Бадр согушуна катышкан сахаабалар жана бир улуу аалымды эскерүү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бадр согушуна катышкан сахаабалар жана бир улуу аалымды эскерүү

Жолугушуу Ислам Халифат

Азирети Мырза Масрур Ахмад Бадр сахаабалары жана Жамааттын улуу аалымын эскерди

2019-жылдын 25-январынан 3-февралынын аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

25-январь күнү, куттуу жума күнү

(Байтул-Футух мечитинде) Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрсөтүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын баш ийүү, ыкластуулук жана берилүүнүн сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан кээ бир сахаабасынын куттуу өмүр баянынан сөз кылып, алардын кулк-мүнөздөрүн айтып берди.

Жер жүзүндөгү ар кайсы аймактардагы ар кайсы коомдордогу адамдардын пайдасы үчүн Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала)нын жума кутбалары жана кайрылуулары үзгүлтүксүз урду тилинен тышкары жети тилде түз эфир аркылуу МТАдан көрсөтүлөт. Ал тилдерге араб, англис, беӊгал, немец, францус, савахилий жана индонезия тили кирет. Ал эми МТА Африка аркылуу өзүнчө англис тилинин Африка акцентинде да котормосу көрсөтүлөт.

26-январь күнү, ишемби күнү

Бүгүн Пешин намазынан мурун башка расмий кабыл алуулардан тышкары Швециядагы Мажлис Ансаруллахтын бир делегаты Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болду. Ал Азирети алардын өлкөсүнө жана Жамаатына жараша алтын насааттарды айтып, багыт берди.

Ал Азирети «Фазл» мечитинде Аср намазына имамчылык кылгандан кийин төмөнкүдөй төрт никени кыйып, ал никелердин куттуу болушу үчүн дуба кылдырды. Анан эки тараптагы кудалар менен кол алышып көрүшүп, аларды куттуктады:

  1. (Азад Кашмирге караштуу Котлинин тургуну) Урматтуу Абдурахман мырзанын кызы кымбаттуу Хина Рахмандын (Вакифа Нау) никеси (Азад Кашмирге караштуу Котлинин тургуну) урматтуу Мухаммад Айюб мырзанын уулу урматтуу Хасиб Ахмад мырза (Сиалкот районунда кызмат көрсөтүп жаткан миссионер) менен кыйылды;
  2. (Сиалкоттун тургуну) Урматтуу Мунаввар Ахмад мырзанын кызы кымбаттуу Марям Мунаввардын никеси (Рабвахтын тургуну) урматтуу Абдул Хамийд мырзанын уулу урматтуу Абдул Баасит мырза («Тахир» фондунда кызмат көрсөтүп жаткан миссионер) менен кыйылды;
  3. (Бельгиянын тургуну) урматтуу Саъийд Ахмад мырзанын кызы кымбаттуу Дурри Шахсаваардын никеси (Манчестердин тургуну) урматтуу Мутийъурахман мырзанын уулу урматтуу Шахзаад Мутийъ мырза (Ваакиф-э-Нау) менен кыйылды.
  4. (Индонезиянын тургуну) урматтуу Умар Фаруук Ахмадий мырзанын кызы кымбаттуу Сийти Марямдын никеси (Лондондогу «Фазл» мечитинин имамынын кеӊсесинде иштеп жаткан кызматчы) урматтуу Васийм Ахмад Насир мырзанын уулу урматтуу Ясир Ахмад Васийм мырза менен кыйылды.

27-январь күнү, жекшенби күнү

Бүгүн Пешин намазынан мурун башка расмий кабыл алуулардан тышкары Швецариядагы Лажна Имааиллахтын улуттук Амиласы, ошондой эле региондук жана аймактык президенттери Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болду. Ал Азирети алардын өлкөсүнө жана Жамаатына жараша алтын насааттарды айтып, багыт берди.

Аялзаты халифат Ислам

Бүгүн Аср намазынан кийин Швецариядагы Мажлис Ансаруллахтын улуттук Амиласы жана Заимдери Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болду. Ал Азирети алтын насааттарды айтып, багыт берди.

28-январь күнү, дүйшөмбү күнү

Аср намазынан кийин Ал Азирети бир нике-той аземине катышты. (Лондондогу «Фазл» мечитинин имамы) урматтуу Атаул Мужийб Раашыд мырза нике кыйды, ал эми Ал Азирети ал никенин куттуу болушу үчүн дуба кылдырды.

29-январь күнү, шаршемби күнү

Ал Азирети Пешин намазынан мурун Лондондогу «Фазл» мечитинде (Англияга караштуу Клэпхэмдин тургуну урматтуу Башир Ахмад Халид мырзанын жубайы) урматтуу Хадижа Бушраа айымдын жаназасын окутуп, анын жакын туугандары менен жолугушту. Андан тышкары дагы жети маркумдун гайып жаназасын да окутту.

31-январь күнү, бейшемби күнү

Ал Азирети Пешин намазынан мурун Лондондогу «Фазл» мечитинде (Англияга караштуу Мордондун тургуну урматтуу Азизуллах мырзанын жубайы) урматтуу Наргис Нахийд айымдын жаназасын окутуп, анын жакын туугандары менен жолугушту. Андан тышкары дагы беш маркумдун гайып жаназасын да окутту.

1-февраль күнү, куттуу жума күнү

Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрсөтүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын баш ийүү, ыкластуулук жана берилүүнүн сүрөтү болгон, Ямама согушунда шейт деген улуу даражага ээ болгон, Бадр согушуна катышкан бир сахааба Азирети Абу Хузайфа (разияллааху анху) бин Утбанын куттуу өмүр баянынан сөз кылып, алардын кулк-мүнөздөрүн айтып берди. Андан тышкары, Ахмадия Халифатын катуу сүйүүчү жана ага баш йүүчү, Жамааттын байыркы кызматчысы, улуу инсан, Жамааттын бийик аалымы профессор Саъуд Ахмад Хан мырзанын каза болгонунан сөз кылып, аны жакшы сөздөр менен эскерип, анын Гайып жаназасын окутту.

2-февраль күнү, ишенби күнү

Бүгүн Пешин намазынан мурун Англияга караштуу Түндүк Уэльстеги Лажна Имааиллах Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болду.

Аср намазынан кийин (Англия жана Германиядагы) T. I. Колледжинин Байыркы Асосиациясынын мүчөлөрү өздөрүнүн Сүйүктүү Имамы менен чогуу сүрөткө түшүү бактысына ээ болду.

Бүгүн үй-бүлөлүк жолугушуулардан кийин Ал Азирети (Лондондогу «Фазл» мечитинин имамынын кеӊсесинде иштеп жаткан кызматчы) урматтуу Васийм Ахмад Насир мырзанын уулу урматтуу Ясир Ахмад Васийм менен (Индонезиянын тургуну) урматтуу Умар Фаруук Ахмадий мырзанын кызы кымбаттуу Сийти Марямдын нике-тоюна катышуу максатында «Байтул-Футух» мечитине барды. Ал Азирети куптан намазын «Байтул-Футух» мечитинде окутуп, алардын «Валийма» тамагына катышты.

3-февраль күнү, жекшенби күнү

Бүгүн башка расмий жолугушуулардан тышкары Пешин намазынан мурун Франциядагы Мажлис Худдамул Ахмадиянын бир делегаты Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болду.

Аср намазынан кийин (Лондондон басылуучу) «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасынын бардык ишчилери жана кызматчылары өздөрүнүн Сүйүктүү Имамы менен чогуу сүрөткө түшүү бактысына ээ болушту жана кол алышып көрүшүү сыймыгына да ээ болушту. Ал Азирети өтө мээримдүүлүк менен майыптар креслосунда отурган бир карыган делегат мүчөсү урматтуу Мухаммад Ханийф мырзанын ал-ахвалын сурап, ал сунуштаган шириндикти берекелүү кылды.

АЛ АЗИРЕТИ (АЙЙАДАХУЛЛААХУ ТАЪААЛА БИ-НАСРИХИЛ-АЗИЗ) МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Ушул жума аралыгында Ал Азирети төрт күн расмийлерди, ал эми алты күн жеке адамдарды кабыл алды. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, кээ бир өлкөлөрдөгү тармактуу уюмдардын президенттери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретинен көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ушул жума аралыгында 105 үй-бүлө жана 66 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Жамаат мүчөлөрү 15 өлкөдөн келишкен, алардын катарында Исландия, Швецария, Германия, Канада, Америка, Максико, Швеция, Норвегия, Австралия, Финландия, Индия, Казакстан, Пакистан жана бир араб өлкө кирет.

дуба ак бата

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 26-том, 6-сан, куттуу жума күнү, 8-февраль, 2019-жыл, 1,15-беттер)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via