Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси качкындар кризисинин коркунучтары жана Европада оңчулдардын көтөрүлүшү жөнүндө сүйлөдү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси качкындар кризисинин коркунучтары жана Европада оңчулдардын көтөрүлүшү жөнүндө сүйлөдү

Азирети Мырза Масрур Ахмад Германиядагы Жалса Салананын 2-күнү Ахмадий эмес конокторго жана Лажна Имааиллахтын мүчөлөрүнө кайрылуу жасады

2016-жылдын 3-сентябарында Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 41-Жалса Саланасынын (Жылдык Жыйын) экинчи күнү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) 1000ден ашуун Ахмадий эмес конокторго кайрылуу жасады.

2016-09-03-DE-Jalsa-Day-2-002

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши «Ислам дини экстремизм же ар түрдүү чыр-чатакты үйрөтөт» деген жалааларды жокко чыгаруу максатында Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунан айрым мисалдарды келтирди.

Ал киши жакында жасалган террордук чабуулдардын негизинде Европада күчөп бара жаткан туруксуздук, качкындар кризиси көрсөтүп келе жаткан таасирлери жана Европадагы оңчулдар талап кылып жаткан укуктары жөнүндө сөз кылды.

Ал киши Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөнүн ар кайсы аймактарында алып бара жаткан гуманитардык ишмердүүлүктөрү жөнүндө да токтолду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнөдө күч алып бара жаткан туруксуздук жөнүндө сөз кылып, мындай деди:

«Бүгүн биз бул жерге чогулганбыз, дүйнөнүн тынчтыгы бычактын мизи-жардын кырында турат деген талашсыз чындык. Өтүп бара жаткан ар бир күндө биз жер жүзүндө чыр-чатактардын жана туруксуздуктун күчөп бара жатканына күбө болуудабыз. Биз мурдагыдан да көбүрөөк туташкан болсо да, бирок өкүнүчтүүсү жана кайгылуусу: биз чындыгында күн сайын бири-бирибизден алыстап жатабыз».

2016-09-03-DE-Jalsa-Day-2-003

Жакында Европада жасалган террордук чабуулдар жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жакында Франция жана Бельгияда жүз берген жийиркеничтүү чабуулдар эсиңерде эле болсо керек. Баарынан да көбүрөөк өткөн бир канча айларда Германдияда жүз берип, бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган же катуу жарадар кылган катар чабуулдардан катуу сар-санаа болгон болушуңар керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Албетте, мындай кол салуулар жарандарды коркутат жана жергиликтүү адамдардын жүрөктөрү менен акылдарына Ислам дини жөнүндө коркуу сезимин салат. Эң жогорку деңгээлдеги трагедия бул: мына ушул кол салуулар Ислам динине байланыштырылат, а чындыгында Ислам дини менен алардын эч кандай алакасы жок».

Европадагы качкындар кризиси жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Качкындар кризисинин натыйжасында, Европа бир кыйла коркунучтуу жана туруксуз жай болуп калды, себеби ал террористтик топтор үчүн качкындар катары өз өкүлдөрүн ушул континентте жиберүү мүмкүндүгүн жаратты. Алар –экстремисттер өздөрүнүн катыштыгы бар ушул кол салуулардан тышкары, дүйнөнүн ушул аймагында мурунтадан жашап келе жаткан мусулмандарды радикалдаштыруу жолу менен өздөрүнүн террордук тармактарын жайылтууга аракет кылышууда».

2016-09-03-DE-Jalsa-Day-2-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Качкындар кризисинин дагы бир терс таасири: бүткүл Европада мигранттарга карата адамдардын мамилеси өзгөрдү. Бир топ өлкөлөрдө оңчулдардын таасирдүү жана популярдуу болуп бара жатканына күбө болдук».

Германияда адамдардын мигранттарга карата болгон мамилесинин өзгөргөндүгү жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул жерде, Германияда бул элдин көпчүлүгү бир жыл мурда качкындарга карата көрсөткөн мээримдүүлүк жана боорукерликтен акырын баш тартты жана ал мигранттарга карата коркуу жана касташуу айкалышы менен алмаштырылды. Мамиленин ушундай өзгөрүп кетүүсү тынчсыздантат, айрыкча улутчул партиялардын кийинки өсүшү терең тынчсыздануунун себепчиси, ошондой эле элдин тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунуч келтирет».

Ал киши баш паанек берген элдерди да, мигранттарды да бири-бирине карата өз милдеттерин аткарууга чакырды. Ал киши мындай деди: чыныгы качкындарга жардам жана колдоо көрсөтүү керек, ал эми мигранттар да мүмкүн болушунча тез арада жергиликтүү коомчулукка салым кошууга аракеттенүүлөрү керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бийликтер чыныгы мигранттарга бул жерге отурукташып, өздөрүнүн бутуна тура берүүсү үчүн жардам бериши керек. Мигранттар да тек өздөрү көчүп барган өлкөдөн пайдаларды гана көрбөстөн, мүмкүн болушунча тез арада жумушчу күчүнө кирип, коомчулукка жигердүү салым кошууга аракеттенүүсү керек. Менин назарымда, бул ошол замат оң таасирин тийгизет, ошондой эле өлкө жарандары жана мигранттардын ортосунда ачык жана коркунучтуу айырмачылыкты азайтууга себепчи болот».

Ал киши мусулмандарды а түгүл өз душмандарына же каршылаштарына да адилеттүүлүк жана ынсап менен мамиле кылууга чакыра турган Курани Каримдин 5-сүрөөсүнүн 9-аятын окуп берди. Ал киши Ислам дининин Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) бул таалимдин кемчиликсиз чагылышы экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Качан өкүм чыгаруу үчүн кандайдыр бир маселе Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына коюлганда, ал ким анын ээрчүүчүсү экенине жана ким анын каршылашы экенине карабайт эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир гана туура кайсы экенине, дурус кайсы экенине жана адилеттүү кайсы экенине карачу».

2016-09-03-DE-Jalsa-Day-2-005

Ал киши Ахмадия Мусулман Жамааты Ислам таалимдеринин негизинде дүйнөдө тынчтык орнотмокчу экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул төмөндөгүдөй чындыкка байланыштуу: биз – Ахмадий мусулмандар Курани Каримдин чыныгы маанисин түшүнөбүз жана бул тынчтык ыкмада жашоого аракет кылабыз. Биз эмнени айтсак, эмнени кылсак, ал биз Курани Карим жана Ислам дининин Негиздөөчүсү, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнөн үйрөнгөндөрдүн негизинде гана айтабыз жана кылабыз».

Кийинчерээк ал киши өзүнүн кайрылуусунда Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жүргүзүп келе жаткан гуманитардык проекттери жөнүндө токтолду. Ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты жүздөгөн мектептер жана жыйырма чакты ооруканаларды ачып, дүйнөнүн эң артта калган аймактарында жашаган адамдарды, алардын ким экендигине же кайсы ишенимге ээ экендигине карабай, билим жана саламаттыкты сактоо менен камсыздап келүүдө.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз гуманитардык иштерибиз үчүн кандайдыр бир мактоо-алкоо же ыраазычылык билдирүүнү каалабайбыз, биз болгону динибиз бизди окутуп-үйрөткөндөрдү гана ээрчийбиз. Бул чыныгы Ислам дини жана силер буга макул болуп, жалпысынан медиа сүрөттөгөн Ислам динин бүтүндөй өчүрүп жибересиңер деп бекем ишенем».

Мындан мурун Азирети Мырза Масрур Ахмад түздөн-түз Лажна Имааиллахтын (Ахмадий мусулман аялдардын тармактуу уюму) мүчөлөрүнө Ислам дининин гендердик тең укуктуулукка байланыштуу таалимдери жөнүндө кайрылган.

Ал киши Ислам дининин таалимдери гендердик теңсиздикти өнүктүрөт деген жалааны четке какты. Ал киши мындай деп түшүндүрдү: Ислам дини табиятты эсепке алып, ошондуктан кээ бир жагынан эркектер менен аялдардын ролдору ар түрдүү бөлүнгөн, ошентсе да, ар кандай ролдор гендердик тең укуктуулук деген усулга залал келтирүүчү эмес.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини, биз, албетте, эркектер менен аялдардын ортосунда кээ бир айырмачылыктар бар экендигин баалашыбыз керек жана бул чындыкты толугу менен сыйлабоо – бул кандайдыр бир сабатсыздык жана акылсыздык».

2016-09-03-DE-Jalsa-Day-2-006

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via