«Ма’мур минАллахтын» дубалары бүткүл ааламга өз таасирин тийгизет • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Ма’мур минАллахтын» дубалары бүткүл ааламга өз таасирин тийгизет

Мырза Гулам Ахмад

Пайгамбарлар келгенде адамдар кантип туура жолго түшүшөт

Пайгамбарлар (аларга Алланын тынчтыгы болсун) Алла Таала тарабынан элчи болуп, дайындалып дүйнөгө келгенде, адамдар үч ыкма менен туура жолго түшүшөт. Себеби, үч түрдүү адамдар гана болушат: Заалим[1], Муктасид[2], Саабикун бил-хайраат[3]

Эң биринчи даражадагы адамдар «Cаабикул-бил-хайраат» болушат, алар далилдер жана муъжизаларга муктаж деле болушпайт. Алар ушунчалык жүрөгү таза жана ийкемдүү болушат: Ма’мур[4]дун жүзүн көрүп эле анын чынчылдыгына макул болушат жана анын билдирүүсүн эле угуп, аны далил катары кабыл кылышат. Алардын  акыл-эси ушунчалык көрөгөч болот: алар пайгамбарлардын тышкы көрүнүшүн көрүп, жана алардын сөздөрүн угуп, аларды кабыл алышат.

Экинчи даражадагы адамдар «Муктасид» деп аталышат, алар ийкемдүү эле болушат, бирок алар далилдерге муктаж болушат жана алар күбөлүктү кабыл кылышат.

Үчүнчү даражадагы адамдар «Заалим» болушат, алардын табигаты жана жаратылышы ушундай түзүлгөн болот: алар таяк жемейинче жана катуу мамилесиз кабыл кылышпайт.

Ислам дини зордук-зомбулук менен таралган деген сын-пикирди билдире тургандар бүтүндөй жалганчылар. Анткени, Ислам дининдеги согуштар коргонуу усулуна негизделген болчу, бирок туура, бул дагы чындык, Алла Таала Өзүнүн мыйзамында үчүнчү даражадагы адамдар, тагыраак айтканда заалимдер үчүн сыртынан караганда «мажбурлоо» деп атала турган бир ыкманы белгилеп койгон экен жана ар бир пайгамбардын доорунда жалпы калайык калк зордук-зомбулуктун кайсы бир түрү менен туура жолго түшүшкөн, себеби телескоп менен көрө турган бирөө менен өзүнүн көзү менен көрө турган бирөө теңеле албайт. Жөндөмдөрү ар кандай болгондон кийин бардыгы үчүн бир эле ыкма кандайча пайдалуу болушу мүмкүн.

Алла Таала кабыл кылган, Ага жакын болгон жана пайгамбарчылыкка чыныгы орун басар боло тургандар – ошол «Саабикун бил-хайраат» гана болушат, алардын мисалы Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) сыяктуу, ал (разияллааху анху) кандайдыр бир муъжиза жана жышаанды талап кылган эмес, угаары менен ыйман келтирген. Негизинен да, бул кыйшайбаган акыйкат, Алла Таала дайындаган инсандын адеп-ахлактык ахвалын билген адам муъжиза жана жышаанга такыр эле муктаж болбойт. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп эскерткен:

فَقَدۡ لَبِثۡتُ فِیۡکُمۡ عُمُرًا مِّنۡ قَبۡلِہٖ

Ошентип, мен (бул пайгамбарлыктан мурун дагы) силердин араӊарда узак жашаганмын го! (10:17)

«Саабикийндерге» ушундай жагдай туш келет, алар өздөрүнүн туура акыл-парасаты менен эле түшүнүп алышат. Буга төмөнкүдөй далил бар: ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага көчүп барганда, көптөгөн адамдар аны көргөнү келишкен. Бир яхудий да келген жана адамдар андан сурашканда, ал бул жүз жалганчылардын жүзү эмес деп жооп берген. «Муктасиддер» болсо, далилдер жана муъжизаларга муктаж адамдар болушат. Үчүнчү түрдөгү адамдар «Заалимдер» болушат, алар катуулук менен гана кабыл кылышат. Мисалы, Азирети Муса (алайхиссалаам)дын доорунда кээде чума оорусу менен, кээде зилзалалар менен жок болуп, башкалар үчүн ибарат болушкан. Бул мажбурлоонун эле бир түрү, аны Алла Таала ошол үчүнчү түрдөгү адамдар үчүн дайындап койгон экен жана пайгамбарлык курамында ал албетте кезигет.

Алла Таала дайындаган инсан шапаатчы болот

Алла Таала тарабынан дайындалган инсандын дубалары бүткүл ааламга өз таасирин тийгизет жана бул Алла Тааланын бир ичке мыйзамы болуп, аны ар бир адам түшүнө албайт. Шапаат деген маселени четке каккандар катуу жаңылыштыкка учурашкан. Шапаатчыны табият мыйзамы да каалайт. Ал Алла Таала менен тыгыз байланышта болот жана экинчи жактан пенделер менен да (байланышта болот). Ал пенделерге ушунчалык камкор болот же башкача сөздөр менен айтканда, анын жүрөгүнүн түзүлүшү деле ушундай болот: ал боорукерлик көрсөтүү үчүн бат эле таасирленип (жумшарып) калат. Ошондуктан, ал Алла Тааладан алат жана өзүнүн кайраттуулугу менен көңүл-дити менен пенделерге жеткирет жана өз таасирин аларга тийгизет. Мына ошол эле нерсе шапаат болуп эсептелинет.

Адамдын дубасы жана көңүл бөлүүсү менен балээ-кырсыктын жоголуусу же күнөөлөрдүн азайусу – ушуллардын баары шапаатка кирет. Ма’мурдун көңүл бөлүүсү, аны менен байланышкандардын аты-жөнүн дагы билбесе да, баарына таасирин тийгизет.

Чынчыл инсан менен карым-катышта болуу – бул эң мыкты мугалим

Шарият китептери чындыктар жана терең руханий илим-билимдер казынасы болот. Бирок адам баласы чын жүрөктөн жана берилгендик менен чынчыл инсан менен карым-катышта болмоюнча эч качан ошол чындыктар жана терең руханий илим-билимдерге жетише албайт. Ошондуктан, Курани Карим мындай деп айтат:

یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوا اللّٰہَ وَ کُوۡنُوۡا مَعَ الصّٰدِقِیۡنَ

Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана чынчылдар менен бирге болгула. (9:119)

Мындан даана малым болгондой, адамзат чынчыл инсан менен карым-катышта болмоюнча ыймандын даражаларына толук кандуу эч качан жетише албайт, себеби аны менен карым-катышта болуп, анын пакиза демдери[5], кайраттуулугу жана назарынан пайда алат.

Кабыл боло турган дубанын сыры

Дуба кабыл болчудай болгондо Алла Таала ал үчүн жүрөктө кандайдыр бир чыныгы толкундануу жана тынчсызданууну жаратып коёт жана кээде Алла Таала Өзү бир дубаны үйрөтөт жана вахий-аян аркылуу анын ыкмасын айтып берет. Мисалы, мындай деп айтат: فَتَلَقّٰۤی اٰدَمُ مِنۡ رَّبِّہٖ کَلِمٰت

Анан Адам өз Раббисинен айрым сөздөрдү үйрөндү. (2:38)

Мындан даана белгилүү болгондой, Алла Таала Өзүнүн чынчыл пенделерине кабыл боло турган дубаларды Өзү вахий-аян аркылуу үйрөтөт. Кээ бир учурларда мына ошондой дубада дуба кыла турган адам жактырбай турган бөлүгү да болот, бирок ал дуба кабыл болгондо, төмөнкүдөй аяттын тастыктоочусу экендиги маалым болот:

وَ عَسٰۤی اَنۡ تَکۡرَہُوۡا شَیۡئًا وَّ ہُوَ خَیۡرٌ لَّکُمۡ

Ыктымал, силер бир нерсени жактырбайсыңар, бирок ал силер үчүн жакшы болушу мүмкүн. (2:217)

(Малфузаат, 3-том, 219-221-бет)

[1] Өз жанына жабыр кылуучулар.

[2] Орто заарлар.

[3] Жакшылыктарда башкалардан озуп кетүүчүлөр. (35:33)

[4] Алла Таала тарабынан элчи жана пайгамбар болуп, дайындалган инсан.

[5] Жашоо көз ирмемдери; айткандары, кеп-сөздөрү.

Share via