Курани карим Хаамийм ас-Сажда • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

حٰمٓ السجدہ

Хаамийм ас-Сажда

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    41 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • حٰمٓ ۚ﴿۲﴾
    41 : 2 Хамийдун Мажийдун: мактоолор ээси, улуу даражалуу.
  • تَنۡزِیۡلٌ مِّنَ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ ۚ﴿۳﴾
    41 : 3 Мунун түшүрүлүшү эӊ мээримдүү (жана) ырайымдуу (Алла) тарабынан.
  • کِتٰبٌ فُصِّلَتۡ اٰیٰتُہٗ قُرۡاٰنًا عَرَبِیًّا لِّقَوۡمٍ یَّعۡلَمُوۡنَ ۙ﴿۴﴾
    41 : 4 Бул илимдүүлөрдүн пайдасы үчүн жетик-кызыл тилдүү Куран түрүндө аяттары ачык-айкын баяндалган Китеп –
  • بَشِیۡرًا وَّ نَذِیۡرًا ۚ فَاَعۡرَضَ اَکۡثَرُہُمۡ فَہُمۡ لَا یَسۡمَعُوۡنَ ﴿۵﴾
    41 : 5 Куш кабар берүүчү жана эскертүүчү катарында. Анан алардын көпчүлүгү жүз буруп алды. Алар угушпайт.
  • وَ قَالُوۡا قُلُوۡبُنَا فِیۡۤ اَکِنَّۃٍ مِّمَّا تَدۡعُوۡنَاۤ اِلَیۡہِ وَ فِیۡۤ اٰذَانِنَا وَقۡرٌ وَّ مِنۡۢ بَیۡنِنَا وَ بَیۡنِکَ حِجَابٌ فَاعۡمَلۡ اِنَّنَا عٰمِلُوۡنَ ؓ﴿۶﴾
    41 : 6 Жана алар айтышты: «Сен бизди чакырып жаткан нерселерге карата жүрөктөрүбүз пардада жана кулактарыбызда бир оордук бар, мындан тышкары сени менен биздин ортобузда парда бар. Демек, каалаган ишиӊди жасай бер, албетте, биз дагы кандайдыр бир ишти кылуучубуз».
  • قُلۡ اِنَّمَاۤ اَنَا بَشَرٌ مِّثۡلُکُمۡ یُوۡحٰۤی اِلَیَّ اَنَّمَاۤ اِلٰـہُکُمۡ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ فَاسۡتَقِیۡمُوۡۤا اِلَیۡہِ وَ اسۡتَغۡفِرُوۡہُ ؕ وَ وَیۡلٌ لِّلۡمُشۡرِکِیۡنَ ۙ﴿۷﴾
    41 : 7 Айткын: «Мен болгону силерге окшогон бир адаммын. Кудайыӊардын жалгыз Кудай экендиги мага вахий кылынат. Ошондуктан, Анын алдында туруктуу болгон бойдон тургула жана Андан кечирим сурагыла». Мушриктерге ойрондук болсун!
  • الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡتُوۡنَ الزَّکٰوۃَ وَ ہُمۡ بِالۡاٰخِرَۃِ ہُمۡ کٰفِرُوۡنَ ﴿۸﴾
    41 : 8 Алар зекет беришпейт жана акыретти четке кагуучулар да ошолор.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَہُمۡ اَجۡرٌ غَیۡرُ مَمۡنُوۡنٍ ٪﴿۹﴾
    41 : 9 Албетте, ыйман келтирген жана жакшы амалдарды жасагандар – алар үчүн түгөнбөс сыйлык бар.
  • قُلۡ اَئِنَّکُمۡ لَتَکۡفُرُوۡنَ بِالَّذِیۡ خَلَقَ الۡاَرۡضَ فِیۡ یَوۡمَیۡنِ وَ تَجۡعَلُوۡنَ لَہٗۤ اَنۡدَادًا ؕ ذٰلِکَ رَبُّ الۡعٰلَمِیۡنَ ۚ﴿۱۰﴾
    41 : 10 Айткын: «Жерди эки доордо жараткан (Алла)ны четке кагасыӊарбы жана Ага (башкаларды) шерик кыласыӊарбы? Бул – ошол бүтүн ааламдардын Раббиси.
  • وَ جَعَلَ فِیۡہَا رَوَاسِیَ مِنۡ فَوۡقِہَا وَ بٰرَکَ فِیۡہَا وَ قَدَّرَ فِیۡہَاۤ اَقۡوَاتَہَا فِیۡۤ اَرۡبَعَۃِ اَیَّامٍ ؕ سَوَآءً لِّلسَّآئِلِیۡنَ ﴿۱۱﴾
    41 : 11 Жана Ал (Алла) анын бийик бөлүктөрүндө тоолорду пайда кылды жана аларга береке тартуулады, ошондой эле анда өздөрүнөн пайда болуучу азык-оокат нерселерди төрт доордо белгилеп койду. (Баардык) муктаждарга теӊ кылган бойдон.
  • ثُمَّ اسۡتَوٰۤی اِلَی السَّمَآءِ وَ ہِیَ دُخَانٌ فَقَالَ لَہَا وَ لِلۡاَرۡضِ ائۡتِیَا طَوۡعًا اَوۡ کَرۡہًا ؕ قَالَتَاۤ اَتَیۡنَا طَآئِعِیۡنَ ﴿۱۲﴾
    41 : 12 Анан Ал асманга көӊүл бурду; ал түтүн болчу; Ал ага жана жерге айтты: «Экөөӊөр ыраазычылык менен же мажбурланып келгиле». Ал экөөсү айтты: «Биз өз ыктыярыбыз менен келдик».
  • فَقَضٰہُنَّ سَبۡعَ سَمٰوَاتٍ فِیۡ یَوۡمَیۡنِ وَ اَوۡحٰی فِیۡ کُلِّ سَمَآءٍ اَمۡرَہَا ؕ وَ زَیَّنَّا السَّمَآءَ الدُّنۡیَا بِمَصَابِیۡحَ ٭ۖ وَ حِفۡظًا ؕ ذٰلِکَ تَقۡدِیۡرُ الۡعَزِیۡزِ الۡعَلِیۡمِ ﴿۱۳﴾
    41 : 13 Ошентип, Ал аларды эки доордо жети асман кылып, бөлүп койду жана ар бир асманга анын мыйзам-эрежелерин вахий кылды. Биз дүйнөдөгү асманды чырактар жана сактоонун аспаптары менен кооздодук. Бул эӊ жеӊүүчү (жана) илим ээсинин тагдыры.
  • فَاِنۡ اَعۡرَضُوۡا فَقُلۡ اَنۡذَرۡتُکُمۡ صٰعِقَۃً مِّثۡلَ صٰعِقَۃِ عَادٍ وَّ ثَمُوۡدَ ﴿ؕ۱۴﴾
    41 : 14 Анан эгер алар жүз бурушса, анда айт: «Мен силерди Аад (коому) жана Самуд (коому)нун азабындай азаптан кулактандырамын».
  • اِذۡ جَآءَتۡہُمُ الرُّسُلُ مِنۡۢ بَیۡنِ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ مِنۡ خَلۡفِہِمۡ اَلَّا تَعۡبُدُوۡۤا اِلَّا اللّٰہَ ؕ قَالُوۡا لَوۡ شَآءَ رَبُّنَا لَاَنۡزَلَ مَلٰٓئِکَۃً فَاِنَّا بِمَاۤ اُرۡسِلۡتُمۡ بِہٖ کٰفِرُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    41 : 15 «Алладан башкага ибадат кылбагыла», - деп аларга өздөрүнүн алдыларында да, алардан мурунку замандарда да пайгамбарлар келгендеринде, алар айтышты: «Эгер Раббибиз каалаганда, албетте, периштелерди түшүрмөк. Биз албетте, силер менен бирге жиберилген кабарды четке кагуучубуз».
  • فَاَمَّا عَادٌ فَاسۡتَکۡبَرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ وَ قَالُوۡا مَنۡ اَشَدُّ مِنَّا قُوَّۃً ؕ اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اَنَّ اللّٰہَ الَّذِیۡ خَلَقَہُمۡ ہُوَ اَشَدُّ مِنۡہُمۡ قُوَّۃً ؕ وَ کَانُوۡا بِاٰیٰتِنَا یَجۡحَدُوۡنَ ﴿۱۶﴾
    41 : 16 Ошентип, Аад (коому) болсо, алар жерде акысыздык менен текеберлик кылышты жана айтышты: «Күч-кубатта бизден алдуураак ким бар?» Аларды жараткан Алла күч-кубатта алардан күчтүүрөөк экенин алар көрбөдүбү? Алар тынымсыз аят-жышаандарыбызды четке кагып турушту.
  • فَاَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِمۡ رِیۡحًا صَرۡصَرًا فِیۡۤ اَیَّامٍ نَّحِسَاتٍ لِّنُذِیۡقَہُمۡ عَذَابَ الۡخِزۡیِ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ؕ وَ لَعَذَابُ الۡاٰخِرَۃِ اَخۡزٰی وَ ہُمۡ لَا یُنۡصَرُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    41 : 17 Ошентип, (бул) дүйнөнүн жашоосунда кордук азабын аларга таттырып коюшубуз үчүн өтө коогалуу күндөрдө Биз алардын үстүнө бир күчтүү бороон жөнөттүк. Албетте, акырет азабы көбүрөөк кор кылуучу. Аларга жардам берилбейт.
  • وَ اَمَّا ثَمُوۡدُ فَہَدَیۡنٰہُمۡ فَاسۡتَحَبُّوا الۡعَمٰی عَلَی الۡہُدٰی فَاَخَذَتۡہُمۡ صٰعِقَۃُ الۡعَذَابِ الۡہُوۡنِ بِمَا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿ۚ۱۸﴾
    41 : 18 Жана Самуд (коому) болсо, Биз аларга да жол көрсөттүк, бирок алар сокурлукту жактырган бойдон (аны) хидаяттан абзел деп билишти. Ушул себептен, аларды кылып жүргөн амалдары үчүн кор кылуучу азаптын чагылганы тутуп алды.
  • وَ نَجَّیۡنَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ کَانُوۡا یَتَّقُوۡنَ ﴿٪۱۹﴾
    41 : 19 Жана ыйман келтирип, такыба болгондорду Биз куткарып калдык.
  • وَ یَوۡمَ یُحۡشَرُ اَعۡدَآءُ اللّٰہِ اِلَی النَّارِ فَہُمۡ یُوۡزَعُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    41 : 20 Жана Алланын душмандары от тарапка айдалып, алып барыла турган күн(дү эстегиле). Алар топторго бөлүнүп коюлат.
  • حَتّٰۤی اِذَا مَا جَآءُوۡہَا شَہِدَ عَلَیۡہِمۡ سَمۡعُہُمۡ وَ اَبۡصَارُہُمۡ وَ جُلُوۡدُہُمۡ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۱﴾
    41 : 21 А түгүл алар ошол (от)ко жеткендеринде, алардын кулактары, көздөрү жана терилери алар жасап жүргөн (ар кандай) кылмыштары үчүн аларга каршы күбөлүк берет.
  • وَ قَالُوۡا لِجُلُوۡدِہِمۡ لِمَ شَہِدۡتُّمۡ عَلَیۡنَا ؕ قَالُوۡۤا اَنۡطَقَنَا اللّٰہُ الَّذِیۡۤ اَنۡطَقَ کُلَّ شَیۡءٍ وَّ ہُوَ خَلَقَکُمۡ اَوَّلَ مَرَّۃٍ وَّ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۲۲﴾
    41 : 22 Жана алар өз терилерине карата айтышат: «Эмнеге бизге каршы күбөлүк бердиӊер?» Алар жооп кылат: «Ар бир нерсеге сүйлөө жөндөмдүүлүгүн тартуулаган Алла тилге кирүүнү бизге насип этти. Силерди алгач жолу жараткан (Алла) дагы ошол. Силер Ага гана кайтарыласыӊар».
  • وَ مَا کُنۡتُمۡ تَسۡتَتِرُوۡنَ اَنۡ یَّشۡہَدَ عَلَیۡکُمۡ سَمۡعُکُمۡ وَ لَاۤ اَبۡصَارُکُمۡ وَ لَا جُلُوۡدُکُمۡ وَ لٰکِنۡ ظَنَنۡتُمۡ اَنَّ اللّٰہَ لَا یَعۡلَمُ کَثِیۡرًا مِّمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    41 : 23 Кулактарыӊар, көздөрүӊөр жана терилериӊердин силерге каршы күбөлүк берүүсүнөн силер жашырына албайсыӊар. Бирок силер: «Алла силердин амалдарыӊардын көпчүлүгүн билбейт», - деп ойлочу элеӊер.
  • وَ ذٰلِکُمۡ ظَنُّکُمُ الَّذِیۡ ظَنَنۡتُمۡ بِرَبِّکُمۡ اَرۡدٰٮکُمۡ فَاَصۡبَحۡتُمۡ مِّنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۲۴﴾
    41 : 24 Жана Раббиӊер туурасында кылган күмөнүӊөр силерди ойрондоп койду жана силер зыян көрүүчүлөрдөн болуп калдыӊар.
  • فَاِنۡ یَّصۡبِرُوۡا فَالنَّارُ مَثۡوًی لَّہُمۡ ۚ وَ اِنۡ یَّسۡتَعۡتِبُوۡا فَمَا ہُمۡ مِّنَ الۡمُعۡتَبِیۡنَ ﴿۲۵﴾
    41 : 25 Ошентип, эгер алар сабыр кылышса, от алардын турак жайы; эгер алар кечирим сурашса, анда алар кечирими кабыл кылына тургандардан болушпайт.
  • وَ قَیَّضۡنَا لَہُمۡ قُرَنَآءَ فَزَیَّنُوۡا لَہُمۡ مَّا بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ مَا خَلۡفَہُمۡ وَ حَقَّ عَلَیۡہِمُ الۡقَوۡلُ فِیۡۤ اُمَمٍ قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ مِّنَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ ۚ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا خٰسِرِیۡنَ ﴿٪۲۶﴾
    41 : 26 Жана Биз алар үчүн айрым жолдошторун дайындап койдук. Анан алар алдыларындагысын да, алардан мурункусун да алар үчүн абдан кооздоп көрсөтүштү. Ошентип, алардан илгери өтүп кеткен жиндер менен адамдардан болгон коомдорго буйрук важиб болгондой, аларга да важиб болду. Албетте, алар зыян көрүүчүлөрдөн эле.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَا تَسۡمَعُوۡا لِہٰذَا الۡقُرۡاٰنِ وَ الۡغَوۡا فِیۡہِ لَعَلَّکُمۡ تَغۡلِبُوۡنَ ﴿۲۷﴾
    41 : 27 Жана каапыр болгондор айтышты: «Бул Куранга кулак салбагыла жана ал окулганда, үстөмдүк кылууӊар үчүн ызы-чуу көтөргүлө».
  • فَلَنُذِیۡقَنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا عَذَابًا شَدِیۡدًا ۙ وَّ لَنَجۡزِیَنَّہُمۡ اَسۡوَاَ الَّذِیۡ کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    41 : 28 Анан Биз албетте, каапыр болгондорго катуу азап даамын таттырабыз жана аларды эӊ жаман амалдары үчүн сөзсүз жазалайбыз.
  • ذٰلِکَ جَزَآءُ اَعۡدَآءِ اللّٰہِ النَّارُ ۚ لَہُمۡ فِیۡہَا دَارُ الۡخُلۡدِ ؕ جَزَآءًۢ بِمَا کَانُوۡا بِاٰیٰتِنَا یَجۡحَدُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    41 : 29 Бул сөзсүз ишке ашуучу нерсе: Алланын душмандарына (бериле турган) «сыйлык» – от. Анда алар үчүн узак мөөнөт тура турган жай бар. Бул «сыйлык» аяттарыбызды билип туруп четке каккандыктары үчүн.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا رَبَّنَاۤ اَرِنَا الَّذَیۡنِ اَضَلّٰنَا مِنَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ نَجۡعَلۡہُمَا تَحۡتَ اَقۡدَامِنَا لِیَکُوۡنَا مِنَ الۡاَسۡفَلِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    41 : 30 Жана каапыр болгондор айтышат: «Эй, Раббибиз! Жиндер менен адамдардын арасынан бизди адаштырган экөөнү аяк асты кылышыбыз үчүн бизге көрсөткүн, алар абдан кор болуп кетишсин үчүн».
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ قَالُوۡا رَبُّنَا اللّٰہُ ثُمَّ اسۡتَقَامُوۡا تَتَنَزَّلُ عَلَیۡہِمُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ اَلَّا تَخَافُوۡا وَ لَا تَحۡزَنُوۡا وَ اَبۡشِرُوۡا بِالۡجَنَّۃِ الَّتِیۡ کُنۡتُمۡ تُوۡعَدُوۡنَ ﴿۳۱﴾
    41 : 31 Албетте: «Алла – биздин Раббибиз», - деген, анан (ага) туруктуу болгондор – алардын үстүнө абдан көп периштелер түшүп, мындай дешет: «Коркпогула, кайгы да тартпагыла жана силерге убада кылынып жаткан бейиш(тин насип болушу)нан курсант болгула!
  • نَحۡنُ اَوۡلِیٰٓؤُکُمۡ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ فِی الۡاٰخِرَۃِ ۚ وَ لَکُمۡ فِیۡہَا مَا تَشۡتَہِیۡۤ اَنۡفُسُکُمۡ وَ لَکُمۡ فِیۡہَا مَا تَدَّعُوۡنَ ﴿ؕ۳۲﴾
    41 : 32 Биз дүнүйөлүк жашоодо да силер менен биргебиз, акыретте дагы. Ал (бейиш)те силер үчүн көӊүлдөрүӊөр каалаган бардык нерселер болот жана анда силер үчүн өзүӊөр талап кылган бардык нерселер болот.
  • نُزُلًا مِّنۡ غَفُوۡرٍ رَّحِیۡمٍ ﴿٪۳۳﴾
    41 : 33 Бул – өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу (Алла) тарабынан зыяпат катары болот».
  • وَ مَنۡ اَحۡسَنُ قَوۡلًا مِّمَّنۡ دَعَاۤ اِلَی اللّٰہِ وَ عَمِلَ صَالِحًا وَّ قَالَ اِنَّنِیۡ مِنَ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿۳۴﴾
    41 : 34 Аллага чакыра турган, жакшы амалдарды кыла турган жана: «Мен албетте, толук моюн сунуучуларданмын», - дей турган кишиден дагы чырайлуураак сүйлөй турган бирөө барбы?!
  • وَ لَا تَسۡتَوِی الۡحَسَنَۃُ وَ لَا السَّیِّئَۃُ ؕ اِدۡفَعۡ بِالَّتِیۡ ہِیَ اَحۡسَنُ فَاِذَا الَّذِیۡ بَیۡنَکَ وَ بَیۡنَہٗ عَدَاوَۃٌ کَاَنَّہٗ وَلِیٌّ حَمِیۡمٌ ﴿۳۵﴾
    41 : 35 Жана жакшылык да жамандыкка теӊ боло албайт, жамандык да жакшылыкка (теӊ боло албайт). Эӊ жакшы нерсе менен жооп кайтар, ошондо сени менен башка бирөөнүн ортосунда душмандык болгон болсо да, ал кокустан эӊ жакшы доско айланып калат.
  • وَ مَا یُلَقّٰہَاۤ اِلَّا الَّذِیۡنَ صَبَرُوۡا ۚ وَ مَا یُلَقّٰہَاۤ اِلَّا ذُوۡحَظٍّ عَظِیۡمٍ ﴿۳۶﴾
    41 : 36 Жана мына ушул мартаба сабырдуулук кылгандарга гана тартууланат жана мына ушул даража абдан бактылуу кишиге гана тартууланат.
  • وَ اِمَّا یَنۡزَغَنَّکَ مِنَ الشَّیۡطٰنِ نَزۡغٌ فَاسۡتَعِذۡ بِاللّٰہِ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۳۷﴾
    41 : 37 Жана эгер шайтан тарабынан сага кандайдыр бир азгырыктуу нерсе жетсе, Алланын паанасын сурагын! Албетте, Ал эӊ угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہِ الَّیۡلُ وَ النَّہَارُ وَ الشَّمۡسُ وَ الۡقَمَرُ ؕ لَا تَسۡجُدُوۡا لِلشَّمۡسِ وَ لَا لِلۡقَمَرِ وَ اسۡجُدُوۡا لِلّٰہِ الَّذِیۡ خَلَقَہُنَّ اِنۡ کُنۡتُمۡ اِیَّاہُ تَعۡبُدُوۡنَ ﴿۳۸﴾
    41 : 38 Түн менен күн жана күн менен ай Ал (Алла)нын аят-белгилеринен. Күнгө да, айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллага сажда кылгыла, эгер Ага гана ибадат кылсаӊар!
  • فَاِنِ اسۡتَکۡبَرُوۡا فَالَّذِیۡنَ عِنۡدَ رَبِّکَ یُسَبِّحُوۡنَ لَہٗ بِالَّیۡلِ وَ النَّہَارِ وَ ہُمۡ لَا یَسۡـَٔمُوۡنَ ﴿ٛ۳۹﴾
    41 : 39 Анан эгер алар текеберлик кылышса, анда (алар билишсин), Раббиӊдин алдына тура тургандар күнү-түнү Ага тасбийх айтышат жана алар чарчашпайт.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہٖۤ اَنَّکَ تَرَی الۡاَرۡضَ خَاشِعَۃً فَاِذَاۤ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡہَا الۡمَآءَ اہۡتَزَّتۡ وَ رَبَتۡ ؕ اِنَّ الَّذِیۡۤ اَحۡیَاہَا لَمُحۡیِ الۡمَوۡتٰی ؕ اِنَّہٗ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۴۰﴾
    41 : 40 Жана жерди кургап калган абалда көрүшүӊ дагы Анын аят-жышаандарынан. Анан Биз анын үстүнө суу түшүргөнүбүздө, ал (өнүү) жагынан аракетке келет жана көгөрө баштайт. Албетте, аны тирилткен (Алла) сөзсүз өлүктөрдү тирилтүүчү. Албетте, Ал каалаган бардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یُلۡحِدُوۡنَ فِیۡۤ اٰیٰتِنَا لَا یَخۡفَوۡنَ عَلَیۡنَا ؕ اَفَمَنۡ یُّلۡقٰی فِی النَّارِ خَیۡرٌ اَمۡ مَّنۡ یَّاۡتِیۡۤ اٰمِنًا یَّوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ اِعۡمَلُوۡا مَا شِئۡتُمۡ ۙ اِنَّہٗ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۴۱﴾
    41 : 41 Албетте, аяттарыбыз туурасында ийриликти каалай тургандар Бизден жашыруун калышпайт. Эмне, отко ыргытылып жибериле турган бирөө жакшыраакпы же кыямат күнү тынчтык-бейпилдикке ээ боло турган кишиби? Каалаган амалдарыӊарды жасай бергиле. Албетте, Ал кылып жаткан бардык иштериӊерди тереӊ күзөтүүчү.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِالذِّکۡرِ لَمَّا جَآءَہُمۡ ۚ وَ اِنَّہٗ لَکِتٰبٌ عَزِیۡزٌ ﴿ۙ۴۲﴾
    41 : 42 Албетте, өздөрүнө Зикир келгенде, аны четке каккандар (жазаланышат). Чынында, ал бир абдан жеӊүүчү жана урматтуу Китеп катары болчу.
  • لَّا یَاۡتِیۡہِ الۡبَاطِلُ مِنۡۢ بَیۡنِ یَدَیۡہِ وَ لَا مِنۡ خَلۡفِہٖ ؕ تَنۡزِیۡلٌ مِّنۡ حَکِیۡمٍ حَمِیۡدٍ ﴿۴۳﴾
    41 : 43 Жалган ага алдынан дагы, артынан дагы жакын келе албайт; анын түшүрүлүшү өтө акылмандык (жана) мактоолор ээси тарабынан.
  • مَا یُقَالُ لَکَ اِلَّا مَا قَدۡ قِیۡلَ لِلرُّسُلِ مِنۡ قَبۡلِکَ ؕ اِنَّ رَبَّکَ لَذُوۡ مَغۡفِرَۃٍ وَّ ذُوۡ عِقَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿۴۴﴾
    41 : 44 Сага дагы сенден илгерки пайгамбарларга айтылгандан башка эч нерсе айтылбайт. Албетте, Раббиӊ өтө кечирим ээси жана оор азап берүүчү.
  • وَ لَوۡ جَعَلۡنٰہُ قُرۡاٰنًا اَعۡجَمِیًّا لَّقَالُوۡا لَوۡ لَا فُصِّلَتۡ اٰیٰتُہٗ ؕ ءَؔاَعۡجَمِیٌّ وَّ عَرَبِیٌّ ؕ قُلۡ ہُوَ لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ہُدًی وَّ شِفَآءٌ ؕ وَ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ فِیۡۤ اٰذَانِہِمۡ وَقۡرٌ وَّ ہُوَ عَلَیۡہِمۡ عَمًی ؕ اُولٰٓئِکَ یُنَادَوۡنَ مِنۡ مَّکَانٍۭ بَعِیۡدٍ ﴿٪۴۵﴾
    41 : 45 Жана эгер Биз муну жат тилдеги Куран кылганыбызда дагы, албетте, алар: «Эмнеге анын аяттары ачык (түшүнүктүү) баяндалган эмес?» - деп айтышмак. Эмне, араб эмес жана араб теӊ боло алабы? Айткын: «Ал ыйман келтиргендер үчүн хидаят жана шыпаа, ал эми ыйман келтирбей тургандардын кулактарында оордук бар, натыйжада ал аларга жашыруун». Алыс бир жайдан чакырыла тургандар – мына ошолор.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ فَاخۡتُلِفَ فِیۡہِ ؕ وَ لَوۡ لَا کَلِمَۃٌ سَبَقَتۡ مِنۡ رَّبِّکَ لَقُضِیَ بَیۡنَہُمۡ ؕ وَ اِنَّہُمۡ لَفِیۡ شَکٍّ مِّنۡہُ مُرِیۡبٍ ﴿۴۶﴾
    41 : 46 Жана албетте, Биз Мусага дагы Китеп тартуулаган элек. Анан анда талаш-тартыш чыгарылды. Эгер Раббиӊ тарабынан буйрук өтпөгөндө, сөзсүз алардын ортосунда өкүм кылынган болоор эле. Албетте, алар бул (Куран) туурасында тынчын алган шек-күмөндө.
  • مَنۡ عَمِلَ صَالِحًا فَلِنَفۡسِہٖ وَ مَنۡ اَسَآءَ فَعَلَیۡہَا ؕ وَ مَا رَبُّکَ بِظَلَّامٍ لِّلۡعَبِیۡدِ ﴿۴۷﴾
    41 : 47 Ким жакшы иштерди жасаса, ал өзүнүн жаны үчүн кылат, ким жамандык жасаса, ал да өзүнө каршы иш жасайт. Раббиӊ бечара пенделерге кенедей да зулумдук кылуучу эмес.
  • اِلَیۡہِ یُرَدُّ عِلۡمُ السَّاعَۃِ ؕ وَ مَا تَخۡرُجُ مِنۡ ثَمَرٰتٍ مِّنۡ اَکۡمَامِہَا وَ مَا تَحۡمِلُ مِنۡ اُنۡثٰی وَ لَا تَضَعُ اِلَّا بِعِلۡمِہٖ ؕ وَ یَوۡمَ یُنَادِیۡہِمۡ اَیۡنَ شُرَکَآءِیۡ ۙ قَالُوۡۤا اٰذَنّٰکَ ۙ مَا مِنَّا مِنۡ شَہِیۡدٍ ﴿ۚ۴۸﴾
    41 : 48 «Саат» илими Анын Өзүнө гана кайтарылат. Ал (Алла)билбестен туруп, айрым түрдөгү мөмөлөр уясынан чыкпайт жана эч бир ургаачы боюнда болбойт, туубайт дагы. Ал алардан көтөрүӊкү үн менен: «Менин шериктерим кана?» - деп сурай турган күн(дү эстегиле). Ошондо алар айтышат: «Бирөөбүз да күбө эмеспиз», - деп биз Сага кабар кылабыз.
  • وَ ضَلَّ عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَدۡعُوۡنَ مِنۡ قَبۡلُ وَ ظَنُّوۡا مَا لَہُمۡ مِّنۡ مَّحِیۡصٍ ﴿۴۹﴾
    41 : 49 Жана мындан илгери алар табынган нерсе алардан жоголуп кетет жана алар өздөрү үчүн кача турган бир да жай жок экенин түшүнүп калышат.
  • لَا یَسۡـَٔمُ الۡاِنۡسَانُ مِنۡ دُعَآءِ الۡخَیۡرِ ۫ وَ اِنۡ مَّسَّہُ الشَّرُّ فَیَـُٔوۡسٌ قَنُوۡطٌ ﴿۵۰﴾
    41 : 50 Адам баласы жакшылык тилөөдөн чарчабайт. Эгер ага жамандык тийип калса, катуу үмүтсүздөнүп, үмүтсүздүккө түшүп калат.
  • وَ لَئِنۡ اَذَقۡنٰہُ رَحۡمَۃً مِّنَّا مِنۡۢ بَعۡدِ ضَرَّآءَ مَسَّتۡہُ لَیَقُوۡلَنَّ ہٰذَا لِیۡ ۙ وَ مَاۤ اَظُنُّ السَّاعَۃَ قَآئِمَۃً ۙ وَّ لَئِنۡ رُّجِعۡتُ اِلٰی رَبِّیۡۤ اِنَّ لِیۡ عِنۡدَہٗ لَلۡحُسۡنٰی ۚ فَلَنُنَبِّئَنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِمَا عَمِلُوۡا ۫ وَ لَنُذِیۡقَنَّہُمۡ مِّنۡ عَذَابٍ غَلِیۡظٍ ﴿۵۱﴾
    41 : 51 Жана эгер ага кандайдыр бир кайгы келгенден кийин Биз ага кандайдыр бир рахматыбызды таттырсак, ал албетте, (мындай) дейт: «Бул мен үчүн; мен «Сааттын» кайым болушуна ишенбеймин; эгер мен өз Раббимдин алдына кайтарыла турган болсом дагы, Анын алдында мен үчүн абдан бийик даражалуу жакшылык болот». Демек, Биз каапырларга албетте, алар кылып өткөн бардык иштердин кабарын беребиз жана Биз аларга албетте, катуу азаптын даамын таттырабыз.
  • وَ اِذَاۤ اَنۡعَمۡنَا عَلَی الۡاِنۡسَانِ اَعۡرَضَ وَ نَاٰ بِجَانِبِہٖ ۚ وَ اِذَا مَسَّہُ الشَّرُّ فَذُوۡ دُعَآءٍ عَرِیۡضٍ ﴿۵۲﴾
    41 : 52 Жана Биз адамга тартуу бергенибизде, ал жүз буруп алат жана четтеп, узакташып кетет. Ага (бир) балээ келгенде, ал узун-узун дуба кылуучу болуп калат.
  • قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ کَانَ مِنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ ثُمَّ کَفَرۡتُمۡ بِہٖ مَنۡ اَضَلُّ مِمَّنۡ ہُوَ فِیۡ شِقَاقٍۭ بَعِیۡدٍ ﴿۵۳﴾
    41 : 53 Айткын: «Айткылачы, эгер бул (Куран) Алла тарабынан болсо, ушуга карабастан силер аны четке кагып койсоӊор, анда катуу карама-каршылыкка чөгүп кеткен бирөөнөн дагы адашкан ким бар?!»
  • سَنُرِیۡہِمۡ اٰیٰتِنَا فِی الۡاٰفَاقِ وَ فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ حَتّٰی یَتَبَیَّنَ لَہُمۡ اَنَّہُ الۡحَقُّ ؕ اَوَ لَمۡ یَکۡفِ بِرَبِّکَ اَنَّہٗ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ شَہِیۡدٌ ﴿۵۴﴾
    41 : 54 Ошентип, Биз албетте, аларга ааламда дагы, өздөрүнүн денелеринде дагы, аят-жышаандарыбызды көрсөтөбүз, а түгүл анын акыйкат экендиги аларга айкын болуп калат. Акыры, Раббиӊе Анын бардык нерселердин үстүнөн кароолчу экендиги жетиштүү эмеспи?!
  • اَلَاۤ اِنَّہُمۡ فِیۡ مِرۡیَۃٍ مِّنۡ لِّقَآءِ رَبِّہِمۡ ؕ اَلَاۤ اِنَّہٗ بِکُلِّ شَیۡءٍ مُّحِیۡطٌ ﴿٪۵۵﴾
    41 : 55 Кулак салгыла! Алар өз Раббиси менен учурашуу тууралуу шектенүүдө. Кулак салгыла! Албетте, Ал бардык нерселерди курчап турган.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via