Ахмадиянын Жетекчиси террордук кол салууну айыптады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадиянын Жетекчиси террордук кол салууну айыптады

Жаңы Зеландия тынчтык атом

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Жаңы Зеландияда болгон террордук кол салууну айыптады

Халифа Халифат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) бүгүн Жаңы Зеландияда болгон террордук чабуулду катуу сынга алды.

Лондон шаарында сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын атынан Крайстчерч шаарында жасалган варвардык террордук чабуулдан бардык жабыр тарткандарга терең көңүл айтам жана кайгыруумду билдирем».

«Мына ушундай мыкаачылык жана толугу менен жапайчылык болгон кол салуулар мүмкүн болушунча катуу сындалышы керек. Ибадат үчүн чогулушкан элүүгө жакын бейкүнөө мусулмандардын өз жандарынан айрылгандыгы өтө оор трагедия болуп саналат. Өздөрүнүн акыйдасы же ишенимине карабай, бардык адамдар тынчтыкта сыйынуу укугуна ээ».

«Бул трагедиялуу окуя өнүккөн өлкөлөрдүн башка мамлекеттери үчүн сабак жана эскертүү болушу керек, биз баардыгыбыз даанышмандык жана бекемдүүлүк менен расалык, улуттар аралык жана диний жек көрүүчүлүктүн бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешүүбүз керек».

«Биз чын жүрөктөн ушул кол салуулардан курман болгондор жана жабыр тарткандар үчүн дуба кылабыз. Бул жаман ишти жасагандар тез арада жоопко тартылсын».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via