түшкөн мүшкүлгө көз жумуп, бул жек көрүү өнөктүгүнүн артында тургандарга каршы иш алып барган жок. Ахмадия Мусулман Жамаатынын өкүлү өкмөттөн келечекте Ахмадийлерге каршы мындай жек көрүү өнөктүктөрүнүн көрүлүшүн жана кылмышкерлерге каршы практикалык чаралардын көрүлүшүн талап кылды. Өкмөт тынчтыкты сүйгөн, мекенчил, күнөөсүз жана мыйзамга баш ийген Ахмадийлерди ушул террористтердин жана жек көрүүчүлөрдүн ырайымына салып таштабайт деп ишенебиз.

Аягы

Чектеш темалардын мазмуну
Share via