Абдул Саттар Эдхи каза тапканына Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси көңүл айтты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Абдул Саттар Эдхи каза тапканына Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси көңүл айтты

Жакында Пакистанда көз жумган атактуу гуманитар Урматтуу Абдул Саттар Эдхинин каза тапканына байланыштуу көңүл айтып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) мындай деди:

«Урматтуу Абдул Саттар Эдхинин дүйнө салгандыгын угуп мен катуу капаландым жана кайгырдым. Мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын атынан жана өз атыман анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана сүйүктүүлөрүнө көңүл айтмакчымын.

Абдул Саттар Эдхи өзүнүн бүтүн өмүрүн адамзатка кызмат кылууга арнаган өтө ыкластуу инсан болчу. Ал өз өмүрүн өтө эле жөнөкөй өткөргөн. Чын жүрөктөн башкаларга кызмат кылуу жана муктаждарга жардам берүү анын жашоосунун түпкү максаты болчу. Албетте, үлгүлүү гуманитардык жана кайрымдуулук иштерин жасагандыгы үчүн гана ага «Тынчтыкты өнүктүрүүгө арналган Ахмадия Мусулман Сыйлыгы» тапшырылган.    

Мен: «Пакистанга кудум Абдул Саттар Эдхи сыяктуу чын жүрөктөн жана ыкластуулук менен адамзатка кызмат кыла турган дагы башка адамдар да насип этсин, натыйжада Пакистан өзүнүн азыркы кейиштүү ахвалынан чыгып, жакшыраак жана жарыгыраак келечекти көздөй алга жылсын!» – деп дуба кылам.   

Алла Таала маркумга ырайым кылсын, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана ушул оор жана кайгылуу убакытта артында калгандарга чоң сабыр берсин!»

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

Share via