Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Пфунгштадт шаарында жаңы мечитке алгачкы ташын койду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Пфунгштадт шаарында жаңы мечитке алгачкы ташын койду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Алла Таала үзгүлтүксүз «Мен сенин дааватыңды жердин четтерине чейин жеткирем» деген вахий-аянын орундатып келүүдө деп айтты

2016-08-28-DE-Pfungstadt-Foundation-001

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 28-августунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Гессен штатынын Пфунгштадт деген кичинекей немец шаарында биринчи Ахмадия Мусулман мечитине алгачкы ташын койду.

2016-08-28-DE-Pfungstadt-Foundation-002

30га жакын коноктор, алардын ичинде ар кандай сыйлуу коноктор, мисалы Пфунгштадт шаарынын Мэри Урматтуу  Патрик Коч жана мурунку Мэри Горст Байер сыяктуу меймандар аземге катышышты.

Расмий сессия Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырзанын конокторго айтылган куттуктоо сөздөрү менен башталды. Ал киши мындай деди: бир аз каршылыктарга карабай, жергиликтүү калктын басымдуу көпчүлүгү Пфунгштадт шаарындагы мечиттин проектин колдошкон.

Андан кийин Пфунгштадт шаарынын азыркы жана мурунку мэрлери Ахмадия Мусулман Жамаатын куттуктоо үчүн чыгып сүйлөштү.

2016-08-28-DE-Pfungstadt-Foundation-003

Шаардын Мэри Патрик Коч мындай деди:

«Силер жаңы мечитке коюп жаткан алгачкы таш аземиңер силердин ардактуу жана тынчтыкты сүйүүчү адамдар экениңердин символу. Ахмадий мусулмандар ушул шаарчага чоң салымын кошушкан, мисалы кайрымдуулук жөө жүрүшүңөр аркылуу жакыр адамдар үчүн акча чогулткансыңар».

Мурунку мэр Горст Байер мындай деди:

«Азыркы окуялар мусулмандар терроризмди таратууга себепчи деп адамдарды ойлондурууга түрткү болгон, ошентсе да, мен: «Террордук чабуулдарды жасаган адамдардын Ислам дини менен эч кандай алакасы жок, тескерисинче алар адам баласына таандык баалуулуктарды да сыйлабай турган адамдар», – деп көрөм жана ишенем».

Негизги кайрылуу Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан жасалып, анда ал киши Алла Тааланын жана пенделердин акы-укуктарын аткаруу момун-мусулмандардын милдети экенин айтты.

2016-08-28-DE-Pfungstadt-Foundation-004

Жергиликтүү калк ушул мечиттин проектин колдогондугуна жана алардын сабырдуулук мамилесине ыраазычылык билдирип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен ушул шаардагы адамдарга ачык жүрөктүүлүгүн көрсөтүп, ушул шаардагы мигранттарды, айрыкча ушул жерде жашаган Ахмадий мусулмандарды кабыл алышкандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Азыр жергиликтүү адамдарга кудум өз жакындарына жана тууган-туушкандарына кылган мамиле сыяктуу мамиле кылуу – бул Ахмадий мусулмандардын милдети, ошондой эле жергиликтүү коомчулукка көңүл буруу жана аларга кызмат кылуу – бул Ахмадий мусулмандардын милдети».

Ислам дининин адамзатка кызмат кылууга болгон шыктуулугу жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жогоруда Ахмадия Мусулман Жамааты ушул шаарда жасаган кайрымдуу иштери жөнүндө сөз кылынган. Мен ачык-айкын төмөнкүлөрдү айтмакчымын: биз ушундай иштер аркылуу кандайдыр бир кунду каалабайбыз, тескерисинче Алла Тааланын пенделерине кызмат кылуу биздин милдетибиз жана парызыбыз».

2016-08-28-DE-Pfungstadt-Foundation-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү (алайхиссалаам) өзүнүн фарсий тилиндеги ырларынын биринде: «Менин миссиям жана максат-мүдөөм – бул адамзатка кызмат кылуу», – деп айткан. Ошондуктан, адамзатка кызмат кылуу ар бир Ахмадий мусулмандын милдети болуп саналат».

Ал киши качан Пфунгштадт шаары түзүлгөн декадада Ахмадия Мусулман Жамааты да негизделгендиги жөнүндө да сөз кылды.

2016-08-28-DE-Pfungstadt-Foundation-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул шаарга 1880-жылы негиз салынган жана ошол эле доордо Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Ислам динин коргоо милдетин өз моюнуна алган жана анын чыныгы таалимдерин дүйнөгө сунуштаган. Андан кийин Алла Таала вахий-аян аркылуу ага: «Мен сенин дааватыңды жердин четтерине чейин жеткирем», – деп кабар берген».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ал доордо качан ушул шаар жаңы гана негизделген убакта кимдир бирөө ушул кабар (даават) Германиянын ушул кичинекей шаарына да жетип барат деп ойлошу мүмкүн беле? Ошондуктан, бул да Алла Тааланын Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га берген убадасынын орундалгандыгынын белгиси».

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул жерде мечит салынгандыгы үчүн айрымдарыңардын кабатыр болуусу – бул табигый көрүнүш, ошентсе да убакыттын өтүшү менен силердин кабатырланууңар жана кооптонууңар жоголуп кетет. Ушул мечиттин эч кандай зыян жок экенине, тескерисинче ал бардык адамдарга пайда келтирүүчү тынчтыктын мунарасы экенине күбө болосуңар».

2016-08-28-DE-Pfungstadt-Foundation-007

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп кошумчалады:

«Ислам дини динди адамдын жүрөгү менен байланыштуу экенин жана кимдир бирөөнү кайсы бир динди кабыл кылууга мажбурлоого болбойт деп үйрөтөт. Курани Карим динде зордук-зомбулук жок деп ачык-айкын айткан».

Өз кайрылуусун аяктаган соң Азирети Мырза Масрур Ахмад жаңы мечитке алгачкы ташын койду.

Ал кишинин ардактуу жубайы Азирети Аматус-Субух айым дагы аталган мечиттин пайдубалына бир ташты койду, андан кийин шаар мэри жана бир топ Борбордук, Улуттук жана Жергиликтүү Ахмадий мусулман төрагалары дагы таштарды коюшту.

2016-08-28-DE-Pfungstadt-Foundation-008

Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган тынч сыйынуусу (дубасы) менен аяктады.

2016-08-28-DE-Pfungstadt-Foundation-009

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via