Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Амалдардын кадырлануусу жөнүндөгү дуба

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Кимде-ким намаздан кийин же отурумдан турган кезде ушул аяттарды окуса, Алла таала кыямат күнү анын амалдарын таразага тарткан убакытта, ачык жана көбүрөөк тартат». («Тафсир ад-Дурул-Мансур лис-Суютий» 4-том, 295-бет)

СУБХААНА РАББИКА РАББИЛ-ИЗЗАТИ АММАА ЯСИФУУН, ВА САЛААМУН АЛАЛ-МУРСАЛИЙН, ВАЛ-ХАМДУЛИЛЛААХИ РАББИЛ-ААЛАМИЙН. (37:181-183)

СУБХААНА РАББИКА РАББИЛ-ИЗЗАТИ АММАА ЯСИФУУН, ВА САЛААМУН АЛАЛ-МУРСАЛИЙН, ВАЛ-ХАМДУЛИЛЛААХИ РАББИЛ-ААЛАМИЙН. (37:181-183)

Котормосу: Урмат-сый Кожосу болгон Раббиң алар баян кылып жаткан бардык нерселерден таза! Бардык пайгамбарларга салам болсун! Бардык мактоо бүтүн ааламдардын Раббиси болгон Аллага гана таандык. («Ас-Сааффаат» сүрөөсү:181-183)

Send this to a friend