Курани карим Ал-Му′минуун • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

المؤمنون

Ал-Му′минуун

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    23 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • قَدۡ اَفۡلَحَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ۙ﴿۲﴾
    23 : 2 Албетте, момундар ийгиликке жетишти –
  • الَّذِیۡنَ ہُمۡ فِیۡ صَلَاتِہِمۡ خٰشِعُوۡنَ ۙ﴿۳﴾
    23 : 3 Өз намаздарында баш ийүүчүлөр;
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ عَنِ اللَّغۡوِ مُعۡرِضُوۡنَ ﴿ۙ۴﴾
    23 : 4 Баардык курулай нерселерден оолак боло тургандар;
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ لِلزَّکٰوۃِ فٰعِلُوۡنَ ۙ﴿۵﴾
    23 : 5 Зекет бере тургандар;
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ لِفُرُوۡجِہِمۡ حٰفِظُوۡنَ ۙ﴿۶﴾
    23 : 6 Жана уяттуу жерлерин сактай тургандар;
  • اِلَّا عَلٰۤی اَزۡوَاجِہِمۡ اَوۡ مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُہُمۡ فَاِنَّہُمۡ غَیۡرُ مَلُوۡمِیۡنَ ۚ﴿۷﴾
    23 : 7 Бирок өздөрүнүн аялдарынан эмес, же кол астындагыларынан (дагы) эмес. Албетте, аларга айып коюлбайт.
  • فَمَنِ ابۡتَغٰی وَرَآءَ ذٰلِکَ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡعٰدُوۡنَ ۚ﴿۸﴾
    23 : 8 Анан ким мындан башка нерсени кааласа, мына ошолор гана чектен ашуучулар.
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ لِاَمٰنٰتِہِمۡ وَ عَہۡدِہِمۡ رٰعُوۡنَ ۙ﴿۹﴾
    23 : 9 Ошондой эле өздөрүнүн аманаттарын жана убада-анттарын күзөтө тургандар;
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ عَلٰی صَلَوٰتِہِمۡ یُحَافِظُوۡنَ ۘ﴿۱۰﴾
    23 : 10 Жана өз намаздарын коргой тургандар.
  • اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡوٰرِثُوۡنَ ﴿ۙ۱۱﴾
    23 : 11 Мына ошолор мураскерлер –
  • الَّذِیۡنَ یَرِثُوۡنَ الۡفِرۡدَوۡسَ ؕ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    23 : 12 (Тактап айтканда) Фирдавуска мураскер боло тургандар. Алар анда түбөлүккө калуучулар.
  • وَ لَقَدۡ خَلَقۡنَا الۡاِنۡسَانَ مِنۡ سُلٰلَۃٍ مِّنۡ طِیۡنٍ ﴿ۚ۱۳﴾
    23 : 13 Албетте, Биз адамзатты ылайдын маӊызынан жараттык.
  • ثُمَّ جَعَلۡنٰہُ نُطۡفَۃً فِیۡ قَرَارٍ مَّکِیۡنٍ ﴿۪۱۴﴾
    23 : 14 Анан Биз аны бел суусу катары тура турган бир коопсуз жайга жайгаштырдык.
  • ثُمَّ خَلَقۡنَا النُّطۡفَۃَ عَلَقَۃً فَخَلَقۡنَا الۡعَلَقَۃَ مُضۡغَۃً فَخَلَقۡنَا الۡمُضۡغَۃَ عِظٰمًا فَکَسَوۡنَا الۡعِظٰمَ لَحۡمًا ٭ ثُمَّ اَنۡشَاۡنٰہُ خَلۡقًا اٰخَرَ ؕ فَتَبٰرَکَ اللّٰہُ اَحۡسَنُ الۡخٰلِقِیۡنَ ﴿ؕ۱۵﴾
    23 : 15 Анан Биз ошол бел суусун уюган канга айландырдык; анан уюган канды кемирчекке (этке окшогон бөлтөк канга айландырдык); анан ал кемирчекти сөөктөргө айландырдык; андан кийин сөөктөргө эт кийгиздик, анан Биз аны бир жаӊы жаратылыш катары өстүрдүк. Ошентип, баардык жаратуучулардын эӊ жакшысы болгон Зат – Алла гана берекелүү.
  • ثُمَّ اِنَّکُمۡ بَعۡدَ ذٰلِکَ لَمَیِّتُوۡنَ ﴿ؕ۱۶﴾
    23 : 16 Анан, мындан кийин силер албетте, оо дүйнөгө кетүүчүсүӊөр.
  • ثُمَّ اِنَّکُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ تُبۡعَثُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    23 : 17 Анан албетте, силер кыямат күнү тургузуласыӊар.
  • وَ لَقَدۡ خَلَقۡنَا فَوۡقَکُمۡ سَبۡعَ طَرَآئِقَ ٭ۖ وَ مَا کُنَّا عَنِ الۡخَلۡقِ غٰفِلِیۡنَ ﴿۱۸﴾
    23 : 18 Албетте, Биз силердин үстүӊөрдө жети жолду жараттык. Биз жаратылыштан кабарсыз эмеспиз.
  • وَ اَنۡزَلۡنَا مِنَ السَّمَآءِ مَآءًۢ بِقَدَرٍ فَاَسۡکَنّٰہُ فِی الۡاَرۡضِ ٭ۖ وَ اِنَّا عَلٰی ذَہَابٍۭ بِہٖ لَقٰدِرُوۡنَ ﴿ۚ۱۹﴾
    23 : 19 Биз асмандан бир өлчөмгө ылайык суу түшүрдүк, анан аны жерде кармадык; Биз аны алып кетүүгө дагы албетте, кудуреттүүбүз.
  • فَاَنۡشَاۡنَا لَکُمۡ بِہٖ جَنّٰتٍ مِّنۡ نَّخِیۡلٍ وَّ اَعۡنَابٍ ۘ لَکُمۡ فِیۡہَا فَوَاکِہُ کَثِیۡرَۃٌ وَّ مِنۡہَا تَاۡکُلُوۡنَ ﴿ۙ۲۰﴾
    23 : 20 Анан Биз анын жардамында силер үчүн курма жана жүзүм бактарын өстүрдүк; аларда силер үчүн мол мөмөлөр бар жана ошолордон силер жейсиӊер.
  • وَ شَجَرَۃً تَخۡرُجُ مِنۡ طُوۡرِ سَیۡنَآءَ تَنۡۢبُتُ بِالدُّہۡنِ وَ صِبۡغٍ لِّلۡاٰکِلِیۡنَ ﴿۲۱﴾
    23 : 21 Жана Тури Сийнадан чыга турган бир дарак өстүрдүк; ал жей тургандар үчүн май жана бир түрдүү азыкты алган бойдон өсөт.
  • وَ اِنَّ لَکُمۡ فِی الۡاَنۡعَامِ لَعِبۡرَۃً ؕ نُسۡقِیۡکُمۡ مِّمَّا فِیۡ بُطُوۡنِہَا وَ لَکُمۡ فِیۡہَا مَنَافِعُ کَثِیۡرَۃٌ وَّ مِنۡہَا تَاۡکُلُوۡنَ ﴿ۙ۲۲﴾
    23 : 22 Албетте, чарба малдарында силер үчүн бир ибарат бар. Биз алардын карындарында бар нерседен силерге ичиребиз. Аларда силер үчүн көптөгөн пайдалар бар жана силер алардын айрымдарын жейсиӊер.
  • وَ عَلَیۡہَا وَ عَلَی الۡفُلۡکِ تُحۡمَلُوۡنَ ﴿٪۲۳﴾
    23 : 23 Аларга да, кемелерге да силер миндирилесиӊер.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا نُوۡحًا اِلٰی قَوۡمِہٖ فَقَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ اَفَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    23 : 24 Албетте, Биз Нухту анын коомуна жөнөттүк, ошондо ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла; силер үчүн Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Эмне, такыба болбойсуӊарбы?»
  • فَقَالَ الۡمَلَؤُا الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ قَوۡمِہٖ مَا ہٰذَاۤ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُکُمۡ ۙ یُرِیۡدُ اَنۡ یَّتَفَضَّلَ عَلَیۡکُمۡ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ لَاَنۡزَلَ مَلٰٓئِکَۃً ۚۖ مَّا سَمِعۡنَا بِہٰذَا فِیۡۤ اٰبَآئِنَا الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ۚ۲۵﴾
    23 : 25 Анан, анын коомунун каапыр болгон башчылары айтышты: «Бул болгону силерге окшогон бир адам; ал силерден өйдө болуп калмакчы. Эгер Алла каалаганда, периштелерди түшүргөн болоор эле. Биз илгерки ата-бабаларыбыз тууралуу ушундай уккан эмеспиз.
  • اِنۡ ہُوَ اِلَّا رَجُلٌۢ بِہٖ جِنَّۃٌ فَتَرَبَّصُوۡا بِہٖ حَتّٰی حِیۡنٍ ﴿۲۶﴾
    23 : 26 Ал бир жинди болгон адам гана. Ошентип, анын (акыбети) тууралуу бир аз күткүлө».
  • قَالَ رَبِّ انۡصُرۡنِیۡ بِمَا کَذَّبُوۡنِ ﴿۲۷﴾
    23 : 27 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мага жардам кылгын, анткени алар мени жалганчыга чыгарышты».
  • فَاَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡہِ اَنِ اصۡنَعِ الۡفُلۡکَ بِاَعۡیُنِنَا وَ وَحۡیِنَا فَاِذَا جَآءَ اَمۡرُنَا وَ فَارَ التَّنُّوۡرُ ۙ فَاسۡلُکۡ فِیۡہَا مِنۡ کُلٍّ زَوۡجَیۡنِ اثۡنَیۡنِ وَ اَہۡلَکَ اِلَّا مَنۡ سَبَقَ عَلَیۡہِ الۡقَوۡلُ مِنۡہُمۡ ۚ وَ لَا تُخَاطِبۡنِیۡ فِی الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا ۚ اِنَّہُمۡ مُّغۡرَقُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    23 : 28 Анан Биз ага вахий-аян кылдык: «Биздин көздөрүбүздүн алдында жана вахий-аяныбызга карата бир кеме жаса; анан Биздин буйругубуз келип, (жер) жанарлары атылып чыкканда, ал (кеме)ге ар бир (керектүү жаныбар)дан бирден жуп жана үй-бүлөӊдү дагы, алардан Биздин өкүмүбүз важиб болгондордон башкаларды чыгарып ал; жана зулумдук кылгандар туурасында Мага эч сүйлөбө, албетте, алар чөктүрүлүүчүлөр.
  • فَاِذَا اسۡتَوَیۡتَ اَنۡتَ وَ مَنۡ مَّعَکَ عَلَی الۡفُلۡکِ فَقُلِ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ نَجّٰنَا مِنَ الۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۲۹﴾
    23 : 29 Ошентип, сен жана сени менен бирге болгондор кемеге жайгашканда, айт: «Баардык мактоолор бизди заалим коомдон куткарган Алла үчүн».
  • وَ قُلۡ رَّبِّ اَنۡزِلۡنِیۡ مُنۡزَلًا مُّبٰرَکًا وَّ اَنۡتَ خَیۡرُ الۡمُنۡزِلِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    23 : 30 Жана айт: «Эй, Раббим! Мени түшө турган бир куттуу жайга түшүргүн, Сен түшүрүүчүлөрдүн эӊ жакшысысыӊ».
  • اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ وَّ اِنۡ کُنَّا لَمُبۡتَلِیۡنَ ﴿۳۱﴾
    23 : 31 Албетте, мында чоӊ-чоӊ аят-белгилер бар. Биз баары бир сыноочу элек.
  • ثُمَّ اَنۡشَاۡنَا مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ قَرۡنًا اٰخَرِیۡنَ ﴿ۚ۳۲﴾
    23 : 32 Анан Биз алардан кийин башка доор адамдарын жараттык.
  • فَاَرۡسَلۡنَا فِیۡہِمۡ رَسُوۡلًا مِّنۡہُمۡ اَنِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ اَفَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿٪۳۳﴾
    23 : 33 Анан Биз аларга дагы алардын өздөрүнөн бир пайгамбар жөнөттүк. (Ал мындай дээр эле): «Аллага ибадат кылгыла; силер үчүн Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Демек, такыба болбойсуӊарбы?»
  • وَ قَالَ الۡمَلَاُ مِنۡ قَوۡمِہِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ کَذَّبُوۡا بِلِقَآءِ الۡاٰخِرَۃِ وَ اَتۡرَفۡنٰہُمۡ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۙ مَا ہٰذَاۤ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُکُمۡ ۙ یَاۡکُلُ مِمَّا تَاۡکُلُوۡنَ مِنۡہُ وَ یَشۡرَبُ مِمَّا تَشۡرَبُوۡنَ ﴿۪ۙ۳۴﴾
    23 : 34 Анын коомунун каапыр болгон жана акыреттеги жолугушууну четке каккан башчылары, Биз дүйнөлүк жашоодо аларга тартуулаган молчулугубузга карабастан айтышты: «Бул болгону силерге окшогон адам; ал дагы силер жей турган нерселерден жейт жана силер иче турган нерселерден ичет.
  • وَ لَئِنۡ اَطَعۡتُمۡ بَشَرًا مِّثۡلَکُمۡ اِنَّکُمۡ اِذًا لَّخٰسِرُوۡنَ ﴿ۙ۳۵﴾
    23 : 35 Эгер силер өзүӊөргө окшогон бир адамга баш ийсеӊер, анда албетте, силер абдан чоӊ зыян көрүүчүлөр болуп каласыӊар.
  • اَیَعِدُکُمۡ اَنَّکُمۡ اِذَا مِتُّمۡ وَ کُنۡتُمۡ تُرَابًا وَّ عِظَامًا اَنَّکُمۡ مُّخۡرَجُوۡنَ ﴿۪ۙ۳۶﴾
    23 : 36 Ал: «Силер өлүп, топурак жана сөөктөргө айланганыӊардан кийин чыгарыласыӊар», - деп силерди коркутуудабы?
  • ہَیۡہَاتَ ہَیۡہَاتَ لِمَا تُوۡعَدُوۡنَ ﴿۪ۙ۳۷﴾
    23 : 37 Силерге убада кылынып жаткан нерсе узак, абдан узак.
  • اِنۡ ہِیَ اِلَّا حَیَاتُنَا الدُّنۡیَا نَمُوۡتُ وَ نَحۡیَا وَ مَا نَحۡنُ بِمَبۡعُوۡثِیۡنَ ﴿۪ۙ۳۸﴾
    23 : 38 Биздин бул дүйнөдөгү жашообуздан бөлөк эч кандай жашоо жок. Биз өлөбүз жана жашайбыз. Биз такыр тургузулбайбыз.
  • اِنۡ ہُوَ اِلَّا رَجُلُ ۨ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا وَّ مَا نَحۡنُ لَہٗ بِمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۳۹﴾
    23 : 39 Бул болгону Аллага каршы жалган айткан бирөө. Биз ага ыйман келтирүүчүлөр эмеспиз».
  • قَالَ رَبِّ انۡصُرۡنِیۡ بِمَا کَذَّبُوۡنِ ﴿۴۰﴾
    23 : 40 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мага жардам кылгын, анткени алар мени жалганчыга чыгарышты».
  • قَالَ عَمَّا قَلِیۡلٍ لَّیُصۡبِحُنَّ نٰدِمِیۡنَ ﴿ۚ۴۱﴾
    23 : 41 Ал айтты: «Аз убакыттын ичинде алар албетте, бушайман болуп калышат».
  • فَاَخَذَتۡہُمُ الصَّیۡحَۃُ بِالۡحَقِّ فَجَعَلۡنٰہُمۡ غُثَآءً ۚ فَبُعۡدًا لِّلۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۴۲﴾
    23 : 42 Ошентип, аларды бир катуу үн чындык менен тутуп алды жана Биз аларды акыр-чикирге айландырып койдук. Ошентип, заалим коомго каргыш болсун!
  • ثُمَّ اَنۡشَاۡنَا مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ قُرُوۡنًا اٰخَرِیۡنَ ﴿ؕ۴۳﴾
    23 : 43 Анан Биз алардан кийин башка доор адамдарын жараттык.
  • مَا تَسۡبِقُ مِنۡ اُمَّۃٍ اَجَلَہَا وَ مَا یَسۡتَاۡخِرُوۡنَ ﴿ؕ۴۴﴾
    23 : 44 Эч бир үммөт-коом өзүнүн белгиленип коюлган мөөнөтүнөн алдыга да озуп кете албайт, аркада да кала албайт.
  • ثُمَّ اَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا تَتۡرَا ؕ کُلَّمَا جَآءَ اُمَّۃً رَّسُوۡلُہَا کَذَّبُوۡہُ فَاَتۡبَعۡنَا بَعۡضَہُمۡ بَعۡضًا وَّ جَعَلۡنٰہُمۡ اَحَادِیۡثَ ۚ فَبُعۡدًا لِّقَوۡمٍ لَّا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    23 : 45 Анан Биз пайгамбарларыбызды биринин артынан бирин жөнөттүк; ар качан кандайдыр бир коомго анын пайгамбары келгенде, алар аны жалганчыга чыгарышты; анан Биз алардын айрымдарын башка айрымдарынын аркасынан алып келдик. (Тактап айтканда жок кыла бердик). Ошентип, Биз аларды жомок-дастандарга айландырдык. Ошентип, ыйман келтирбей турган коомго каргыш болсун!
  • ثُمَّ اَرۡسَلۡنَا مُوۡسٰی وَ اَخَاہُ ہٰرُوۡنَ ۬ۙ بِاٰیٰتِنَا وَ سُلۡطٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۙ۴۶﴾
    23 : 46 Анан Биз Муса жана анын тууганы Хаарунду Өз аяттарыбыз жана ачык-айкын жеӊе турган далил менен жөнөттүк –
  • اِلٰی فِرۡعَوۡنَ وَ مَلَا۠ئِہٖ فَاسۡتَکۡبَرُوۡا وَ کَانُوۡا قَوۡمًا عَالِیۡنَ ﴿ۚ۴۷﴾
    23 : 47 Фараон жана анын башчыларына. Бирок алар текеберлик кылышты. Алар бир бой көтөргөн коом болчу.
  • فَقَالُوۡۤا اَنُؤۡمِنُ لِبَشَرَیۡنِ مِثۡلِنَا وَ قَوۡمُہُمَا لَنَا عٰبِدُوۡنَ ﴿ۚ۴۸﴾
    23 : 48 Ошентип, алар айтышты: «Эмне, биз өзүбүзгө окшогон эки кишиге ыйман келтиребизби? Бул экөөнүн коому болсо, ал бизге кул».
  • فَکَذَّبُوۡہُمَا فَکَانُوۡا مِنَ الۡمُہۡلَکِیۡنَ ﴿۴۹﴾
    23 : 49 Ошентип, ал экөөсүн жалганчыга чыгарышты, өздөрү ойрондолуучулардан болуп калышты.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ لَعَلَّہُمۡ یَہۡتَدُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    23 : 50 Албетте, алар хидаят табуулары үчүн Биз Мусага Китеп тартуулаган элек.
  • وَ جَعَلۡنَا ابۡنَ مَرۡیَمَ وَ اُمَّہٗۤ اٰیَۃً وَّ اٰوَیۡنٰہُمَاۤ اِلٰی رَبۡوَۃٍ ذَاتِ قَرَارٍ وَّ مَعِیۡنٍ ﴿٪۵۱﴾
    23 : 51 Ошондой эле Биз Марям уулун жана анын энесин дагы бир аят-белги кылган элек. Биз ал экөөсүнө бейпил жана булактуу бир бийик жайдан паана бердик.
  • یٰۤاَیُّہَا الرُّسُلُ کُلُوۡا مِنَ الطَّیِّبٰتِ وَ اعۡمَلُوۡا صَالِحًا ؕ اِنِّیۡ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ عَلِیۡمٌ ﴿ؕ۵۲﴾
    23 : 52 Эй, пайгамбарлар! Таза нерселерден жегиле жана жакшы амалдарды кылгыла. Албетте, Мен кылып жаткан амалдарыӊарды дайыма билүүчүмүн.
  • وَ اِنَّ ہٰذِہٖۤ اُمَّتُکُمۡ اُمَّۃً وَّاحِدَۃً وَّ اَنَا رَبُّکُمۡ فَاتَّقُوۡنِ ﴿۵۳﴾
    23 : 53 Албетте, силердин бул үммөтүӊөр – жалгыз үммөт. Мен силердин Раббиӊермин. Ошондуктан, Менден корккула.
  • فَتَقَطَّعُوۡۤا اَمۡرَہُمۡ بَیۡنَہُمۡ زُبُرًا ؕ کُلُّ حِزۡبٍۭ بِمَا لَدَیۡہِمۡ فَرِحُوۡنَ ﴿۵۴﴾
    23 : 54 Анан алар өз ишин өз ара бөлөк-бөлөк кылып бөлүп алышты. Бардык тайпалар өздөрүндө бар нерсе менен мактана башташты.
  • فَذَرۡہُمۡ فِیۡ غَمۡرَتِہِمۡ حَتّٰی حِیۡنٍ ﴿۵۵﴾
    23 : 55 Ошентип, аларды өздөрүнүн наадандыгында бир аз мөөнөткө коюп кой.
  • اَیَحۡسَبُوۡنَ اَنَّمَا نُمِدُّہُمۡ بِہٖ مِنۡ مَّالٍ وَّ بَنِیۡنَ ﴿ۙ۵۶﴾
    23 : 56 Эмне, алар ушундай ойлошобу: Биз дүнүйө-мүлк жана балдар аркылуу аларга жардам берип келе жатабыз;
  • نُسَارِعُ لَہُمۡ فِی الۡخَیۡرٰتِ ؕ بَلۡ لَّا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۵۷﴾
    23 : 57 Тим эле (бул аркылуу) Биз аларды жакшылыктарга көбөйтүп жаткандайбыз? Жок, жок! Алар эч нерсени түшүнбөй жатышат.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ ہُمۡ مِّنۡ خَشۡیَۃِ رَبِّہِمۡ مُّشۡفِقُوۡنَ ﴿ۙ۵۸﴾
    23 : 58 Албетте, өз Раббисинин айбатынан корко тургандар;
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ بِاٰیٰتِ رَبِّہِمۡ یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿ۙ۵۹﴾
    23 : 59 Жана өз Раббисинин аяттарына ыйман келтире тургандар;
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ بِرَبِّہِمۡ لَا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿ۙ۶۰﴾
    23 : 60 Жана өз Раббисине (башкаларды) шерик кылбай тургандар;
  • وَ الَّذِیۡنَ یُؤۡتُوۡنَ مَاۤ اٰتَوۡا وَّ قُلُوۡبُہُمۡ وَجِلَۃٌ اَنَّہُمۡ اِلٰی رَبِّہِمۡ رٰجِعُوۡنَ ﴿ۙ۶۱﴾
    23 : 61 Жана ар бир бере турган нерсени: «Биз албетте, өз Раббибиздин алдына кайтуучубуз», - деп жүрөктөрү корккон бойдон сарптай тургандар –
  • اُولٰٓئِکَ یُسٰرِعُوۡنَ فِی الۡخَیۡرٰتِ وَ ہُمۡ لَہَا سٰبِقُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    23 : 62 Мына ошолор жакшылыктарда ылдам кадам таштоодо, алар анда (башкалардан) озуп кетүүчүлөр.
  • وَ لَا نُکَلِّفُ نَفۡسًا اِلَّا وُسۡعَہَا وَ لَدَیۡنَا کِتٰبٌ یَّنۡطِقُ بِالۡحَقِّ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    23 : 63 Биз эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн артык нерсени жүктөбөйбүз. Бизде акыйкатты сүйлөй турган бир Китеп бар. Аларга акысыздык кылынбайт.
  • بَلۡ قُلُوۡبُہُمۡ فِیۡ غَمۡرَۃٍ مِّنۡ ہٰذَا وَ لَہُمۡ اَعۡمَالٌ مِّنۡ دُوۡنِ ذٰلِکَ ہُمۡ لَہَا عٰمِلُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    23 : 64 Чынында, алардын жүрөктөрү андан кабарсыз. Алар кылып жаткан иштеринен башка (жаман) амалдары да бар.
  • حَتّٰۤی اِذَاۤ اَخَذۡنَا مُتۡرَفِیۡہِمۡ بِالۡعَذَابِ اِذَا ہُمۡ یَجۡـَٔرُوۡنَ ﴿ؕ۶۵﴾
    23 : 65 А түгүл Биз алардын жакшы жашай тургандарын азап менен кармаганыбызда, алар кокустан бакыра башташат.
  • لَا تَجۡـَٔرُوا الۡیَوۡمَ ۟ اِنَّکُمۡ مِّنَّا لَا تُنۡصَرُوۡنَ ﴿۶۶﴾
    23 : 66 «Бүгүн өкүрүк салбагыла! Биз тараптан силерге такыр жардам берилбейт.
  • قَدۡ کَانَتۡ اٰیٰتِیۡ تُتۡلٰی عَلَیۡکُمۡ فَکُنۡتُمۡ عَلٰۤی اَعۡقَابِکُمۡ تَنۡکِصُوۡنَ ﴿ۙ۶۷﴾
    23 : 67 Силерге Менин аяттарым окулчу эле, анда дагы силер аркага бурулуп кетээр элеӊер –
  • مُسۡتَکۡبِرِیۡنَ ٭ۖ بِہٖ سٰمِرًا تَہۡجُرُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    23 : 68 (Ага) текеберлик кылган бойдон. Түнкүсүн чогулуп, ал туурасында куру сөздөрдү сүйлөгөн элеӊер».
  • اَفَلَمۡ یَدَّبَّرُوا الۡقَوۡلَ اَمۡ جَآءَہُمۡ مَّا لَمۡ یَاۡتِ اٰبَآءَہُمُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۫۶۹﴾
    23 : 69 Демек, алар ушул Сөз (Куран)га көӊүл бурушкан жокпу? Же өтүп кеткен ата-бабаларына келбеген нерсе аларга келдиби?
  • اَمۡ لَمۡ یَعۡرِفُوۡا رَسُوۡلَہُمۡ فَہُمۡ لَہٗ مُنۡکِرُوۡنَ ﴿۫۷۰﴾
    23 : 70 Же алар өз Пайгамбарын таанышкан жокпу? Ушул себептен, алар аны четке кагыштыбы?
  • اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ بِہٖ جِنَّۃٌ ؕ بَلۡ جَآءَہُمۡ بِالۡحَقِّ وَ اَکۡثَرُہُمۡ لِلۡحَقِّ کٰرِہُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    23 : 71 Же алар: «Бул жинди болуп калды», - дештиби? (Жок!) Тескерисинче, ал аларга акыйкатты алып келди. Алардын көпчүлүгү болсо акыйкатты жактыруучу эмес.
  • وَ لَوِ اتَّبَعَ الۡحَقُّ اَہۡوَآءَہُمۡ لَفَسَدَتِ السَّمٰوٰتُ وَ الۡاَرۡضُ وَ مَنۡ فِیۡہِنَّ ؕ بَلۡ اَتَیۡنٰہُمۡ بِذِکۡرِہِمۡ فَہُمۡ عَنۡ ذِکۡرِہِمۡ مُّعۡرِضُوۡنَ ﴿ؕ۷۲﴾
    23 : 72 Эгер акыйкат алардын жеӊил напсилерин ээрчигенде, анда асмандар менен жер жана алардагы баардык нерселер сөзсүз бузулуп кетмек. Чынында, Биз алардын зикирин өздөрүнө алып келдик, алар болсо өздөрүнүн зикиринен дагы жүз бурууда.
  • اَمۡ تَسۡـَٔلُہُمۡ خَرۡجًا فَخَرَاجُ رَبِّکَ خَیۡرٌ ٭ۖ وَّ ہُوَ خَیۡرُ الرّٰزِقِیۡنَ ﴿۷۳﴾
    23 : 73 Сен алардан кандайдыр бир сыйлыкты сурап жатасыӊбы? Демек, Раббиӊ тартуулаган нерсе жакшыраак экенин жана Ал (Алла) ырыскы берүүчүлөрдүн эӊ жакшысы экенин алар эсте тутуулары керек.
  • وَ اِنَّکَ لَتَدۡعُوۡہُمۡ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۷۴﴾
    23 : 74 Албетте, сен аларды туура жолго чакыруудасыӊ.
  • وَ اِنَّ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ عَنِ الصِّرَاطِ لَنٰکِبُوۡنَ ﴿۷۵﴾
    23 : 75 Албетте, акыретке ыйман келтирбей тургандар туура жолдон адашып кетүүчүлөр.
  • وَ لَوۡ رَحِمۡنٰہُمۡ وَ کَشَفۡنَا مَا بِہِمۡ مِّنۡ ضُرٍّ لَّلَجُّوۡا فِیۡ طُغۡیَانِہِمۡ یَعۡمَہُوۡنَ ﴿۷۶﴾
    23 : 76 Эгер Биз аларга ырайым кылганыбызда жана аларга жеткен балээни алып таштаганыбызда, алар албетте, өздөрүнүн кекейгендигинде каӊгып жүрмөк.
  • وَ لَقَدۡ اَخَذۡنٰہُمۡ بِالۡعَذَابِ فَمَا اسۡتَکَانُوۡا لِرَبِّہِمۡ وَ مَا یَتَضَرَّعُوۡنَ ﴿۷۷﴾
    23 : 77 Албетте, Биз аларды азап менен тутуп алдык. Анан алар Раббисинин алдында таазим да кылышпады, тобо кылып да жалбарышпады.
  • حَتّٰۤی اِذَا فَتَحۡنَا عَلَیۡہِمۡ بَابًا ذَا عَذَابٍ شَدِیۡدٍ اِذَا ہُمۡ فِیۡہِ مُبۡلِسُوۡنَ ﴿٪۷۸﴾
    23 : 78 А түгүл Биз катуу азаптын дарбазасын аларга ачканыбызда, алар кокустан анын ичинде бүтүндөй үмүтсүз болуп калышты.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡشَاَ لَکُمُ السَّمۡعَ وَ الۡاَبۡصَارَ وَ الۡاَفۡـِٕدَۃَ ؕ قَلِیۡلًا مَّا تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۷۹﴾
    23 : 79 Ал (Алла) гана силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү жараткан. Силер абдан аз шүкүр кыласыӊар.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ ذَرَاَکُمۡ فِی الۡاَرۡضِ وَ اِلَیۡہِ تُحۡشَرُوۡنَ ﴿۸۰﴾
    23 : 80 Ал (Алла) гана силерди жерде таркаткан. Ага гана чогуласыӊар.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ وَ لَہُ اخۡتِلَافُ الَّیۡلِ وَ النَّہَارِ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۸۱﴾
    23 : 81 Ал (Алла) гана жашоо берет жана өлтүрөт; ошондой эле түн менен күндүн алмашып турушу дагы Анын колунда. Демек, акылды иштетпейсиӊерби?
  • بَلۡ قَالُوۡا مِثۡلَ مَا قَالَ الۡاَوَّلُوۡنَ ﴿۸۲﴾
    23 : 82 Жок, алар дагы кудум мурунку адамдар айткан нерсени айтышты.
  • قَالُوۡۤا ءَ اِذَا مِتۡنَا وَ کُنَّا تُرَابًا وَّ عِظَامًا ءَ اِنَّا لَمَبۡعُوۡثُوۡنَ ﴿۸۳﴾
    23 : 83 Алар мындай айтышаар эле: «Биз өлүп, топурак жана сөөктөргө айланып калганыбызда дагы, албетте, тургузулабызбы?
  • لَقَدۡ وُعِدۡنَا نَحۡنُ وَ اٰبَآؤُنَا ہٰذَا مِنۡ قَبۡلُ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّاۤ اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۸۴﴾
    23 : 84 Албетте, бизге да, биздин ата-бабаларыбызга да, мындан мурун кудум ушул нерсе убада кылынган эле. Бул илгеркилердин табышмактарынан бөлөк эч нерсе эмес».
  • قُلۡ لِّمَنِ الۡاَرۡضُ وَ مَنۡ فِیۡہَاۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۸۵﴾
    23 : 85 Сурагын: «Жер жана андагы бар нерселер кимдики? Эгер билсеӊер (айткылачы?)»
  • سَیَقُوۡلُوۡنَ لِلّٰہِ ؕ قُلۡ اَفَلَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۸۶﴾
    23 : 86 Алар: «Алланыкы!» - дешет. Айткын: «Анда насыйкат албайсыӊарбы?»
  • قُلۡ مَنۡ رَّبُّ السَّمٰوٰتِ السَّبۡعِ وَ رَبُّ الۡعَرۡشِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۸۷﴾
    23 : 87 Сурагын: «Жети асмандын Раббиси жана бийик Арштын Раббиси ким?»
  • سَیَقُوۡلُوۡنَ لِلّٰہِ ؕ قُلۡ اَفَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۸۸﴾
    23 : 88 Алар: «(Булардын баары) Алланыкы», - дешет. Айткын: «Анда такыба болбойсуӊарбы?»
  • قُلۡ مَنۡۢ بِیَدِہٖ مَلَکُوۡتُ کُلِّ شَیۡءٍ وَّ ہُوَ یُجِیۡرُ وَ لَا یُجَارُ عَلَیۡہِ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۸۹﴾
    23 : 89 Сурагын: «Эгер билсеӊер, (айткылачы!) Баардык нерселердин падышачылыгы колунда болгон жана паана бере турган, бирок Өзүнө каршы паана берилбей турган Зат ким?»
  • سَیَقُوۡلُوۡنَ لِلّٰہِ ؕ قُلۡ فَاَنّٰی تُسۡحَرُوۡنَ ﴿۹۰﴾
    23 : 90 Алар: «Алланыкы», - дешет. Сурагын: «Анда силер каякка адаштырылмактасыӊар?»
  • بَلۡ اَتَیۡنٰہُمۡ بِالۡحَقِّ وَ اِنَّہُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿۹۱﴾
    23 : 91 Чынында, Биз аларга акыйкатты алып келдик. Алар албетте, жалганчылар.
  • مَا اتَّخَذَ اللّٰہُ مِنۡ وَّلَدٍ وَّ مَا کَانَ مَعَہٗ مِنۡ اِلٰہٍ اِذًا لَّذَہَبَ کُلُّ اِلٰہٍۭ بِمَا خَلَقَ وَ لَعَلَا بَعۡضُہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ ؕ سُبۡحٰنَ اللّٰہِ عَمَّا یَصِفُوۡنَ ﴿ۙ۹۲﴾
    23 : 92 Алла уул туткан эмес жана Ал (Алла) менен бирге башка кудай да жок. Эгер ушундай болгондо, ар бир кудай өзү жараткан нерселерди алып, албетте, өзүнчө бөлүнүп кетмек жана айрымдары-айрымдарына албетте, баскынчылык кылмак. Алла алар баяндап жаткан нерселерден таза.
  • عٰلِمِ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ فَتَعٰلٰی عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿٪۹۳﴾
    23 : 93 Ал жашыруун жана ашкерени билүүчү (Алла). Ал алар кошуп жаткан шериктерден абдан жогору.
  • قُلۡ رَّبِّ اِمَّا تُرِیَنِّیۡ مَا یُوۡعَدُوۡنَ ﴿ۙ۹۴﴾
    23 : 94 Айткын: «Эй, Раббим! Эгер Сен алар кулактандырылып жаткан нерселерди мага дагы көрсөтө турган болсоӊ, (анда бул – бир өтүнүч).
  • رَبِّ فَلَا تَجۡعَلۡنِیۡ فِی الۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۹۵﴾
    23 : 95 Эй, Раббим! Ошентип, мени заалим коомдон кылбагын».
  • وَ اِنَّا عَلٰۤی اَنۡ نُّرِیَکَ مَا نَعِدُہُمۡ لَقٰدِرُوۡنَ ﴿۹۶﴾
    23 : 96 Албетте, Биз аларды кулактандырып жаткан нерселерди сага көрсөтүүгө сөзсүз кудуретибиз жетет.
  • اِدۡفَعۡ بِالَّتِیۡ ہِیَ اَحۡسَنُ السَّیِّئَۃَ ؕ نَحۡنُ اَعۡلَمُ بِمَا یَصِفُوۡنَ ﴿۹۷﴾
    23 : 97 Сен эӊ сонун (жол) менен жамандыкты кетир. Алар айтып жаткан кептерди Биз эӊ жакшы билебиз.
  • وَ قُلۡ رَّبِّ اَعُوۡذُ بِکَ مِنۡ ہَمَزٰتِ الشَّیٰطِیۡنِ ﴿ۙ۹۸﴾
    23 : 98 Айт: «Эй, Раббим! Мен шайтандардын азгырыктарынан Сенин паанаӊды сураймын».
  • وَ اَعُوۡذُ بِکَ رَبِّ اَنۡ یَّحۡضُرُوۡنِ ﴿۹۹﴾
    23 : 99 Жана айт: «Эй, Раббим! Алар мага жакын келбестиктери үчүн дагы мен Сенин паанаӊды сураймын!»
  • حَتّٰۤی اِذَا جَآءَ اَحَدَہُمُ الۡمَوۡتُ قَالَ رَبِّ ارۡجِعُوۡنِ ﴿ۙ۱۰۰﴾
    23 : 100 А түгүл алардын бирине өлүм келгенде, ал айтат: «Эй, Раббим! Мени кайтарып жибер.
  • لَعَلِّیۡۤ اَعۡمَلُ صَالِحًا فِیۡمَا تَرَکۡتُ کَلَّا ؕ اِنَّہَا کَلِمَۃٌ ہُوَ قَآئِلُہَا ؕ وَ مِنۡ وَّرَآئِہِمۡ بَرۡزَخٌ اِلٰی یَوۡمِ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿۱۰۱﴾
    23 : 101 Ыктымал, мен таштап келген (дүйнөдө) жакшы иштерди кылаармын». Эч качан! Ал айтып жатканы болгону бир кеп. Алардын артында алар тургузула турган күнгө чейин бир тоскоолдук болот.
  • فَاِذَا نُفِخَ فِی الصُّوۡرِ فَلَاۤ اَنۡسَابَ بَیۡنَہُمۡ یَوۡمَئِذٍ وَّ لَا یَتَسَآءَلُوۡنَ ﴿۱۰۲﴾
    23 : 102 Анан сурнай чалынганда, ошол күнү алардын арасында эч кандай байланыш жиби калбайт жана алар бири-бирине суроо да бере алышпайт.
  • فَمَنۡ ثَقُلَتۡ مَوَازِیۡنُہٗ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    23 : 103 Ошондо (амал) таразалары оор болгондор – мына ошолор ийгиликке жетишүүчүлөр.
  • وَ مَنۡ خَفَّتۡ مَوَازِیۡنُہٗ فَاُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ خَسِرُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ فِیۡ جَہَنَّمَ خٰلِدُوۡنَ ﴿۱۰۴﴾ۚ
    23 : 104 Жана (амал) таразалары жеӊил болгондор – мына ошолор өздөрүө-здөрүнө зыян жеткиргендер; алар тозокто узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • تَلۡفَحُ وُجُوۡہَہُمُ النَّارُ وَ ہُمۡ فِیۡہَا کٰلِحُوۡنَ ﴿۱۰۵﴾
    23 : 105 От алардын жүздөрүн күйдүрөт жана алар анын ичинде жүзү кара болуп калат.
  • اَلَمۡ تَکُنۡ اٰیٰتِیۡ تُتۡلٰی عَلَیۡکُمۡ فَکُنۡتُمۡ بِہَا تُکَذِّبُوۡنَ ﴿۱۰۶﴾
    23 : 106 «Силерге Менин аяттарым окулбайт беле? Ошондо, силер аларды жалганга чыгараар элеӊер», - (деп айтылат).
  • قَالُوۡا رَبَّنَا غَلَبَتۡ عَلَیۡنَا شِقۡوَتُنَا وَ کُنَّا قَوۡمًا ضَآلِّیۡنَ ﴿۱۰۷﴾
    23 : 107 Алар айтышат: «Эй, Раббибиз! Бактысыздыгыбыз бизди жеӊип кетти. Биз адашкан коом элек.
  • رَبَّنَاۤ اَخۡرِجۡنَا مِنۡہَا فَاِنۡ عُدۡنَا فَاِنَّا ظٰلِمُوۡنَ ﴿۱۰۸﴾
    23 : 108 Эй, Раббибиз! Бизди мындан чыгаргын. Эгер биз дагы ушундай кылсак, анда албетте, биз зулумдук кылуучулар болобуз».
  • قَالَ اخۡسَـُٔوۡا فِیۡہَا وَ لَا تُکَلِّمُوۡنِ ﴿۱۰۹﴾
    23 : 109 Ал айтат: «Жоголгула анын ичине жана Мага сөз катпагыла!
  • اِنَّہٗ کَانَ فَرِیۡقٌ مِّنۡ عِبَادِیۡ یَقُوۡلُوۡنَ رَبَّنَاۤ اٰمَنَّا فَاغۡفِرۡ لَنَا وَ ارۡحَمۡنَا وَ اَنۡتَ خَیۡرُ الرّٰحِمِیۡنَ ﴿۱۱۰﴾ۚۖ
    23 : 110 Албетте, пенделеримдин арасында ушундай бир тайпа бар эле, алар: «Эй, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик; ошондуктан, бизди кечиргин жана бизге ырайым кылгын; Сен ырайым кылуучулардын эӊ жакшысысыӊ!» - дешчү.
  • فَاتَّخَذۡتُمُوۡہُمۡ سِخۡرِیًّا حَتّٰۤی اَنۡسَوۡکُمۡ ذِکۡرِیۡ وَ کُنۡتُمۡ مِّنۡہُمۡ تَضۡحَکُوۡنَ ﴿۱۱۱﴾
    23 : 111 Анан силер аларды маскара кылдыӊар, а түгүл алар силерди Мени эскерүүмөн кабарсыз кылышты; а силер алардын үстүнөн күлүп турдуӊар.
  • اِنِّیۡ جَزَیۡتُہُمُ الۡیَوۡمَ بِمَا صَبَرُوۡۤا ۙ اَنَّہُمۡ ہُمُ الۡفَآئِزُوۡنَ ﴿۱۱۲﴾
    23 : 112 Албетте, бүгүн Мен аларга сабыр кылгандыктары үчүн ушул сыйлыкты бердим: албетте, алар гана ийгилик табуучулар».
  • قٰلَ کَمۡ لَبِثۡتُمۡ فِی الۡاَرۡضِ عَدَدَ سِنِیۡنَ ﴿۱۱۳﴾
    23 : 113 Ал алардан: «Силер жерде канча жыл турдуӊар?» - деп сурайт.
  • قَالُوۡا لَبِثۡنَا یَوۡمًا اَوۡ بَعۡضَ یَوۡمٍ فَسۡـَٔلِ الۡعَآدِّیۡنَ ﴿۱۱۴﴾
    23 : 114 Алар айтышат: «Биз бир күн же күндүн бир бөлүгүнчө турдук. Демек, эсептөөчүлөрдөн сурагын».
  • قٰلَ اِنۡ لَّبِثۡتُمۡ اِلَّا قَلِیۡلًا لَّوۡ اَنَّکُمۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۱۵﴾
    23 : 115 Ал айтат: «Силер абдан аз убакыт турдуӊар! Эгер билгениӊерде, (жакшы болмок)».
  • اَفَحَسِبۡتُمۡ اَنَّمَا خَلَقۡنٰکُمۡ عَبَثًا وَّ اَنَّکُمۡ اِلَیۡنَا لَا تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۱۱۶﴾
    23 : 116 Негизи, силер: «Биз силерди жөн эле жараттык жана силер Бизге такыр кайтарылбайсыӊар?» - (деп) ойлодуӊарбы?
  • فَتَعٰلَی اللّٰہُ الۡمَلِکُ الۡحَقُّ ۚ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ رَبُّ الۡعَرۡشِ الۡکَرِیۡمِ ﴿۱۱۷﴾
    23 : 117 Чыныгы Падыша – Алла абдан жогорку мартабалуу; Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Ардактуу Арштын Кожосу.
  • وَ مَنۡ یَّدۡعُ مَعَ اللّٰہِ اِلٰـہًا اٰخَرَ ۙ لَا بُرۡہَانَ لَہٗ بِہٖ ۙ فَاِنَّمَا حِسَابُہٗ عِنۡدَ رَبِّہٖ ؕ اِنَّہٗ لَا یُفۡلِحُ الۡکٰفِرُوۡنَ ﴿۱۱۸﴾
    23 : 118 Ким өзүндө эч кандай далил болбогон бойдон Алланы коюп, ордуна башка кудайга жалбарса, албетте, анын эсеп-кысабы Раббисинин алдында. Албетте, каапырлар ийгиликке жетишпейт.
  • وَ قُلۡ رَّبِّ اغۡفِرۡ وَ ارۡحَمۡ وَ اَنۡتَ خَیۡرُ الرّٰحِمِیۡنَ ﴿٪۱۱۹﴾
    23 : 119 Айткын: «Эй, Раббим! Кечир жана ырайым кыл; Сен ырайым кылуучулардын эӊ жакшысысыӊ!»
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via