584,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

584,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирди

Англиядагы 50-Жалса Салана Азирети Мырза Масур Ахмаддын кайрылуусу менен аяктады

2016-жылдын 14-августунда Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 50-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) күчтүү жана ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады.

2016-08-14-Jalsa-UK-002

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши Ислам динин сындагандарды террористтердин арзыбаган бир тобу жасаган жек көрүүчүлүк амалдарына көңүл буруунун ордуна Ислам дини жөнүндө анын чыныгы таалимдеринин негизинде кандайдыр бир өкүм чыгарууларына чакырды.

Алтон, Хэмпширдеги «Хадийкатул-Махдий» (Махдийдин багы) деген жерде болуп өткөн Жалса Саланага 38000ден ашуун адамдар катышышты.

Ага катышкан миңдеген Ахмадий мусулмандардан тышкары көптөгөн Ахмадий эмес жана мусулман эмес коноктор да катышышты. Аталган аземдин баары МТА Интернейшналдан (Эл аралык Мусулман Ахмадия Телевидениясы) түз эфир аркылуу көрсөтүлдү.

Үч күндүк Жалса Салананын өзгөчө окуяларынын бири – бул базар күнү болуп өткөн «Байъат» деп тааныла турган ант берүү аземи, анда катышкандар Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла таала ага Жардамчы болсун) колуна Байъат (ант) беришти.

2016-08-14-Jalsa-UK-003

Катышкандар Халифага чейин адамдардан турган чынжырды түзүп, ант сөздөрүн чогуу кайталашты.

Церемониянын башында ал киши өткөн бир жылдын ичинде жер жүзүнөн 584,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирди деп билдирди. Ал киши азыр Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдөгү 209 өлкөдө түзүлгөн деп да билдирди.

Өзүнүн жыйынтыктоочу кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Ислам динин сындагандар үзгүлтүксүз Ислам динине каршы адилетсиз жана бүтүндөй негизсиз жалааларды жаап келишүүдө.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндөгү баш аламандык жана терроризм – бул адамдар дин таалимдерин бурмалагандыгынын натыйжасы гана жана алардын толгон жек көрүүсү менен жаман амалдарынын албетте Ислам дининин чыныгы таалимдери менен эч кандай алакасы жок».

2016-08-14-Jalsa-UK-004

Ал киши мындай деди: Ислам дини адамдар менен улуттардын ортосунда чыныгы тең укуктуулукту өнүктүрүү жолу менен тынчтыкка негиз салган. Ислам дини эч бир улут же адамдар башкалардан өйдө эмес деп үйрөткөн.

2016-08-14-Jalsa-UK-005

Ал киши мындай деди: Ислам дини коомчулуктун ар бир деңгээлинде тынчтыкты жаратуунун каалайт жана коомчулуктагы тынчтыктын негиздери адамдын өз үйүнөн башталат. Ал киши мындай деди: Ислам дини ата-энелердин акы-укуктарына өзгөчө көңүл бурат.

2016-08-14-Jalsa-UK-006

Ал киши мындай деди: анын каршысында Ислам динин үзгүлтүксүз кандайдыр бир зулумдуктун дини катары көрсөтүп жаткан өнүккөн улуттардагы адамдар өздөрүнүн ата-энелеринин негизги милдеттерин эстен чыгарып коюшкан.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Өнүккөн өлкөлөрдө көпчүлүк адамдар ата-энесине кызмат кылып, карыганда аларга көңүл бурууну кой, алар менен үзгүлтүксүз жолугушууга убакыт жок экенин айтышат. Алар өздөрүн өнүккөн деп сезип, өздөрүнүн эң жөнөкөй милдеттерин аткаруудан алыстап кетишти».

Ал киши Алла Таала менен алака-байланышты түзбөй туруп, чыныгы адилеттүүлүктү орнотуу мүмкүн эместигин баса белгиледи.

2016-08-14-Jalsa-UK-007

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Тааланын ибадатынын акы-укуктарын тааныбай туруп жана аткарбай туруп, адилеттүүлүк орнобойт, ошондой эле адам мээримдүүлүк жана адамгерчиликке да көңүл бура албайт. Өздөрүн мусулман деп аташып, анан үзгүлтүксүз Ислам дининин таалимдерине каршы иштерди жасап келе жаткандыгынын себеби, алар Алла Тааланы чындап тааныган да жок жана өздөрүнүн Ага карата милдеттерин да аткарышпайт».

Ал киши ата-энелердин өз балдарына карата милдеттерине да токтолду жана Курани Каримдеги «жана жакырчылыктан коркуп, балдарыңарды өлтүрбөгүлө» деген аятты да келтирди.

Ал киши мындай деди:  ушул аят да өз балдарына адеп-ахлак тарбиясын бере албаган адамдарга тиешелүү.

2016-08-14-Jalsa-UK-008

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ата-энелер тарабынан өз балдарына көңүл бурулбагандыгы жана адеп-ахлак тарбиясы берилбегендигинин себебинен да балдары экстремизмге кабылып, Ислам дининин атынан зулумдуктарды кылуусуна кандайдыр бир себепчи. Мына ошондой ата-энелер байлыктын артынан чуркап жүрүп, балдарына карата өз милдеттерин аткарууга кош көңүл болушат, натыйжада алардын балдары а түгүл жалпы диний билимден да куру-жалак калышат. Ушунун баары балдарды өлтүрүү болуп саналат».

Ал киши мусулмандарды башкаларды мазактоодон кайтара турган Курани Каримдин 49-сүрөөсүнүн 12-аятын да мисал катары келтирди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө жана доордо дин да мазакталып жатат, ага акаарат келтирилет жана бул жаатта Ислам дини айрыкча бутага алынат. Адамдардын Ислам дини же Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы акаарат сөздөрүн сүйлөөсү же адепсиз карикатураларды чыгаруусу мусулман дүйнөсүнө катуу тиет. Албетте, чырлуу реакция Ислам таалимдерине бүтүндөй каршы келет, бирок коомчулуктун тынчтыгына коркунуч туудура турган карикатураларды жаратууда кандайдыр бир даанышмандык барбы».

2016-08-14-Jalsa-UK-009

Ал киши мындай деп улантты:

«Чындыгында, мына ошондой топтордун же жеке адамдардын Ислам таалимдерине каршы жасап жаткан иштери мусулман эместердин колуна провокация күбөлүгүн карматып, бардык мусулмандардын, ошондой эле Ислам дининин тынчтык таалимдерин жайылтууда эң алдында турган Ахмадий мусулмандардын сезим-туйгуларына тийишүү мүмкүнчүлүгүн берип жаткан жокпу?»

2016-08-14-Jalsa-UK-010

Өз ара бири-бирин сыйлоо жана диндер аралык сүйлөшүүгө байланыштуу Ислам таалимдерин чечмелеп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Ислам дини баш аламандыкты колдоп, ага дем берүүнүн ордуна аны токтотуу керектигин үйрөтөт».

Начарлап бара жаткан дүйнө тынчтыгы жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Кичине деңгээлдеги майда-барат чыр-чатактар эми эл аралык чыр-чатактарга айланып барууда. Мурун мен дүйнөдөгү адилетсиздик бизди атомдук согушту көздөй түртүп жатат деп айтканымда, көптөгөн бийлик өкүлдөрү, серепчилер жана саясатчылар бул нерсе ойдон чыгарылган доомат жана өтө эле пессимисттик деп жатышкан. Ошентсе да, азыр алар өздөрү атомдук согуш жакындап, бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн деп айтышууда».

Ал киши мындай деди: мусулман коомдору да, ири күчтөр да дүйнөнүн тынчтыгын бузууда кандайдыр бир роль ойношту.

Ал киши медиадан: «Эмнеге кээ бир өлкөлөр бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп жаткан согуштарга катышкан улуттарга курал-жарак сатып жатышат?» – деген суроо берилген мисалды келтирди.

2016-08-14-Jalsa-UK-011

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бир жактан мусулман коомдору адилеттүүлүк кыла албай калган, экинчи жактан кээ бир өнүккөн мамлекеттер курал-жарак сатуу соодасын тынчтыкты орнотуудан жогору коюшкан. Эгерде алар адилеттүүлүк жана чынчылдык менен иш тутканда, бүкүнкү күндө дүйнө кабылган коркунучтуу жагдай өзгөрүп кетмек. Өкүнүчтүүсү, жеке кызыкчылыктар эки жакты сокур кылып койгон».

Ал киши төмөнкүдөй сөздөр менен өз пикирин аяктады:

«Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдеринин пайдаларынан дүйнөнү кулактандыруу – бул Ахмадий мусулмандардын милдети жана жоопкерчилиги. Бул үчүн Алла Таала бизге күч-кубат берсин жана дүйнөгө акыл-парасат тартууласын».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via