Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси мусулман дүйнөсү Курандын чыныгы таалимдеринен көңүл кош экенин айтты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси мусулман дүйнөсү Курандын чыныгы таалимдеринен көңүл кош экенин айтты

Азирети Мырза Масрур Ахмаддын Скандинавиядагы иш сапары уланууда жана ал киши Гётеборг шаарында сөз сүйлөдү

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 20-майында Швециянын Гётеборг шаарындагы «Насир» мечитинде өзүнүн жумалык жума кутбасын окуду.

Өзүнүн кайрылуусунда Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: дүйнөнүн көпчүлүгү материализм жана бузукулукка кызыгып, Алла Тааладан алыстап барууда.

2016-05-20-SE-Gothenburg-FS-2

Мисалы, Улуу Урматтуу Халифа Курани Каримдин 4-сүрөөсүнүн 94-аятын окуп, адамды өлтүрүү эң оор күнөө экенин айтты. Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: көптөгөн мусулмандар ушул буйрукка көңүл бурушпайт жана мусулман дүйнөсү туш келген ар кандай чыр-чатактарда ырайымсыздык менен бири-бирин бутага алышууда.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүндө эмне болуп жатат? Биз шайтандык таасирлер кандай мыкаачылыкка жана адам өлтүрүүгө алып барып жатканын көрүп жатабыз. Бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп жатат жана кылмышкерлер биз бейишке киребиз деп билдиришүүдө. Бирок Курани Карим ошондой адамдар тозокко эле түшөт деп ачык-айкын айтат».

Улуу Урматтуу Халифа хижаб маселесине дагы токтолду. Ал мындай деди: Курани Карим хижабды уяттуулуктун формасы катары үйрөткөн жана көптөгөн Ахмадий мусулман жаш аялдар хижаб кийинүү менен өтө сыймыктанышат жана алар өздөрүнүн мазакталып же шылдыӊдалып жатышканына такыр көӊүл бурушпайт. Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: мына ошондой аялдар хижаб кийинүүнү өздөрүнүн жеке тандоосу, эркиндиги жана укугу деп ойлошот.

2016-05-20-SE-Gothenburg-FS-3

Өзүнүн кайрылуусунда Улуу Урматтуу Халифа телевидения жана интернеттин жакшы жана жаман таасирлери жөнүндө да сүйлөдү.

Мисалы, ал мындай деди: экөөсүн теӊ адеп-ахлак, илим-билим жана окуп-үйрөнүүнү өнүктүрүү куралы катары пайдаланса болот. Бирок адамдар күндөн күнгө бузуку-маданиятсыз же адеп-ахлаксыз программаларды көрүү менен алек болушууда, бул нерсе үйлөрдү талкалап, үй-бүлөлөрдө баш аламандыкты жаратууга алып барып жатат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Медиа жана байланышуунун жаӊы каражаттары бардыгыбызды бири-бирибизди өтө эле жакындатып койгон. Бирок өтө өкүнүчтүүсү, ал бизди чынчылдык жана адеп-ахлакка багыттоонун ордуна бизди адеп-ахлаксыздык жана зулумдукка багыттап жатат».

Улуу Урматтуу Халифа Ахмадия Мусулман Жамаатынын «МТА Эл аралык» спутник аркылуу сунуштаган канал оӊ (позитивдүү) жолду көрсөтөөрүн түшүндүрүп берди. Ал Ахмадий мусулмандарды үй-бүлө катары Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси тарабынан окулуучу жумалык жума хутбасын, ошондой эле башка телеберүүлөрүн көрүүгө чакырды.

Улуу Урматтуу Халифа Ахмадий мусулмандарга өз балдарын жергиликтүү мечиттерге алып барууга жана аларды Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишмердүүлүктөрүнө катыштырууга да кеӊеш берди. Улуу Урматтуу Халифа улуураак жаштагы Ахмадий мусулмандар жаш мүчөлөрүнө карата дайынсыз катуу мамиле кылуу менен динден алыстатуудан көрө сүйүү жана мээримдүүлүк менен динге тартуулары керектигин айтты.

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп дуба кылды:

«Биз Алла Тааланын алдына жыгыла тургандардан, жардам үчүн Ага кайрылып жана Курани Каримдин чыныгы таалимдери менен жашай тургандардан бололу».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via