Мечитке бараардагы дуба • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мечитке бараардагы дуба

Азирети Абдулла (разияллааху анху) бин Амар (разияллааху анху) бин ал-Аас (разияллааху анху): «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мечитке кирээрде төмөндөгүдөй дубаны сурачу», – деп айтат. Эгер ушул дуба кылынса, анда шайтан: «Ал киши бүгүн менден сактанып алды», – деп айтат:

Окулушу: Аъуу-зу биллаахил-азийми ва би-важ-хи-хил ка-рийми ва сул-таа-ни-хил ка-дий-ми ми-наш-шай-таа-нир-ражийм. («Сунан Абу Давуд», Китаабус-Салаат)

Котормосу: Мен куулган шайтандан Улуу Алланын башпаанегине кирем. Мен Анын Ардактуу Жүзүнүн жана Анын Эзелки Падышачылыгынын паанасына кирем. («Сунан Абу Давуд», Намаз Китеби)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via