Жеңишке жетишүү, карыздан кутулуу жана кеңири ырыскы үчүн дуба
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жеңишке жетишүү, карыздан кутулуу жана кеңири ырыскы үчүн дуба

Жеңиш жана куч-кубатка жетишүү, карыздан кутулуу жана кеңири ырыскы үчүн дуба

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Маъааз (разияллааху анху)га карыздан кутулуу үчүн төмөндөгүдөй эки аятты окууга насаат кылып, мындай деп айткан: «Кайсы бир балээ-кырсыкка кабылган мусулман ушул аяттарды окуса, Алла таала анын карызын жана балээ-кырсыгын жок кылып коёт». Макаатилдин айтымында, качан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Фарс жана Римдин үстүнөн жеңиш каалаганда, ага ушул дуба үйрөтүлгөн. («Тафсир-э-Куртбий» 4-бөлүк, 54-бет)اللّٰہُمَّ مٰلِکَ الۡمُلۡکِ تُؤۡتِی الۡمُلۡکَ مَنۡ تَشَآءُ وَتَنۡزِعُ الۡمُلۡکَ مِمَّنۡ تَشَآءُ ۫ وَتُعِزُّ مَنۡ تَشَآءُ وَتُذِلُّ مَنۡ تَشَآءُ ؕ بِیَدِکَ الۡخَیۡرُ ؕ اِنَّکَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌتُوۡلِجُ الَّیۡلَ فِی النَّہَارِ وَتُوۡلِجُ النَّہَارَ فِی الَّیۡلِ ۫ وَتُخۡرِجُ الۡحَیَّ مِن الۡمَیِّتِ وَتُخۡرِجُ الۡمَیِّتَ مِنَ الۡحَیِّ ۫ وَتَرۡزُقُ مَنۡ تَشَآءُ بِغَیۡرِ حِسَابٍОКУЛУШУ: АЛЛААХУММА МААЛИКАЛ-МУЛКИ ТУ′ТИЛ-МУЛКА МАН ТАШАААУ ВА ТАНЗИЪУЛ-МУЛКА МИММАН ТАШАААУ ВА ТУЪИЗЗУ МАН ТАШАААУ ВА ТУЗИЛЛУ МАН ТАШАААУ БИ-ЯДИКАЛ-ХАЙИР. ИННАКА АЛАА КУЛЛИ ШАЙ′ИН КАДИЙР. ТУУЛИЖУЛ-ЛАЙЛА ФИН-НАХААРИ ВА ТУУЛИЖУН-НАХААРА ФИЛ-ЛАЙИЛИ ВА ТУХРИЖУЛ-ХАЙЙА МИНАЛ-МАЙЙИТИ ВА ТУХРИЖУЛ-МАЙЙИТА МИНАЛ-ХАЙЙИ ВА ТУРЗУКУ МАН ТАШАААУ БИ-ГАЙРИ ХИСААБ. (3:27-28)

Котормосу: «Эй, Теңирим, падышачылык Ээси! Сен каалаганыңа бийлик бересиң жана каалаганыңдан бийликти тартып аласың. Ошондой эле Сен каалаганыңды урматтуу кыласың жана каалаганыңды кор кыласың. Бүт бардык жакшылык болгону Сенин колуңда. Албетте, Сен каалаган ар бир нерсеге дайыма кудуреттүүсүң. Сен түндү күндүзгө кийиресиң жана күндүздү түнгө кийиресиң. Ошондой эле өлүктөн тирүүнү чыгарасың жана тирүүдөн өлүктү чыгарасың. Сен каалаган кишиңе эсеп-кысапсыз ырыскы бересиң. («Аали Имраан» сүрөөсү:27-28)

Share via