Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Франкенталь шаарында жаңы мечитке алгачкы ташын койду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Франкенталь шаарында жаңы мечитке алгачкы ташын койду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам дини аялдарга эркиндик берген жана аларга чыныгы азаттыкты тартуулаган деп айтты

2016-08-30-DE-Frankenthal-001

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 30-августунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Рейнланд-Пфальц деген штаттын Франкенталь аттуу чакан немец шаарында биринчи Ахмадия Мусулман мечитине алгачкы ташын койду. Ал киши бул мечитке «Нур» мечити деген наам берди.

2016-08-30-DE-Frankenthal-002

95ке жакын коноктор, алардын ичинде ар кандай сыйлуу коноктор, мисалы Франкенталь шаарынын Лорд Мэри Урматтуу  Мартин Гебик жана өлкөнүн Көчүрүү жана интегралдоо министри Мигел Висенте аземге катышты.

Расмий сессия Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырзанын конокторго айтылган куттуктоо сөздөрү менен башталды. Андан кийин сыйлуу коноктор өз ой-пикирин билдиришти.

2016-08-30-DE-Frankenthal-003

Лорд Мэри Урматтуу  Мартин Гебик мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты биздин коомчулугубуздун бөлүгү болуп калганына, ошондой эле ушул жерге өз мечитиңерди салганыңарга биз абдан ыраазыбыз, себеби силер тынчтыкты, ачык жүрөктүүлүктү жана сабырдуулукту өнүктүрүүдө эң алдындасыңар».

2016-08-30-DE-Frankenthal-004

Миграция жана интегралдоо министри Мигел Висенте мындай деди:

«Мигранттар өздөрүнүн дини же ата теги кандай экенине карабай, биздин демократиялык системабызды карманышса болот жана Ахмадия Мусулман Жамаатын көп жылдардан бери тааныгандыгым үчүн силер албетте ушул баалуулукка ишенесиңер деп билем. Кээ бир өлкөлөрдө кысымдарга кабылып, акы-укуктарыңардын тебеленгендиги башкалардан көрө эркиндик жана демократияга көбүрөөк ишенгендигиңерди далилдейт».

Негизги кайрылуу Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан жасалып, анда ал киши мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрү жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтык максат-мүдөөлөрү жөнүндө да токтолду.

2016-08-30-DE-Frankenthal-005

Ислам дининин таалимдерин түшүндүрүп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер Ислам дининин таалимдерин төмөнкүдөй эки сап менен жыйынтыктасаңар болот: Алла Тааланын ибадатынын акы-укуктарын аткаруу жана Алла Тааланын Жаратылышынын акы-укуктарын аткаруу».

Ислам дининин таалимдерин түшүндүрүп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты – бул бүткүл дүйнөгө тынчтык, коопсуздук, сүйүү жана мээримдүүлүк кабарын таркатуу максатында гана түзүлгөн Жамаат».

2016-08-30-DE-Frankenthal-006

Көбүнчө Ислам дини эркек менен аялдын ортосундагы бирдей укуктарды бербейт деген жалаа жабылган бир учурда ал киши Ислам дини кандай аялдарга чыныгы эркиндикти берип, алардын укуктарын бекемдегендиги жөнүндө да токтолду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини аялдарга алардын укуктарын берет жана аларга чыныгы эркиндикти тартуулайт. Анын таалимдери аялдарга эркиндик берет, ошондой эле эркектердин көлөкөсүнөн чыгып, жогору жана абдан мыкты жол менен коомчулукка салым кошуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт».

2016-08-30-DE-Frankenthal-007

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Алла Тааланын берешендиги менен Ахмадий балдар жакшы кат-сабатка ээ жана көпчүлүк убакта кыздарыбыз менен аялдарыбыз балдарыбыз менен эркектерибизден да оозуп кетишет. Мунун өзү Ислам дини аялдардын акы-укуктарын аткарбайт деген жалааны жокко чыгарат».

Ал киши мындай деди: мечит – бул Алла Таалныны Үйү жана тынчтыкты жактаган ар бир адам үчүн ачылган. Ошондуктан, коомчулуктун ар бир мүчөсүнө анын дини же ата теги кандай экенине карабай, кызмат кылуу чыныгы мусулмандын милдети болуп саналат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Лорд мэр жогоруда айтып өткөндөй, мурун ушул аянт бийликке караштуу болчу, азыр Ахмадия Мусулман Жамаатына караштуу. Ошентсе да, биздин ишенимдерибиз боюнча, мечит – бул Алла Тааланын Үйү жана ал кайсы бир жеке адамдын же жамааттын мүлкү деп эсептелинбейт. Ошондуктан, бул мечит же салынган кандайдыр бир башка чыныгы мечит Алла Тааланын ээлигинде эле калат».

2016-08-30-DE-Frankenthal-008

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Курани Каримдин эң алгачкы сүрөөсү мындай деп айтат: Алла Таала бардык ааламдардын Раббиси. Ошондуктан, мейли бирөө христиан болсун, хинди болсун, жөөт болсун, мусулман болсун же кайсы бир башка ишеним ээси болсун, Ал (Алла) ар бир адамдын Ээси. Демек, мечиттин ээлиги бүтүн ааламдардын Раббисинин колунда болгондугу ошол мечит адамдар үчүн түбөлүккө тынчтыктын, баш паанектин жана  коопсуздуктун куралы болуп турарын далилдейт».

2016-08-30-DE-Frankenthal-009

Лорд мэр шаар атынан Ахмадия Мусулман Жамаатына белек кылган бак-дарагына ыраазычылык билдирип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Лорд мэр бул ушул шаарда биз терең алдырган күчтүү тамырлардын белгиси деп берген кең пейил белеги үчүн ага ыраазычылык билдирем. Бул ал жактан абдан мээримдүүлүк сезимдер. Ислам дини мусулмандар Алла Тааланын буйруктарын ээрчип, тамырлары жерге бекем орношкон, бирок бутактары асмандарга чейин жеткен бак-дарактар сыяктуу болуулары керек деп айтат».

Ал киши чыныгы мусулмандар Батыш үчүн же дүйнөдөгү кайсы бир башка аймак үчүн коркунуч деген жалааны жокко чыгарды. Ал киши мындай деди: террордук амалдарды жасай турган же экстремизмди жайылта турган адамдар Ислам дининин чыныгы таалимдерине каршы иш кылышууда.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини мусулман адамга ал жашап келе жаткан өлкөгө чын болууну үйрөтөт. Албетте, Ахмадий мусулмандар ар бир башка адамдан көрө көбүрөөк өлкө мыйзамына баш ийген адамдары катары таанылышат жана ошондой болуулары керек. Алар башкалардан көрө өз улутун өнүктүрүү үчүн жан талашып аракет кылуучулардан болуулары керек жана өздөрүнүн коомчулугунун ортосунда тынчтык, коопсуздук жана мээримдүүлүк кабарын таратуучу адамдардан болуулары зарыл».

2016-08-30-DE-Frankenthal-010

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кайсы бир жагынан ушул мечитке келе турган Ахмадий мусулмандар Алла Тааланын акы-укуктарын аткарышат, ошондой эле өздөрүнүн кошуналарынын жана бардык коомчулуктун акы-укуктарын аткаруу да алардын милдети болуп саналат. Ислам дини боюнча кошуначылыктын алкагы өтө эле чоң жана ушул маани-мазмун жагынан ушул шаарда жашаган ар бир адам бизге кошуна болот».

Өз кайрылуусун аяктаган соң Азирети Мырза Масрур Ахмад жаңы мечитке алгачкы ташын койду.

2016-08-30-DE-Frankenthal-011

Ал кишинин ардактуу жубайы Азирети Аматус-Субух айым дагы аталган мечиттин пайдубалына бир ташты койду, андан кийин шаардын Лорд мэри жана бир топ Борбордук, Улуттук жана Жергиликтүү Ахмадий мусулман төрагалары дагы таштарды коюшту.

2016-08-30-DE-Frankenthal-012

Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган тынч сыйынуусу (дубасы) менен аяктады.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via