Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жылдык Жыйынына катыштуу үчүн сапарга чыкты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 27-августунда Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитине келди.

Учурлук Халифа Лондон шаарынан машина менен жол тартты жана Германияны кесип өтөөрү менен Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза жана бир топ башка кызматтарда иштеген адамдар тарабынан тосулуп алынып, андан кийин алар ал кишини Германияга узатып келишти.

2016-08-27-DE-Frankfurt-Arrival-002

Ал киши Франкфурт шаарын көздөй өз сапарын улантып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:30да «Байтус-Субух» мечитине келди, ал жерге келген жүздөгөн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар өздөрүнүн руханий Жетекчисин дагы бир жолу көрүп, чоң кубанычта болушту. Жетип келгенден бир аздан кийин ал киши шам менен куптан намаздарына имамчылык кылды.

Ал киши Карлсруэ деген жерде боло турган Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 41-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу максатында жол тартты, ага ар кайсы өлкөдөн 30000ге жакын делегаттардын келүүсү күтүлүп жатат.

Үч күндүк аземде (2-4-сентябарь) ал киши Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдери жөнүндө Ахмадий мусулмандарга жана Ахмадий эмес конокторго кайрылуу жасайт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via