Амирул-Му'минийн жасаган иштеринин күндөлүгү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Амирул-Му’минийн жасаган иштеринин күндөлүгү

Халифанын көрсөтмөсү

2020-жылдын 23-январынан 26-январынын аралыгында Амирул-Му’миний Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгүн окурмандарга сунуш кылабыз:

24-январь, куттуу жума күнү: Ал Азирети Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Бадр согушуна катышкан Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүн жагымдуу ыкмада айтып берди, ошондой эле урматтуу Доктор Латиф Ахмад Курайший мырза маркумдун каза болгонуна байланыштуу аны жакшы сөздөр менен эскерип, анын гайып жаназасын окутту.

Ислам Ахмадия ыйман дин ибадат сыйынуу халифат халифа Германия намаз жаназа

Германиядагы Нейгоф жергисиндеги Худдаамул-Ахмадиянын делегаты Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен

  25-январь, ишенби күнү: бүгүн пешин намазынан мурун Исламабаддагы Осмон Чау аймагында жайгашкан кабыл алуу бөлмөсүндө Германияга караштуу Нейгоф аймагынан келген Худдаамул-Ахмадиянын бир делегаты Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу бактысына ээ болду. Жолугушуунун аралыгында Худдаамдар өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисине ар кандай маселелер тууралуу суроо берип, андан багыт алышты. Жолугушуунун аягында делегат мүчөлөрү Хузур-э-Анвар менен чогуу сүрөткө түшүшкөн.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) бүгүн пешин намазынан мурун «Мубарак» мечитинин тышына келип, (Англияга караштуу Редингдин тургуну) урматтуу Шафкат Навааз мырзанын жаназа намазын окутуп, жакын туугандары менен жолугушту. Хузур-э-Анвар ал жаназа менен бирге 5 маркумдун гайып жаназасын да окутту.

Ислам Ахмадия ыйман дин ибадат сыйынуу халифат халифа Германия намаз жаназа

Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) «Гулшан-э-Вакфи Нау» (Наасираат) телеберүүсүндө

26-январь, жекшенби күнү: бүгүн Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) пешин намазынан мурун Исламабаддагы «Эван-э-Масрур» залында болуп өткөн «Гулшан-э-Вакфи Нау» программасына катышты. 12 жаштан 15 жашка чейинки Вакифаат-э-Нау кыздары менен болуп өткөн бул кызыктуу отурум пешин намазынан мурун аяктады.

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

2020-жылдын 20-январынан 26-январынын аралыгында Ал Азирети беш күн расмийлер менен, ал эми алты күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, Жамаат миссионерлери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ал убакыт аралыгында 81 үй-бүлө жана 54 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Бул жагынан алганда жеке жолугуша турган адамдардын саны 135 болгон. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Ахмадий мусулман бир туугандар төмөндөгү 14 өлкөдөн келишкен:

Америка, Канада, Германия, Бельгия, Швеция, Голландия, Чехия, Австралия, Марокко, Нигерия, Кытай, Тайланд, Пакистан жана Англия.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумасына үч жолу чыгуучу «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 28-январь, 2020-жыл)

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via