Курани карим Ал-Му′мин • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

المؤمن

Ал-Му′мин

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    40 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • حٰمٓ ۚ﴿۲﴾
    40 : 2 Хамийдун Мажийдун: мактоолор ээси, улуу даражалуу.
  • تَنۡزِیۡلُ الۡکِتٰبِ مِنَ اللّٰہِ الۡعَزِیۡزِ الۡعَلِیۡمِ ۙ﴿۳﴾
    40 : 3 Ушул Китептин түшүрүлүшү эӊ жеӊүүчү (жана) эӊ билүүчү Алла тарабынан.
  • غَافِرِ الذَّنۡۢبِ وَ قَابِلِ التَّوۡبِ شَدِیۡدِ الۡعِقَابِ ۙ ذِی الطَّوۡلِ ؕ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ؕ اِلَیۡہِ الۡمَصِیۡرُ ﴿۴﴾
    40 : 4 Ал күнөөлөрдү кечирүүчү жана тобону кабыл кылуучу, ошондой эле тутууда катуу жана молчулук менен айкөлдүктүн ээси; Андан башка эч кандай кудай жок; Анын Өзүнө гана кайтыш бар.
  • مَا یُجَادِلُ فِیۡۤ اٰیٰتِ اللّٰہِ اِلَّا الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فَلَا یَغۡرُرۡکَ تَقَلُّبُہُمۡ فِی الۡبِلَادِ ﴿۵﴾
    40 : 5 Каапыр болгондордон башка эч ким Алланын аят-белгилери тууралуу талашып-тартышпайт. Ошентип, алардын мамлекетте эркин жүрүп-туруштары сени алдап койбосун.
  • کَذَّبَتۡ قَبۡلَہُمۡ قَوۡمُ نُوۡحٍ وَّ الۡاَحۡزَابُ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ ۪ وَ ہَمَّتۡ کُلُّ اُمَّۃٍۭ بِرَسُوۡلِہِمۡ لِیَاۡخُذُوۡہُ وَ جٰدَلُوۡا بِالۡبَاطِلِ لِیُدۡحِضُوۡا بِہِ الۡحَقَّ فَاَخَذۡتُہُمۡ ۟ فَکَیۡفَ کَانَ عِقَابِ ﴿۶﴾
    40 : 6 Алардан илгери Нух коому дагы (пайгамбарларды) жалганчыга чыгарган эле жана алардан кийин түрдүү тайпалар дагы. Ар бир коом өзүнүн пайгамбары тууралуу, аны тутуп алууга бекем ниет кылган эле. Алар жалган менен, анын жардамында чындыкты калпка чыгаруу үчүн талашып-тартышты. Ошондо Мен аларды кармап алдым. Демек, (карагыла), Менин жазам кандай болду?!»
  • وَ کَذٰلِکَ حَقَّتۡ کَلِمَتُ رَبِّکَ عَلَی الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اَنَّہُمۡ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۘ﴿ؔ۷﴾
    40 : 7 Жана мына ушундай Раббиӊдин мына ушул буйругу каапыр болгондорго каршы албетте, чындык болуп чыкты: «Алар отко кирүүчүлөр».
  • اَلَّذِیۡنَ یَحۡمِلُوۡنَ الۡعَرۡشَ وَ مَنۡ حَوۡلَہٗ یُسَبِّحُوۡنَ بِحَمۡدِ رَبِّہِمۡ وَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِہٖ وَ یَسۡتَغۡفِرُوۡنَ لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ۚ رَبَّنَا وَسِعۡتَ کُلَّ شَیۡءٍ رَّحۡمَۃً وَّ عِلۡمًا فَاغۡفِرۡ لِلَّذِیۡنَ تَابُوۡا وَ اتَّبَعُوۡا سَبِیۡلَکَ وَ قِہِمۡ عَذَابَ الۡجَحِیۡمِ ﴿۸﴾
    40 : 8 Аршты көтөрүп тургандар жана анын айланасында болгондор өздөрүнүн Раббисине Анын мактоолору менен тасбийх айтышат, Ага ыйман келтиришет жана ыйман келтиргендер үчүн кечирим сурашат: «Эй, Раббибиз! Сен бардык нерселерди рахмат жана илим менен курчап турасыӊ. Ошентип, тобо кылган жана Сенин жолуӊду ээрчигендерди кечиргин жана аларды тозок азабынан сактагын.
  • رَبَّنَا وَ اَدۡخِلۡہُمۡ جَنّٰتِ عَدۡنِ ۣالَّتِیۡ وَعَدۡتَّہُمۡ وَ مَنۡ صَلَحَ مِنۡ اٰبَآئِہِمۡ وَ اَزۡوَاجِہِمۡ وَ ذُرِّیّٰتِہِمۡ ؕ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ۙ﴿۹﴾
    40 : 9 Эй, Раббибиз! Аларды Өзүӊ аларга убада кылган түбөлүк бейиштерге киргизгин жана алардын ата-бабалары, алардын жолдоштору жана алардын тукумдарынан жакшы амал кылгандарды дагы. Албетте, Сенин Өзүӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) өтө даанышмансыӊ.
  • وَ قِہِمُ السَّیِّاٰتِ ؕ وَ مَنۡ تَقِ السَّیِّاٰتِ یَوۡمَئِذٍ فَقَدۡ رَحِمۡتَہٗ ؕ وَ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ٪﴿۱۰﴾
    40 : 10 Жана аларды жамандыктардан сактагын; Сен ошол күнү кимди жамандыктар(дын натыйжалары)нан асырасаӊ, албетте, ага абдан (чоӊ) ырайым кылган болосуӊ. Мына ушунун өзү абдан үлкөн ийгилик».
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا یُنَادَوۡنَ لَمَقۡتُ اللّٰہِ اَکۡبَرُ مِنۡ مَّقۡتِکُمۡ اَنۡفُسَکُمۡ اِذۡ تُدۡعَوۡنَ اِلَی الۡاِیۡمَانِ فَتَکۡفُرُوۡنَ ﴿۱۱﴾
    40 : 11 Албетте, каапырларга үн салынат: «Алланын нааразылыгы силердин өз ара нааразылыктарыӊардын каршысында чоӊураак эле. Силер ыйманга чакырылганыӊарда да четке кагаар элеӊер».
  • قَالُوۡا رَبَّنَاۤ اَمَتَّنَا اثۡنَتَیۡنِ وَ اَحۡیَیۡتَنَا اثۡنَتَیۡنِ فَاعۡتَرَفۡنَا بِذُنُوۡبِنَا فَہَلۡ اِلٰی خُرُوۡجٍ مِّنۡ سَبِیۡلٍ ﴿۱۲﴾
    40 : 12 Алар айтышат: «Эй, Раббибиз! Сен бизди эки жолу өлтүрдүӊ жана эки мертебе тирилттиӊ. Ошентип, биз өз күнөөлөрүбүздү моюнубузга алдык. Эми (мындан кутулуп) чыгуунун кандайдыр бир жолу барбы?»
  • ذٰلِکُمۡ بِاَنَّہٗۤ اِذَا دُعِیَ اللّٰہُ وَحۡدَہٗ کَفَرۡتُمۡ ۚ وَ اِنۡ یُّشۡرَکۡ بِہٖ تُؤۡمِنُوۡا ؕ فَالۡحُکۡمُ لِلّٰہِ الۡعَلِیِّ الۡکَبِیۡرِ ﴿۱۳﴾
    40 : 13 Силердин мына бул ахвалыӊарга себеп: ар жолу жалгыз Аллага кайрылганда, силер Аны четке кагып коёр элеӊер, ал эми Ага (башкалар) теӊештирилгенде, силер (аларга) ыйман келтирээр элеӊер. Ошентип, өкүм кылуу эӊ жогорку (жана) эӊ бийик Алланын ыктыярында.
  • ہُوَ الَّذِیۡ یُرِیۡکُمۡ اٰیٰتِہٖ وَ یُنَزِّلُ لَکُمۡ مِّنَ السَّمَآءِ رِزۡقًا ؕ وَ مَا یَتَذَکَّرُ اِلَّا مَنۡ یُّنِیۡبُ ﴿۱۴﴾
    40 : 14 Ал (Алла) гана силерге аят-жышаандарын көрсөтөт жана асмандан силерге ырыскы түшүрөт. Ийиле турган кишиден бөлөк эч ким насаат албайт.
  • فَادۡعُوا اللّٰہَ مُخۡلِصِیۡنَ لَہُ الدِّیۡنَ وَ لَوۡ کَرِہَ الۡکٰفِرُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    40 : 15 Ошентип, Аллага, бой сунууну Ага гана таандык кылган бойдон жалбаргыла, мейли каапырлар жактырбаса да.
  • رَفِیۡعُ الدَّرَجٰتِ ذُو الۡعَرۡشِ ۚ یُلۡقِی الرُّوۡحَ مِنۡ اَمۡرِہٖ عَلٰی مَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖ لِیُنۡذِرَ یَوۡمَ التَّلَاقِ ﴿ۙ۱۶﴾
    40 : 16 Ал жогорку даражалуу Арштын ээси! Өзүнүн пенделеринин ичинен каалаганына, (ал пендеси) жолугуу күнүнөн кулактандыруу үчүн Өз амиринен Рухту түшүрөт.
  • یَوۡمَ ہُمۡ بٰرِزُوۡنَ ۬ۚ لَا یَخۡفٰی عَلَی اللّٰہِ مِنۡہُمۡ شَیۡءٌ ؕ لِمَنِ الۡمُلۡکُ الۡیَوۡمَ ؕ لِلّٰہِ الۡوَاحِدِ الۡقَہَّارِ ﴿۱۷﴾
    40 : 17 Алар чыгып кала турган күнү алардын ахвалынан бир нерсе да Аллага жашыруун болбойт. Бүгүн падышачылык кимдики? Жалгыз (жана) эӊ кудуреттүү Алланыкы.
  • اَلۡیَوۡمَ تُجۡزٰی کُلُّ نَفۡسٍۭ بِمَا کَسَبَتۡ ؕ لَا ظُلۡمَ الۡیَوۡمَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَرِیۡعُ الۡحِسَابِ ﴿۱۸﴾
    40 : 18 Бүгүн ар бир жанга жасаган амалына жараша акы берилет. Бүгүн эч кандай акысыздык кылынбайт! Албетте, Алла эсеп-кысап кылууда абдан тез.
  • وَ اَنۡذِرۡہُمۡ یَوۡمَ الۡاٰزِفَۃِ اِذِ الۡقُلُوۡبُ لَدَی الۡحَنَاجِرِ کٰظِمِیۡنَ ۬ؕ مَا لِلظّٰلِمِیۡنَ مِنۡ حَمِیۡمٍ وَّ لَا شَفِیۡعٍ یُّطَاعُ ﴿ؕ۱۹﴾
    40 : 19 Жана аларды жакындап келе жаткан жаза күнүнөн кулактандыр, ошондо кайгы жана кооптонуудан жүрөктөр алкымга чейин келип калат. Заалимдер үчүн эч бир ишеничтүү дос жана сөзү өтө турган бир да шапаатчы болбойт.
  • یَعۡلَمُ خَآئِنَۃَ الۡاَعۡیُنِ وَ مَا تُخۡفِی الصُّدُوۡرُ ﴿۲۰﴾
    40 : 20 Ал (Алла) көздөрдүн кыянатын да, көкүрөктөр жашыруун туткан нерселерди да билет.
  • وَ اللّٰہُ یَقۡضِیۡ بِالۡحَقِّ ؕ وَ الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖ لَا یَقۡضُوۡنَ بِشَیۡءٍ ؕ اِنَّ اللّٰہَ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡبَصِیۡرُ ﴿٪۲۱﴾
    40 : 21 Жана Алла чындык менен өкүм кылат. Алар Аны коюп, ордуна сыйынып жаткан нерселери болсо, эч нерсеге өкүм кыла алышпайт. Албетте, Алланын Өзү гана өтө угуучу (жана) тереӊ күзөтүүчү.
  • اَوَ لَمۡ یَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَیَنۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الَّذِیۡنَ کَانُوۡا مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ کَانُوۡا ہُمۡ اَشَدَّ مِنۡہُمۡ قُوَّۃً وَّ اٰثَارًا فِی الۡاَرۡضِ فَاَخَذَہُمُ اللّٰہُ بِذُنُوۡبِہِمۡ ؕ وَ مَا کَانَ لَہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ مِنۡ وَّاقٍ ﴿۲۲﴾
    40 : 22 Алар өздөрүнөн мурун өткөндөрдүн акыбети кандай болгонун көрүүлөрү үчүн жер кезип жүрүшкөн жокпу? Алар күч-кудуретте жана жерде из калтыруу жагынан булардан артыгыраак болушкан. Анан Алла аларды дагы жасаган күнөөлөрү үчүн тутуп алды. Аларды Алладан сактай турган эч ким жок болчу.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ کَانَتۡ تَّاۡتِیۡہِمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ فَکَفَرُوۡا فَاَخَذَہُمُ اللّٰہُ ؕ اِنَّہٗ قَوِیٌّ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۲۳﴾
    40 : 23 Буга себеп, алардын пайгамбарлары аларга ачык-айкын аяттар келтирип турушкан, бирок (буга карабастан) алар четке кагышты. Ошондуктан, Алла аларды тутуп алды. Албетте, Ал абдан күчтүү (жана) жазалоодо катуу.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا مُوۡسٰی بِاٰیٰتِنَا وَ سُلۡطٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۙ۲۴﴾
    40 : 24 Албетте, Биз Мусаны дагы Өз аят-жышаандарыбыз жана ачык-айкын жеӊе турган далил менен жөнөткөн элек –
  • اِلٰی فِرۡعَوۡنَ وَ ہَامٰنَ وَ قَارُوۡنَ فَقَالُوۡا سٰحِرٌ کَذَّابٌ ﴿۲۵﴾
    40 : 25 Фараон, Хаамаан жана Каарун тарапка. Ошондо алар айтышты: «Бул сыйкырчы (жана) өтө жалганчы!»
  • فَلَمَّا جَآءَہُمۡ بِالۡحَقِّ مِنۡ عِنۡدِنَا قَالُوا اقۡتُلُوۡۤا اَبۡنَآءَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَعَہٗ وَ اسۡتَحۡیُوۡا نِسَآءَہُمۡ ؕ وَ مَا کَیۡدُ الۡکٰفِرِیۡنَ اِلَّا فِیۡ ضَلٰلٍ ﴿۲۶﴾
    40 : 26 Ошентип, ал аларга Биздин алдыбыздан чындык менен келгенде, алар айтышты: «Аны менен бирге ыйман келтиргендердин уулдарын өлтүргүлө жана аялдарын тирүү калтыргыла». Каапырлардын айла-амалдары бекер кетет.
  • وَ قَالَ فِرۡعَوۡنُ ذَرُوۡنِیۡۤ اَقۡتُلۡ مُوۡسٰی وَ لۡیَدۡعُ رَبَّہٗ ۚ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اَنۡ یُّبَدِّلَ دِیۡنَکُمۡ اَوۡ اَنۡ یُّظۡہِرَ فِی الۡاَرۡضِ الۡفَسَادَ ﴿۲۷﴾
    40 : 27 Жана Фараон айтты: «Мени коё бергиле, мен Мусаны өлтүрөйүн жана ал өз Раббисине кайрылсынчы! Албетте, ал сиздердин диниӊиздерди өзгөртүп жиберүүсүнөн же жерде бүлүк салуусунан мен коркомун».
  • وَ قَالَ مُوۡسٰۤی اِنِّیۡ عُذۡتُ بِرَبِّیۡ وَ رَبِّکُمۡ مِّنۡ کُلِّ مُتَکَبِّرٍ لَّا یُؤۡمِنُ بِیَوۡمِ الۡحِسَابِ ﴿٪۲۸﴾
    40 : 28 Жана Муса айтты: «Албетте, мен эсеп-кысап күнүнө ыйман келтирбей турган ар кандай текеберден өз Раббим жана силердин Раббиӊердин паанасына киремин».
  • وَ قَالَ رَجُلٌ مُّؤۡمِنٌ ٭ۖ مِّنۡ اٰلِ فِرۡعَوۡنَ یَکۡتُمُ اِیۡمَانَہٗۤ اَتَقۡتُلُوۡنَ رَجُلًا اَنۡ یَّقُوۡلَ رَبِّیَ اللّٰہُ وَ قَدۡ جَآءَکُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ مِنۡ رَّبِّکُمۡ ؕ وَ اِنۡ یَّکُ کَاذِبًا فَعَلَیۡہِ کَذِبُہٗ ۚ وَ اِنۡ یَّکُ صَادِقًا یُّصِبۡکُمۡ بَعۡضُ الَّذِیۡ یَعِدُکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِیۡ مَنۡ ہُوَ مُسۡرِفٌ کَذَّابٌ ﴿۲۹﴾
    40 : 29 Жана Фараондун үй-бүлөсүнөн болгон, өз ыйманын жашыруун тутуп жүргөн бир момун киши айтты: «Силер бир кишини, анын: «Менин Раббим – Алла», - дегени үчүн гана өлтүрөсүӊөрбү? Ал силерге Раббиӊер тарабынан ачык-айкын аят-жышаандарды (дагы) келтирген. Эгер ал жалганчы болсо, албетте, анын жалганы өзүнүн мойнуна түшөт, эгер ал чынчыл болсо, анда ал силерди кулактандырып жаткан нерселердин айрымдары албетте, силерге тиет. Албетте, Алла чектен ашкан (жана) ашынган жалганчыга туура жол көрсөтпөйт.
  • یٰقَوۡمِ لَکُمُ الۡمُلۡکُ الۡیَوۡمَ ظٰہِرِیۡنَ فِی الۡاَرۡضِ ۫ فَمَنۡ یَّنۡصُرُنَا مِنۡۢ بَاۡسِ اللّٰہِ اِنۡ جَآءَنَا ؕ قَالَ فِرۡعَوۡنُ مَاۤ اُرِیۡکُمۡ اِلَّا مَاۤ اَرٰی وَ مَاۤ اَہۡدِیۡکُمۡ اِلَّا سَبِیۡلَ الرَّشَادِ ﴿۳۰﴾
    40 : 30 Эй, коомум! Бүгүн силер жерде жеӊүүчү болгон бойдон падышалык силердики. Бирок, ким бизди Алланын азабынан, эгер ал биздин үстүбүзгө түшө турган болсо, коргойт?» Фараон айтты: «Мен эмнени түшүнсөм, ошону силерге түшүндүрүүдөмүн. Мен силерди жалаӊ хидаят жолуна гана багыттаймын».
  • وَ قَالَ الَّذِیۡۤ اٰمَنَ یٰقَوۡمِ اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ مِّثۡلَ یَوۡمِ الۡاَحۡزَابِ ﴿ۙ۳۱﴾
    40 : 31 Жана ыйман келтирген киши айтты: «Эй, коомум! Албетте, мен силердин үстүӊөргө тайпалардын доору сыяктуу доордун келишинен коркомун –
  • مِثۡلَ دَاۡبِ قَوۡمِ نُوۡحٍ وَّ عَادٍ وَّ ثَمُوۡدَ وَ الَّذِیۡنَ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ ؕ وَ مَا اللّٰہُ یُرِیۡدُ ظُلۡمًا لِّلۡعِبَادِ ﴿۳۲﴾
    40 : 32 Нух коомунун адатындай доор, Аад (коому), Самуд (коому) жана алардан кийинкилерге келген (доор)дой. Алла пенделерге зулумдук кылууну такыр каалабайт.
  • وَ یٰقَوۡمِ اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ یَوۡمَ التَّنَادِ ﴿ۙ۳۳﴾
    40 : 33 Жана эй, коомум! Мен үстүӊөргө өз ара бийик дабыш менен кайрыла турган күн келишинен коркомун.
  • یَوۡمَ تُوَلُّوۡنَ مُدۡبِرِیۡنَ ۚ مَا لَکُمۡ مِّنَ اللّٰہِ مِنۡ عَاصِمٍ ۚ وَ مَنۡ یُّضۡلِلِ اللّٰہُ فَمَا لَہٗ مِنۡ ہَادٍ ﴿۳۴﴾
    40 : 34 Ошол күнү силер артка бурулуп качып кетесиӊер; силерди Алладан сактоочу эч ким болбойт. Алла кимди адашкан деп өкүм чыгарса, аны туура жолго салуучу эч ким болбойт».
  • وَ لَقَدۡ جَآءَکُمۡ یُوۡسُفُ مِنۡ قَبۡلُ بِالۡبَیِّنٰتِ فَمَا زِلۡتُمۡ فِیۡ شَکٍّ مِّمَّا جَآءَکُمۡ بِہٖ ؕ حَتّٰۤی اِذَا ہَلَکَ قُلۡتُمۡ لَنۡ یَّبۡعَثَ اللّٰہُ مِنۡۢ بَعۡدِہٖ رَسُوۡلًا ؕ کَذٰلِکَ یُضِلُّ اللّٰہُ مَنۡ ہُوَ مُسۡرِفٌ مُّرۡتَابُ ۣ﴿ۚۖ۳۵﴾
    40 : 35 Албетте, мындан мурда силерге Юсуф дагы ачык-айкын аят-белгилер менен келген, бирок ал силерге келтирген нерселер туурасында силер дайыма шек-күмөндө калдыӊар. А түгүл ал каза болгондо, силер: «Эми андан кийин Алла эч бир пайгамбарды эч качан жөнөтпөйт», - деп айта баштадыӊар. Алла чектен ашуучу (жана) шектенүүчүнү мына ушундай адашкан деп өкүм кылат –
  • الَّذِیۡنَ یُجَادِلُوۡنَ فِیۡۤ اٰیٰتِ اللّٰہِ بِغَیۡرِ سُلۡطٰنٍ اَتٰہُمۡ ؕ کَبُرَ مَقۡتًا عِنۡدَ اللّٰہِ وَ عِنۡدَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ؕ کَذٰلِکَ یَطۡبَعُ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ قَلۡبِ مُتَکَبِّرٍ جَبَّارٍ ﴿۳۶﴾
    40 : 36 Өздөрүнө келген кандайдыр бир жеӊүүчү далилсиз Алланын аяттары туурасында талашып-тартышкандарды. Бул Алланын алдында да, ыйман келтиргендердин алдында да өтө чоӊ күнөө. Алла ар бир текебер (жана) ашынган зөөкүрдүн жүрөгүн ушундай мөөрлөп коёт.
  • وَ قَالَ فِرۡعَوۡنُ یٰہَامٰنُ ابۡنِ لِیۡ صَرۡحًا لَّعَلِّیۡۤ اَبۡلُغُ الۡاَسۡبَابَ ﴿ۙ۳۷﴾
    40 : 37 Жана Фараон айтты: «Эй, Хаамаан! Мага чеп кургун, мен ал жолдорго жетип барайын –
  • اَسۡبَابَ السَّمٰوٰتِ فَاَطَّلِعَ اِلٰۤی اِلٰہِ مُوۡسٰی وَ اِنِّیۡ لَاَظُنُّہٗ کَاذِبًا ؕ وَ کَذٰلِکَ زُیِّنَ لِفِرۡعَوۡنَ سُوۡٓءُ عَمَلِہٖ وَ صُدَّ عَنِ السَّبِیۡلِ ؕ وَ مَا کَیۡدُ فِرۡعَوۡنَ اِلَّا فِیۡ تَبَابٍ ﴿٪۳۸﴾
    40 : 38 Асмандын жолдоруна. Мен бир назар салып, Мусанын Кудайын көрүп алайын. Акыйкатта болсо, мен аны жалганчы деп эсептейм». Фараонга өзүнүн жаман амалдары мына ушундай чырайлуу кылып көрсөтүлдү жана ал жолдон тосулду. Фараондун айла-амалы курулай нерседен бөлөк эч нерсе эмес эле.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡۤ اٰمَنَ یٰقَوۡمِ اتَّبِعُوۡنِ اَہۡدِکُمۡ سَبِیۡلَ الرَّشَادِ ﴿ۚ۳۹﴾
    40 : 39 Жана ыйман келтирген киши айтты: «Эй, коомум! Мени ээрчигиле, мен силерди хидаят жолуна багыттаймын.
  • یٰقَوۡمِ اِنَّمَا ہٰذِہِ الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا مَتَاعٌ ۫ وَّ اِنَّ الۡاٰخِرَۃَ ہِیَ دَارُ الۡقَرَارِ ﴿۴۰﴾
    40 : 40 Эй, коомум! Бул дүйнөлүк жашоо убактылуу нерсе гана. Албетте, акырет гана туракка ылайыктуу жай.
  • مَنۡ عَمِلَ سَیِّئَۃً فَلَا یُجۡزٰۤی اِلَّا مِثۡلَہَا ۚ وَ مَنۡ عَمِلَ صَالِحًا مِّنۡ ذَکَرٍ اَوۡ اُنۡثٰی وَ ہُوَ مُؤۡمِنٌ فَاُولٰٓئِکَ یَدۡخُلُوۡنَ الۡجَنَّۃَ یُرۡزَقُوۡنَ فِیۡہَا بِغَیۡرِ حِسَابٍ ﴿۴۱﴾
    40 : 41 Ким жамандык жасаса, ага тек ошого гана жараша жаза берилет. Эркек жана аялдан ким жакшы амал кылса жана ал момун болсо – мына ошолор гана бейишке киришет, анда аларга эсепсиз ырыскы берилет.
  • وَ یٰقَوۡمِ مَا لِیۡۤ اَدۡعُوۡکُمۡ اِلَی النَّجٰوۃِ وَ تَدۡعُوۡنَنِیۡۤ اِلَی النَّارِ ﴿ؕ۴۲﴾
    40 : 42 Жана эй, коомум! Мага эмне болгон өзү, мен силерди кутулууга үндөймүн, а силер мени отко чакыруудасыӊар?!
  • تَدۡعُوۡنَنِیۡ لِاَکۡفُرَ بِاللّٰہِ وَ اُشۡرِکَ بِہٖ مَا لَیۡسَ لِیۡ بِہٖ عِلۡمٌ ۫ وَّ اَنَا اَدۡعُوۡکُمۡ اِلَی الۡعَزِیۡزِ الۡغَفَّارِ ﴿۴۳﴾
    40 : 43 Силер мени Алланы четке кагууга жана мен эч кандай маалыматка ээ болбогон нерселерди Ага шерик кылуума чакыруудасыӊар. Мен силерди эӊ жеӊүүчү (жана) өтө кечирүүчү (Алла)га чакырамын.
  • لَا جَرَمَ اَنَّمَا تَدۡعُوۡنَنِیۡۤ اِلَیۡہِ لَیۡسَ لَہٗ دَعۡوَۃٌ فِی الدُّنۡیَا وَ لَا فِی الۡاٰخِرَۃِ وَ اَنَّ مَرَدَّنَاۤ اِلَی اللّٰہِ وَ اَنَّ الۡمُسۡرِفِیۡنَ ہُمۡ اَصۡحٰبُ النَّارِ ﴿۴۴﴾
    40 : 44 Албетте, силер мени чакыра турган нерсеге сыйынууга эч бир негиз бул дүйнөдө да, акыретте да жок. Албетте, биздин кайтышыбыз Алла тарапка гана. Албетте, чектен чыгуучулар гана от ээлери болушат.
  • فَسَتَذۡکُرُوۡنَ مَاۤ اَقُوۡلُ لَکُمۡ ؕ وَ اُفَوِّضُ اَمۡرِیۡۤ اِلَی اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بَصِیۡرٌۢ بِالۡعِبَادِ ﴿۴۵﴾
    40 : 45 Ошентип, силер албетте, мен силерге айтып жаткан нерселерди эстейсиӊер. Мен өз ишимди Аллага гана багыштаймын. Албетте, Алла пенделерди тереӊ күзөтүүчү».
  • فَوَقٰٮہُ اللّٰہُ سَیِّاٰتِ مَا مَکَرُوۡا وَ حَاقَ بِاٰلِ فِرۡعَوۡنَ سُوۡٓءُ الۡعَذَابِ ﴿ۚ۴۶﴾
    40 : 46 Анан Алла аны алар кылган айла-амалдарынын жаман натыйжаларынан сактап калды. Фараондун үй-бүлөсүн абдан жаман азап курчап алды –
  • اَلنَّارُ یُعۡرَضُوۡنَ عَلَیۡہَا غُدُوًّا وَّ عَشِیًّا ۚ وَ یَوۡمَ تَقُوۡمُ السَّاعَۃُ ۟ اَدۡخِلُوۡۤا اٰلَ فِرۡعَوۡنَ اَشَدَّ الۡعَذَابِ ﴿۴۷﴾
    40 : 47 От; алар анын алдында таӊкысын да, түнкүсүн да алып келинет. Кыямат кайым боло турган күнү (ушундай айтылат): «Фараондун үй-бүлөсүн эӊ оор азапка таштагыла!»
  • وَ اِذۡ یَتَحَآجُّوۡنَ فِی النَّارِ فَیَقُوۡلُ الضُّعَفٰٓؤُا لِلَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡۤا اِنَّا کُنَّا لَکُمۡ تَبَعًا فَہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّغۡنُوۡنَ عَنَّا نَصِیۡبًا مِّنَ النَّارِ ﴿۴۸﴾
    40 : 48 Жана алар отто туруп талашып-тартышкандарында, алсыз кишилер текеберлик кылуучуларга айтышат: «Биз албетте, силердин жолдоочуӊар элек; демек, силер оттун кандайдыр бир бөлүгүн бизден оолактата албайсыӊарбы?»
  • قَالَ الَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡۤا اِنَّا کُلٌّ فِیۡہَاۤ ۙ اِنَّ اللّٰہَ قَدۡ حَکَمَ بَیۡنَ الۡعِبَادِ ﴿۴۹﴾
    40 : 49 Текеберленгендер айтышат: «Албетте, биз баарыбыз мунун ичиндебиз. Албетте, Алла пенделердин арасында өкүм чыгарып бүткөн».
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ فِی النَّارِ لِخَزَنَۃِ جَہَنَّمَ ادۡعُوۡا رَبَّکُمۡ یُخَفِّفۡ عَنَّا یَوۡمًا مِّنَ الۡعَذَابِ ﴿۵۰﴾
    40 : 50 Жана оттун ичинде болгондор тозоктун сакчыларына айтышат: «Раббиӊерге дуба кылгыла, Ал бир күнгө болсо да, азапты бизден бир аз жеӊилдетип койсун».
  • قَالُوۡۤا اَوَ لَمۡ تَکُ تَاۡتِیۡکُمۡ رُسُلُکُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ ؕ قَالُوۡا بَلٰی ؕ قَالُوۡا فَادۡعُوۡا ۚ وَ مَا دُعٰٓؤُا الۡکٰفِرِیۡنَ اِلَّا فِیۡ ضَلٰلٍ ﴿٪۵۱﴾
    40 : 51 Алар айтышат: «Силерге пайгамбарларыӊар ачык-айкын аят-белгилер менен келип турушкан эмеспи?» Алар айтышат: «Ооба! Ошондой». Алар айтышат: «Анда дуба кылгыла». Бирок, каапырлардын дубасы бекерге кете турган нерседен бөлөк эч нерсе эмес.
  • اِنَّا لَنَنۡصُرُ رُسُلَنَا وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ یَوۡمَ یَقُوۡمُ الۡاَشۡہَادُ ﴿ۙ۵۲﴾
    40 : 52 Албетте, Биз Өз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге бул дүйнөдө да, күбөлөр турган күндө да жардам беребиз.
  • یَوۡمَ لَا یَنۡفَعُ الظّٰلِمِیۡنَ مَعۡذِرَتُہُمۡ وَ لَہُمُ اللَّعۡنَۃُ وَ لَہُمۡ سُوۡٓءُ الدَّارِ ﴿۵۳﴾
    40 : 53 Ал күнү – заалимдерге алардын кечирим суроосу эч пайда бербейт. Алар үчүн каргыш жана эӊ жаман үй болот.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡہُدٰی وَ اَوۡرَثۡنَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ الۡکِتٰبَ ﴿ۙ۵۴﴾
    40 : 54 Албетте, Биз Мусага хидаят тартууладык жана Исрааийл балдарын Китепке мураскер кылып койдук.
  • ہُدًی وَّ ذِکۡرٰی لِاُولِی الۡاَلۡبَابِ ﴿۵۵﴾
    40 : 55 Ал (Китеп) акылдуулар үчүн хидаят жана насаат эле.
  • فَاصۡبِرۡ اِنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ وَّ اسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۡۢبِکَ وَ سَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّکَ بِالۡعَشِیِّ وَ الۡاِبۡکَارِ ﴿۵۶﴾
    40 : 56 Демек, сабыр кыл. Албетте, Алланын убадасы акыйкат. Сага карата күнөө кылгандар туурасында кечирим сурагын жана түнкүсүн да, таӊкысын да Раббиӊдин мактоосу менен тасбийх айт.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یُجَادِلُوۡنَ فِیۡۤ اٰیٰتِ اللّٰہِ بِغَیۡرِ سُلۡطٰنٍ اَتٰہُمۡ ۙ اِنۡ فِیۡ صُدُوۡرِہِمۡ اِلَّا کِبۡرٌ مَّا ہُمۡ بِبَالِغِیۡہِ ۚ فَاسۡتَعِذۡ بِاللّٰہِ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡبَصِیۡرُ ﴿۵۷﴾
    40 : 57 Албетте, өздөрүнө келген кандайдыр бир бекем далилсиз Алланын аяттары тууралуу талашып-тартышкандар – алардын жүрөктөрүндө өздөрү эч качан ээ боло албай турган улуктуктан бөлөк эч нерсе жок. Ошентип, Алланын алдында паана тап. Албетте, Ал абдан угуучу (жана) тереӊ күзөтүүчү.
  • لَخَلۡقُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ اَکۡبَرُ مِنۡ خَلۡقِ النَّاسِ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    40 : 58 Албетте, асмандар жана жердин жаратылышы адамдардын жаратылышынан көрө улугураак, бирок көптөгөн адамдар билишпейт.
  • وَ مَا یَسۡتَوِی الۡاَعۡمٰی وَ الۡبَصِیۡرُ ۬ۙ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَ لَا الۡمُسِیۡٓءُ ؕ قَلِیۡلًا مَّا تَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۵۹﴾
    40 : 59 Жана көр менен көзү соо теӊ боло албайт. Кудум ушундай ыйман келтирген жана жакшы амалдарды жасагандар менен жамандык кылуучулар да теӊ боло алышпайт. Силер абдан аз ибарат аласыӊар!
  • اِنَّ السَّاعَۃَ لَاٰتِیَۃٌ لَّا رَیۡبَ فِیۡہَا وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۶۰﴾
    40 : 60 Албетте, «Саат» сөзсүз келет; мында эч кандай шек жок, бирок көптөгөн кишилер ыйман келтиришпейт.
  • وَ قَالَ رَبُّکُمُ ادۡعُوۡنِیۡۤ اَسۡتَجِبۡ لَکُمۡ ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ یَسۡتَکۡبِرُوۡنَ عَنۡ عِبَادَتِیۡ سَیَدۡخُلُوۡنَ جَہَنَّمَ دٰخِرِیۡنَ ﴿٪۶۱﴾
    40 : 61 Жана Раббиӊер айтты: «Мага кайрылгыла, Мен силерге жооп беремин. Албетте, Мага ибадат кылуудан өзүн жогору туткандар кордолгон бойдон тозокко киришет».
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ الَّیۡلَ لِتَسۡکُنُوۡا فِیۡہِ وَ النَّہَارَ مُبۡصِرًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَذُوۡ فَضۡلٍ عَلَی النَّاسِ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَشۡکُرُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    40 : 62 Алла түндү, анда силер бейпилдик табууӊар үчүн, жана күндү жарык берүүчү курал кылып жаратып койгон Зат. Албетте, Алла адамдарга абдан жоомарттык кылуучу Зат, бирок көптөгөн кишилер шүкүр кылышпайт.
  • ذٰلِکُمُ اللّٰہُ رَبُّکُمۡ خَالِقُ کُلِّ شَیۡءٍ ۘ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۫ۚ فَاَنّٰی تُؤۡفَکُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    40 : 63 Бардык нерселердин Жаратуучусу, Раббиӊер – мына ушул Алла; Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Демек, силер каякка адаштырылуудасыӊар? –
  • کَذٰلِکَ یُؤۡفَکُ الَّذِیۡنَ کَانُوۡا بِاٰیٰتِ اللّٰہِ یَجۡحَدُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    40 : 64 Алланын аяттарын четке кага тургандар (да) кудум ушундай адаштырылат.
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ الۡاَرۡضَ قَرَارًا وَّ السَّمَآءَ بِنَآءً وَّ صَوَّرَکُمۡ فَاَحۡسَنَ صُوَرَکُمۡ وَ رَزَقَکُمۡ مِّنَ الطَّیِّبٰتِ ؕ ذٰلِکُمُ اللّٰہُ رَبُّکُمۡ ۚۖ فَتَبٰرَکَ اللّٰہُ رَبُّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۶۵﴾
    40 : 65 Алла – силер үчүн жерди турак кылган жана асманды (силердин) туруктуулугуӊар куралы кылган, ошондой эле силерге түр берген жана сымбаттарыӊарды ажарлуу кылган жана силерге таза нерселерден ырыскы тартуулаган Зат. Силердин Раббиӊер – мына ушул Алла. Ошентип, бүтүн ааламдардын Раббиси Алла гана берекелүү.
  • ہُوَ الۡحَیُّ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ فَادۡعُوۡہُ مُخۡلِصِیۡنَ لَہُ الدِّیۡنَ ؕ اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۶۶﴾
    40 : 66 Ал (Алла) гана Тирүү; Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Ошондуктан, Ага динди таандык кылган бойдон Ага гана жалбаргыла. Бардык мактоо бүтүн ааламдардын Раббиси Аллага гана таандык.
  • قُلۡ اِنِّیۡ نُہِیۡتُ اَنۡ اَعۡبُدَ الَّذِیۡنَ تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ لَمَّا جَآءَنِیَ الۡبَیِّنٰتُ مِنۡ رَّبِّیۡ ۫ وَ اُمِرۡتُ اَنۡ اُسۡلِمَ لِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۶۷﴾
    40 : 67 Айткын: «Албетте, силер Алланы коюп, ордуна сыйынып жаткан нерселериӊерге ибадат кылуу мага тыюу салынды. Ал эми мага Раббим тарабынан ачык-айкын аят-белгилер дагы келип бүткөн жана бүтүн ааламдардын Раббисине толук бой сунуучу болуу мага буюрулду».
  • ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ مِّنۡ تُرَابٍ ثُمَّ مِنۡ نُّطۡفَۃٍ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَۃٍ ثُمَّ یُخۡرِجُکُمۡ طِفۡلًا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوۡۤا اَشُدَّکُمۡ ثُمَّ لِتَکُوۡنُوۡا شُیُوۡخًا ۚ وَ مِنۡکُمۡ مَّنۡ یُّتَوَفّٰی مِنۡ قَبۡلُ وَ لِتَبۡلُغُوۡۤا اَجَلًا مُّسَمًّی وَّ لَعَلَّکُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    40 : 68 Ал (Алла) гана (а дегенде) силерди топурактан жаратты, андан кийин бел суусунан, анан уюган кандан; анан силерди ымыркай абалда чыгарат; андан соӊ бойго жетүүӊөр үчүн силерге күч-кубат насип кылат. Натыйжада силер карылык жашына жетесиӊер. Балким, силер акыркы белгиленген мөөнөткө чейин жетээрсиӊер. Ооба, араӊарда кээ бирөөлөр бар: алар илгерирээк өлтүрүлөт. (Ушул система) силердин ой жүгүртүүӊөр үчүн.
  • ہُوَ الَّذِیۡ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ۚ فَاِذَا قَضٰۤی اَمۡرًا فَاِنَّمَا یَقُوۡلُ لَہٗ کُنۡ فَیَکُوۡنُ ﴿٪۶۹﴾
    40 : 69 Ал (Алла) гана жашоо берет жана өлтүрөт. Ошентип, Ал кандайдыр бир ишке чечим кылганда, ага: «Бол!» - дейт, ошондо ал нерсе боло баштайт жана болбостон калбайт.
  • اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ یُجَادِلُوۡنَ فِیۡۤ اٰیٰتِ اللّٰہِ ؕ اَنّٰی یُصۡرَفُوۡنَ ﴿ۖۛۚ۷۰﴾
    40 : 70 Алланын аят-жышаандары туурасында талашып-тартышкандарды көрбөдүӊбү? Алар каякка айландырылып жиберилүүдө?!
  • الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِالۡکِتٰبِ وَ بِمَاۤ اَرۡسَلۡنَا بِہٖ رُسُلَنَا ۟ۛ فَسَوۡفَ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿ۙ۷۱﴾
    40 : 71 Китепти жана Биз Өз пайгамбарларыбыз менен жөнөткөн нерселерди четке каккандар – алар тез арада билип алышат.
  • اِذِ الۡاَغۡلٰلُ فِیۡۤ اَعۡنَاقِہِمۡ وَ السَّلٰسِلُ ؕ یُسۡحَبُوۡنَ ﴿ۙ۷۲﴾
    40 : 72 Моюнтурук жана чынжырлар моюндарында болгон учурда алар (ошол чынжырлар менен) сүйрөлүшөт –
  • فِی الۡحَمِیۡمِ ۬ۙ ثُمَّ فِی النَّارِ یُسۡجَرُوۡنَ ﴿ۚ۷۳﴾
    40 : 73 Кайнап турган сууда. Анан алар отко ыргытылып жиберилет.
  • ثُمَّ قِیۡلَ لَہُمۡ اَیۡنَ مَا کُنۡتُمۡ تُشۡرِکُوۡنَ ﴿ۙ۷۴﴾
    40 : 74 Анан алардан суралат: «Силер шерик кылып жаткан нерселериӊер кана –
  • مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ قَالُوۡا ضَلُّوۡا عَنَّا بَلۡ لَّمۡ نَکُنۡ نَّدۡعُوۡا مِنۡ قَبۡلُ شَیۡئًا ؕ کَذٰلِکَ یُضِلُّ اللّٰہُ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۷۵﴾
    40 : 75 Алланын ордуна?» Алар айтышат: «Алар бизден жоголуп кетишти. Жок, мындан мурун биз эч бир нерсеге жалбарган эмеспиз». Алла каапырларды мына ушундай адашкан деп өкүм чыгарат.
  • ذٰلِکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَفۡرَحُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ وَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَمۡرَحُوۡنَ ﴿ۚ۷۶﴾
    40 : 76 Буга себеп, силер жерде акысыз ырахаттанаар элеӊер. Дагы буга себеп, силер текеберленип жүрөөр элеӊер.
  • اُدۡخُلُوۡۤا اَبۡوَابَ جَہَنَّمَ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ۚ فَبِئۡسَ مَثۡوَی الۡمُتَکَبِّرِیۡنَ ﴿۷۷﴾
    40 : 77 Тозок дарбазаларынан киргиле; (силер) анда узак мөөнөткө калуучуларсыӊар. Демек, текеберленгендердин турак жайы абдан жаман!
  • فَاصۡبِرۡ اِنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ ۚ فَاِمَّا نُرِیَنَّکَ بَعۡضَ الَّذِیۡ نَعِدُہُمۡ اَوۡ نَتَوَفَّیَنَّکَ فَاِلَیۡنَا یُرۡجَعُوۡنَ ﴿۷۸﴾
    40 : 78 Ошентип, сабыр кыл. Албетте, Алланын убадасы акыйкат. Биз кааласак, аларды кулактандырып жаткан нерселерибиздин айрымдарын сага көрсөтүшүбүз мүмкүн же сени өлтүрүшүбүз мүмкүн. Баары бир алар Өзүбүзгө гана кайтарылышат.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا رُسُلًا مِّنۡ قَبۡلِکَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ قَصَصۡنَا عَلَیۡکَ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ لَّمۡ نَقۡصُصۡ عَلَیۡکَ ؕ وَ مَا کَانَ لِرَسُوۡلٍ اَنۡ یَّاۡتِیَ بِاٰیَۃٍ اِلَّا بِاِذۡنِ اللّٰہِ ۚ فَاِذَا جَآءَ اَمۡرُ اللّٰہِ قُضِیَ بِالۡحَقِّ وَ خَسِرَ ہُنَالِکَ الۡمُبۡطِلُوۡنَ ﴿٪۷۹﴾
    40 : 79 Жана албетте, сенден мурун дагы Биз пайгамбарларды жөнөткөн элек. Алардын ичинен айрымдарын Биз сага баян кылдык, алардын ичинен айрымдарын болсо, Биз сага баян кылбадык. Алланын уруксатысыз кандайдыр бир пайгамбар үчүн бир дагы аят-белгини келтириши мүмкүн эмес. Ошентип, Алланын буйругу келгенде, чындык менен чечим чыгарылат. Ал учурда жалганга чыгаруучулар зыян көрүшөт.
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ الۡاَنۡعَامَ لِتَرۡکَبُوۡا مِنۡہَا وَ مِنۡہَا تَاۡکُلُوۡنَ ﴿۫۸۰﴾
    40 : 80 Алла силерге чарба малдарын – алардын айрымдарын минишиӊер үчүн жана айрымдарын жешиӊер үчүн жаратып койгон.
  • وَ لَکُمۡ فِیۡہَا مَنَافِعُ وَ لِتَبۡلُغُوۡا عَلَیۡہَا حَاجَۃً فِیۡ صُدُوۡرِکُمۡ وَ عَلَیۡہَا وَ عَلَی الۡفُلۡکِ تُحۡمَلُوۡنَ ﴿ؕ۸۱﴾
    40 : 81 Жана силер үчүн аларда, силер аларды минип, көӊүлдөрүӊөрдөгү максатыӊарга жетишиӊер үчүн абдан көп пайдалар бар. Аларга жана кемелерге миндирилесиӊер.
  • وَ یُرِیۡکُمۡ اٰیٰتِہٖ ٭ۖ فَاَیَّ اٰیٰتِ اللّٰہِ تُنۡکِرُوۡنَ ﴿۸۲﴾
    40 : 82 Жана Ал силерге Өзүнүн аят-жышаандарын көрсөтөт. Ошентип, Алланын аят-жышаандарынын кайсы бирин четке кагасыӊар?
  • اَفَلَمۡ یَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَیَنۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ کَانُوۡۤا اَکۡثَرَ مِنۡہُمۡ وَ اَشَدَّ قُوَّۃً وَّ اٰثَارًا فِی الۡاَرۡضِ فَمَاۤ اَغۡنٰی عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۸۳﴾
    40 : 83 Демек, алар өздөрүнөн мурун өткөндөрдүн акыбети кандай болгонун көрүш үчүн жерде кыдырышкан жокпу? Алар буларга караганда, сан жагынан дагы көбүрөөк болушкан, күч-кубат жагынан дагы; ошондой эле жерде (улуктук) издерин калтыруу боюнча да кудуреттүүрөөк болчу. Ошого карабастан, кылып жүргөн иштери аларга жан тарта албады.
  • فَلَمَّا جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ فَرِحُوۡا بِمَا عِنۡدَہُمۡ مِّنَ الۡعِلۡمِ وَ حَاقَ بِہِمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۸۴﴾
    40 : 84 Анан алардын пайгамбарлары аларга ачык-айкын аят-жышаандар келтиргендеринде, алар өздөрүндө бар болгон илими менен гана сүйүнүп турушту. Алар маскаралап жүргөн нерсе гана аларды курчап алды.
  • فَلَمَّا رَاَوۡا بَاۡسَنَا قَالُوۡۤا اٰمَنَّا بِاللّٰہِ وَحۡدَہٗ وَ کَفَرۡنَا بِمَا کُنَّا بِہٖ مُشۡرِکِیۡنَ ﴿۸۵﴾
    40 : 85 Анан Биздин азабыбызды көргөндөрүндө, алар: «Биз жалгыз Аллага ыйман келтирдик жана Биз Ага шерик кылган бардык нерселерди четке кагабыз», - дешти.
  • فَلَمۡ یَکُ یَنۡفَعُہُمۡ اِیۡمَانُہُمۡ لَمَّا رَاَوۡا بَاۡسَنَا ؕ سُنَّتَ اللّٰہِ الَّتِیۡ قَدۡ خَلَتۡ فِیۡ عِبَادِہٖ ۚ وَ خَسِرَ ہُنَالِکَ الۡکٰفِرُوۡنَ ﴿٪۸۶﴾
    40 : 86 Анан Биздин азабыбызды көрүп алгандарында, Алланын Өз пенделери туурасында болуп өткөн адат боюнча алардын ыйманы аларга кенедей да болуша албады. Ошондо каапырлар абдан чоӊ зыян көрүштү.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via