МУСУЛМАНДАРДЫН АРАСЫНДА ЫНТЫМАК БОЛСУН
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

АЛЛАХЫМ МУСУЛМАНДАРГА ПАЛЕСТИНАНЫ КУТКАРУУ ҮЧҮН ЫНТЫМАКТУУ ҮММӨТ БОЛУУСУН НАСИП ЭТСИН

Азирети Имам Махдий алайхиссаламдын 5-халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад 2024-жылдын 19-январында окуган жума кутбасында адамдарды Палестина үчүн дуба кылууга үндөп, мындай деди:

«Мен Палестина үчүн дуба кылууга чакырып келе жатам, азыр мусулман өлкөлөрүнүн абалы ушундай болуп калды, Палестинаны чогуу сактап калуу жөнүндө ойлонуунун ордуна мусулмандар өздөрү (бири-бири менен) уруша башташты. Азыр Пакистан менен Ирандын ортосунда жаңжал болуп жатканын угуп жатабыз. Алар бири-бирине бомба да ыргытышты. Бул (жагдай) кооптуу абалды жаратып жатат.

Мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилерине Аллах Таалам эле акыл жана түшүнүк берсин.

Алар үчүн да дуба кылгыла. Чындыгында, өз максаттарын түшүнүп, ынтымактуу үммөт болуусун Аллах Таала аларга насип кылсын». Омийн!

Чектеш темалардын мазмуну
Share via