بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
57 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
سَبَّحَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۲﴾
57 : 2 Асмандар жана жердеги бардык нерселер Аллага гана тасбийх айтат. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ۚ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۳﴾
57 : 3 Асмандар жана жердин падышачылыгы Аныкы. Ал жашоо да, өлүм да берет. Ал Өзү каалаган бардык нерселерге дайыма күчү жетүүчү.
ہُوَ الۡاَوَّلُ وَ الۡاٰخِرُ وَ الظَّاہِرُ وَ الۡبَاطِنُ ۚ وَ ہُوَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۴﴾
57 : 4 Башы дагы, акыры дагы, ачык дагы, көмүскө дагы Анын Өзү. Ал бардык нерсени дайыма билүүчү.
ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ فِیۡ سِتَّۃِ اَیَّامٍ ثُمَّ اسۡتَوٰی عَلَی الۡعَرۡشِ ؕ یَعۡلَمُ مَا یَلِجُ فِی الۡاَرۡضِ وَ مَا یَخۡرُجُ مِنۡہَا وَ مَا یَنۡزِلُ مِنَ السَّمَآءِ وَ مَا یَعۡرُجُ فِیۡہَا ؕ وَ ہُوَ مَعَکُمۡ اَیۡنَ مَا کُنۡتُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۵﴾
57 : 5 Ал (Алла) гана асмандар жана жерди алты доордо жараткан; анан Ал Аршта жайгашты; Ал жерге кире турган нерсени дагы, андан чыга турган нерсени дагы, асмандан түшө турган нерсени дагы, ага көтөрүлө турган нерсени дагы билет; кайсы жерде болгонуӊарга карабай, Ал силер менен бирге болот. Алла эмне кылып жатканыӊарды дайыма тереӊ күзөтүүчү.
لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ تُرۡجَعُ الۡاُمُوۡرُ ﴿۶﴾
57 : 6 Асмандар жана жердин падышачылыгы Аныкы. Бардык иштер Аллага гана кайтарылат.
یُوۡلِجُ الَّیۡلَ فِی النَّہَارِ وَ یُوۡلِجُ النَّہَارَ فِی الَّیۡلِ ؕ وَ ہُوَ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۷﴾
57 : 7 Ал түндү күнгө киргизет, күндү түнгө киргизет. Ал көкүрөктөрдөгү бардык нерселерди дагы дайыма билүүчү.
اٰمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ اَنۡفِقُوۡا مِمَّا جَعَلَکُمۡ مُّسۡتَخۡلَفِیۡنَ فِیۡہِ ؕ فَالَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مِنۡکُمۡ وَ اَنۡفَقُوۡا لَہُمۡ اَجۡرٌ کَبِیۡرٌ ﴿۸﴾
57 : 8 Аллага жана Анын Пайгамбарына ыйман келтиргиле, ошондой эле Ал силерди орун басар кылып койгон нерселерден сарп кылгыла. Араӊардан ыйман келтирген жана (Алла жолунда) сарптагандар үчүн үлкөн сыйлык бар.
وَ مَا لَکُمۡ لَا تُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ ۚ وَ الرَّسُوۡلُ یَدۡعُوۡکُمۡ لِتُؤۡمِنُوۡا بِرَبِّکُمۡ وَ قَدۡ اَخَذَ مِیۡثَاقَکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۹﴾
57 : 9 Жана силерге эмне болгон өзү, Аллага ыйман келтирбейсиӊер? Пайгамбар болсо, силерди Раббиӊерге ыйман келтирүүӊөргө чакырууда. (Эй, адамдар!) Ал силерден убадаӊарды алган. Эгер ыйман келтирүүчү болгонуӊарда, (жакшы болмок).
ہُوَ الَّذِیۡ یُنَزِّلُ عَلٰی عَبۡدِہٖۤ اٰیٰتٍۭ بَیِّنٰتٍ لِّیُخۡرِجَکُمۡ مِّنَ الظُّلُمٰتِ اِلَی النُّوۡرِ ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ بِکُمۡ لَرَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۰﴾
57 : 10 Ал силерди караӊгылыктардан нурга алып чыгуу үчүн Өз пендесине ачык-айкын аяттарды түшүрө турган (Алла). Албетте, Алла силерге өтө мээрбан (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
وَ مَا لَکُمۡ اَلَّا تُنۡفِقُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ لِلّٰہِ مِیۡرَاثُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ لَا یَسۡتَوِیۡ مِنۡکُمۡ مَّنۡ اَنۡفَقَ مِنۡ قَبۡلِ الۡفَتۡحِ وَ قٰتَلَ ؕ اُولٰٓئِکَ اَعۡظَمُ دَرَجَۃً مِّنَ الَّذِیۡنَ اَنۡفَقُوۡا مِنۡۢ بَعۡدُ وَ قٰتَلُوۡا ؕ وَ کُلًّا وَّعَدَ اللّٰہُ الۡحُسۡنٰی ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرٌ ﴿٪۱۱﴾
57 : 11 Жана силерге эмне болгон өзү, силер Алла жолунда сарптабайсыӊар? Чынында, асмандар жана жердин мурасы Аллага гана тийиштүү. Араӊардан эч ким жеӊиштен мурун сарптаган жана урушкан бирөөгө теӊ боло албайт. Булар кийинчерээк сарптаган жана урушкандардан даража жагынан абдан жогору. Алла баарына эӊ жакшы (сыйлыкты) убада кылган. Алла кылып жаткан амалдарыӊардан дайыма кабардар.
مَنۡ ذَا الَّذِیۡ یُقۡرِضُ اللّٰہَ قَرۡضًا حَسَنًا فَیُضٰعِفَہٗ لَہٗ وَ لَہٗۤ اَجۡرٌ کَرِیۡمٌ ﴿ۚ۱۲﴾
57 : 12 Аллага үстөксүз карыз бере турган ким бар? (Натыйжада) Ал аны ага көбөйтсүн. Ал үчүн бир чоӊ урматтуу сыйлык бар.
یَوۡمَ تَرَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ یَسۡعٰی نُوۡرُہُمۡ بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ بِاَیۡمَانِہِمۡ بُشۡرٰٮکُمُ الۡیَوۡمَ جَنّٰتٌ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿ۚ۱۳﴾
57 : 13 Сен момун эркектер жана момун аялдарды алардын алдыларында да, оӊ тараптарында да нурлары тез-тез жүрүп жатканын көрө турган күнү(н эсте. Аларга мындай айтылат): «Бүгүн силерге ортолорунан дайралар агып өтө турган бейиштер куттуу болсун!» Алар ал (бейиш)терде түбөлүккө калуучулар. Мына бул үлкөн ийгилик.
یَوۡمَ یَقُوۡلُ الۡمُنٰفِقُوۡنَ وَ الۡمُنٰفِقٰتُ لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوا انۡظُرُوۡنَا نَقۡتَبِسۡ مِنۡ نُّوۡرِکُمۡ ۚ قِیۡلَ ارۡجِعُوۡا وَرَآءَکُمۡ فَالۡتَمِسُوۡا نُوۡرًا ؕ فَضُرِبَ بَیۡنَہُمۡ بِسُوۡرٍ لَّہٗ بَابٌ ؕ بَاطِنُہٗ فِیۡہِ الرَّحۡمَۃُ وَ ظَاہِرُہٗ مِنۡ قِبَلِہِ الۡعَذَابُ ﴿ؕ۱۴﴾
57 : 14 Эки жүздүү эркектер жана эки жүздүү аялдар момундарга: «Бизге да карагыла! Биз дагы нуруӊардан аз гана пайда алалы», - деп айта турган күнү (аларга) айтылат: «Аркаӊарга кайткыла, анан нурду издегиле». Ошондо алардын ортосунда бир эле дарбазалуу бир дубал пайда кылынат. Анын ички тарабында рахмат, ачык тарабында болсо, азап болот.
یُنَادُوۡنَہُمۡ اَلَمۡ نَکُنۡ مَّعَکُمۡ ؕ قَالُوۡا بَلٰی وَ لٰکِنَّکُمۡ فَتَنۡتُمۡ اَنۡفُسَکُمۡ وَ تَرَبَّصۡتُمۡ وَ ارۡتَبۡتُمۡ وَ غَرَّتۡکُمُ الۡاَمَانِیُّ حَتّٰی جَآءَ اَمۡرُ اللّٰہِ وَ غَرَّکُمۡ بِاللّٰہِ الۡغَرُوۡرُ ﴿۱۵﴾
57 : 15 Алар ал (момун)дарга кыйкырышат: «Биз акыры силер менен бирге эмес белек?» Алар жооп беришет: «Ооба, ошондой! Бирок, силер өзүӊөрдү-өзүӊөр фитна-чагымга дуушар кылдыӊар жана күттүӊөр, ошондой эле күмөнгө берилдиӊер. Алланын буйругу келгенче, силерди куру кыялдар алдап турду. Шайтан болсо, силерди Алла тууралуу катуу алдап койду.
فَالۡیَوۡمَ لَا یُؤۡخَذُ مِنۡکُمۡ فِدۡیَۃٌ وَّ لَا مِنَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ؕ مَاۡوٰٮکُمُ النَّارُ ؕ ہِیَ مَوۡلٰٮکُمۡ ؕ وَ بِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿۱۶﴾
57 : 16 Ошентип, бүгүн силерден да, каапырлардан да эч кандай төлөм алынбайт. Силердин турак жайыӊар – от. Бул – силердин досуӊар. Ал абдан жаман жай!
اَلَمۡ یَاۡنِ لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَنۡ تَخۡشَعَ قُلُوۡبُہُمۡ لِذِکۡرِ اللّٰہِ وَ مَا نَزَلَ مِنَ الۡحَقِّ ۙ وَ لَا یَکُوۡنُوۡا کَالَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ مِنۡ قَبۡلُ فَطَالَ عَلَیۡہِمُ الۡاَمَدُ فَقَسَتۡ قُلُوۡبُہُمۡ ؕ وَ کَثِیۡرٌ مِّنۡہُمۡ فٰسِقُوۡنَ ﴿۱۷﴾
57 : 17 Ыйман келтиргендерге жүрөктөрү Алланын эскерилүүсү жана түшкөн чындык(тын айбаты)нан жарылып түшө турган жана алар өздөрүнөн мурунку Китеп берилгендердей болуп калбай турган убакыт келген жокпу? Ошентип, заман алар үчүн созулуп кетти. Натыйжада, алардын жүрөктөрү катып калды. Алардын көпчүлүгү убада бузуучу эле.
اِعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ یُحۡیِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَا ؕ قَدۡ بَیَّنَّا لَکُمُ الۡاٰیٰتِ لَعَلَّکُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۸﴾
57 : 18 Билгиле , Алла жерди анын өлүмүнөн кийин албетте, тирилтет. Акыл менен иш тутууӊар үчүн Биз силерге аяттарды ачык баяндадык.
اِنَّ الۡمُصَّدِّقِیۡنَ وَ الۡمُصَّدِّقٰتِ وَ اَقۡرَضُوا اللّٰہَ قَرۡضًا حَسَنًا یُّضٰعَفُ لَہُمۡ وَ لَہُمۡ اَجۡرٌ کَرِیۡمٌ ﴿۱۹﴾
57 : 19 Албетте, садага берүүчү эркектер жана садага берүүчү аялдар, ошондой эле Аллага үстөксүз карыз бергендер – алар үчүн ал көбөйтүлөт жана алар үчүн бир урматтуу сыйлык бар.
وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رُسُلِہٖۤ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الصِّدِّیۡقُوۡنَ ٭ۖ وَ الشُّہَدَآءُ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ؕ لَہُمۡ اَجۡرُہُمۡ وَ نُوۡرُہُمۡ ؕ وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَاۤ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡجَحِیۡمِ ﴿٪۲۰﴾
57 : 20 Аллага жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргендер – мына ошолор өз Раббисинин алдында Сыддыктар жана шейиттер даражасын табышат. Алар үчүн өздөрүнүн сыйлыгы жана нуру бар. Каапыр болгондор жана Биздин аяттарыбызды жалганга чыгаргандар – мына ошолор тозок ээлери.
اِعۡلَمُوۡۤا اَنَّمَا الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا لَعِبٌ وَّ لَہۡوٌ وَّ زِیۡنَۃٌ وَّ تَفَاخُرٌۢ بَیۡنَکُمۡ وَ تَکَاثُرٌ فِی الۡاَمۡوَالِ وَ الۡاَوۡلَادِ ؕ کَمَثَلِ غَیۡثٍ اَعۡجَبَ الۡکُفَّارَ نَبَاتُہٗ ثُمَّ یَہِیۡجُ فَتَرٰٮہُ مُصۡفَرًّا ثُمَّ یَکُوۡنُ حُطَامًا ؕ وَ فِی الۡاٰخِرَۃِ عَذَابٌ شَدِیۡدٌ ۙ وَّ مَغۡفِرَۃٌ مِّنَ اللّٰہِ وَ رِضۡوَانٌ ؕ وَ مَا الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَاۤ اِلَّا مَتَاعُ الۡغُرُوۡرِ ﴿۲۱﴾
57 : 21 Билгиле, дүйнөлүк жашоо жалаӊ оюн-күлкү жана бийик максаттан кабарсыз кылып коё турган напси каалоолорун кандыруу куралы, ошондой эле жасанып-түзөнүп жана өз ара бири-биринен (өзүн) өйдө коюу, ошондой эле мал-мүлк жана урук-тукум боюнча бири-биринен озуп кетүү аракети гана. (Бул жашоо) бир жамгырга окшойт: анын көк чөбү каапырлар(дын дилдери)н кубандырат; анан ал тездик менен өсөт; анан сен анын саргайып жатканын көрөсүӊ; андан кийин үбөлөнүп кетет. Акыретте катуу азап бар, ошондой эле Алла тарабынан кечирим жана ыраазылык дагы. Дүйнөлүк жашоо болсо, алдай турган убактылуу нерсе гана.
سَابِقُوۡۤا اِلٰی مَغۡفِرَۃٍ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ جَنَّۃٍ عَرۡضُہَا کَعَرۡضِ السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ ۙ اُعِدَّتۡ لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رُسُلِہٖ ؕ ذٰلِکَ فَضۡلُ اللّٰہِ یُؤۡتِیۡہِ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ ذُو الۡفَضۡلِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۲۲﴾
57 : 22 Раббиӊердин кечирим тарабына, ошондой эле Алла жана Анын пайгамбарларына ыйман келтире тургандар үчүн даярдап коюлган, кеӊдиги асман жана жердин кеӊдиги сыяктуу болгон бейиш тарапка бири-бириӊерден озуп кеткиле. Бул – Алланын берешендиги; Ал аны Өзү каалаган пендесине тартуулайт. Алла үлкөн берешендик ээси.
مَاۤ اَصَابَ مِنۡ مُّصِیۡبَۃٍ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا فِیۡۤ اَنۡفُسِکُمۡ اِلَّا فِیۡ کِتٰبٍ مِّنۡ قَبۡلِ اَنۡ نَّبۡرَاَہَا ؕ اِنَّ ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ یَسِیۡرٌ ﴿ۚۖ۲۳﴾
57 : 23 Жерге да, өзүӊөргө да эч бир балээ келбейт, бирок аны ачык кылуубуздан мурун ал бир китепте (жашыруун) болот. Албетте, бул нерсе Аллага абдан жеӊил.
لِّکَیۡلَا تَاۡسَوۡا عَلٰی مَا فَاتَکُمۡ وَ لَا تَفۡرَحُوۡا بِمَاۤ اٰتٰٮکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یُحِبُّ کُلَّ مُخۡتَالٍ فَخُوۡرِ ۣ﴿ۙ۲۴﴾
57 : 24 Колуӊардан кеткен нерселер үчүн кайгырбашыӊар жана Ал силерге берген нерселер менен көйрөӊдөнүп кетпешиӊер үчүн (бул Кудайдын тагдыры экенин эске туткула). Алла эч бир текеберлик кылуучу, өтө мактанчаакты жактырбайт –
الَّذِیۡنَ یَبۡخَلُوۡنَ وَ یَاۡمُرُوۡنَ النَّاسَ بِالۡبُخۡلِ ؕ وَ مَنۡ یَّتَوَلَّ فَاِنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡغَنِیُّ الۡحَمِیۡدُ ﴿۲۵﴾
57 : 25 (Тагыраак айтканда) сараӊдык кыла турган жана адамдарды дагы битирликке үндөй тургандарды. Ким жүз бурса, (ал) албетте, Алла гана бай жана мактоолор ээси экен(ин билсин).
لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا بِالۡبَیِّنٰتِ وَ اَنۡزَلۡنَا مَعَہُمُ الۡکِتٰبَ وَ الۡمِیۡزَانَ لِیَقُوۡمَ النَّاسُ بِالۡقِسۡطِ ۚ وَ اَنۡزَلۡنَا الۡحَدِیۡدَ فِیۡہِ بَاۡسٌ شَدِیۡدٌ وَّ مَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَ لِیَعۡلَمَ اللّٰہُ مَنۡ یَّنۡصُرُہٗ وَ رُسُلَہٗ بِالۡغَیۡبِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ قَوِیٌّ عَزِیۡزٌ ﴿٪۲۶﴾
57 : 26 Албетте, Биз Өз пайгамбарларыбызды ачык-айкын аят-белгилер менен жөнөттүк, ошондой эле алар менен китеп жана адамдар ынсап үстүндө туруулары үчүн адилет таразасын түшүрдүк. Биз темирди түшүрдүк, анда катуу уруш аспаптары жана адамдар үчүн көптөгөн пайдалар бар. Алла кайыпта дагы Өзүнө жана Өзүнүн пайгамбарларына жардам бере турган кишини билсин үчүн. Албетте, Алла абдан күчтүү (жана) эӊ жеӊүүчү.
وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا نُوۡحًا وَّ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ جَعَلۡنَا فِیۡ ذُرِّیَّتِہِمَا النُّبُوَّۃَ وَ الۡکِتٰبَ فَمِنۡہُمۡ مُّہۡتَدٍ ۚ وَ کَثِیۡرٌ مِّنۡہُمۡ فٰسِقُوۡنَ ﴿۲۷﴾
57 : 27 Жана албетте, Биз Нух менен Ибраахиймди (дагы) жөнөттүк, ошондой эле ал экөөсүнүн тукумдарында пайгамбарлык жана китепти таандык кылып койдук. Анан алардын арасында хидаят табуучу дагы бар эле. Ал эми алардын көпчүлүгү адашкан болчу.
ثُمَّ قَفَّیۡنَا عَلٰۤی اٰثَارِہِمۡ بِرُسُلِنَا وَ قَفَّیۡنَا بِعِیۡسَی ابۡنِ مَرۡیَمَ وَ اٰتَیۡنٰہُ الۡاِنۡجِیۡلَ ۬ۙ وَ جَعَلۡنَا فِیۡ قُلُوۡبِ الَّذِیۡنَ اتَّبَعُوۡہُ رَاۡفَۃً وَّ رَحۡمَۃً ؕ وَ رَہۡبَانِیَّۃَ ۣ ابۡتَدَعُوۡہَا مَا کَتَبۡنٰہَا عَلَیۡہِمۡ اِلَّا ابۡتِغَآءَ رِضۡوَانِ اللّٰہِ فَمَا رَعَوۡہَا حَقَّ رِعَایَتِہَا ۚ فَاٰتَیۡنَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مِنۡہُمۡ اَجۡرَہُمۡ ۚ وَ کَثِیۡرٌ مِّنۡہُمۡ فٰسِقُوۡنَ ﴿۲۸﴾
57 : 28 Анан Биз Өз пайгамбарларыбызды алардын изинен удаа-удаа жибердик. Биз Марям уулу Исаны да издеринен жибердик. Биз ага Инжил бердик жана аны ээрчигендердин жүрөктөрүндө Биз ырайымдуулук жана мээримдүүлүк пайда кылдык. Алар өздөрү бидъат кылып алган кечилдикти Биз аларга парыз кылбаган элек, бирок Алланын ыраазычылыгын тилөө(нү парыз кылган элек). Анан алар ага туура мамиле кылышпады. Ошондо Биз алардын ичиндеги ыйман келтирген (жана жакшы амалдарды кылган)дарга сыйлыктарды бердик, бирок алардын ичинен көпчүлүгү фасык эле.
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اٰمِنُوۡا بِرَسُوۡلِہٖ یُؤۡتِکُمۡ کِفۡلَیۡنِ مِنۡ رَّحۡمَتِہٖ وَ یَجۡعَلۡ لَّکُمۡ نُوۡرًا تَمۡشُوۡنَ بِہٖ وَ یَغۡفِرۡ لَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿ۚۙ۲۹﴾
57 : 29 Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана Анын Пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал силерге Өз рахматынан эки эсе берет жана силерге бир нур тартуулайт – аны менен силер жүрөсүӊөр жана силерди кечирим кылат. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
لِّئَلَّا یَعۡلَمَ اَہۡلُ الۡکِتٰبِ اَلَّا یَقۡدِرُوۡنَ عَلٰی شَیۡءٍ مِّنۡ فَضۡلِ اللّٰہِ وَ اَنَّ الۡفَضۡلَ بِیَدِ اللّٰہِ یُؤۡتِیۡہِ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ ذُو الۡفَضۡلِ الۡعَظِیۡمِ ﴿٪۳۰﴾
57 : 30 Китеп ээлери: «Бул (момун)дар Алланын берешендигине ээ болууга кудуретсиз», - деп ойлошпосун. Чынында, албетте, берешендик бүтүндөй Алланын колунда, аны Ал Өзү каалаган пендесине берет. Алла үлкөн берешендик ээси.