Курани карим Ибраахийм • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

إبراهیم

Ибраахийм

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    14 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓرٰ ۟ کِتٰبٌ اَنۡزَلۡنٰہُ اِلَیۡکَ لِتُخۡرِجَ النَّاسَ مِنَ الظُّلُمٰتِ اِلَی النُّوۡرِ ۬ۙ بِاِذۡنِ رَبِّہِمۡ اِلٰی صِرَاطِ الۡعَزِیۡزِ الۡحَمِیۡدِ ۙ﴿۲﴾
    14 : 2 Аналлааху араа: Мен – Алламын. Мен көрөмүн. Бул – адамдарды алардын Раббисинин амири менен караӊгылыктардан нур тарапка чыгарган бойдон, эӊ жеӊүүчү (жана) мактоо ээси (Алла)нын жолуна баштап барышыӊ үчүн Биз сага түшүргөн бир Китеп –
  • اللّٰہِ الَّذِیۡ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ وَیۡلٌ لِّلۡکٰفِرِیۡنَ مِنۡ عَذَابٍ شَدِیۡدِ ۣ ۙ﴿۳﴾
    14 : 3 Асмандар жана жердеги бар нерселердин ээси болгон Алла (жолуна). Каапырлар үчүн бир катуу азаптан балээ бар –
  • الَّذِیۡنَ یَسۡتَحِبُّوۡنَ الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا عَلَی الۡاٰخِرَۃِ وَ یَصُدُّوۡنَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ یَبۡغُوۡنَہَا عِوَجًا ؕ اُولٰٓئِکَ فِیۡ ضَلٰلٍۭ بَعِیۡدٍ ﴿۴﴾
    14 : 4 Акыреттин каршысында дүйнөлүк жашоону аябай сүйгөн жана Алланын жолунан кайтара турган, ошондой эле анын кыйшык болушун каалаган адамдар үчүн. Мына ошолор алыстагы адашууда.
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ رَّسُوۡلٍ اِلَّا بِلِسَانِ قَوۡمِہٖ لِیُبَیِّنَ لَہُمۡ ؕ فَیُضِلُّ اللّٰہُ مَنۡ یَّشَآءُ وَ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۵﴾
    14 : 5 Биз ар бир пайгамбарды, ал аларга ачык түшүндүрө алсын үчүн анын коомунун тилинде жөнөттүк. Ошентип, Алла каалаган бирөөнү адашкан деп өкүм чыгарат жана каалаган кишини туура жолгон салат. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا مُوۡسٰی بِاٰیٰتِنَاۤ اَنۡ اَخۡرِجۡ قَوۡمَکَ مِنَ الظُّلُمٰتِ اِلَی النُّوۡرِ ۬ۙ وَ ذَکِّرۡہُمۡ بِاَیّٰٮمِ اللّٰہِ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّکُلِّ صَبَّارٍ شَکُوۡرٍ ﴿۶﴾
    14 : 6 Албетте, Биз Мусаны Өз аят-жышаандарыбыз менен (ушундай буйрук берип) жөнөттүк: «Коомуӊду караӊгылыктардан нур тарапка алып кел жана аларга Алланын күндөрүн эстет». Албетте, мында ар бир өтө сабыр кылуучу (жана) өтө шүкүр кылуучу адам үчүн абдан көп аят-жышаандар бар.
  • وَ اِذۡ قَالَ مُوۡسٰی لِقَوۡمِہِ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَۃَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ اِذۡ اَنۡجٰکُمۡ مِّنۡ اٰلِ فِرۡعَوۡنَ یَسُوۡمُوۡنَکُمۡ سُوۡٓءَ الۡعَذَابِ وَ یُذَبِّحُوۡنَ اَبۡنَآءَکُمۡ وَ یَسۡتَحۡیُوۡنَ نِسَآءَکُمۡ ؕ وَ فِیۡ ذٰلِکُمۡ بَلَآءٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ عَظِیۡمٌ ٪﴿۷﴾
    14 : 7 (Эстегиле), качан Муса өз коомуна айтты: «Алланын силерге берген нээматын эстегиле, качан Ал силерди Фараон коомунан куткарган. Алар силерге абдан жаман азап беришчү жана уулдарыӊарды өлтүрүп, аялдарыӊарды тирүү калтырчу. Мында Раббиӊер тарабынан (силер үчүн) абдан чоӊ сыноо бар эле».
  • وَ اِذۡ تَاَذَّنَ رَبُّکُمۡ لَئِنۡ شَکَرۡتُمۡ لَاَزِیۡدَنَّکُمۡ وَ لَئِنۡ کَفَرۡتُمۡ اِنَّ عَذَابِیۡ لَشَدِیۡدٌ ﴿۸﴾
    14 : 8 (Эстегиле), качан Раббиӊер мындай жарыя кылган: «Эгер шүкүр кылсаӊар, Мен албетте, силерди көбөйтөмүн, а эгер шүкүрсүздүк кылсаӊар, анда албетте, Менин азабым абдан катуу».
  • وَ قَالَ مُوۡسٰۤی اِنۡ تَکۡفُرُوۡۤا اَنۡتُمۡ وَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا ۙ فَاِنَّ اللّٰہَ لَغَنِیٌّ حَمِیۡدٌ ﴿۹﴾
    14 : 9 Муса айтты: «Эгер силер жана жерде (жашагандардын) баары шүкүрсүздүк кылсаӊар дагы, Алла албетте, бай (жана) мактоо ээси».
  • اَلَمۡ یَاۡتِکُمۡ نَبَؤُا الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ قَوۡمِ نُوۡحٍ وَّ عَادٍ وَّ ثَمُوۡدَ ۬ؕۛ وَ الَّذِیۡنَ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ ؕۛ لَا یَعۡلَمُہُمۡ اِلَّا اللّٰہُ ؕ جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ فَرَدُّوۡۤا اَیۡدِیَہُمۡ فِیۡۤ اَفۡوَاہِہِمۡ وَ قَالُوۡۤا اِنَّا کَفَرۡنَا بِمَاۤ اُرۡسِلۡتُمۡ بِہٖ وَ اِنَّا لَفِیۡ شَکٍّ مِّمَّا تَدۡعُوۡنَنَاۤ اِلَیۡہِ مُرِیۡبٍ ﴿۱۰﴾
    14 : 10 Силерге өзүӊөрдөн мурун болгондор – Нух коому, Аад (коому), Самуд (коому) жана алардан кийин болгондордун кабары келген жокпу? Аларды Алладан башка эч ким билбейт. Алардын пайгамбарлары аларга ачык-айкын аят-жышаандарды алып келгендеринде, алар (текеберлик кылган бойдон) колдорун ооздоруна коюп алышты жана (мындай) айтышты: «Албетте, биз силер келтирген нерсени четке кагабыз жана силер бизди чакырып жаткан нерсеӊер жөнүндө албетте, биз тынчсыздандыруучу шек-күмөндөбүз».
  • قَالَتۡ رُسُلُہُمۡ اَفِی اللّٰہِ شَکٌّ فَاطِرِ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ یَدۡعُوۡکُمۡ لِیَغۡفِرَ لَکُمۡ مِّنۡ ذُنُوۡبِکُمۡ وَ یُؤَخِّرَکُمۡ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی ؕ قَالُوۡۤا اِنۡ اَنۡتُمۡ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُنَا ؕ تُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ تَصُدُّوۡنَا عَمَّا کَانَ یَعۡبُدُ اٰبَآؤُنَا فَاۡتُوۡنَا بِسُلۡطٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۱۱﴾
    14 : 11 Алардын пайгамбарлары айтышты: «Асмандар жана жердин Жаратуучусу болгон Алла туурасында шек-күмөн барбы? Ал күнөөӊөрдү кечирүү жана силерге акыркы анык мөөнөткө чейин дагы бир аз мөөнөт берүү үчүн силерди чакырат. Алар айтышты: «Силер болгону бизге окшогон адамсыӊар; силер ата-бабаларыбыз ибадат кылып жүргөн (бут)тардан бизди кайтармакчысыӊар. Демек, бизге кандайдыр бир ачыктан-ачык жеӊүүчү далил келтиргилечи!»
  • قَالَتۡ لَہُمۡ رُسُلُہُمۡ اِنۡ نَّحۡنُ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُکُمۡ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ یَمُنُّ عَلٰی مَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖ ؕ وَ مَا کَانَ لَنَاۤ اَنۡ نَّاۡتِیَکُمۡ بِسُلۡطٰنٍ اِلَّا بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ عَلَی اللّٰہِ فَلۡیَتَوَکَّلِ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    14 : 12 Алардын пайгамбарлары аларга айтышты: «Биз силерге окшогон адамдардан бөлөк эч нерсе эмеспиз, бирок Алла Өз пенделеринен каалаганына айкөлдүк кылат. Алланын уруксат-ыктыярысыз кандайдыр бир жеӊүүчү жышаанды алып келүүгө күчүбүз жетпейт. Момундар Аллага гана тобокел кылуулары керек.
  • وَ مَا لَنَاۤ اَلَّا نَتَوَکَّلَ عَلَی اللّٰہِ وَ قَدۡ ہَدٰٮنَا سُبُلَنَا ؕ وَ لَنَصۡبِرَنَّ عَلٰی مَاۤ اٰذَیۡتُمُوۡنَا ؕ وَ عَلَی اللّٰہِ فَلۡیَتَوَکَّلِ الۡمُتَوَکِّلُوۡنَ ﴿٪۱۳﴾
    14 : 13 Алла(нын Өзү) бизди жолдорубузга хидаят кылган болсо, анда биз эмнеге Ага тобокел кылбайбыз? Силер бизге жеткирген азаптарга биз албетте, сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллага гана тобокел кылуулары зарыл».
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لِرُسُلِہِمۡ لَنُخۡرِجَنَّکُمۡ مِّنۡ اَرۡضِنَاۤ اَوۡ لَتَعُوۡدُنَّ فِیۡ مِلَّتِنَا ؕ فَاَوۡحٰۤی اِلَیۡہِمۡ رَبُّہُمۡ لَنُہۡلِکَنَّ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿ۙ۱۴﴾
    14 : 14 Каапырлык кылгандар өз пайгамбарларына айтышты: «Биз албетте, силерди мекенибизден кууп чыгарабыз же силер сөзсүз биздин динибизге кайтып келесиӊер». Ошондо алардын Раббиси аларга вахий-аян кылды: «Албетте, Биз заалимдерди ойрон кылып коёбуз.
  • وَ لَنُسۡکِنَنَّـکُمُ الۡاَرۡضَ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ ؕ ذٰلِکَ لِمَنۡ خَافَ مَقَامِیۡ وَ خَافَ وَعِیۡدِ ﴿۱۵﴾
    14 : 15 Жана Биз албетте, алардан кийин өлкөдө силерди жашатабыз. Бул Менин даражаман корко турган жана Менин эскертүүмөн коркунучка түшө турган кишилер үчүн».
  • وَ اسۡتَفۡتَحُوۡا وَ خَابَ کُلُّ جَبَّارٍ عَنِیۡدٍ ﴿ۙ۱۶﴾
    14 : 16 Алар (Алладан) жеӊиш тилешти, (натыйжада) ар бир баш ийбеген душман ойрон болду.
  • مِّنۡ وَّرَآئِہٖ جَہَنَّمُ وَ یُسۡقٰی مِنۡ مَّآءٍ صَدِیۡدٍ ﴿ۙ۱۷﴾
    14 : 17 Андан ары тозок бар жана ага ириӊ кошулган суу ичирилет.
  • یَّتَجَرَّعُہٗ وَ لَا یَکَادُ یُسِیۡغُہٗ وَ یَاۡتِیۡہِ الۡمَوۡتُ مِنۡ کُلِّ مَکَانٍ وَّ مَا ہُوَ بِمَیِّتٍ ؕ وَ مِنۡ وَّرَآئِہٖ عَذَابٌ غَلِیۡظٌ ﴿۱۸﴾
    14 : 18 Ал аны ууртап ичет, оӊой менен жута албайт жана өлүм ар тараптан ал жакка жапырылат, ал болсо өлө албайт. Андан нарыраакта дагы бир катуу азап бар.
  • مَثَلُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِرَبِّہِمۡ اَعۡمَالُہُمۡ کَرَمَادِ ۣاشۡتَدَّتۡ بِہِ الرِّیۡحُ فِیۡ یَوۡمٍ عَاصِفٍ ؕ لَا یَقۡدِرُوۡنَ مِمَّا کَسَبُوۡا عَلٰی شَیۡءٍ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الضَّلٰلُ الۡبَعِیۡدُ ﴿۱۹﴾
    14 : 19 Өздөрүнүн Раббисин четке каккандардын мисалы мындай: алардын амалдары бир бороондуу күндө үстүнөн тез шамал жүргөн күлгө окшойт. Алар тапкан нерселеринин бирине да ээ эмес. Мына ушул абдан алыстагы адашуу.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ بِالۡحَقِّ ؕ اِنۡ یَّشَاۡ یُذۡہِبۡکُمۡ وَ یَاۡتِ بِخَلۡقٍ جَدِیۡدٍ ﴿ۙ۲۰﴾
    14 : 20 Алла асмандар жана жерди акыйкат менен жаратып койгонун билбейсиӊби? Эгер Ал кааласа, (эй, адамдар!) Силерди алып кетет жана жаӊы макулукту алып келет.
  • وَّ مَا ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ بِعَزِیۡزٍ ﴿۲۱﴾
    14 : 21 Алла үчүн бул иш кыйын эмес.
  • وَ بَرَزُوۡا لِلّٰہِ جَمِیۡعًا فَقَالَ الضُّعَفٰٓؤُا لِلَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡۤا اِنَّا کُنَّا لَکُمۡ تَبَعًا فَہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّغۡنُوۡنَ عَنَّا مِنۡ عَذَابِ اللّٰہِ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ قَالُوۡا لَوۡ ہَدٰٮنَا اللّٰہُ لَہَدَیۡنٰکُمۡ ؕ سَوَآءٌ عَلَیۡنَاۤ اَجَزِعۡنَاۤ اَمۡ صَبَرۡنَا مَا لَنَا مِنۡ مَّحِیۡصٍ ﴿٪۲۲﴾
    14 : 22 Алланын алдына алардын бүт баары чыгышат; ошондо, күчсүздөр текеберлик кылгандарга айтышат: «Биз силерди гана ээрчүүчү элек; эми, силер Алланын азабынан бир азын бизден алып таштай аласыӊарбы?» Алар айтышат: «Эгер Алла бизди хидаят кылганда, биз силерди дагы албетте, хидаят кылган болоор элек. (Эми) биз кыйкырсак же сабыр кылсак, баары бир. Кутулуп калуу үчүн бизге эч кандай жол насип эмес».
  • وَ قَالَ الشَّیۡطٰنُ لَمَّا قُضِیَ الۡاَمۡرُ اِنَّ اللّٰہَ وَعَدَکُمۡ وَعۡدَ الۡحَقِّ وَ وَعَدۡتُّکُمۡ فَاَخۡلَفۡتُکُمۡ ؕ وَ مَا کَانَ لِیَ عَلَیۡکُمۡ مِّنۡ سُلۡطٰنٍ اِلَّاۤ اَنۡ دَعَوۡتُکُمۡ فَاسۡتَجَبۡتُمۡ لِیۡ ۚ فَلَا تَلُوۡمُوۡنِیۡ وَ لُوۡمُوۡۤا اَنۡفُسَکُمۡ ؕ مَاۤ اَنَا بِمُصۡرِخِکُمۡ وَ مَاۤ اَنۡتُمۡ بِمُصۡرِخِیَّ ؕ اِنِّیۡ کَفَرۡتُ بِمَاۤ اَشۡرَکۡتُمُوۡنِ مِنۡ قَبۡلُ ؕ اِنَّ الظّٰلِمِیۡنَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۲۳﴾
    14 : 23 Жана маселе чечилип болгондо, шайтан айтат: «Албетте, Алла силерге чын убада кылган эле; мен болсо, дайыма силерге убада кылып, анан (аны) бузуп турдум; мага силердин үстүӊөрдөн болгону (төмөнкү) жеӊиш насип болгон эле: мен силерди чакырдым, ошондо силер менин чакыруума жооп бердиңер. Демек, мени жемелебегиле, тескерисинче, өзүӊөрдү жемелегиле. Мен да силерге жардам бере албаймын, силер да мага жардам бере албайсыӊар. Силер илгери мени (Аллага) шерик кылып жүргөнүӊөрдү албетте, мен четке кагамын. Албетте, заалимдер үчүн гана оор азап бар».
  • وَ اُدۡخِلَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا بِاِذۡنِ رَبِّہِمۡ ؕ تَحِیَّتُہُمۡ فِیۡہَا سَلٰمٌ ﴿۲۴﴾
    14 : 24 Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар ортосунан дайралар агып өтүүчү бактарга киргизилет. Алар Раббисинин амири менен анда түбөлүк калуучулар. Алардын белеги ал (бейиш)терде «салам» болот.
  • اَلَمۡ تَرَ کَیۡفَ ضَرَبَ اللّٰہُ مَثَلًا کَلِمَۃً طَیِّبَۃً کَشَجَرَۃٍ طَیِّبَۃٍ اَصۡلُہَا ثَابِتٌ وَّ فَرۡعُہَا فِی السَّمَآءِ ﴿ۙ۲۵﴾
    14 : 25 Алла бир таза «келименин» мисалын бир таза «шажара » менен кандай баяндап жатканына көӊүл бурбадыӊбы? Анын тамыры бекем кадалган жана анын чокусу асманда.
  • تُؤۡتِیۡۤ اُکُلَہَا کُلَّ حِیۡنٍۭ بِاِذۡنِ رَبِّہَا ؕ وَ یَضۡرِبُ اللّٰہُ الۡاَمۡثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّہُمۡ یَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    14 : 26 Ал ар бир көз ирмемде өз Раббисинин амири менен өз мөмөсүн берет. Алла адамдарга мисалдарды алар ибарат алышсын үчүн баян кылат.
  • وَ مَثَلُ کَلِمَۃٍ خَبِیۡثَۃٍ کَشَجَرَۃٍ خَبِیۡثَۃِ ۣاجۡتُثَّتۡ مِنۡ فَوۡقِ الۡاَرۡضِ مَا لَہَا مِنۡ قَرَارٍ ﴿۲۷﴾
    14 : 27 Жана таза эмес «келименин » мисалы жерден суурулуп жиберилген таза эмес дарак сыяктуу. Ал үчүн (эч бир жерде) туруктуулук болбойт.
  • یُثَبِّتُ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِالۡقَوۡلِ الثَّابِتِ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ فِی الۡاٰخِرَۃِ ۚ وَ یُضِلُّ اللّٰہُ الظّٰلِمِیۡنَ ۟ۙ وَ یَفۡعَلُ اللّٰہُ مَا یَشَآءُ ﴿٪۲۸﴾
    14 : 28 Алла ыйман келтиргендерге дүйнө жашоосунда жана акыретте бекем сөз менен туруктуулук берет. Заалимдерди болсо, Алла адашкан деп өкүм чыгарат. Алла эмнени кааласа, ошону кылат.
  • اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ بَدَّلُوۡا نِعۡمَتَ اللّٰہِ کُفۡرًا وَّ اَحَلُّوۡا قَوۡمَہُمۡ دَارَ الۡبَوَارِ ﴿ۙ۲۹﴾
    14 : 29 Алланын нээматын шүгүрсүздүккө алмаштырып жиберген жана өз коомун өлүм үйүнө түшүргөндөр тарапка карабадыӊбы –
  • جَہَنَّمَ ۚ یَصۡلَوۡنَہَا ؕ وَ بِئۡسَ الۡقَرَارُ ﴿۳۰﴾
    14 : 30 (Тактап айтканда), тозокко? Алар ага киришет жана ал абдан жаман турак жай!
  • وَ جَعَلُوۡا لِلّٰہِ اَنۡدَادًا لِّیُضِلُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِہٖ ؕ قُلۡ تَمَتَّعُوۡا فَاِنَّ مَصِیۡرَکُمۡ اِلَی النَّارِ ﴿۳۱﴾
    14 : 31 Алар – (шериктер) Анын жолунан азгырышсын үчүн алар Аллага шерик кылып алышты. Айткын: «Бир аз пайдаланып алгыла. Анан, албетте, сапарыӊар от жакка гана».
  • قُلۡ لِّعِبَادِیَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا یُقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ یُنۡفِقُوۡا مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ سِرًّا وَّ عَلَانِیَۃً مِّنۡ قَبۡلِ اَنۡ یَّاۡتِیَ یَوۡمٌ لَّا بَیۡعٌ فِیۡہِ وَ لَا خِلٰلٌ ﴿۳۲﴾
    14 : 32 Менин ыйман келтирген пенделериме айткын: «Алар намаз окушсун жана эч кандай алып-сатуу болбой турган, ошондой эле эч бир достук (жардам бере албай турган) күн келишинен мурунураак Биз аларга тартуулаган нерселерден көмүскө жана көрүнөө түрдө сарпташсын» .
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَاَخۡرَجَ بِہٖ مِنَ الثَّمَرٰتِ رِزۡقًا لَّکُمۡ ۚ وَ سَخَّرَ لَکُمُ الۡفُلۡکَ لِتَجۡرِیَ فِی الۡبَحۡرِ بِاَمۡرِہٖ ۚ وَ سَخَّرَ لَکُمُ الۡاَنۡہٰرَ ﴿ۚ۳۳﴾
    14 : 33 Алла асмандар менен жерди жараткан жана асмандан суу түшүрүп, анын жардамында силер үчүн ырыскы катары бир топ мөмөлөрдү чыгарган Зат. Ал кемелерди алар Анын амири менен деӊизде жүрсүн үчүн силерге моюн сундурган жана силерге дарыяларды моюн сундурган.
  • وَ سَخَّرَ لَکُمُ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ دَآئِبَیۡنِ ۚ وَ سَخَّرَ لَکُمُ الَّیۡلَ وَ النَّہَارَ ﴿ۚ۳۴﴾
    14 : 34 Жана силерге күн менен айды, экөөсүн дайыма аракетте болгон бойдон моюн сундурган. Силерге күн менен түндү бой сундурган.
  • وَ اٰتٰٮکُمۡ مِّنۡ کُلِّ مَا سَاَلۡتُمُوۡہُ ؕ وَ اِنۡ تَعُدُّوۡا نِعۡمَتَ اللّٰہِ لَا تُحۡصُوۡہَا ؕ اِنَّ الۡاِنۡسَانَ لَظَلُوۡمٌ کَفَّارٌ ﴿٪۳۵﴾
    14 : 35 Жана Ал силерге, силер Өзүнөн сураган ар бир нерсеӊерден тартуу кылган. Эгер силер Алланын нээматтарын санамакчы болсоӊор, эч качан алардын санагына жете албайсыӊар. Албетте, адамзат абдан зулумдук кылуучу (жана) абдан шүкүрсүз.
  • وَ اِذۡ قَالَ اِبۡرٰہِیۡمُ رَبِّ اجۡعَلۡ ہٰذَا الۡبَلَدَ اٰمِنًا وَّ اجۡنُبۡنِیۡ وَ بَنِیَّ اَنۡ نَّعۡبُدَ الۡاَصۡنَامَ ﴿ؕ۳۶﴾
    14 : 36 Ибраахиймдин мындай айтканын (эстегиле): «Эй, Раббим! Бул шаарды тынчтык өлкөсү кылып койгун, ошондой эле мени жана уулдарымды буттарга сыйынуудан сактагын.
  • رَبِّ اِنَّہُنَّ اَضۡلَلۡنَ کَثِیۡرًا مِّنَ النَّاسِ ۚ فَمَنۡ تَبِعَنِیۡ فَاِنَّہٗ مِنِّیۡ ۚ وَ مَنۡ عَصَانِیۡ فَاِنَّکَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۳۷﴾
    14 : 37 Эй, Раббим! Алар албетте, адамдардын көпчүлүгүн адаштырып койгон. Анан ким мени ээрчисе, ал албетте, менден, ал эми ким мага баш ийбестик кылса, анда, албетте, Сен өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучусуӊ.
  • رَبَّنَاۤ اِنِّیۡۤ اَسۡکَنۡتُ مِنۡ ذُرِّیَّتِیۡ بِوَادٍ غَیۡرِ ذِیۡ زَرۡعٍ عِنۡدَ بَیۡتِکَ الۡمُحَرَّمِ ۙ رَبَّنَا لِیُـقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ فَاجۡعَلۡ اَفۡئِدَۃً مِّنَ النَّاسِ تَہۡوِیۡۤ اِلَیۡہِمۡ وَارۡ زُقۡہُمۡ مِّنَ الثَّمَرٰتِ لَعَلَّہُمۡ یَشۡکُرُوۡنَ ﴿۳۸﴾
    14 : 38 Эй, Раббибиз! Алар – (тукумдарым) намазды аткарышсын үчүн, эй, Раббибиз! Албетте, мен өз тукумдарыман айрымдарын Сенин урматтуу Үйүӊдүн алдында чөп-чар өспөгөн бир жерге жайгаштырдым. Демек, алар шүкүр кылышсын үчүн адамдардын жүрөктөрүн аларга ыктатып койгун жана аларга мөмөлөрдөн ырыскы тартуулагын.
  • رَبَّنَاۤ اِنَّکَ تَعۡلَمُ مَا نُخۡفِیۡ وَ مَا نُعۡلِنُ ؕ وَ مَا یَخۡفٰی عَلَی اللّٰہِ مِنۡ شَیۡءٍ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا فِی السَّمَآءِ ﴿۳۹﴾
    14 : 39 Эй, Раббибиз! Биз жашырган жана ачык кылган бардык нерселерди Сен билесиӊ. Албетте, Алладан эч бир нерсе жерде да, асманда да жашырына албайт.
  • اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ وَہَبَ لِیۡ عَلَی الۡکِبَرِ اِسۡمٰعِیۡلَ وَ اِسۡحٰقَ ؕ اِنَّ رَبِّیۡ لَسَمِیۡعُ الدُّعَآءِ ﴿۴۰﴾
    14 : 40 Бардык мактоо-алкоо карыганыма карабастан, мага Исмааийл жана Исхаакты тартуулаган Аллага гана таандык. Албетте, Раббим дубаны аябай кабыл кылуучу.
  • رَبِّ اجۡعَلۡنِیۡ مُقِیۡمَ الصَّلٰوۃِ وَ مِنۡ ذُرِّیَّتِیۡ ٭ۖ رَبَّنَا وَ تَقَبَّلۡ دُعَآءِ ﴿۴۱﴾
    14 : 41 Эй, Раббим! Мени намазды аткаруучу кылгын жана менин тукумдарымды дагы. Эй, Раббибиз! Менин дубамды кабыл кылгын.
  • رَبَّنَا اغۡفِرۡ لِیۡ وَ لِوَالِدَیَّ وَ لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ یَوۡمَ یَقُوۡمُ الۡحِسَابُ ﴿٪۴۲﴾
    14 : 42 Эй, Раббибиз! Эсеп-кысап боло турган күнү мени, ата-энемди жана момундарды кечиргин».
  • وَ لَا تَحۡسَبَنَّ اللّٰہَ غَافِلًا عَمَّا یَعۡمَلُ الظّٰلِمُوۡنَ ۬ؕ اِنَّمَا یُؤَخِّرُہُمۡ لِیَوۡمٍ تَشۡخَصُ فِیۡہِ الۡاَبۡصَارُ ﴿ۙ۴۳﴾
    14 : 43 Сен Алланы заалимдер кылып жаткан амалынан эч качан кабарсыз деп ойлобо. Ал аларга болгону көздөр бакырайып кала турган күнгө чейин мөөнөт берүүдө.
  • مُہۡطِعِیۡنَ مُقۡنِعِیۡ رُءُوۡسِہِمۡ لَا یَرۡتَدُّ اِلَیۡہِمۡ طَرۡفُہُمۡ ۚ وَ اَفۡـِٕدَتُہُمۡ ہَوَآءٌ ﴿ؕ۴۴﴾
    14 : 44 Алар баштарын көтөрүп, коркуудан жүгүрүп турган болушат. Алардын назары алар тарапка кайтып келбейт – (эч нерсе көрүнбөйт) жана жүрөктөрү ойрон болот.
  • وَ اَنۡذِرِ النَّاسَ یَوۡمَ یَاۡتِیۡہِمُ الۡعَذَابُ فَیَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا رَبَّنَاۤ اَخِّرۡنَاۤ اِلٰۤی اَجَلٍ قَرِیۡبٍ ۙ نُّجِبۡ دَعۡوَتَکَ وَ نَتَّبِعِ الرُّسُلَ ؕ اَوَ لَمۡ تَکُوۡنُوۡۤا اَقۡسَمۡتُمۡ مِّنۡ قَبۡلُ مَا لَکُمۡ مِّنۡ زَوَالٍ ﴿ۙ۴۵﴾
    14 : 45 Адамдарды алардын үстүнө азап келе турган күндөн кулактандыр. Ошондо зулумдук кылгандар: «Эй, Раббибиз! Бизге аз гана убакытка чейин мөөнөт бергин; биз Сенин чакырууӊа жооп беребиз жана пайгамбарларди ээрчийбиз», - дешет. Эмне, силер мындан илгери: «Бизге эч кандай убал келбейт», - деп касам ичкен эмес белеӊер?
  • وَّ سَکَنۡتُمۡ فِیۡ مَسٰکِنِ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ وَ تَبَیَّنَ لَکُمۡ کَیۡفَ فَعَلۡنَا بِہِمۡ وَ ضَرَبۡنَا لَکُمُ الۡاَمۡثَالَ ﴿۴۶﴾
    14 : 46 Жана силер өз жандарына зулумдук кылган бирөөлөрдүн үй-жайларында жашаар элеӊер. Биз алар менен кандай мамиле кылганыбыз силерге жакшыраак айкын болуп кеткен эле. Биз силерге мисалдарды ачык-айкын баян кылдык.
  • وَ قَدۡ مَکَرُوۡا مَکۡرَہُمۡ وَ عِنۡدَ اللّٰہِ مَکۡرُہُمۡ ؕ وَ اِنۡ کَانَ مَکۡرُہُمۡ لِتَزُوۡلَ مِنۡہُ الۡجِبَالُ ﴿۴۷﴾
    14 : 47 Алар (мүмкүнчүлүгүнө жараша) өз айла-амалын кылып көрүшкөн эле. Эгер алардын айла-амалы себептүү тоолор ордунан жылып кете турган болсо дагы, алардын айла-амалы Алланын алдында.
  • فَلَا تَحۡسَبَنَّ اللّٰہَ مُخۡلِفَ وَعۡدِہٖ رُسُلَہٗ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَزِیۡزٌ ذُو انۡتِقَامٍ ﴿ؕ۴۸﴾
    14 : 48 Ошондуктан, Алланы Өз пайгамбарларына кылган убадаларына каршы иш тутуучу деп ойлобо! Албетте, Алла эӊ жеӊүүчү (жана) катуу өч алуучу.
  • یَوۡمَ تُبَدَّلُ الۡاَرۡضُ غَیۡرَ الۡاَرۡضِ وَ السَّمٰوٰتُ وَ بَرَزُوۡا لِلّٰہِ الۡوَاحِدِ الۡقَہَّارِ ﴿۴۹﴾
    14 : 49 Жер бир башка жерге айландырыла турган күнү жана асмандар дагы. (Ошондо) алар жападан-жалгыз, эӊ күчтүү Алланын алдына (баруу үчүн) чыгып турган болушат.
  • وَ تَـرَی الۡمُجۡرِمِیۡنَ یَوۡمَئِذٍ مُّقَرَّنِیۡنَ فِی الۡاَصۡفَادِ ﴿ۚ۵۰﴾
    14 : 50 Сен ошол күнү күнөөкөрлөрдү кишенделген бойдон көрөсүӊ.
  • سَرَابِیۡلُہُمۡ مِّنۡ قَطِرَانٍ وَّ تَغۡشٰی وُجُوۡہَہُمُ النَّارُ ﴿ۙ۵۱﴾
    14 : 51 Алардын кийимдери кара майдан (жасалган) болот жана от алардын жүздөрүн каптап алат.
  • لِیَجۡزِیَ اللّٰہُ کُلَّ نَفۡسٍ مَّا کَسَبَتۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَرِیۡعُ الۡحِسَابِ ﴿۵۲﴾
    14 : 52 Алла ар бир жанга тапканына жараша сыйлык берсин үчүн (ушундай болот). Албетте, Алла эсеп-кысап (кылуу)да абдан тез.
  • ہٰذَا بَلٰغٌ لِّلنَّاسِ وَ لِیُنۡذَرُوۡا بِہٖ وَ لِیَعۡلَمُوۡۤا اَنَّمَا ہُوَ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ وَّ لِیَذَّکَّرَ اُولُوا الۡاَلۡبَابِ ﴿٪۵۳﴾
    14 : 53 Бул – адамдарга, ал аркылуу алар кулактандырылышсын үчүн, алар ошол жападан-жалгыз Кудайды билип алышсын үчүн, ошондой эле акыл ээлери ибарат алышсын үчүн ачыктан-ачык бир кабар.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via