Курани карим Юнус • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

یُونس

Юнус

Introduction
  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    10 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓرٰ ۟ تِلۡکَ اٰیٰتُ الۡکِتٰبِ الۡحَکِیۡمِ ﴿۲﴾
    10 : 2 Аналлааху араа: Мен – Алламын. Мен көрөмүн. Булар – даанышман Китептин аяттары.
  • اَکَانَ لِلنَّاسِ عَجَبًا اَنۡ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی رَجُلٍ مِّنۡہُمۡ اَنۡ اَنۡذِرِ النَّاسَ وَ بَشِّرِ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَنَّ لَہُمۡ قَدَمَ صِدۡقٍ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ؕؔ قَالَ الۡکٰفِرُوۡنَ اِنَّ ہٰذَا لَسٰحِرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۳﴾
    10 : 3 Адамдар үчүн өздөрүнөн болгон бир кишиге: «Адамдарды кулактандыргын жана ыйман келтиргендерге: «Силердин кадамыӊар Раббиӊердин алдында туурараак», - деп куш кабар бергин», - деген (буйрук менен) вахий-аян жибергенибиз таӊ калыштуубу? Каапырлар айтышты: «Албетте, бул ачыктан-ачык бир сыйкырчы».
  • اِنَّ رَبَّکُمُ اللّٰہُ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ فِیۡ سِتَّۃِ اَیَّامٍ ثُمَّ اسۡتَوٰی عَلَی الۡعَرۡشِ یُدَبِّرُ الۡاَمۡرَ ؕ مَا مِنۡ شَفِیۡعٍ اِلَّا مِنۡۢ بَعۡدِ اِذۡنِہٖ ؕ ذٰلِکُمُ اللّٰہُ رَبُّکُمۡ فَاعۡبُدُوۡہُ ؕ اَفَلَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۴﴾
    10 : 4 Албетте, асмандар жана жерди алты күндө пайда кылган Алла силердин Раббиӊер. Анан Ал Аршка жайгашты. Ал ар бир ишти план-эреже менен кылат. Анын уруксатысыз эч ким (эч бир жанга) шапаатчы боло албайт. Раббиӊер – мына ошол Алла. Ошондуктан, Ага гана ибадат кылгыла. Силер насаат албайсыӊарбы?
  • اِلَیۡہِ مَرۡجِعُکُمۡ جَمِیۡعًا ؕ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقًّا ؕ اِنَّہٗ یَبۡدَؤُا الۡخَلۡقَ ثُمَّ یُعِیۡدُہٗ لِیَجۡزِیَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ بِالۡقِسۡطِ ؕ وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَہُمۡ شَرَابٌ مِّنۡ حَمِیۡمٍ وَّ عَذَابٌ اَلِیۡمٌۢ بِمَا کَانُوۡا یَکۡفُرُوۡنَ ﴿۵﴾
    10 : 5 Баарыӊардын кайтууӊар Ага гана. Бул – Алланын чыныгы убадасы. Албетте, Ал ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандарга адилет менен сыйлык берсин үчүн жаратууну баштайт, анан аны кайталайт дагы. Каапырлык кылгандар үчүн четке кагып жүргөндүктөрү себебинен ичимдик катары кайнак суу жана оор азап болот.
  • ہُوَ الَّذِیۡ جَعَلَ الشَّمۡسَ ضِیَآءً وَّ الۡقَمَرَ نُوۡرًا وَّ قَدَّرَہٗ مَنَازِلَ لِتَعۡلَمُوۡا عَدَدَ السِّنِیۡنَ وَ الۡحِسَابَ ؕ مَا خَلَقَ اللّٰہُ ذٰلِکَ اِلَّا بِالۡحَقِّ ۚ یُفَصِّلُ الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّعۡلَمُوۡنَ ﴿۶﴾
    10 : 6 Ал күндү жарык куралы кылган жана айды нур кылган, ошондой эле силер жылдар санагын жана эсептөөнү билишиӊер үчүн ага өз ордун-токтоочу жайын белгилеп койгон (Алла). Алла булар(дын баары)н жалаӊ акыйкат менен жаратты. Ал (Алла) аяттарды биле турган коом үчүн ачык-айкын баян кылат.
  • اِنَّ فِی اخۡتِلَافِ الَّیۡلِ وَ النَّہَارِ وَ مَا خَلَقَ اللّٰہُ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّتَّقُوۡنَ ﴿۷﴾
    10 : 7 Албетте, түн жана күндүн алмашып турушунда, ошондой эле Алла асмандар жана жерде жараткан нерселерде такыбалуу бир коом үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ لَا یَرۡجُوۡنَ لِقَآءَنَا وَ رَضُوۡا بِالۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ اطۡمَاَنُّوۡا بِہَا وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ عَنۡ اٰیٰتِنَا غٰفِلُوۡنَ ۙ﴿۸﴾
    10 : 8 Албетте, Бизге кезигүүнү үмүт кылбай турган жана дүнүйө жашоосуна ыраазы болуп, андан гана канааттангандар жана Биздин аят-жышаандарыбыздан кабарсыз кишилер –
  • اُولٰٓئِکَ مَاۡوٰٮہُمُ النَّارُ بِمَا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۹﴾
    10 : 9 Мына ошолордун турак жайы алар кылып жүргөн күнөөлөрү себептүү от.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ یَہۡدِیۡہِمۡ رَبُّہُمۡ بِاِیۡمَانِہِمۡ ۚ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہِمُ الۡاَنۡہٰرُ فِیۡ جَنّٰتِ النَّعِیۡمِ ﴿۱۰﴾
    10 : 10 Албетте, ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар – аларды Раббиси ыймандары себебинен хидаят кылат (жана) нээмат-берекелүү бейиштерде алардын ээлигинде дайралар агып турган болот.
  • دَعۡوٰٮہُمۡ فِیۡہَا سُبۡحٰنَکَ اللّٰہُمَّ وَ تَحِیَّتُہُمۡ فِیۡہَا سَلٰمٌ ۚ وَ اٰخِرُ دَعۡوٰٮہُمۡ اَنِ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿٪۱۱﴾
    10 : 11 Алардын жарыясы ал жерде мындай болот: «Эй, Алла! Сен тазасыӊ!» Жана ал жерде алардын (бири-бирине болгон) дубасы «салам» болот жана алардын соӊку жарыясы мындай болот: «Бардык мактоолор бүтүн ааламдардын Раббиси болгон Алла үчүн».
  • وَ لَوۡ یُعَجِّلُ اللّٰہُ لِلنَّاسِ الشَّرَّ اسۡتِعۡجَالَہُمۡ بِالۡخَیۡرِ لَقُضِیَ اِلَیۡہِمۡ اَجَلُہُمۡ ؕ فَنَذَرُ الَّذِیۡنَ لَا یَرۡجُوۡنَ لِقَآءَنَا فِیۡ طُغۡیَانِہِمۡ یَعۡمَہُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    10 : 12 Эгер Алла адамдарга алар жакшылыкты тездештиришин тилегендери сыяктуу жамандык жазасын дагы тездештиргенде, алардын маселеси чечилген болоор эле. Демек, Биз менен кезигүүнү үмүт кылбай тургандарды Биз өздөрүнүн баш ийбестиктеринде жаӊылышкан бойдон таштап коёбуз.
  • وَ اِذَا مَسَّ الۡاِنۡسَانَ الضُّرُّ دَعَانَا لِجَنۡۢبِہٖۤ اَوۡ قَاعِدًا اَوۡ قَآئِمًا ۚ فَلَمَّا کَشَفۡنَا عَنۡہُ ضُرَّہٗ مَرَّ کَاَنۡ لَّمۡ یَدۡعُنَاۤ اِلٰی ضُرٍّ مَّسَّہٗ ؕ کَذٰلِکَ زُیِّنَ لِلۡمُسۡرِفِیۡنَ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    10 : 13 Адамзатка кандайдыр бир балээ келгенде, ал жанбаштап (жаткан бойдон) же отуруп же туруп Бизге жалбарат. Бирок, андан балээсин алып таштаганыбызда, тим эле ал өзүнө келген балээге Бизди эч качан чакырбагандай өтүп кетет. Чектен ашуучуларга алар кыла турган амалдары мына ушундай сонун көрсөтүлөт.
  • وَ لَقَدۡ اَہۡلَکۡنَا الۡقُرُوۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ لَمَّا ظَلَمُوۡا ۙ وَ جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ وَ مَا کَانُوۡا لِیُؤۡمِنُوۡا ؕ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡقَوۡمَ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۱۴﴾
    10 : 14 Албетте, Биз силерден мурун канчалаган замандардагы адамдарды алар зулумдук кылышканда, жок кылганбыз. Аларга өздөрүнүн пайгамбарлары ачык-айкын аят-жышаандарды алып келишкен. Бирок алар ыйман келтирүүчү эмес эле. Биз күнөөкөр коомго мына ушундай жаза беребиз.
  • ثُمَّ جَعَلۡنٰکُمۡ خَلٰٓئِفَ فِی الۡاَرۡضِ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ لِنَنۡظُرَ کَیۡفَ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    10 : 15 Андан кийин Биз силердин кандай амал кылышыӊарды көрүү үчүн силерди алардан кийин жерде орун басар кылдык.
  • وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیَاتُنَا بَیِّنٰتٍ ۙ قَالَ الَّذِیۡنَ لَا یَرۡجُوۡنَ لِقَآءَنَا ائۡتِ بِقُرۡاٰنٍ غَیۡرِ ہٰذَاۤ اَوۡ بَدِّلۡہُ ؕ قُلۡ مَا یَکُوۡنُ لِیۡۤ اَنۡ اُبَدِّلَہٗ مِنۡ تِلۡقَآیِٔ نَفۡسِیۡ ۚ اِنۡ اَتَّبِعُ اِلَّا مَا یُوۡحٰۤی اِلَیَّ ۚ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اِنۡ عَصَیۡتُ رَبِّیۡ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۶﴾
    10 : 16 Биздин ачык-айкын аяттарыбыз аларга окулганда, Бизге кезигүүнү үмүт кылбай тургандар: «Мындан башка бир Куран келтиргин же муну өзгөрткүн», - дешет. Айткын: «Муну өз ыктыярым менен өзгөртүү мен үчүн мүмкүн эмес. Мен жалаӊ өзүмө вахий-аян кылына турган нерседи гана ээрчиймин. Эгер мен өз Раббиме баш ийбестик кылсам, анда албетте, мен улуу күндүн азабынан коркомун».
  • قُلۡ لَّوۡ شَآءَ اللّٰہُ مَا تَلَوۡتُہٗ عَلَیۡکُمۡ وَ لَاۤ اَدۡرٰٮکُمۡ بِہٖ ۫ۖ فَقَدۡ لَبِثۡتُ فِیۡکُمۡ عُمُرًا مِّنۡ قَبۡلِہٖ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    10 : 17 Айткын: «Эгер Алла каалаганда, мен аны силерге окубайт элем жана Ал (Алла) дагы силерге андан кабар бербейт эле. Ошентип, мен бул (пайгамбарлык)тан мурун дагы силердин араӊарда узак жашаганмын го! Силер акылды иштетпейсиӊерби?»
  • فَمَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنِ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا اَوۡ کَذَّبَ بِاٰیٰتِہٖ ؕ اِنَّہٗ لَا یُفۡلِحُ الۡمُجۡرِمُوۡنَ ﴿۱۸﴾
    10 : 18 Демек, Аллага каршы жалган жалаа ойлоп тапкан же Анын аяттарын жалганга чыгарган бирөөнөн дагы заалимирээк ким бар? Чындыгында, күнөөкөрлөр эч качан ийгиликке жетишпейт.
  • وَ یَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَا لَا یَضُرُّہُمۡ وَ لَا یَنۡفَعُہُمۡ وَ یَقُوۡلُوۡنَ ہٰۤؤُلَآءِ شُفَعَآؤُنَا عِنۡدَ اللّٰہِ ؕ قُلۡ اَتُنَبِّـُٔوۡنَ اللّٰہَ بِمَا لَا یَعۡلَمُ فِی السَّمٰوٰتِ وَ لَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ سُبۡحٰنَہٗ وَ تَعٰلٰی عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۱۹﴾
    10 : 19 Алар Алланын ордуна өздөрүнө зыян дагы, пайда дагы келтире албай турган нерсеге ибадат кылышат жана алар: «Булар(дын бардыгы) Алланын алдында бизди шапаат кылуучулар», - дешет. Сурагын: «Аллага асмандар жана жердеги Ал (Алла) билбеген нерселерден кабар бересиӊерби?» Ал (Алла) таза жана алар кылып жаткан ширктерден өйдөрөөк.
  • وَ مَا کَانَ النَّاسُ اِلَّاۤ اُمَّۃً وَّاحِدَۃً فَاخۡتَلَفُوۡا ؕ وَ لَوۡ لَا کَلِمَۃٌ سَبَقَتۡ مِنۡ رَّبِّکَ لَقُضِیَ بَیۡنَہُمۡ فِیۡمَا فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    10 : 20 Бардык адамдар бир эле жамаат болгон. Анан алар талаша башташты. Эгер Раббиӊ тарабынан (тагдыр жазмышынын) өкүмү чыгарылбаганда, өздөрү талашып жүргөн нерсе туурасында алардын ортосунда өкүм кылынган болоор эле.
  • وَ یَقُوۡلُوۡنَ لَوۡ لَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡہِ اٰیَۃٌ مِّنۡ رَّبِّہٖ ۚ فَقُلۡ اِنَّمَا الۡغَیۡبُ لِلّٰہِ فَانۡتَظِرُوۡا ۚ اِنِّیۡ مَعَکُمۡ مِّنَ الۡمُنۡتَظِرِیۡنَ ﴿٪۲۱﴾
    10 : 21 Жана алар: «Эмнеге ага Раббиси тарабынан кандайдыр бир аят түшүрүлбөйт?» - дешет. Айткын: «Кайып жалаӊ Алланын (колунда). Ошондуктан, күткүлө. Албетте, мен дагы силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн».
  • وَ اِذَاۤ اَذَقۡنَا النَّاسَ رَحۡمَۃً مِّنۡۢ بَعۡدِ ضَرَّآءَ مَسَّتۡہُمۡ اِذَا لَہُمۡ مَّکۡرٌ فِیۡۤ اٰیَاتِنَا ؕ قُلِ اللّٰہُ اَسۡرَعُ مَکۡرًا ؕ اِنَّ رُسُلَنَا یَکۡتُبُوۡنَ مَا تَمۡکُرُوۡنَ ﴿۲۲﴾
    10 : 22 Биз адамдарга өздөрүнө келген кандайдыр бир балээден кийин рахмат даамын таттырганыбызда, кокустан Биздин аяттарыбыз жөнүндө айла-амал кыла башташат. Аларга айткын: «Алла (ага жооп катары) амалда абдан тез». Биз жиберген элчилерибиз силер кылып жаткан айла-амалыӊарды, албетте, жазып жатышат.
  • ہُوَ الَّذِیۡ یُسَیِّرُکُمۡ فِی الۡبَرِّ وَ الۡبَحۡرِ ؕ حَتّٰۤی اِذَا کُنۡتُمۡ فِی الۡفُلۡکِ ۚ وَ جَرَیۡنَ بِہِمۡ بِرِیۡحٍ طَیِّبَۃٍ وَّ فَرِحُوۡا بِہَا جَآءَتۡہَا رِیۡحٌ عَاصِفٌ وَّ جَآءَہُمُ الۡمَوۡجُ مِنۡ کُلِّ مَکَانٍ وَّ ظَنُّوۡۤا اَنَّہُمۡ اُحِیۡطَ بِہِمۡ ۙ دَعَوُا اللّٰہَ مُخۡلِصِیۡنَ لَہُ الدِّیۡنَ ۬ۚ لَئِنۡ اَنۡجَیۡتَنَا مِنۡ ہٰذِہٖ لَنَکُوۡنَنَّ مِنَ الشّٰکِرِیۡنَ ﴿۲۳﴾
    10 : 23 Ал (Алла) гана силерди кургактыкта дагы жүргүзөт, деӊизде дагы. А түгүл силер кемелерде болгонуӊарда, ал (кеме)лер жагымдуу желдин жардамында аларды алып жүрөт, алар андан абдан курсант болушат, ошондо кокустан аларды катуу шамал курчап алат жана толкун аларга ар тараптан келет. Ошондо алар: «Биз курчалып калдык», - деп ойлой башташат. (Анан) алар Аллага динди Ага гана таандык кылган бойдон ушундай дуба кылышат: «Эгер Сен бизди мындан куткарсаӊ, албетте, биз шүкүр кылуучулардан болуп калабыз».
  • فَلَمَّاۤ اَنۡجٰہُمۡ اِذَا ہُمۡ یَبۡغُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ ؕ یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اِنَّمَا بَغۡیُکُمۡ عَلٰۤی اَنۡفُسِکُمۡ ۙ مَّتَاعَ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۫ ثُمَّ اِلَیۡنَا مَرۡجِعُکُمۡ فَنُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    10 : 28 Ошентип, Ал (Алла) аларды куткарганда, алар жерде акысыз ээнбаштык кыла башташат. Эй, адамдар! Албетте, ээнбаштыгыӊар өзүӊөргө гана каршы. Дүйнөлүк жашоо(ӊор)дон бир аз пайдаланыш(ыӊар) бар, анан Өзүбүзгө кайтышыӊар бар, кийин Биз силерге кылып жүргөн амалдарыӊардын кабарын беребиз.
  • اِنَّمَا مَثَلُ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا کَمَآءٍ اَنۡزَلۡنٰہُ مِنَ السَّمَآءِ فَاخۡتَلَطَ بِہٖ نَبَاتُ الۡاَرۡضِ مِمَّا یَاۡکُلُ النَّاسُ وَ الۡاَنۡعَامُ ؕ حَتّٰۤی اِذَاۤ اَخَذَتِ الۡاَرۡضُ زُخۡرُفَہَا وَ ازَّیَّنَتۡ وَ ظَنَّ اَہۡلُہَاۤ اَنَّہُمۡ قٰدِرُوۡنَ عَلَیۡہَاۤ ۙ اَتٰہَاۤ اَمۡرُنَا لَیۡلًا اَوۡ نَہَارًا فَجَعَلۡنٰہَا حَصِیۡدًا کَاَنۡ لَّمۡ تَغۡنَ بِالۡاَمۡسِ ؕ کَذٰلِکَ نُفَصِّلُ الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    10 : 25 Албетте, дүйнөлүк жашоонун мисалы кудум Биз асмандан түшүргөн сууга окшош: ага жер өсүмдүктөрү арлашып кетти . Андан адамдар дагы, чарба айбандары дагы жейт. А түгүл жер өз кооздугуна ээ болуп, жакшылап жасалгаланганда, анда жашай тургандар: «Биз анын үстүнөн бүтүндөй кудуретке ээбиз», - деп ойлоно баштаганда, Биздин өкүмүбүз түнкүсү же күндүзү (кандайдыр бир убакта) аны курчап алат. Тим эле күнү-түнү анын эч нерсеси жоктой, Биз аны (түшүмүнөн мурун эле) орулган эгиндей кылып коёбуз. Ой жүгүрткөндөр үчүн аят-белгилерди Биз мына ушундай айкындаштырып баян кылабыз.
  • وَ اللّٰہُ یَدۡعُوۡۤا اِلٰی دَارِ السَّلٰمِ ؕ وَ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۲۶﴾
    10 : 26 Алла тынчтык үйүнө чакырат жана Өзү каалаган кишилерди туура жолго хидаят кылат.
  • لِلَّذِیۡنَ اَحۡسَنُوا الۡحُسۡنٰی وَ زِیَادَۃٌ ؕ وَ لَا یَرۡہَقُ وُجُوۡہَہُمۡ قَتَرٌ وَّ لَا ذِلَّۃٌ ؕ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡجَنَّۃِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۲۷﴾
    10 : 27 Изги иштерди кылгандарга эӊ жакшы сыйлык бар жана андан дагы артыгыраак. Алардын жүздөрүн эч качан каралык жана шерменделик каптабайт. Мына ошолор бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө калуучулар.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَسَبُوا السَّیِّاٰتِ جَزَآءُ سَیِّئَۃٍۭ بِمِثۡلِہَا ۙ وَ تَرۡہَقُہُمۡ ذِلَّۃٌ ؕ مَا لَہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ مِنۡ عَاصِمٍ ۚ کَاَنَّمَاۤ اُغۡشِیَتۡ وُجُوۡہُہُمۡ قِطَعًا مِّنَ الَّیۡلِ مُظۡلِمًا ؕ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    10 : 28 Жамандык кылгандар – (алар үчүн) ар бир жаман амалга теӊ өлчөмдө жаза болот жана шермендечилик аларды каптап алат. Аларды Алладан куткаруучу эч ким болбойт. Тим эле алардын жүздөрү түндүн караӊгы бөлүктөрү менен каптап коюлгандай. Мына ошолор – от ээлери. Алар анда узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • وَ یَوۡمَ نَحۡشُرُہُمۡ جَمِیۡعًا ثُمَّ نَقُوۡلُ لِلَّذِیۡنَ اَشۡرَکُوۡا مَکَانَکُمۡ اَنۡتُمۡ وَ شُرَکَآؤُکُمۡ ۚ فَزَیَّلۡنَا بَیۡنَہُمۡ وَ قَالَ شُرَکَآؤُہُمۡ مَّا کُنۡتُمۡ اِیَّانَا تَعۡبُدُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    10 : 29 (Эстегиле), ошол күнү Биз алардын баарын топтойбуз. Ошондо, Биз (Аллага) шерик кошкондорго карата: «Силер (дагы), шериктериӊер дагы өз жайыӊарда токтогула!» - дейбиз. Ошентип, Биз аларды (бири-биринен) ажыратабыз. Алардын (ойлонуп чыгарылган) шериктери айтышат: «Силер бизге ибадат кылган эмессиӊер.
  • فَکَفٰی بِاللّٰہِ شَہِیۡدًۢا بَیۡنَنَا وَ بَیۡنَکُمۡ اِنۡ کُنَّا عَنۡ عِبَادَتِکُمۡ لَغٰفِلِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    10 : 30 Демек, Алла силер жана биздин ортобузда күбө катары жетиштүү. Албетте, биз силер кылган ибадатыӊардан бүтүндөй кабарсыз элек».
  • ہُنَالِکَ تَبۡلُوۡا کُلُّ نَفۡسٍ مَّاۤ اَسۡلَفَتۡ وَ رُدُّوۡۤا اِلَی اللّٰہِ مَوۡلٰٮہُمُ الۡحَقِّ وَ ضَلَّ عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿٪۳۱﴾
    10 : 31 Ал жерде ар бир жан өзү кылган амалдарынан кабардар болот жана алар өздөрүнүн чыныгы Кожоюну болгон Алла тарапка кайтарылышат. Ал эми өздөрү ойлоп чыгарган жалган нерселер аларды таштап кетет.
  • قُلۡ مَنۡ یَّرۡزُقُکُمۡ مِّنَ السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ اَمَّنۡ یَّمۡلِکُ السَّمۡعَ وَ الۡاَبۡصَارَ وَ مَنۡ یُّخۡرِجُ الۡحَیَّ مِنَ الۡمَیِّتِ وَ یُخۡرِجُ الۡمَیِّتَ مِنَ الۡحَیِّ وَ مَنۡ یُّدَبِّرُ الۡاَمۡرَ ؕ فَسَیَقُوۡلُوۡنَ اللّٰہُ ۚ فَقُلۡ اَفَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۳۲﴾
    10 : 32 Сурагын: «Ким силерге асман жана жерден ырыскы тартуулайт? Же ким кулактар жана көздөргө ээлик кылат? Ким тирүүнү өлүктөн чыгарат жана өлүктү тирүүдөн чыгарат? Ошондой эле ким аалам тизимин план-эреже менен башкарат?» Ошондо алар: «Алла!» - дешет. Айткын: «Анда силер такыба болбойсуӊарбы?»
  • فَذٰلِکُمُ اللّٰہُ رَبُّکُمُ الۡحَقُّ ۚ فَمَا ذَا بَعۡدَ الۡحَقِّ اِلَّا الضَّلٰلُ ۚۖ فَاَنّٰی تُصۡرَفُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    10 : 33 Демек, Ал силердин чыныгы Раббиӊер болгон Алла. Ошентип, чындыктан кийин адашуудан бөлөк эмне калат? Демек, силер каякка айландырыласыӊар?
  • کَذٰلِکَ حَقَّتۡ کَلِمَتُ رَبِّکَ عَلَی الَّذِیۡنَ فَسَقُوۡۤا اَنَّہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    10 : 34 Ушинтип, баш ийбегендер жөнүндө Раббиӊдин «алар эч качан ыйман келтиришпейт», - деген буйругу ак болуп чыгат.
  • قُلۡ ہَلۡ مِنۡ شُرَکَآئِکُمۡ مَّنۡ یَّبۡدَؤُا الۡخَلۡقَ ثُمَّ یُعِیۡدُہٗ ؕ قُلِ اللّٰہُ یَبۡدَؤُا الۡخَلۡقَ ثُمَّ یُعِیۡدُہٗ فَاَنّٰی تُؤۡفَکُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    10 : 35 Сурагын: «Силер шерик деп жүргөнүӊөрдүн арасында дагы алгач жаратылышты баштап, анан аны кайталай турган кимдир бирөө барбы? Сен (аларга) айткын: «Бир гана Алла жаратылышты баштайт, анан аны кайталайт. Ошондуктан, силер каякка адаштырылып жатасыӊар?»
  • قُلۡ ہَلۡ مِنۡ شُرَکَآئِکُمۡ مَّنۡ یَّہۡدِیۡۤ اِلَی الۡحَقِّ ؕ قُلِ اللّٰہُ یَہۡدِیۡ لِلۡحَقِّ ؕ اَفَمَنۡ یَّہۡدِیۡۤ اِلَی الۡحَقِّ اَحَقُّ اَنۡ یُّتَّبَعَ اَمَّنۡ لَّا یَہِدِّیۡۤ اِلَّاۤ اَنۡ یُّہۡدٰی ۚ فَمَا لَکُمۡ ۟ کَیۡفَ تَحۡکُمُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    10 : 36 Сурагын: «Силер шерик деп билгениӊердин арасында акыйкатка багыттай турган кимдир бирөө дагы барбы?» Айткын: «Бир гана Алла акыйкатка багыттайт. Акыйкатка багыттай турган (Алла) эрчүү үчүн ылайыктуураакпы же хидаят кылмайынча, туура жолду таба албай турган бирөөбү? Силерге эмне болду? Кандай өкүм чыгарып жатасыӊар?»
  • وَ مَا یَتَّبِعُ اَکۡثَرُہُمۡ اِلَّا ظَنًّا ؕ اِنَّ الظَّنَّ لَا یُغۡنِیۡ مِنَ الۡحَقِّ شَیۡئًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌۢ بِمَا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۳۷﴾
    10 : 37 Алардын көпчүлүгү жалаӊ күмөндү ээрчийт. Чынында, күмөн чындыктын алдында эч кандай жардам бере албайт. Албетте, Алла алар эмне кылып жаткандарын абдан жакшы билет.
  • وَ مَا کَانَ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنُ اَنۡ یُّفۡتَرٰی مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَ لٰکِنۡ تَصۡدِیۡقَ الَّذِیۡ بَیۡنَ یَدَیۡہِ وَ تَفۡصِیۡلَ الۡکِتٰبِ لَا رَیۡبَ فِیۡہِ مِنۡ رَّبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۟۳۸﴾
    10 : 38 Бул Куран Алладан өзгө (бирөө) тарабынан ойлоп чыгарылышы мүмкүн эмес. Бирок бул өзүнүн алдындагы нерсени тастыктайт жана шек-күмөнсүз Китептин түшүндүрмөсү болгон, бүткүл ааламдардын Раббиси тарабынан (келген).
  • اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ افۡتَرٰٮہُ ؕ قُلۡ فَاۡتُوۡا بِسُوۡرَۃٍ مِّثۡلِہٖ وَ ادۡعُوۡا مَنِ اسۡتَطَعۡتُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۳۹﴾
    10 : 39 Алар: «Ал муну ойлоп чыгарган», - дешеби? Айткын: «Андай болсо, а(нын сүрөөсү) сыяктуу кандайдыр бир сүрөө келтиргиле жана Алладан башка кимди чакыра алсаӊар, чакыргыла, эгер чынчыл болсоӊор?»
  • بَلۡ کَذَّبُوۡا بِمَا لَمۡ یُحِیۡطُوۡا بِعِلۡمِہٖ وَ لَمَّا یَاۡتِہِمۡ تَاۡوِیۡلُہٗ ؕ کَذٰلِکَ کَذَّبَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۴۰﴾
    10 : 40 Чындыгында, алар билимин курчап алалбаган жана маани-маӊызы али аларга ашкере болбогон нерсени жалганга чыгарып жатышат. Алардан мурун өткөндөр дагы ушундай жалганга чыгарышкан эле. Демек, заалимдердин акыбети кандай болгонун көрүп кой.
  • وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یُّؤۡمِنُ بِہٖ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ لَّا یُؤۡمِنُ بِہٖ ؕ وَ رَبُّکَ اَعۡلَمُ بِالۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿٪۴۱﴾
    10 : 41 Алардын арасында ага ыйман келтире турган киши да, ага ыйман келтирбей турган бирөө да бар. Раббиӊ бузгунчулук кылуучуларды абдан жакшы билет.
  • وَ اِنۡ کَذَّبُوۡکَ فَقُلۡ لِّیۡ عَمَلِیۡ وَ لَکُمۡ عَمَلُکُمۡ ۚ اَنۡتُمۡ بَرِیۡٓـــُٔوۡنَ مِمَّاۤ اَعۡمَلُ وَ اَنَا بَرِیۡٓءٌ مِّمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۴۲﴾
    10 : 42 Эгер алар сени жалганчы дешсе, анда айткын: «Менин амалым өзүм үчүн, силердин амалыӊар өзүӊөр үчүн. Мен кылып жаткан иштериме силер жоопкер эмессиӊер жана силер кылып жаткан иштериӊерге мен жоопкер эмесмин».
  • وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّسۡتَمِعُوۡنَ اِلَیۡکَ ؕ اَفَاَنۡتَ تُسۡمِعُ الصُّمَّ وَ لَوۡ کَانُوۡا لَا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿۴۳﴾
    10 : 43 Жана алардын арасында сага кулак сала тургандар дагы бар. Демек, сен дүлөйлөргө, алар акылсыз болушса дагы, угуза аласыӊбы?
  • وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّنۡظُرُ اِلَیۡکَ ؕ اَفَاَنۡتَ تَہۡدِی الۡعُمۡیَ وَ لَوۡ کَانُوۡا لَا یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    10 : 44 Алардын арасында сага карап турган бирөө дагы бар. Демек, сокурларды, өздөрү көрбөсө дагы, хидаят кыла аласыӊбы?
  • اِنَّ اللّٰہَ لَا یَظۡلِمُ النَّاسَ شَیۡئًا وَّ لٰکِنَّ النَّاسَ اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    10 : 45 Албетте, Алла адамдарга эч зулумдук кылбайт, ал эми адамдардын өздөрү-өздөрүнө зулумдук кылышат.
  • وَ یَوۡمَ یَحۡشُرُہُمۡ کَاَنۡ لَّمۡ یَلۡبَثُوۡۤا اِلَّا سَاعَۃً مِّنَ النَّہَارِ یَتَعَارَفُوۡنَ بَیۡنَہُمۡ ؕ قَدۡ خَسِرَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِلِقَآءِ اللّٰہِ وَ مَا کَانُوۡا مُہۡتَدِیۡنَ ﴿۴۶﴾
    10 : 46 Ал (Алла) аларды топтой турган күн(дү эстегиле). Ошондо алар өздөрүн күндүзү бир саат гана (жерде) болгондой сезишет. Алар бири-бири менен таанышып чыгышат. Албетте, Аллага кезигүүнү четке каккан жана хидаят таба албагандар зыянга учурашты.
  • وَ اِمَّا نُرِیَنَّکَ بَعۡضَ الَّذِیۡ نَعِدُہُمۡ اَوۡ نَتَوَفَّیَنَّکَ فَاِلَیۡنَا مَرۡجِعُہُمۡ ثُمَّ اللّٰہُ شَہِیۡدٌ عَلٰی مَا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۴۷﴾
    10 : 47 Эгер Биз аларга сүр көрсөтүп, коркуткан нерселердин айрымдарын сага көрсөтсөк же сени өлтүрсөк, (баары бир) алардын Бизге (гана) кайтып келиши бар. Анан Алла алар кылып жаткан бардык амалдарына күбө.
  • وَ لِکُلِّ اُمَّۃٍ رَّسُوۡلٌ ۚ فَاِذَا جَآءَ رَسُوۡلُہُمۡ قُضِیَ بَیۡنَہُمۡ بِالۡقِسۡطِ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    10 : 48 Ар бир үммөт үчүн кандайдыр бир пайгамбар болот. Ошентип, өздөрүнүн пайгамбары аларга келгенде, алардын арасында адилеттик менен өкүм кылынып коюлат жана аларга такыр зулумдук кылынбайт.
  • وَ یَقُوۡلُوۡنَ مَتٰی ہٰذَا الۡوَعۡدُ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۴۹﴾
    10 : 49 Алар айтышат: «Эгер чынчыл болсоӊор, бул убада качан аткарылат?»
  • قُلۡ لَّاۤ اَمۡلِکُ لِنَفۡسِیۡ ضَرًّا وَّ لَا نَفۡعًا اِلَّا مَا شَآءَ اللّٰہُ ؕ لِکُلِّ اُمَّۃٍ اَجَلٌ ؕ اِذَا جَآءَ اَجَلُہُمۡ فَلَا یَسۡتَاۡخِرُوۡنَ سَاعَۃً وَّ لَا یَسۡتَقۡدِمُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    10 : 50 Айткын: «Алланын каалоосунан тышкары мен өз жаным үчүн кандайдыр бир зыянга да, кандайдыр бир пайдага да күчүм жетпейт. Ар бир коом үчүн бир ажал белгиленген. Алардын ажалы келгенде, алар бир көз ирмемчелик аркага да чегине алышпайт, бир көз ирмемчелик алдыга да жыла алышпайт».
  • قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ اَتٰٮکُمۡ عَذَابُہٗ بَیَاتًا اَوۡ نَہَارًا مَّاذَا یَسۡتَعۡجِلُ مِنۡہُ الۡمُجۡرِمُوۡنَ ﴿۵۱﴾
    10 : 51 Сурагын: «Айткылачы! Эгер Анын азабы силерге түнкүсүн же күндүзү келсе, күнөөкөрлөр эмнеге сүйөнүп, андан качууга шашылышат?
  • اَثُمَّ اِذَا مَا وَقَعَ اٰمَنۡتُمۡ بِہٖ ؕ آٰلۡـٰٔنَ وَ قَدۡ کُنۡتُمۡ بِہٖ تَسۡتَعۡجِلُوۡنَ ﴿۵۲﴾
    10 : 52 Анда, ал жүз бергенден кийин Ага ыйман келтиресиӊерби? Эми (качууга кандайдыр бир жол барбы?) Силер аны тезирээк алып келүүнү талап кылар элеӊер».
  • ثُمَّ قِیۡلَ لِلَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا ذُوۡقُوۡا عَذَابَ الۡخُلۡدِ ۚ ہَلۡ تُجۡزَوۡنَ اِلَّا بِمَا کُنۡتُمۡ تَکۡسِبُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    10 : 53 Анан зулумдук кылгандарга: «(Эми), түбөлүк азапты таткыла, силерге өзүӊөр кылган кылмыштарыӊардын жазасы гана берилүүдөбү?» - деп айтылат.
  • وَ یَسۡتَنۡۢبِئُوۡنَکَ اَحَقٌّ ہُوَ ؕؔ قُلۡ اِیۡ وَ رَبِّیۡۤ اِنَّہٗ لَحَقٌّ ۚؕؔ وَ مَاۤ اَنۡتُمۡ بِمُعۡجِزِیۡنَ ﴿٪۵۴﴾
    10 : 54 Жана алар сенден: «Ал чындыкпы?» - деп сурашат. Айткын: «Ооба, Раббиме касам! Албетте, ал чындык! Силер (аны) алсыз калтыруучу боло албайсыӊар».
  • وَ لَوۡ اَنَّ لِکُلِّ نَفۡسٍ ظَلَمَتۡ مَا فِی الۡاَرۡضِ لَافۡتَدَتۡ بِہٖ ؕ وَ اَسَرُّوا النَّدَامَۃَ لَمَّا رَاَوُا الۡعَذَابَ ۚ وَ قُضِیَ بَیۡنَہُمۡ بِالۡقِسۡطِ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۵۵﴾
    10 : 55 Эгер жердеги бар нерселер зулумдук кылган жандыкы болгондо, аны фидя-төлөм кылып берген болоор эле. Алар азапты көрүшкөндө, өздөрүнүн бушаймандыгын жашырып жүрүшөт. Алардын ортосунда адилеттик менен өкүм кылынат жана аларга зулумдук кылынбайт.
  • اَلَاۤ اِنَّ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ اَلَاۤ اِنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ وَّ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    10 : 56 Билгиле! Асмандар жана жердеги бар нерселер Алланыкы. Сак болгула! Алланын убадасы албетте, ак-чын! Бирок алардын көпчүлүгү билбейт.
  • ہُوَ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ وَ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۵۷﴾
    10 : 57 Ал (Алла) гана тирилтет жана өлтүрөт. Силер Ага гана кайтарыласыӊар.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ قَدۡ جَآءَتۡکُمۡ مَّوۡعِظَۃٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ شِفَآءٌ لِّمَا فِی الصُّدُوۡرِ ۬ۙ وَ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃٌ لِّلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۵۸﴾
    10 : 58 Эй, адамдар! Албетте, силерге Раббиӊерден насаат дагы, жүрөктөрдөгү (дарт) үчүн шыпаа дагы, момундар үчүн хидаят жана рахмат дагы келди.
  • قُلۡ بِفَضۡلِ اللّٰہِ وَ بِرَحۡمَتِہٖ فَبِذٰلِکَ فَلۡیَفۡرَحُوۡا ؕ ہُوَ خَیۡرٌ مِّمَّا یَجۡمَعُوۡنَ ﴿۵۹﴾
    10 : 59 Айткын: «(Бул) бир гана Алланын берешендиги жана Анын рахматынан. Ошондуктан, алар мындан абдан көп кубануулары керек. Ал алар топтой турган нерселерден жакшыраак».
  • قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ مَّاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ لَکُمۡ مِّنۡ رِّزۡقٍ فَجَعَلۡتُمۡ مِّنۡہُ حَرَامًا وَّ حَلٰلًا ؕ قُلۡ آٰللّٰہُ اَذِنَ لَکُمۡ اَمۡ عَلَی اللّٰہِ تَفۡتَرُوۡنَ ﴿۶۰﴾
    10 : 60 Айткын: «Ойлоп көрбөйсүӊөрбү? Алла силерге түшүргөн ырыскыдан өзүӊөр арам жана адал кылып алдыӊар го!» (Алардан) сурагын: «Алла силерге (буга) уруксат бердиби же болгону Аллага каршы жалаа жаап жатасыӊарбы?»
  • وَ مَا ظَنُّ الَّذِیۡنَ یَفۡتَرُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ الۡکَذِبَ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَذُوۡ فَضۡلٍ عَلَی النَّاسِ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَشۡکُرُوۡنَ ﴿٪۶۱﴾
    10 : 61 Аллага жалаа жаба тургандардын ой-пикирлери кыямат күнү кандай болот? Албетте, Алла адамдарга берешендик кылуучу, бирок алардын көпчүлүгү шүкүр кылбайт.
  • وَ مَا تَکُوۡنُ فِیۡ شَاۡنٍ وَّ مَا تَتۡلُوۡا مِنۡہُ مِنۡ قُرۡاٰنٍ وَّ لَا تَعۡمَلُوۡنَ مِنۡ عَمَلٍ اِلَّا کُنَّا عَلَیۡکُمۡ شُہُوۡدًا اِذۡ تُفِیۡضُوۡنَ فِیۡہِ ؕ وَ مَا یَعۡزُبُ عَنۡ رَّبِّکَ مِنۡ مِّثۡقَالِ ذَرَّۃٍ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا فِی السَّمَآءِ وَ لَاۤ اَصۡغَرَ مِنۡ ذٰلِکَ وَ لَاۤ اَکۡبَرَ اِلَّا فِیۡ کِتٰبٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۶۲﴾
    10 : 62 Сен ар кандай жагдайда болгонуӊда жана ошол абалда Куранды окуганыӊда, ошондой эле (эй, момундар!) Ар кандай (жакшы) амал кылганыӊарда, ага бүтүндөй алек болгонуӊарда, Биз силердин үстүӊөрдө күбө болуп турабыз. Раббиӊден жерде дагы, асманда дагы кыпындай нерсе да жашыруун калбайт. Ачык-айкын Китепте (жазылбаган), андан чоӊ нерсе дагы, андан кичине нерсе дагы жок.
  • اَلَاۤ اِنَّ اَوۡلِیَآءَ اللّٰہِ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿ۚۖ۶۳﴾
    10 : 63 Билгиле! Албетте, Алланын досторуна гана коркунуч жок жана алар кайгырышпайт.
  • الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ کَانُوۡا یَتَّقُوۡنَ ﴿ؕ۶۴﴾
    10 : 64 Ыйман келтирген жана такыба болгондор –
  • لَہُمُ الۡبُشۡرٰی فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ فِی الۡاٰخِرَۃِ ؕ لَا تَبۡدِیۡلَ لِکَلِمٰتِ اللّٰہِ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿ؕ۶۵﴾
    10 : 65 Алар үчүн дүйнөлүк жашоодо да, акыретте да куш кабар бар. Алланын сөздөрү өзгөрбөйт. Бул эӊ улуу ийгилик.
  • وَ لَا یَحۡزُنۡکَ قَوۡلُہُمۡ ۘ اِنَّ الۡعِزَّۃَ لِلّٰہِ جَمِیۡعًا ؕ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۶۶﴾
    10 : 66 Алардын сөзү сени кайгыга салбасын. Албетте, урмат-сый бүтүндөй Алланын колунда. Ал өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • اَلَاۤ اِنَّ لِلّٰہِ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ مَا یَتَّبِعُ الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ شُرَکَآءَ ؕ اِنۡ یَّـتَّبِعُوۡنَ اِلَّا الظَّنَّ وَ اِنۡ ہُمۡ اِلَّا یَخۡرُصُوۡنَ ﴿۶۷﴾
    10 : 67 Билгиле! Асмандар жана жердеги бардык нерселер албетте, Алланыкы. Алланы коюп, башкаларга табына тургандар (ойлоп чыгарган шериктерди) ээрчишпейт, алар бир гана күмөндү ээрчишет жана жалаӊ болжолдорду гана айтышат.
  • ہُوَ الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ الَّیۡلَ لِتَسۡکُنُوۡا فِیۡہِ وَ النَّہَارَ مُبۡصِرًا ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّسۡمَعُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    10 : 68 Ал (Алла) силерге түндү анда бейпилдик табышыӊар үчүн жаратты жана күндү жарык кылуучу катары (жаратты). Албетте, мында (сөзгө) кулак салуучулар үчүн абдан көп аят-жышаандар бар.
  • قَالُوا اتَّخَذَ اللّٰہُ وَلَدًا سُبۡحٰنَہٗ ؕ ہُوَ الۡغَنِیُّ ؕ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ اِنۡ عِنۡدَکُمۡ مِّنۡ سُلۡطٰنٍۭ بِہٰذَا ؕ اَتَقُوۡلُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۶۹﴾
    10 : 69 Алар: «Алла уул кылып алды», - дешет. Ал – таза. Ал – бай. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Аныкы. Силерде бул (билдирүүӊөр)гө бир дагы далил жок. Силер Аллага каршы билбей турган (нерселериӊер)ди айтасыӊарбы?
  • قُلۡ اِنَّ الَّذِیۡنَ یَفۡتَرُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ الۡکَذِبَ لَا یُفۡلِحُوۡنَ ﴿ؕ۷۰﴾
    10 : 70 Айткын: «Албетте, Аллага каршы жалаа жаба тургандар ийгилик табышпайт».
  • مَتَاعٌ فِی الدُّنۡیَا ثُمَّ اِلَیۡنَا مَرۡجِعُہُمۡ ثُمَّ نُذِیۡقُہُمُ الۡعَذَابَ الشَّدِیۡدَ بِمَا کَانُوۡا یَکۡفُرُوۡنَ ﴿٪۷۱﴾
    10 : 71 Дүйнөдө бир аз пайдалануу бар, анан Өзүбүзгө гана кайтуулары бар. Ошондо алардын каапырлык кылгандары үчүн Биз аларга катуу азапты таттырабыз.
  • وَ اتۡلُ عَلَیۡہِمۡ نَبَاَ نُوۡحٍ ۘ اِذۡ قَالَ لِقَوۡمِہٖ یٰقَوۡمِ اِنۡ کَانَ کَبُرَ عَلَیۡکُمۡ مَّقَامِیۡ وَ تَذۡکِیۡرِیۡ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ فَعَلَی اللّٰہِ تَوَکَّلۡتُ فَاَجۡمِعُوۡۤا اَمۡرَکُمۡ وَ شُرَکَآءَکُمۡ ثُمَّ لَا یَکُنۡ اَمۡرُکُمۡ عَلَیۡکُمۡ غُمَّۃً ثُمَّ اقۡضُوۡۤا اِلَیَّ وَ لَا تُنۡظِرُوۡنِ ﴿۷۲﴾
    10 : 72 Аларга Нухтун кабарын окуп бергин. Качан ал өз коомуна айтты: «Эй, коомум! Эгер менин көз карашым жана Алланын аят-белгилери аркылуу насаат кылышым силерге оор болсо, анда мен Аллага гана тобокел кыламын. Демек, силер өзүӊөрдүн бардык күч-кубатыӊарды жана өз шериктериӊерди дагы топтоп алгыла; анан силерде күч-кубатыӊарга шек-күмөн калбасын; анан мени менен эмне кылмакчы болсоӊор, кылгыла жана мага такыр мөөнөт бербегиле.
  • فَاِنۡ تَوَلَّیۡتُمۡ فَمَا سَاَلۡتُکُمۡ مِّنۡ اَجۡرٍ ؕ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلَی اللّٰہِ ۙوَ اُمِرۡتُ اَنۡ اَکُوۡنَ مِنَ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿۷۳﴾
    10 : 73 Ошентип, эгер жүз бурсаӊар, мен силерден эч сыйлык сурабаймын, менин сыйлыгым бир гана Алланын алдында. Баш ийүүчүлөрдөн болуу мага буюрулган».
  • فَکَذَّبُوۡہُ فَنَجَّیۡنٰہُ وَ مَنۡ مَّعَہٗ فِی الۡفُلۡکِ وَ جَعَلۡنٰہُمۡ خَلٰٓئِفَ وَ اَغۡرَقۡنَا الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا ۚ فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُنۡذَرِیۡنَ ﴿۷۴﴾
    10 : 74 Андан соӊ алар аны жалганчыга чыгарышты, ошондо Биз аны жана аны менен бирге кемеде болгондорду куткардык жана аларды орун басар кылдык; ошондой эле Биз аят-жышаандарыбызды жалганга чыгаргандарды чөктүрүп жибердик. Демек, кулактандырылгандардын акыбети кандай болгонун көрүп кой!
  • ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۡۢ بَعۡدِہٖ رُسُلًا اِلٰی قَوۡمِہِمۡ فَجَآءُوۡہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ فَمَا کَانُوۡا لِیُؤۡمِنُوۡا بِمَا کَذَّبُوۡا بِہٖ مِنۡ قَبۡلُ ؕ کَذٰلِکَ نَطۡبَعُ عَلٰی قُلُوۡبِ الۡمُعۡتَدِیۡنَ ﴿۷۵﴾
    10 : 75 Анан Биз андан кийин бир нече пайгамбарларды алардын өз коомуна жөнөттүк. Ошентип, алар аларга ачык аят-белгилерди келтиришти. Бирок, алар илгери өздөрү жалганчыга чыгарганга ыйман келтирүүчү болушпады. Биз чектен ашуучулардын жүрөктөрүн мына ушундай мөөрлөп коёбуз.
  • ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ مُّوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ اِلٰی فِرۡعَوۡنَ وَ مَلَا۠ئِہٖ بِاٰیٰتِنَا فَاسۡتَکۡبَرُوۡا وَ کَانُوۡا قَوۡمًا مُّجۡرِمِیۡنَ ﴿۷۶﴾
    10 : 76 Анан алардан кийин Биз Муса менен Хаарунду Фараон жана анын башчыларына аят-жышаандарыбыз менен жөнөттүк. Ошондо алар текеберлик кылышты. Алар бир күнөөкөр коом болчу.
  • فَلَمَّا جَآءَہُمُ الۡحَقُّ مِنۡ عِنۡدِنَا قَالُوۡۤا اِنَّ ہٰذَا لَسِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۷۷﴾
    10 : 77 Ошентип, аларга Биз тараптан акыйкат келгенде, алар: «Бул албетте, ачыктан-ачык сыйкыр», - дешти.
  • قَالَ مُوۡسٰۤی اَتَقُوۡلُوۡنَ لِلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَکُمۡ ؕ اَسِحۡرٌ ہٰذَا ؕ وَ لَا یُفۡلِحُ السّٰحِرُوۡنَ ﴿۷۸﴾
    10 : 78 Муса айтты: «Силерге келип болгон акыйкат туурасында (ушундай) деп жатасыӊарбы? Бул сыйкырбы? Сыйкырчылар болсо, ийгилик табышпайт го!»
  • قَالُوۡۤا اَجِئۡتَنَا لِتَلۡفِتَنَا عَمَّا وَجَدۡنَا عَلَیۡہِ اٰبَآءَنَا وَ تَکُوۡنَ لَکُمَا الۡکِبۡرِیَآءُ فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ مَا نَحۡنُ لَکُمَا بِمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۷۹﴾
    10 : 79 Алар айтышты: «Ата-бабаларыбыздын кайсы динде болгонун көргөн болсок, ошондон бизди кайтаруу жана жерде улуулук экөөӊөргө болсун үчүн бизге келдиӊби? Чынында, биз силерге эч качан ыйман келтирүүчү эмеспиз».
  • وَ قَالَ فِرۡعَوۡنُ ائۡتُوۡنِیۡ بِکُلِّ سٰحِرٍ عَلِیۡمٍ ﴿۸۰﴾
    10 : 80 Фараон айтты: «Бардык чебер сыйкырчыларды алдыма келтиргиле».
  • فَلَمَّا جَآءَ السَّحَرَۃُ قَالَ لَہُمۡ مُّوۡسٰۤی اَلۡقُوۡا مَاۤ اَنۡتُمۡ مُّلۡقُوۡنَ ﴿۸۱﴾
    10 : 81 Ошентип, сыйкырчылар келишкенде, Муса аларга айтты: «Таштамакчы болгон нерселериӊерди таштагыла!»
  • فَلَمَّاۤ اَلۡقَوۡا قَالَ مُوۡسٰی مَا جِئۡتُمۡ بِہِ ۙ السِّحۡرُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَیُبۡطِلُہٗ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُصۡلِحُ عَمَلَ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿۸۲﴾
    10 : 82 Анан алар (таштамакчы болгон нерселерин) ташташканда, Муса айтты: «Силер келтирген нерселериӊер болгону – сыйкыр. Алла албетте, аны жалганга чыгарат. Албетте, Алла бузукулардын ишин туура деп баалабайт .
  • وَ یُحِقُّ اللّٰہُ الۡحَقَّ بِکَلِمٰتِہٖ وَ لَوۡ کَرِہَ الۡمُجۡرِمُوۡنَ ﴿٪۸۳﴾
    10 : 83 Алла Өз сөздөрү менен чындыкты туура кылып көрсөтөт, мейли күнөөкөрлөр канчалык жактырбаса да».
  • فَمَاۤ اٰمَنَ لِمُوۡسٰۤی اِلَّا ذُرِّیَّۃٌ مِّنۡ قَوۡمِہٖ عَلٰی خَوۡفٍ مِّنۡ فِرۡعَوۡنَ وَ مَلَا۠ئِہِمۡ اَنۡ یَّفۡتِنَہُمۡ ؕ وَ اِنَّ فِرۡعَوۡنَ لَعَالٍ فِی الۡاَرۡضِ ۚ وَ اِنَّہٗ لَمِنَ الۡمُسۡرِفِیۡنَ ﴿۸۴﴾
    10 : 84 Мусага анын коомунан (саналуу) тукум гана, Фараон жана анын башчылары аларды азаптуу сыноого салуусунан коркпостон, ыйман келтирди. Албетте, Фараон жерде баш ийбестик кылуучу жана албетте, чектен ашуучу эле.
  • وَ قَالَ مُوۡسٰی یٰقَوۡمِ اِنۡ کُنۡتُمۡ اٰمَنۡتُمۡ بِاللّٰہِ فَعَلَیۡہِ تَوَکَّلُوۡۤا اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّسۡلِمِیۡنَ ﴿۸۵﴾
    10 : 85 Муса айтты: «Эй, коомум! Эгер Аллага ыйман келтирген болсоӊор, Анын Өзүнө гана тобокел кылгыла, эгер силер (чыныгы) баш ийүүчү болсоӊор».
  • فَقَالُوۡا عَلَی اللّٰہِ تَوَکَّلۡنَا ۚ رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا فِتۡنَۃً لِّلۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿ۙ۸۶﴾
    10 : 86 Алар мындай деп жооп беришти: «Биз Аллага гана тобокел кылабыз. Эй, Раббибиз! Бизди заалим коом үчүн сыноо кылып койбо!
  • وَ نَجِّنَا بِرَحۡمَتِکَ مِنَ الۡقَوۡمِ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۸۷﴾
    10 : 87 Жана Өз рахматыӊ менен бизди каапыр коомунан куткаргын!»
  • وَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی مُوۡسٰی وَ اَخِیۡہِ اَنۡ تَبَوَّاٰ لِقَوۡمِکُمَا بِمِصۡرَ بُیُوۡتًا وَّ اجۡعَلُوۡا بُیُوۡتَکُمۡ قِبۡلَۃً وَّ اَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ ؕ وَ بَشِّرِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۸۸﴾
    10 : 88 Биз Муса жана анын тууганына: «Экөөӊөр коомуӊар үчүн Мисирде үй даярдагыла, үйлөрүӊөрдү кыбыла тарапка караткыла жана намаз окугула», - деп вахий-аян кылдык. Сен момундарга куш кабарды жеткиргин!
  • وَ قَالَ مُوۡسٰی رَبَّنَاۤ اِنَّکَ اٰتَیۡتَ فِرۡعَوۡنَ وَ مَلَاَہٗ زِیۡنَۃً وَّ اَمۡوَالًا فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۙ رَبَّنَا لِیُضِلُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِکَ ۚ رَبَّنَا اطۡمِسۡ عَلٰۤی اَمۡوَالِہِمۡ وَ اشۡدُدۡ عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ فَلَا یُؤۡمِنُوۡا حَتّٰی یَرَوُا الۡعَذَابَ الۡاَلِیۡمَ ﴿۸۹﴾
    10 : 89 Муса айтты: «Эй, Раббибиз! Албетте, Сен Фараон жана анын башчыларына дүйнөлүк жашоодо бир чоӊ зыйнат жана дүнүйө-мүлк бердиӊ. Эй, Раббибиз! Алар (адамдарды) жолуӊдан азгырыш үчүн (бердиӊби?) Эй, Раббибиз! Алардын дүнүйө-мүлктөрүн жок кылып жибергин жана алардын жүрөктөрүнө катуу тийгин. Алар оор азап көрмөйүнчө, ыйман келтиришпейт».
  • قَالَ قَدۡ اُجِیۡبَتۡ دَّعۡوَتُکُمَا فَاسۡتَقِیۡمَا وَ لَا تَتَّبِعٰٓنِّ سَبِیۡلَ الَّذِیۡنَ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۹۰﴾
    10 : 90 Ал айтты: «Экөөӊөрдүн дубаӊар кабыл кылынды. Демек, туруктуу болгула жана эч нерсе билбегендердин жолун такыр ээрчибегиле».
  • وَ جٰوَزۡنَا بِبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ الۡبَحۡرَ فَاَتۡبَعَہُمۡ فِرۡعَوۡنُ وَ جُنُوۡدُہٗ بَغۡیًا وَّ عَدۡوًا ؕ حَتّٰۤی اِذَاۤ اَدۡرَکَہُ الۡغَرَقُ ۙ قَالَ اٰمَنۡتُ اَنَّہٗ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا الَّذِیۡۤ اٰمَنَتۡ بِہٖ بَنُوۡۤا اِسۡرَآءِیۡلَ وَ اَنَا مِنَ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿۹۱﴾
    10 : 91 Биз Исрааийл балдарын деӊизден өткөрдүк. Ошондо Фараон жана анын кошуундары баш ийбестик жана акысыздык кылган бойдон аларды куушту. А түгүл ал (Фараон) чөгө баштаганда: «Исрааийл балдары ыйман келтирген Кудайдан бөлөк кудай жок экенине ыйман келтиремин жана мен (дагы) баш ийүүчүлөрдөнмүн», - деди.
  • آٰلۡـٰٔنَ وَ قَدۡ عَصَیۡتَ قَبۡلُ وَ کُنۡتَ مِنَ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿۹۲﴾
    10 : 92 Эми (ыйман келтирдиӊ)би? Мындан мурун болсо, сен баш тартып жүрдүӊ жана сен бүлүк салуучулардан элеӊ.
  • فَالۡیَوۡمَ نُنَجِّیۡکَ بِبَدَنِکَ لِتَکُوۡنَ لِمَنۡ خَلۡفَکَ اٰیَۃً ؕ وَ اِنَّ کَثِیۡرًا مِّنَ النَّاسِ عَنۡ اٰیٰتِنَا لَغٰفِلُوۡنَ ﴿٪۹۳﴾
    10 : 93 Сенден кийин келе тургандарга ибарат болушуӊ үчүн бүгүн Биз сени денеӊ менен куткарабыз. Чынында, адамдардын көпчүлүгү албетте, Биздин аят-жышаандарыбыздан кабарсыз.
  • وَ لَقَدۡ بَوَّاۡنَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ مُبَوَّاَ صِدۡقٍ وَّ رَزَقۡنٰہُمۡ مِّنَ الطَّیِّبٰتِ ۚ فَمَا اخۡتَلَفُوۡا حَتّٰی جَآءَہُمُ الۡعِلۡمُ ؕ اِنَّ رَبَّکَ یَقۡضِیۡ بَیۡنَہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ فِیۡمَا کَانُوۡا فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۹۴﴾
    10 : 94 Биз Исрааийл балдарына бир чынчылдык мекенин тартууладык жана аларга таза нерселерден ырыскы бердик. Алар өздөрүнө илим келмейинче, талаш-тартышты чыгарышпады. Албетте, Раббиӊ алар талаш-тартыш чыгарган нерселер жөнүндө кыямат күнү алардын ортосунда өкүм кылат.
  • فَاِنۡ کُنۡتَ فِیۡ شَکٍّ مِّمَّاۤ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکَ فَسۡـَٔلِ الَّذِیۡنَ یَقۡرَءُوۡنَ الۡکِتٰبَ مِنۡ قَبۡلِکَ ۚ لَقَدۡ جَآءَکَ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّکَ فَلَا تَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمُمۡتَرِیۡنَ ﴿ۙ۹۵﴾
    10 : 95 Ошентип, эгер Биз сага түшүргөн нерсе жөнүндө эки анжы болсоӊ, анда сенден мурун (жиберилген) Китепти окуй тургандардан сурагын. Албетте, Раббиӊ тарабынан сага келген нерсе бүтүндөй акыйкат. Ошондуктан, сен эч качан шек-күмөн кылуучулардан болбо!
  • وَ لَا تَکُوۡنَنَّ مِنَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِ اللّٰہِ فَتَکُوۡنَ مِنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۹۶﴾
    10 : 96 Жана Алланын аят-белгилерин жалганга чыгаргандардан эч болбо! Болбосо, зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыӊ.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ حَقَّتۡ عَلَیۡہِمۡ کَلِمَتُ رَبِّکَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿ۙ۹۷﴾
    10 : 97 Албетте, Раббиӊдин буйругу важиб-зарыл болгондор эч ыйман келтиришпейт.
  • وَ لَوۡ جَآءَتۡہُمۡ کُلُّ اٰیَۃٍ حَتّٰی یَرَوُا الۡعَذَابَ الۡاَلِیۡمَ ﴿۹۸﴾
    10 : 98 Эгер аларга түрдүү аят-жышаандар келген болсо дагы, алар оор азапты көрмөйүнчө, (ыйман келтиришпейт).
  • فَلَوۡ لَا کَانَتۡ قَرۡیَۃٌ اٰمَنَتۡ فَنَفَعَہَاۤ اِیۡمَانُہَاۤ اِلَّا قَوۡمَ یُوۡنُسَ ؕ لَمَّاۤ اٰمَنُوۡا کَشَفۡنَا عَنۡہُمۡ عَذَابَ الۡخِزۡیِ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ مَتَّعۡنٰہُمۡ اِلٰی حِیۡنٍ ﴿۹۹﴾
    10 : 99 Эмнеге Юнустун коомунан бөлөк ыйман келтирген жана ыймандары аларга пайда көрсөткөн кандайдыр бир кыштак эли болбоду? Алар ыйман келтиришкенде, Биз дүйнөлүк жашоодо алардан кордоочу азапты алып таштадык жана белгилүү мөөнөткө чейин аларды жашоо керектөөлөрү менен камсыз кылып койдук.
  • وَ لَوۡ شَآءَ رَبُّکَ لَاٰمَنَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ کُلُّہُمۡ جَمِیۡعًا ؕ اَفَاَنۡتَ تُکۡرِہُ النَّاسَ حَتّٰی یَکُوۡنُوۡا مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۰۰﴾
    10 : 100 Эгер Раббиӊ каалаганда, жерде жашагандардын бардыгы бирдикте ыйман келтирген болоор эле. Сен адамдарды алар момун болмоюнча, мажбур кыла аласыӊбы?
  • وَ مَا کَانَ لِنَفۡسٍ اَنۡ تُؤۡمِنَ اِلَّا بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ یَجۡعَلُ الرِّجۡسَ عَلَی الَّذِیۡنَ لَا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۰۱﴾
    10 : 101 Алланын амирисиз эч бир жан ыйман келтире албайт. Ал (Алла) акылын иштетпей тургандар(дын жүздөрүнө алардын жүрөктөрүнүн) ыпластыгын жабыштырып коёт.
  • قُلِ انۡظُرُوۡا مَاذَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ مَا تُغۡنِی الۡاٰیٰتُ وَ النُّذُرُ عَنۡ قَوۡمٍ لَّا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۰۲﴾
    10 : 102 Айткын: «Асмандар жана жердеги бар нерселерге кунт коюу менен карагыла». Ыйман келтирбей тургандарга аяттар дагы, эскертүүчү сөздөр дагы эч пайда бербейт.
  • فَہَلۡ یَنۡتَظِرُوۡنَ اِلَّا مِثۡلَ اَیَّامِ الَّذِیۡنَ خَلَوۡا مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ قُلۡ فَانۡتَظِرُوۡۤا اِنِّیۡ مَعَکُمۡ مِّنَ الۡمُنۡتَظِرِیۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    10 : 103 Алар өздөрүнөн илгери өтүп кеткендердин доору сыяктуу бир доорду күтүп жатышуудабы? Айткын: «Күтө бергиле, албетте, мен дагы силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн».
  • ثُمَّ نُنَجِّیۡ رُسُلَنَا وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا کَذٰلِکَ ۚ حَقًّا عَلَیۡنَا نُنۡجِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۰۴﴾٪
    10 : 104 Анан (азап убагында) Биз Өз пайгамбарларыбызды жана ыйман келтиргендерди мына ушундай куткарабыз. Ыйман келтирүүчүлөрдү куткаруу Биздин милдетибиз.
  • قُلۡ یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اِنۡ کُنۡتُمۡ فِیۡ شَکٍّ مِّنۡ دِیۡنِیۡ فَلَاۤ اَعۡبُدُ الَّذِیۡنَ تَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَ لٰکِنۡ اَعۡبُدُ اللّٰہَ الَّذِیۡ یَتَوَفّٰٮکُمۡ ۚۖ وَ اُمِرۡتُ اَنۡ اَکُوۡنَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۰۵﴾ۙ
    10 : 105 Айткын: «Эй, адамдар! Эгер силер менин диним жөнүндө кандайдыр бир шекте болсоӊор, анда силер Алладан бөлөк ибадат кылып жаткан нерселериӊерге мен ибадат кылбаймын. Бирок мен силерди өлтүрө турган – Аллага ибадат кыламын. Мага момундардан болуу буюрулган».
  • وَ اَنۡ اَقِمۡ وَجۡہَکَ لِلدِّیۡنِ حَنِیۡفًا ۚ وَ لَا تَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۱۰۶﴾
    10 : 106 (Алла тарабына) дайыма ыктаган бойдон көӊүл-дитиӊди динге карат жана эч качан мушриктерден болбо!
  • وَ لَا تَدۡعُ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَا لَا یَنۡفَعُکَ وَ لَا یَضُرُّکَ ۚ فَاِنۡ فَعَلۡتَ فَاِنَّکَ اِذًا مِّنَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۰۷﴾
    10 : 107 Жана Алланы коюп, сага пайда да, зыян да келтире албай турган нерсеге жалбарба! Эгер ушундай кылсаӊ, албетте, сен заалимдерден болуп каласыӊ.
  • وَ اِنۡ یَّمۡسَسۡکَ اللّٰہُ بِضُرٍّ فَلَا کَاشِفَ لَہٗۤ اِلَّا ہُوَ ۚ وَ اِنۡ یُّرِدۡکَ بِخَیۡرٍ فَلَا رَآدَّ لِفَضۡلِہٖ ؕ یُصِیۡبُ بِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖ ؕ وَ ہُوَ الۡغَفُوۡرُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۰۸﴾
    10 : 108 Эгер Алла сага кандайдыр бир зыян жеткирсе, Анын Өзүнөн башка аны алып таштай турган эч ким жок жана эгер Ал (Алла) сага кандайдыр бир жакшылыкты ыйгарса, Анын берешендигин кайтара турган эч ким жок. Ал Өз пенделеринин ичинен Өзү каалаган кишиге (береке-кут) тартуулайт. Ал өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • قُلۡ یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ قَدۡ جَآءَکُمُ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّکُمۡ ۚ فَمَنِ اہۡتَدٰی فَاِنَّمَا یَہۡتَدِیۡ لِنَفۡسِہٖ ۚ وَ مَنۡ ضَلَّ فَاِنَّمَا یَضِلُّ عَلَیۡہَا ۚ وَ مَاۤ اَنَا عَلَیۡکُمۡ بِوَکِیۡلٍ ﴿۱۰۹﴾ؕ
    10 : 109 Айткын: «Эй, адамдар! Албетте, силерге Раббиӊер тарабынан акыйкат келди. Демек, кимде-ким хидаят тапса, ал өзү үчүн хидаят табат жана кимде-ким адашса, ал жалаӊ өзүнө каршы адашат. Мен силердин үстүӊөрдөн кароолчу эмесмин».
  • وَ اتَّبِعۡ مَا یُوۡحٰۤی اِلَیۡکَ وَ اصۡبِرۡ حَتّٰی یَحۡکُمَ اللّٰہُ ۚۖ وَ ہُوَ خَیۡرُ الۡحٰکِمِیۡنَ ﴿۱۱۰﴾٪
    10 : 110 Сен өзүӊө вахий-аян кылына турган нерсени ээрчигин жана Алла өкүм кылганча, сабыр кылгын. Ал өкүм кылуучулардын эӊ жакшысы.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via