Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Берлинге келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Берлинге келди

Германия Берлин Хадижа мечит Ислам ыйман мусулман ибадат сыйынуу

Европага жасалган иш сапарынын үчүнчү баскычында Германиядагы Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитинен жөнөө жана Берлинде жайгашкан «Хадижа» мечитине келүү, жүздөгөн берилип сүйгөндөрдүн Франкфуртта өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчиси менен коштошуулары жана Берлинде салтанаттуу тосуп алуулары 

(21-октябрь, 2019-жыл, Берлин – Германия) Бүгүн Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад  (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Франкфурттан жөнөп, аман-эсен Берлин шаарында жайгашкан «Хадижа» мечитине жетип келди

Эртеӊ менен Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) саат жетиде «Байтус-Субух» мечитине келип, Багымдат намазын окутту, андан кийин Куран дарсы (сабагы) берилди. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) бүгүн Германиянын борбору Берлинге жол алышы керек болчу. Саат ондордо Ахмадий мусулман эркектер жана аялдар өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчиси менен коштошуу үчүн мечиттин айлана-чөрөйсүндө топтоло башташты. Кеӊсе жумуштарынан бошогондон кийин Хузур-э-Анвар саат он бир жарымда «Байтус-Субух» мечитине келди. Кээ бир комитеттер Хузур-э-Анвар менен чогуу сүрөткө түшүүнү суранышкан эле, Хузур-э-Анвар мээримдүүлүк кылып, алардын суранычын кабыл алган. Ошентип, Таалимул-Ислам колледжинин Германиядагы Мурунку Студенттер Асосиациясынын башкармалыгы Хузур-э-Анвар менен сүрөткө түштү. Кудум ошондо Германиядагы Ахмадия Тарыхы жана Германиядагы Ахмадия Газетинин мүчөлөрү группа болуп, Хузур-э-Анвар менен сүрөткө түшүштү. Ал кезде отургучтан туруп жатып, Хузур-э-Анвар мээримдүүлүк менен мага карап: «Ахмадия Газети! Эми сиз «Ал-Фазл» газетасынын мүчөлөрүнүн катарындасыз», – деди. Ошондо Германия Жамаатынын Амири: «Бул киши башка газеталарга да макалаларын жазат», – деп айтты. Хузур-э-Анвар: «Эми бул киши «Ал-Фазл» газетасынын атынан таанылат, ошондой эле «Эл аралык Ал-Фазл» газетасынын» түбөлүктүү кабарчысы», – деди.

Бул кыскача сүйлөшүүдөн кийин Хузур-э-Анвар Даават Үйүнүн алдында кербен жолго чыгууга аттанып турган жана бир топ эркек-аялдардын өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисинин нурдуу жүзүн көрүү үчүн тынчсызданып жаткан бөлүгүнө басып барды. Хузур-э-Анвар аялдар турган жерге барып, «Ассаламу алайкум!» – деди жана бир аз убакыт ал жерде турду. Андан кийин Хузур-э-Анвар эркектер турган бөлүк жакка келди. Ал учурда сүйүү-махабатка бөлөнгөн аялдар Азирети Навваб Мубарака Бегам айым (разияллааху анхаа)нын белгилүү ыр саптарынын төмөнкүдөй бөлүгүн ырдашты:

  Эй, менин сүйүктүүм! Сиз кетип баратасыз, Алла Таала Сизге Сакчы жана Жардамчы болсун!

Хузур-э-Анвар он беш мүнөткө жакын өзүнүн кызматчыларынын арасында болуп, Зыяфат (тамак жасоочу) команданын мүчөлөрү менен сүйлөштү, бир адамга гомеопатия дарысын сунуштады, мындан тышкары Файсалабаддын тургуну Шейх Шавкат мырза, Атаур-Рахман мырза жана Тахрик-э-Жадиддин катчысы Чаудхрий Хамийдуллах Зафар мырзага кайрылып, аларга өз мээримин көрсөттү.

Ошентип, бир аз убакыт өзүнүн кызматчыларынын арасында болгондон кийин Хузур-э-Анвар өзүнүн унаасына отурардан мурун коштошуу дубасын окутту. Ал кезде бар болгон жүздөгөн эркектер жана аялдар көздөрүнө жаш алып, өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчиси менен коштошту. Айырлуу сезими жана кайра көрүшөбүз деген таттуу үмүттөрдүн арасында Хузур-э-Анвардын кербени саат он экилерде Берлинди көздөй жол алды.

Аталган кербен үч жүз чакырымга жакын жол жүргөндөн кийин саат 14:45ке жакын Лейпциг шаарынын айланасында жайгашкан Остерфельд деген айылда болгон Атриум мейманканасына пешин менен аср намаздарын аткаруу жана түшкү тамак үчүн токтолуп, саат 16:15ке жакын кайрадан Берлинди көздөй жөнөдү.

Жети саатка жакын жол жүргөндөн кийин Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Амирул-Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад  (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин кербени жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:45ке жакын Берлиндеги Ахмадия Мусулман Жамааты салган «Хадижа» мечитине аман-эсен жетип келди. Ал жерде Берлин Жамаатынын Амири Хафиз Усама Ахмад мырза, региондук Амир Доктор Шакийл Шахид мырза жана Жамааттын миссионери Саъийд Аариф мырза Хузур-э-Анварды тосуп алышты. Урматтуу Саим Идрис мырза Хузур-э-Анварга гүл берүү бактысына ээ болду. Ал эми Хузур-э-Анвардын жубайы Азирети Саййида Аматус-Субух Бегам айым (мадда зиллухаа)ны тосуп алуу бактысы жергиликтүү Лажнанын президенти, региондук Лажнанын президенти жана Жамаат миссионеринин жубайына насип этилди. Азирети Бегам айымга кымбаттуу Сабах Ахмад гүл берди.

Ал кезде үч жүзгө жакын Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар-кыздар көтөрүӊкү үн менен «Ахлан ва Сахлан ва Мархабаа» (кош келиӊиздер) жана башка тосуп алуу диний ырларын ырдап жатышкан эле. Ал жерде кичинекей Жалса Саланага окшош чөйрө болуп турган. Өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисин зыярат кылуу үчүн келген бир туугандардын түнөп-жатуу жана тамактануулары үчүн сегиз чоӊ чатыр тигилген. Хузур-э-Анвар саат 20:15ке жакын шам менен куптан намаздарын чогуу окутуп, анан өзүнүн турак жайына кирип кетти.

Германия Берлин Хадижа мечит Ислам

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Амирул-Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад  (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Берлинде болгондо эртеӊ 22-Октябрь, шейшемби күнү Берлин шаарында жайгашкан «Адлон Кемпинский» мейманканасында боло турган бир кечеде Германиянын парламент депутаттары жана ардактуу конокторго кайрылуу жасайт. Андан тышкары, Берлин шаары жана анын тегерегинде жайгашкан шаарларда жашаган Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө жолугушуу үчүн өз убагын бөлөт. ИншаАллах

Жамаат мүчөлөрү Амирул-Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад  (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин чыӊ ден-соолугу үчүн дуба кылып турушсун.

(Репортажды даярдаган: «Эл аралык Ал-Фазл» гезитинин кабарчысы Ирфан Ахмад Хан, Европа иш сапары, Сентябрь, Октябрь 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via