Чыныгы өкүм чыгаруу жана жеңишке жетишүү дубасы

Азирети Абдулла бин Аббаас (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Азирети Шуъайиб (алайхиссалаам) өз коомунун хидаят табуусунан үмүтсүздөнүп, акыр аягында төмөндөгүдөй дуба аркылуу (Алла тааладан) өкүм чыгаруусун каалаган, натыйжада анын коому зилзала (жер титирөө) аркылуу жер менен жексен болгон». («Тафсир-э-Куртбий» 7-бөлүк, 251-бет)

Васиъа Раббунаа кулла шай′ин илмаа, алаллаахи таваккалнаа, Раббанафтах байнанаа ва байнаа кауминаа бил-хакки ва анта хайрул-фаатихийн. (7:90)
Котормосу: «Биздин Раббибиз илим жагынан бардык нерселерди курчап алган. Биз Аллага гана тобокел кылабыз. Эй, Раббибиз! Биз жана коомубуздун ортосунда чындык менен өкүм кылгын. Сен өкүм кылуучулардын эң жакшысысың! («Ал-Аърааф» сүрөөсү:90)