Иштин жакшы болуусу жана Алланын өзгөчө жардамын суроо дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Иштин жакшы болуусу жана Алланын өзгөчө жардамын суроо дубасы

Иштин башы жана аягы жакшы болуусу үчүн жана Алла Тааланын өзгөчө жардамын суроо дубасы

Азирети Абдулла бин Аббаас (разияллааху анху) рабаят этет: «Ушул аят Мединага кылынган хижрат дооруна жакын түшкөн». («Бухарий» жана «Муслим»). Ар бир иштин жакшы башталып, жакшы аяктоосу үчүн бул дуба өтө маанилүү. رَّبِّ اَدۡخِلۡنِیۡ مُدۡخَلَ صِدۡقٍ وَّاَخۡرِجۡنِیۡ مُخۡرَجَ صِدۡقٍ وَّاجۡعَلۡ لِّیۡ مِنۡ لَّدُنۡکَ سُلۡطٰنًا نَّصِیۡرًاОКУЛУШУ:РАББИ АДХИЛНИЙ МУДХАЛА СИДКИН ВА АХРИЖНИЙ МУХРАЖА СИДКИН ВАЖЪАЛ-ЛИЙ МИЛЛАДУНКА СУЛТААНАН-НАСИЙРАА. (17:81)

Котормосу: Эй, Раббим! Мени ушундай киргизгин: менин киришим акыйкат менен болсун жана мени ушундай чыгаргын: менин чыгышым акыйкат менен болсун жана мага Өз алдыңдан күчтүү жардамчы тартуулагын. («Бани Исрааийл» сүрөөсү:81)

Share via