«Ар бир адам өз ишенимдерин таратуу укугуна ээ, бирок тынчтык жолдору аркылуу гана» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Ар бир адам өз ишенимдерин таратуу укугуна ээ, бирок тынчтык жолдору аркылуу гана» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Швециянын «Сканска Дагбладет» гезитине маек берип жатканда сүйлөгөн сөздөрү

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 11-майында Мальмё, Швецияда жайгашкан «Махмуд» мечитинде Швециянын «Сканска Дагбладет» гезитине маек берди.

Терроризмдин өсүшү жана жаштардын радикалдашуусу жөнүндө берилген суроого жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен көптөн бери бийликтер терроризм жана экстремиздин тамырын кыркуулары керек деп эскертип келүүдөмүн. Ахмадия Мусулман Жамааты экстремизмдин бардык көрүнүштөрү Ислам дининин таалимдерине бүтүндөй каршы деп ойлойт. Чындыгында, Ислам сүйүү-мээримдүүлүк жана тынчтыктын дини».

Жихад деген түшүнүк жөнүндө сөз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Албетте, ар бир адам өз ишенимдерин таратуу укугуна ээ, бирок тынчтык жолдору менен гана. Бул доордо кылыч жана күч колдонууну актап болбойт жана бул нерсе Ислам дининин таалимдерине бүтүндөй каршы. Курани Карим дин маселесинде эч кандай зордук-зомбулук жок деп ачык айтат».

Сиз Пакистанга бара аласызбы деп берилген суроого жооп кылып, Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: мен үчүн Пакистанда өзүмө жүктөлгөн милдеттеримди аткаруу мүмкүн эмес, анткени Пакистанда Ахмадий мусулмандарга каршы «мусулман эмес» деген токтом чыгарылган жана аларга эркиндик менен өздөрүнүн ишенимдерине амал кылууга уруксат жок.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгер мен Пакистанга барсам, эмне иш кылам? Жума сайын жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандар мен окуган жума кутбасын угушат, бирок Пакистанда ушул кутбаны окуу үчүн мага уруксат берилбейт. Пакистанда а түгүл мыйзам жагынан өзүмдү мусулман деп айтууга же намазга имамчылык кылууга же Ислам динине даават кылууга да мага уруксат жок».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via