Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондонго кайтты

Азирети Мырза Масрур Ахмад Скандинавияга жасаган иш сапары аяктады
Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 23-майында Дания жана Щвецияга жасаган 19 күндүк иш сапарынан кийин Лондонго кайтып келди.
Тынч дубаны алып барган соӊ, Улуу Урматтуу Халифа жергиликтүү Ахмадий мусулмандар аны менен коштошуу үчүн чогулушкан Гётеборг шаарындагы «Насир» мечитинен саат 9:00да жолго чыкты.
Кыска мөөнөттүк рейстен кийин, Улуу Урматтуу Халифа Лондондогу «Фазл» мечитине саат 1:40та келди, ал жерде Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар өздөрүнүн руханий Жетекчисин сүйүнүү менен тосуп алышты.
Өзүнүн иш сапарында, Улуу Урматтуу Халифа Мальмё шаарындагы «Махмуд» мечитин ачкан; Копенгаген, Мальмё жана Стокгольм шаарларында өткөрүлгөн атайын кечелерге кайрылуу жасаган; медиага бир топ маектерди берген, сыйлуу коноктор жана саясатчылар менен ар кандай жолугушууларды өткөргөн, ошондой эле жүздөгөн Ахмадий мусулмандар менен жолугушкан.
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)