Өз жашооңордо кандайдыр бир ыңкылапты жараткыла • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Өз жашооңордо кандайдыр бир ыңкылапты жараткыла

Мырза Гулам Ахмад

Ушул Жамаатка кирген соң силер башкача адам болушуңар керек жана силер такыр эле бир жаңы жашоо өткөрө турган адам болушуңар шарт. Толугу менен өзгөрүп кетишиңер лаазым. Алла Тааланын жолунда өзгөрүлүү менен муктаж болуп калабыз же көптөгөн адамдар бизге душман болуп кетишет деп эч ойлонбогула. Жок, Алла Тааланын этегин кармаган адам эч качан муктаж болбойт, ага жаман күндөр келиши эч мүмкүн эмес. Эгер Алла Таала Дос жана Жардамчы болгон адамга бүткүл дүйнө душман болуп кетсе да, эч зыян тартпайт. Эгер момун кыйынчылыктарга кирептер болсо дагы, ал такыр кайгырбайт, жок, ал күндөр ал үчүн кудум бейиш күндөрү сыяктуу болот, Алла Тааланын периштелери кудум эне сыяктуу аны өз кучагына алып алышат.

Кыскасы, Алла Таала Өзү аларга Коргоочу жана Жардамчы болуп кетет. Ал Кудай ушундай Кудай:

 اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ 

Ал кайыпты Билүүчү, Тирүү жана Туруктуу. Ал Кудайдын этегин кармоо менен эч ким азап-тозокко кабылбайт. Эч качан. Алла Таала Өзүнүн чыныгы пендесин мына ушундай убакыттарда сактайт, дүйнө айран-таң болот. Отко кирип, Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам)дын тирүүлөй чыгуусу дүйнө үчүн кандайдыр бир таңкаларлык нерсе эмеспи? Бир коркунучтуу топондо Азирети Нух (алайхиссалаам) жана анын шериктеринин аман калуусу кандайдыр бир кичинекей окуя беле? Ушул сыяктуу толтура мисалдар бар. Ал гана эмес, Алла Таала ушул доордо дагы Өзүнүн Кудуреттүү Колу менен муъжиза-жышаандарды көрсөткөн. Карагыла, мага «киши колдуу» жана «бир адамды өлтүрүүгө аракеттенди» деген айып менен иш козголгон. Бир улуу папа ушул арызды берген жана Арья[1]лар менен бирге кээ бир мусулмандар дагы ага колдоо көрсөтүшкөн. Бирок акыр аягында Алла Таала алдын ала айткандыгы гана орундалган. Ибра’а (акталуу).

Демек, азыр тобо келтиргиле жана жүрөктөрүңөрдү тазалагыла, али чума оорусу айылыңарга келе элек. Бул Алла Тааланын берешендиги, ошон үчүн бул тобо келтирүү убагы. Эгер балээ башыңарга келсе, ал убакытта тобо эмне жардам берет? Джамму[2], Сиалкот[3], Лудхиана[4] ж.б. райондордо эмне болуп жатканын бир көрүп койгулачы? Бир топон келгендей жана бир кыямат кайым болгондой болуп жатат. Ушунчалык көп өлүм болду, боору таш бир адам дагы ушул көрүнүштү көрүп, ыйлап жиберет. Анын жанында кичинекей бала кыйналып, жаны чыгып жатып, ата-энеси анын көз алдында өлүп жатышат, жардам бере турган эч ким жок. Бир топ убакыт мурун мен бир түш көргөн элем. Бир чоң аянтта казылган бир чоң арыкча бар, анда койлорду жаткызып, касапчылар колдоруна бычактарды алып, отурушкан экен жана алар асманга жүздөнүп, кандайдыр бир буйрукту күтүшүүдө. Мен алардын жанында ары-бери басып жүрдүм. Бул арада мен төмөнкүдөй жазууну окудум:

قُلۡ مَا یَعۡبَؤُا بِکُمۡ رَبِّیۡ لَوۡ لَا دُعَآؤُکُمۡ

Муну угаары менен алар бычактарын тартып жиберишти, койлордун жаны чыгып, кыйналып жатканда касапчылар аларга: «Силер эмнесиңер, чөп жей турган кой гана экенсиңер го», – деп айтышат. Ал көрүнүш азыркыга чейин көздөрүмдүн алдынан кете элек.

Кыскасы, Алла Таала бейкажет, Ал чыныгы момундан башка эч кимге маани бербейт. Убакыт өтүп кеткен соң дуба кабыл болбойт.

Алла Таала берген мөөнөттөн пайдаланып, Аны ыраазы кылуу керек. Бирок эгер адам өзүнүн кылган кылмыштары жана күнөөлөрү менен Аны нааразы кылып алса, ошондо Анын ачуусу жана каары жалындап кеткен убакытта Алла Тааланын азабын көрүп, тобо кылып, кечирим сураса, анда жаза өкүмү күчүнө кирген соң тобонун эмне пайдасы бар?

Бул төмөнкүдөй мисалга окшойт: мисалы, бир шахзада[5] келбетин өзгөртүп алып, көчөгө чыкса жана бир бай-дөөлөттүү адамдын үйүнө барып, нан же кийим-кечекти сураса, ошондо ал кудурети бар экендигине карабай, аны шылдыңдап жана мазактап айдап жиберсе, ал ошондой жол менен бардык үйлөрдү кыдырып чыкса, бирок бир адам ага жай берип, аны отургузса жана суунун ордуна шербет жана кургап калган нандын ордуна аш берсе, ошондой эле чирип кеткен кийимдердин ордуна өзүнүн өзгөчө көйнөгүн ага берсе, анан ал чындыгында падыша эмеспи, анда аларга кандай мамиле кылынаарын түшүнсөңөр болот. Ачык көрүнүп тургандай, кудуреттүүлүгүнө карабай, аны кагып жиберишкен ошол ыпластарга алар кылган жаман мамилеси үчүн жаза берет жана өзүнүн күч-кудуретинен да аша чаап ага жакшылык кылган ошол жакыр адамга ал элестетип да көрбөгөн белектерди ага берет.

Кудум ушундай хадисте мындай деп кезигет: Алла Таала: «Мен ачка элем, Мага тамак бербедиңер же Мен жылаңач элем, Мени кийинтпедиңер, Мен суусаган элем, бирок Мага суу бербедиңер», – деп айтат. Алар: «Эй, бүткүл ааламдардын Раббиси! Качан?» – деп сурашат. Ал: «Баланча муктаж пендем болчу, ага бергениңерде Мага бергениңердей болмок», – деп айтат. Кудум ошондой дагы бир адамга: «Сен Мага тамак-аш бердиң, Мага кийим-кечек бердиң», – деп айтат. Ал: «Эй, Алла! Сен бүткүл ааламдардын Раббисисиң, мен Сага качан бердим?» – деп сурайт. Ошондо Алла Таала: «Баланча пендеме берген элең», – деп айтат. Кыскасы, (балээ-кырсык) келе электе кылына турган жакшылык гана жакшылык деп эсептелинет. Эгер кийин кылынса, анда такыр пайдасы жок. Алла Таала бир гана табигый кызыгуунун негизинде кылынган жакшылыкты кабыл кылбайт. Кеме чөгүп кеткенде, бардыгы ыйлашат, бирок ыйлоо жана кыйкыруу табигаттын талабынын натыйжасы болгондугу үчүн ал учурда эч жардам бербейт. Ал буга чейин тынчтык-аманчылык абалда болгондо гана жардам берет. Албетте, билип койгула, убакыт келе электе эртерээк кыраакы жана ойгоо болуу гана Алла Таалага жетишүүнүн сыры болуп саналат. Ушундай ойгоо болушу керек, тим эле ага чагылган түшчүдөй. Ага эч түшпөйт. Ал эми чагылгандын түшүп жатканын көрүп, кыйкырган бирөөгө түшөт жана аны жок кылат. Ал Алла Тааладан эмес, чагылгандан коркот.

Кудум ушундай эгерде чума оорусу үйгө кирип келгенден тобо келтирип, кечирим суроону баштаса, анда бул Алла Тааладан эмес, чума оорусунан коркуу болуп саналат. Анын сыйынууга татыктуусу Кудай эмес, анын буту (жасалма кудайы) чума болот. Эгер Алла Тааладан корксо, анда Алла Таала ошол периштеге ага зыян келтирбеңиз деп буюрат. … Кыскасы, эгерде убакыт келе электе (алдын ала) карапайымдуулугуңарды (кичи пейилдүүлүгүңөрдү) көрсөтсөңөр, анда биздин дубаларыбыз дагы силер үчүн жакшы натыйжаларды жаратат. Бирок эгер силер кайдыгер болуп кетсеңер, анда такыр жардам бербейт. Алла Тааланы ар убакытта эстеп тургула жана өлүмдү эч качан унутпагыла. Дыйкандар өтө эле билимсиз болушат, эгер бир түнү дагы аманчылыкта өтүп кетсе, анда коркпой калышат. Карагыла, силер кандайдыр бир пайданы көздөп, бир аз эмгектенип, эгин талааны даярдайсыңар. Кудум ошондой тынчтык күндөрү эмгектенүү үчүн берилет. Эгер азыр Алла Тааланы эстесеңер, анда анын рахатына бөлөнөсүңөр. Туура, айыл чарбачылык (дыйканчылык) жана дүйнө иштеринин каршысында намаздарга жыгылуу кыйын жана оордой көрүнөт жана Тахажжудга туруу дагы. Бирок эгер азыртадан өзүңөрдү ага адаттандырып алсаңар, анда эч кыйналбайсыңар. Өз дубаларыңарга чума оорусунан сактануу дубасын дагы кошуп алгыла. Эгер ушундай дубаларды сурап турсаңар, анда Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла айкөлдүк кылат». (Малфузаат, 3-том, 263-266-бет)

[1] Савами Даянанд мырза 1875-жылы негиздеген индус дининин бир агымы. Ал «Арья-самадж» деп аталат.

[2] Индия бийлигинин көзөмөлдүгү астындагы Кашмир өрөөнүнө караштуу бир шаар.

[3] Пакистандын шаарларынын бири.

[4] Индиянын шаарларынын бири.

[5] Падышанын уулу.

Share via