Жамия Ахмадия Германияны бүтүргөндөр Ал Азирети менен жолугушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жамия Ахмадия Германияны бүтүргөндөр Ал Азирети менен жолугушту

аалым улама устат молдо

2018-жылы Жамия Ахмадия Германияны бүтүргөн «Шахиддер» Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту

2019-жылдын 24-июнунан 26-июнунун аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

◊ Өткөн аптада 2018-жылы Жамия Ахмадия Германияны бүтүргөн «Шахиддер» 2019-жылдын 16-чы жана 21-чи июнь күндөрүндө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Ал жолугушууларда Ал Азирети аларга алтындай насаат сөздөрүн айтты, ошондой эле Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жазган «Ал-Фаатиха» сүрөөсүнүн тафсиринин негизинде ал миссионерлерден кээ бир суроолорду да сурады. Андан тышкары, Ал Азирети ал мссионерлер тарабынан кызмат көрсөтүлүп жаткан учурда туш келе турган кээ бир көйгөйлөр тууралуу берилен суроолорго да жооп берди. Бул темада Ал Азирети урматтуу миссионерлерге абдан баа жеткис насааттарды да айтты.

24-июнь күнү, дүйшөмбү күнү

Ал Азирети Тилфорд Исламабадагы «Мубарак» мечитинде Аср намазын окуткандан кийин бир нике-тою аземине да катышты. (Лондондогу «Фазл» мечитинин имам-хатиби) Урматтуу Атаа-ул-Мужийб Раашид мырза эки никени кыйды, ал эми Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала) ал никелердин берекелүү болуусу үчүн дуба кылдырып, эки тараптадгы кудаларды куттуктады.

25-июнь күнү, шейшемби күнү

Бүгүн Пешин намазынан кийин эки жеңил машине Исламабадга алып келинди, Ал Азирети аларды ар жактан текшерип-карап чыгып, кээ бир көрсөтмөлөрдү берди.

26-күнү, шаршемби күнү

Бүгүн Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) пешин намазынан мурун Урматтуу Доктор Гулам Хусайин Чухаан мырзанын жаназа намазын окутуп, жакын туугандары менен жолугушту. Бул жаназа намазы менен 7 маркумдун гайып жаназалары да окулду.

    дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 28-июнь, 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via