Мырза Масрур Ахмад Индиядан келген бир конок менен жолугушту
Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү
2019-жылдын 9-сентябрынан 11-сентябрынын аралыгында Амирул-Му’миний Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгүн окурмандарга сунуш кылып жатабыз:
◊ 9-сентябрь, дүйшөмбү күнү: Бүгүн эртең менен Индиядан келген улуу урматтуу бир конок Ал Азирети менен жолугушту.
◊ (24-август, ишемби күнү: Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) бир үй-бүлө менен болгон жеке жолугушуусунда урматтуу Хааруун Ахмад Хан мырзанын кызы кымбаттуу Шаафиъа Ахмад Саттаардан Курани Каримди угуп, ал бактылуу кыздын «Аамийн» деген аземин өткөрүп, дуба сурады).
Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!
(Жумасына эки жолу чыгуучу «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 13-сентябрь, 2019-жыл)