Курани карим Бани Исрааийл • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

بنی اسرائیل

Бани Исрааийл

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    17 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • سُبۡحٰنَ الَّذِیۡۤ اَسۡرٰی بِعَبۡدِہٖ لَیۡلًا مِّنَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ اِلَی الۡمَسۡجِدِ الۡاَقۡصَا الَّذِیۡ بٰرَکۡنَا حَوۡلَہٗ لِنُرِیَہٗ مِنۡ اٰیٰتِنَا ؕ اِنَّہٗ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡبَصِیۡرُ ﴿۲﴾
    17 : 2 Түнү менен Өз пендесин Биз ага Өзүбүздүн аят-жышаандарыбыздан көрсөтүү үчүн Харам Мечитинен Биз айланасын берекелүү кылып койгон Акса Мечитине алып кеткен (Алла) таза. Албетте, Ал өтө угуучу (жана) тереӊ күзөтүүчү.
  • وَ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ وَ جَعَلۡنٰہُ ہُدًی لِّبَـنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اَلَّا تَتَّخِذُوۡا مِنۡ دُوۡنِیۡ وَکِیۡلًا ؕ﴿۳﴾
    17 : 3 Биз Мусага дагы Китеп берген элек жана: «Менден башканы өзүӊөргө коргоочу кылып албагыла», - деп аны Исрааийл балдары үчүн хидаят кылган элек.
  • ذُرِّیَّۃَ مَنۡ حَمَلۡنَا مَعَ نُوۡحٍ ؕ اِنَّہٗ کَانَ عَبۡدًا شَکُوۡرًا ﴿۴﴾
    17 : 4 (Ушул адамдар) Биз Нухка кошуп, (кемеге) чыгаргандардын перзенттери эле. Албетте, ал өтө шүкүр кылуучу пенде болгон.
  • وَ قَضَیۡنَاۤ اِلٰی بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ فِی الۡکِتٰبِ لَتُفۡسِدُنَّ فِی الۡاَرۡضِ مَرَّتَیۡنِ وَ لَتَعۡلُنَّ عُلُوًّا کَبِیۡرًا ﴿۵﴾
    17 : 5 Биз Китепте Исрааийл балдарын: «Силер сөзсүз жерде эки жолу бузгунчулук кыласыӊар жана албетте, абдан чоӊ баш ийбестик кылган бойдон жеӊип чыгасыӊар», - деген тагдырдан ачык кулактандырып койгон элек.
  • فَاِذَا جَآءَ وَعۡدُ اُوۡلٰٮہُمَا بَعَثۡنَا عَلَیۡکُمۡ عِبَادًا لَّنَاۤ اُولِیۡ بَاۡسٍ شَدِیۡدٍ فَجَاسُوۡا خِلٰلَ الدِّیَارِ ؕ وَ کَانَ وَعۡدًا مَّفۡعُوۡلًا ﴿۶﴾
    17 : 6 Ошол эки убаданын биринчисинин маалы келгенде, Биз силерге каршы жоокер пенделерибизди жибердик. Анан алар шаар-кыштактарга кызыл-кыргын салып киришти. Бул убада амалга ашуучу эле.
  • ثُمَّ رَدَدۡنَا لَکُمُ الۡکَرَّۃَ عَلَیۡہِمۡ وَ اَمۡدَدۡنٰکُمۡ بِاَمۡوَالٍ وَّ بَنِیۡنَ وَ جَعَلۡنٰکُمۡ اَکۡثَرَ نَفِیۡرًا ﴿۷﴾
    17 : 7 Анан Биз силерге кайрадан алардын үстүнөн жеӊиш тартууладык жана Биз силерге дүнүйө-мүлк жана укум-тукум аркылуу жардам бердик, ошондой эле силерди Биз абдан чоӊ тайпага айландырдык.
  • اِنۡ اَحۡسَنۡتُمۡ اَحۡسَنۡتُمۡ لِاَنۡفُسِکُمۡ ۟ وَ اِنۡ اَسَاۡتُمۡ فَلَہَا ؕ فَاِذَا جَآءَ وَعۡدُ الۡاٰخِرَۃِ لِیَسُوۡٓءٗا وُجُوۡہَکُمۡ وَ لِیَدۡخُلُوا الۡمَسۡجِدَ کَمَا دَخَلُوۡہُ اَوَّلَ مَرَّۃٍ وَّ لِیُتَبِّرُوۡا مَا عَلَوۡا تَتۡبِیۡرًا ﴿۸﴾
    17 : 8 Эгер силер жакшы амал кылсаӊар, өзүӊөр үчүн гана жакшы амал кылган болосуӊар; жана эгер жаманчылык кылсаӊар, өзүӊөргө гана жаманчылык кылган болосуӊар. Анан акыреттеги убада келгенде (дагы) алар силердин жүздөрүӊөрдү каралоо үчүн, жана алар жеӊип чыккандардын баарын жер менен жексен кылуу үчүн алар биринчи жолу мечитке киргендей кирүүлөрү (парыз болчу).
  • عَسٰی رَبُّکُمۡ اَنۡ یَّرۡحَمَکُمۡ ۚ وَ اِنۡ عُدۡتُّمۡ عُدۡنَا ۘ وَ جَعَلۡنَا جَہَنَّمَ لِلۡکٰفِرِیۡنَ حَصِیۡرًا ﴿۹﴾
    17 : 9 Мүмкүн, Раббиӊер силерге ырайым кылаар! Эгер (абалкы абалыӊарга) кайтсаӊар, анда Биз (дагы) кайтабыз. Биз тозокту каапырларды курчап алуучу кылып койгонбуз.
  • اِنَّ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنَ یَہۡدِیۡ لِلَّتِیۡ ہِیَ اَقۡوَمُ وَ یُبَشِّرُ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ الَّذِیۡنَ یَعۡمَلُوۡنَ الصّٰلِحٰتِ اَنَّ لَہُمۡ اَجۡرًا کَبِیۡرًا ۙ﴿۱۰﴾
    17 : 10 Албетте, ушул Куран эӊ бекем туруучу (жол)го хидаят кылат жана жакшы амалдарды кыла турган момундарга абдан чоӊ сыйлык бар экенинин куш кабарын берет.
  • وَّ اَنَّ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ اَعۡتَدۡنَا لَہُمۡ عَذَابًا اَلِیۡمًا ﴿٪۱۱﴾
    17 : 11 Биз акыретке ыйман келтирбей тургандар үчүн оор азапты даярдап койгонубузду дагы.
  • وَ یَدۡعُ الۡاِنۡسَانُ بِالشَّرِّ دُعَآءَہٗ بِالۡخَیۡرِ ؕ وَ کَانَ الۡاِنۡسَانُ عَجُوۡلًا ﴿۱۲﴾
    17 : 12 Адамзат жамандыкты жакшылык тилеген сыяктуу тилейт жана адамзат өтө шашкалак.
  • وَ جَعَلۡنَا الَّیۡلَ وَ النَّہَارَ اٰیَتَیۡنِ فَمَحَوۡنَاۤ اٰیَۃَ الَّیۡلِ وَ جَعَلۡنَاۤ اٰیَۃَ النَّہَارِ مُبۡصِرَۃً لِّتَبۡتَغُوۡا فَضۡلًا مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ لِتَعۡلَمُوۡا عَدَدَ السِّنِیۡنَ وَ الۡحِسَابَ ؕ وَ کُلَّ شَیۡءٍ فَصَّلۡنٰہُ تَفۡصِیۡلًا ﴿۱۳﴾
    17 : 13 Биз түн жана күндү эки жышаан кылып койдук. Ошентип, түндүн жышаанын жок кылып коёбуз жана күндүздүн жышаанын Раббиӊердин берешендигин издөөӊөр үчүн, ошондой эле жыл санагын жана эсеп-кысапты үйрөнүшүӊөр үчүн жарык тартуулоочу кылып коёбуз. Биз ар бир нерсени абдан ачык-айкын баян кылып койдук.
  • وَ کُلَّ اِنۡسَانٍ اَلۡزَمۡنٰہُ طٰٓئِرَہٗ فِیۡ عُنُقِہٖ ؕ وَ نُخۡرِجُ لَہٗ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ کِتٰبًا یَّلۡقٰٮہُ مَنۡشُوۡرًا ﴿۱۴﴾
    17 : 14 Жана Биз ар бир адамдын иш-амалын мойнуна илип койгонбуз. Кыямат күнү аны Биз ага ал ачык түрдө көрө турган бир китеп катары чыгарабыз.
  • اِقۡرَاۡ کِتٰبَکَ ؕ کَفٰی بِنَفۡسِکَ الۡیَوۡمَ عَلَیۡکَ حَسِیۡبًا ﴿ؕ۱۵﴾
    17 : 15 «Китебиӊди оку, бүгүн сенин напсиӊ эсебиӊди алуу үчүн жетиштүү».
  • مَنِ اہۡتَدٰی فَاِنَّمَا یَہۡتَدِیۡ لِنَفۡسِہٖ ۚ وَ مَنۡ ضَلَّ فَاِنَّمَا یَضِلُّ عَلَیۡہَا ؕ وَ لَا تَزِرُ وَازِرَۃٌ وِّزۡرَ اُخۡرٰی ؕ وَ مَا کُنَّا مُعَذِّبِیۡنَ حَتّٰی نَبۡعَثَ رَسُوۡلًا ﴿۱۶﴾
    17 : 16 Ким хидаят тапса, ал өзү үчүн гана хидаят табат жана ким адашкан болсо, ал өзүнүн пайдасына каршы жолдон адашат. Эч бир жүк көтөрүүчү жан өзгөнүн жүгүн көтөрбөйт. Биз кандайдыр бир пайгамбарды жөнөтмөйүнчө, эч качан азап бербейбиз.
  • وَ اِذَاۤ اَرَدۡنَاۤ اَنۡ نُّہۡلِکَ قَرۡیَۃً اَمَرۡنَا مُتۡرَفِیۡہَا فَفَسَقُوۡا فِیۡہَا فَحَقَّ عَلَیۡہَا الۡقَوۡلُ فَدَمَّرۡنٰہَا تَدۡمِیۡرًا ﴿۱۷﴾
    17 : 17 Биз кандайдыр бир кыштакты жок кылмакчы болгонубузда, анын байларына: «(Каалаган ишиӊерди кыла бергиле)», - (деп) буюрабыз; анан алар анда бузукулук кылышат, натыйжада ага каршы өкүм важиб болуп калат. Анан Биз ал (кыштак)ты жер менен бир кылабыз.
  • وَ کَمۡ اَہۡلَکۡنَا مِنَ الۡقُرُوۡنِ مِنۡۢ بَعۡدِ نُوۡحٍ ؕ وَ کَفٰی بِرَبِّکَ بِذُنُوۡبِ عِبَادِہٖ خَبِیۡرًۢا بَصِیۡرًا ﴿۱۸﴾
    17 : 18 Нухтан кийин Биз канчалаган доорлордогу адамдарды жок кылдык. Раббиӊ пенделеринин күнөөлөрүнөн кабардар болуу (жана) аларды күзөтүү жагынан абдан жетиштүү.
  • مَنۡ کَانَ یُرِیۡدُ الۡعَاجِلَۃَ عَجَّلۡنَا لَہٗ فِیۡہَا مَا نَشَآءُ لِمَنۡ نُّرِیۡدُ ثُمَّ جَعَلۡنَا لَہٗ جَہَنَّمَ ۚ یَصۡلٰٮہَا مَذۡمُوۡمًا مَّدۡحُوۡرًا ﴿۱۹﴾
    17 : 19 Ким бул дүйнөнү арзуу кылса, Биз ага мына ушул дүйнөнүн өзүндө Өзүбүз каалаган нерселерди каалаган кишиге дароо берип коёбуз. Анан Биз ал үчүн тозокту даярдап койгонбуз. Ал жемеленген (жана) куулган бойдон ага кирет.
  • وَ مَنۡ اَرَادَ الۡاٰخِرَۃَ وَ سَعٰی لَہَا سَعۡیَہَا وَ ہُوَ مُؤۡمِنٌ فَاُولٰٓئِکَ کَانَ سَعۡیُہُمۡ مَّشۡکُوۡرًا ﴿۲۰﴾
    17 : 20 Жана ким момун болуп, акыретти тилесе жана ага жараша аракет кылса, мына ошолордун аракети кадырлуу болот.
  • کُلًّا نُّمِدُّ ہٰۤؤُلَآءِ وَ ہٰۤؤُلَآءِ مِنۡ عَطَآءِ رَبِّکَ ؕ وَ مَا کَانَ عَطَـآءُ رَبِّکَ مَحۡظُوۡرًا ﴿۲۱﴾
    17 : 21 Ар бирине Биз Раббиӊ кылган тартуудан жардам беребиз: аларга дагы, буларга дагы. Раббиӊдин тартуусу тосулбайт.
  • اُنۡظُرۡ کَیۡفَ فَضَّلۡنَا بَعۡضَہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ ؕ وَ لَلۡاٰخِرَۃُ اَکۡبَرُ دَرَجٰتٍ وَّ اَکۡبَرُ تَفۡضِیۡلًا ﴿۲۲﴾
    17 : 22 Карагын, Биз алардын айрымдарын-айрымдарынан кандайча жогору кылып койдук. Акырет даражалар жагынан дагы абдан улуу жана артыкчылык тартуулоо жагынан дагы абдан улук.
  • لَا تَجۡعَلۡ مَعَ اللّٰہِ اِلٰـہًا اٰخَرَ فَتَقۡعُدَ مَذۡمُوۡمًا مَّخۡذُوۡلًا ﴿٪۲۳﴾
    17 : 23 Сен Алла менен бирге башка бирөөнү кудай кылып алба, болбосо жемеленген бойдон жардамчысыз калып каласыӊ.
  • وَ قَضٰی رَبُّکَ اَلَّا تَعۡبُدُوۡۤا اِلَّاۤ اِیَّاہُ وَ بِالۡوَالِدَیۡنِ اِحۡسَانًا ؕ اِمَّا یَبۡلُغَنَّ عِنۡدَکَ الۡکِبَرَ اَحَدُہُمَاۤ اَوۡ کِلٰہُمَا فَلَا تَقُلۡ لَّہُمَاۤ اُفٍّ وَّ لَا تَنۡہَرۡہُمَا وَ قُلۡ لَّہُمَا قَوۡلًا کَرِیۡمًا ﴿۲۴﴾
    17 : 24 Раббиӊ өкүм кылды: «Ал (Алла)дан башкага ибадат кылбагыла жана ата-энелерге жакшы мамиле кылгыла. Эгер ал экөөсүнүн бири же экөөсү теӊ сен турганыӊда карылык жашына жетсе, аларга карап үшкүрбө жана сөкпө, аларды урматтап, жылуу сөз менен аларга кайрыл.
  • وَ اخۡفِضۡ لَہُمَا جَنَاحَ الذُّلِّ مِنَ الرَّحۡمَۃِ وَ قُلۡ رَّبِّ ارۡحَمۡہُمَا کَمَا رَبَّیٰنِیۡ صَغِیۡرًا ﴿ؕ۲۵﴾
    17 : 25 Ал экөөсү үчүн мээримдүүлүк менен кичи пейилдик канатын төмөн тут жана айт: «Эй, Раббим! Ал экөөсү мени кичине чагыман тарбиялап, камкордук кылгандыктары сыяктуу Сен дагы аларга мээримдүү бол!»
  • رَبُّکُمۡ اَعۡلَمُ بِمَا فِیۡ نُفُوۡسِکُمۡ ؕ اِنۡ تَکُوۡنُوۡا صٰلِحِیۡنَ فَاِنَّہٗ کَانَ لِلۡاَوَّابِیۡنَ غَفُوۡرًا ﴿۲۶﴾
    17 : 26 Раббиӊер жүрөктөрүӊөрдө эмне бар экенин жакшы билет. Эгер силер жакшы болсоӊор, анда Ал албетте, көп-көп тобо кылуучуларды өтө кечирим кылуучу.
  • وَ اٰتِ ذَاالۡقُرۡبٰی حَقَّہٗ وَ الۡمِسۡکِیۡنَ وَ ابۡنَ السَّبِیۡلِ وَ لَا تُبَذِّرۡ تَبۡذِیۡرًا ﴿۲۷﴾
    17 : 27 Жакын тууганга анын акысын бер жана бечарага дагы, жолоочуга дагы. Бирок ысырапкерчилик кылба!
  • اِنَّ الۡمُبَذِّرِیۡنَ کَانُوۡۤا اِخۡوَانَ الشَّیٰطِیۡنِ ؕ وَ کَانَ الشَّیۡطٰنُ لِرَبِّہٖ کَفُوۡرًا ﴿۲۸﴾
    17 : 28 Албетте, ысырапкорлор шайтандын туугандары жана шайтан өз Раббисине өтө шүкүрсүз.
  • وَ اِمَّا تُعۡرِضَنَّ عَنۡہُمُ ابۡتِغَآءَ رَحۡمَۃٍ مِّنۡ رَّبِّکَ تَرۡجُوۡہَا فَقُلۡ لَّہُمۡ قَوۡلًا مَّیۡسُوۡرًا ﴿۲۹﴾
    17 : 29 Жана эгер алардан жүз бурууга туура келсе, анда сен үмүт байлаган Раббиӊдин ырайымына ээ болуу үчүн аларга жумшак сөз айт.
  • وَ لَا تَجۡعَلۡ یَدَکَ مَغۡلُوۡلَۃً اِلٰی عُنُقِکَ وَ لَا تَبۡسُطۡہَا کُلَّ الۡبَسۡطِ فَتَقۡعُدَ مَلُوۡمًا مَّحۡسُوۡرًا ﴿۳۰﴾
    17 : 30 Жана колуӊду (сараӊдык менен) жумуп, мойнуӊа алып барба, ошондой эле жеме жана өкүнүчтө отуруп калбастыгыӊ үчүн аны бүтүндөй ачып да жибербе.
  • اِنَّ رَبَّکَ یَبۡسُطُ الرِّزۡقَ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یَقۡدِرُ ؕ اِنَّہٗ کَانَ بِعِبَادِہٖ خَبِیۡرًۢا بَصِیۡرًا ﴿٪۳۱﴾
    17 : 31 Албетте, Раббиӊ Өзү каалаган киши үчүн ырыскыны кеӊ кылат, тар да кылат. Албетте, Ал Өзүнүн пенделеринен жакшы кабардар (жана) тереӊ күзөтүүчү.
  • وَ لَا تَقۡتُلُوۡۤا اَوۡلَادَکُمۡ خَشۡیَۃَ اِمۡلَاقٍ ؕ نَحۡنُ نَرۡزُقُہُمۡ وَ اِیَّاکُمۡ ؕ اِنَّ قَتۡلَہُمۡ کَانَ خِطۡاً کَبِیۡرًا ﴿۳۲﴾
    17 : 32 Кедей болуп калуудан коркуп, балдарыӊарды өлтүрбөгүлө. Биз Өзүбүз аларга да, силерге да ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү албетте, абдан чоӊ ката.
  • وَ لَا تَقۡرَبُوا الزِّنٰۤی اِنَّہٗ کَانَ فَاحِشَۃً ؕ وَ سَآءَ سَبِیۡلًا ﴿۳۳﴾
    17 : 33 Жана зынага жакындабагыла. Албетте, бул бузукулук жана өтө жаман жол.
  • وَ لَا تَقۡتُلُوا النَّفۡسَ الَّتِیۡ حَرَّمَ اللّٰہُ اِلَّا بِالۡحَقِّ ؕ وَ مَنۡ قُتِلَ مَظۡلُوۡمًا فَقَدۡ جَعَلۡنَا لِوَلِیِّہٖ سُلۡطٰنًا فَلَا یُسۡرِفۡ فِّی الۡقَتۡلِ ؕ اِنَّہٗ کَانَ مَنۡصُوۡرًا ﴿۳۴﴾
    17 : 34 Жана Алла тыюу салган жанды акысыз өлтүрбөгүлө. Ким зулумдукка учурап өлтүрүлгөн болсо, анын мураскерине (өч алуу үчүн) негиздүү акы-укук берип койгонбуз. Ошентип, ал өлтүрүү маселесинде (белгиленген) чегаралардан ашпасын. Албетте, ага жардам берилген.
  • وَ لَا تَقۡرَبُوۡا مَالَ الۡیَتِیۡمِ اِلَّا بِالَّتِیۡ ہِیَ اَحۡسَنُ حَتّٰی یَبۡلُغَ اَشُدَّہٗ ۪ وَ اَوۡفُوۡا بِالۡعَہۡدِ ۚ اِنَّ الۡعَہۡدَ کَانَ مَسۡـُٔوۡلًا ﴿۳۵﴾
    17 : 35 Жетимдин малына ал балакат жашына жеткиче жакындабагыла, бирок эӊ жакшы жол менен. Ант-убадага туруктуу болгула. Албетте, ант-убада туурасында суралат.
  • وَ اَوۡفُوا الۡکَیۡلَ اِذَا کِلۡتُمۡ وَ زِنُوۡا بِالۡقِسۡطَاسِ الۡمُسۡتَقِیۡمِ ؕ ذٰلِکَ خَیۡرٌ وَّ اَحۡسَنُ تَاۡوِیۡلًا ﴿۳۶﴾
    17 : 36 Ошондой эле өлчөгөнүӊөрдө өлчөмдү толук кылгыла жана туура тараза менен тарткыла. Бул нерсе өтө кайырлуу жана натыйжа жагынан эӊ жакшы иш.
  • وَ لَا تَقۡفُ مَا لَیۡسَ لَکَ بِہٖ عِلۡمٌ ؕ اِنَّ السَّمۡعَ وَ الۡبَصَرَ وَ الۡفُؤَادَ کُلُّ اُولٰٓئِکَ کَانَ عَنۡہُ مَسۡـُٔوۡلًا ﴿۳۷﴾
    17 : 37 Жана өзүӊ билбеген нерсе үстүндө тырышып турба! Албетте, кулак, көз жана жүрөк – алардын ар бири жөнүндө сурак кылынат.
  • وَ لَا تَمۡشِ فِی الۡاَرۡضِ مَرَحًا ۚ اِنَّکَ لَنۡ تَخۡرِقَ الۡاَرۡضَ وَ لَنۡ تَبۡلُغَ الۡجِبَالَ طُوۡلًا ﴿۳۸﴾
    17 : 38 Жана жерде текеберлик менен жүрбө! Сен албетте, жерди жара албайсыӊ жана боюӊду (көтөрүп) тоолордун бийиктигине да жете албайсыӊ.
  • کُلُّ ذٰلِکَ کَانَ سَیِّئُہٗ عِنۡدَ رَبِّکَ مَکۡرُوۡہًا ﴿۳۹﴾
    17 : 39 Булардын баары ушундай нерселер: алардын жамандыгы Раббиӊдин алдында өтө жек көрүүгө ылайык.
  • ذٰلِکَ مِمَّاۤ اَوۡحٰۤی اِلَیۡکَ رَبُّکَ مِنَ الۡحِکۡمَۃِ ؕ وَ لَا تَجۡعَلۡ مَعَ اللّٰہِ اِلٰـہًا اٰخَرَ فَتُلۡقٰی فِیۡ جَہَنَّمَ مَلُوۡمًا مَّدۡحُوۡرًا ﴿۴۰﴾
    17 : 40 Булар – Раббиӊ сага вахий-аян кылган хикмат-акылман сөздөр. Алла менен бирге башка бирөөнү кудай кылып алба, болбосо жемеленген (жана) куулган бойдон тозокко ташталып жиберилесиӊ.
  • اَفَاَصۡفٰٮکُمۡ رَبُّکُمۡ بِالۡبَنِیۡنَ وَ اتَّخَذَ مِنَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ اِنَاثًا ؕ اِنَّکُمۡ لَتَقُوۡلُوۡنَ قَوۡلًا عَظِیۡمًا ﴿٪۴۱﴾
    17 : 41 Эмне, Раббиӊер силерди уулдар менен сыйлап, Өзүнө периштелерден кыз кылып алыптырбы? Албетте, силер абдан чоӊ сүйлөп жатасыӊар.
  • وَ لَقَدۡ صَرَّفۡنَا فِیۡ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنِ لِیَذَّکَّرُوۡا ؕ وَ مَا یَزِیۡدُہُمۡ اِلَّا نُفُوۡرًا ﴿۴۲﴾
    17 : 42 Алар ибарат алуулары үчүн Биз албетте, ушул Куранда (аяттарды) кайра-кайра баян кылдык. Бирок, ал алардын жек көрүүсүн гана арттырат.
  • قُلۡ لَّوۡ کَانَ مَعَہٗۤ اٰلِـہَۃٌ کَمَا یَقُوۡلُوۡنَ اِذًا لَّابۡتَغَوۡا اِلٰی ذِی الۡعَرۡشِ سَبِیۡلًا ﴿۴۳﴾
    17 : 43 Айткын: «Эгер булар айтышкандай Аны менен бирге жана башка кудайлар болгондо, алар дагы албетте, Арш ээсине жетүү жолун абдан кызыгуу менен аӊтарган болоор эле».
  • سُبۡحٰنَہٗ وَ تَعٰلٰی عَمَّا یَقُوۡلُوۡنَ عُلُوًّا کَبِیۡرًا ﴿۴۴﴾
    17 : 44 Ал таза жана алар айтып жаткан нерселерден абдан жогору.
  • تُسَبِّحُ لَہُ السَّمٰوٰتُ السَّبۡعُ وَ الۡاَرۡضُ وَ مَنۡ فِیۡہِنَّ ؕ وَ اِنۡ مِّنۡ شَیۡءٍ اِلَّا یُسَبِّحُ بِحَمۡدِہٖ وَ لٰکِنۡ لَّا تَفۡقَہُوۡنَ تَسۡبِیۡحَہُمۡ ؕ اِنَّہٗ کَانَ حَلِیۡمًا غَفُوۡرًا ﴿۴۵﴾
    17 : 45 Жети асман жана жер, ошондой эле алардагы бардык нерселер Ага гана мактоо-алкоо айтууда. Ал (Алла)га мактоосу менен тасбийх айтпаган эч бир нерсе жок. Бирок, силер алардын тасбийхин түшүнбөйсүӊөр. Албетте, Ал өтө жумшак (жана) өтө кечирүүчү.
  • وَ اِذَا قَرَاۡتَ الۡقُرۡاٰنَ جَعَلۡنَا بَیۡنَکَ وَ بَیۡنَ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ حِجَابًا مَّسۡتُوۡرًا ﴿ۙ۴۶﴾
    17 : 46 Сен Куранды окуганыӊда, Биз сени менен акыретке ыйман келтирбей тургандардын ортосунда бир жашыруун парда тартып коёбуз.
  • وَّ جَعَلۡنَا عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ اَکِنَّۃً اَنۡ یَّفۡقَہُوۡہُ وَ فِیۡۤ اٰذَانِہِمۡ وَقۡرًا ؕ وَ اِذَا ذَکَرۡتَ رَبَّکَ فِی الۡقُرۡاٰنِ وَحۡدَہٗ وَلَّوۡا عَلٰۤی اَدۡبَارِہِمۡ نُفُوۡرًا ﴿۴۷﴾
    17 : 47 Алар аны түшүнө албасын деп Биз алардын жүрөктөрүнө (да) пардаларды тартып коёбуз жана кулактарында оордук бар. Сен Куранда жападан-жалгыз Раббиӊди тилге алганыӊда, алар жек көрүү менен жүз буруп, кайрылып кетишет.
  • نَحۡنُ اَعۡلَمُ بِمَا یَسۡتَمِعُوۡنَ بِہٖۤ اِذۡ یَسۡتَمِعُوۡنَ اِلَیۡکَ وَ اِذۡ ہُمۡ نَجۡوٰۤی اِذۡ یَقُوۡلُ الظّٰلِمُوۡنَ اِنۡ تَتَّبِعُوۡنَ اِلَّا رَجُلًا مَّسۡحُوۡرًا ﴿۴۸﴾
    17 : 48 Алар сага кулак салгандарында, эмнени укмакчы болгондорун жана жашыруун иш-пландарды түзүү менен алек болгондорунда, заалим кишилердин: «Болгону, силер сыйкырланган бир кишини ээрчүүдөсүӊөр», - дегендиктерин Биз абдан жакшы билебиз.
  • اُنۡظُرۡ کَیۡفَ ضَرَبُوۡا لَکَ الۡاَمۡثَالَ فَضَلُّوۡا فَلَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ سَبِیۡلًا ﴿۴۹﴾
    17 : 49 Карагын, алар сен тууралуу кандай мисалдарды баян кылышат. Ошентип, алар жолдон чыгып кетишти. Алар туура жолго чейин жете алышпайт.
  • وَ قَالُوۡۤاءَ اِذَا کُنَّا عِظَامًا وَّ رُفَاتًاءَ اِنَّا لَمَبۡعُوۡثُوۡنَ خَلۡقًا جَدِیۡدًا ﴿۵۰﴾
    17 : 50 Жана алар айтышат: «Биз сөөктөргө айланып, майда-майда болуп кеткенибизде, албетте, бир жаӊы жаратылыш түрүндө тургузулабызбы?»
  • قُلۡ کُوۡنُوۡا حِجَارَۃً اَوۡ حَدِیۡدًا ﴿ۙ۵۱﴾
    17 : 51 Айт: «Силер таш же темир болуп калгыла;
  • اَوۡ خَلۡقًا مِّمَّا یَکۡبُرُ فِیۡ صُدُوۡرِکُمۡ ۚ فَسَیَقُوۡلُوۡنَ مَنۡ یُّعِیۡدُنَا ؕ قُلِ الَّذِیۡ فَطَرَکُمۡ اَوَّلَ مَرَّۃٍ ۚ فَسَیُنۡغِضُوۡنَ اِلَیۡکَ رُءُوۡسَہُمۡ وَ یَقُوۡلُوۡنَ مَتٰی ہُوَ ؕ قُلۡ عَسٰۤی اَنۡ یَّکُوۡنَ قَرِیۡبًا ﴿۵۲﴾
    17 : 52 Же силердин түшүнүгүӊөр боюнча (таш боордукта) мындан дагы өтүп кеткен макулук». Ошондо , алар албетте, айтышат: «Ким бизди кайтарат?» Айткын: «Силерди биринчи ирет жараткан (Алла)». Ошондо, алар сага карап баштарын чайкап: «Бул качан жүз берет?» - дешет. Айткын: «Балким, тезирээк болоор».
  • یَوۡمَ یَدۡعُوۡکُمۡ فَتَسۡتَجِیۡبُوۡنَ بِحَمۡدِہٖ وَ تَظُنُّوۡنَ اِنۡ لَّبِثۡتُمۡ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿٪۵۳﴾
    17 : 53 (Бул) Ал (Алла) силерди чакыра турган күнү (жүз берет), ошондо силер Анын мактоосу менен «лаппай», - дейсиӊер жана: «(Анда) абдан аз мөөнөт болдук», - деп ойлойсуӊар.
  • وَ قُلۡ لِّعِبَادِیۡ یَقُوۡلُوا الَّتِیۡ ہِیَ اَحۡسَنُ ؕ اِنَّ الشَّیۡطٰنَ یَنۡزَغُ بَیۡنَہُمۡ ؕ اِنَّ الشَّیۡطٰنَ کَانَ لِلۡاِنۡسَانِ عَدُوًّا مُّبِیۡنًا ﴿۵۴﴾
    17 : 54 Менин пенделериме айт: алар эӊ жакшы сөздү сүйлөшсүн. Албетте, шайтан алардын арасына бүлүк салат. Албетте, шайтан адамга ачыктан-ачык душман.
  • رَبُّکُمۡ اَعۡلَمُ بِکُمۡ ؕ اِنۡ یَّشَاۡ یَرۡحَمۡکُمۡ اَوۡ اِنۡ یَّشَاۡ یُعَذِّبۡکُمۡ ؕ وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ عَلَیۡہِمۡ وَکِیۡلًا ﴿۵۵﴾
    17 : 55 Раббиӊер силерди абдан жакшы билет. Эгер Ал кааласа, силерге ырайым кылат; эгер кааласа, Ал силерге азап берет. Биз сени алардын үстүнө кароолчу кылып жиберген эмеспиз.
  • وَ رَبُّکَ اَعۡلَمُ بِمَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ لَقَدۡ فَضَّلۡنَا بَعۡضَ النَّبِیّٖنَ عَلٰی بَعۡضٍ وَّ اٰتَیۡنَا دَاوٗدَ زَبُوۡرًا ﴿۵۶﴾
    17 : 56 Раббиӊ асмандар жана жердегилерди эӊ жакшы билет. Албетте, Биз пайгамбарлардын айрымдарын-айрымдарынан абзел кылып койдук жана Биз Давудга Забур бердик.
  • قُلِ ادۡعُوا الَّذِیۡنَ زَعَمۡتُمۡ مِّنۡ دُوۡنِہٖ فَلَا یَمۡلِکُوۡنَ کَشۡفَ الضُّرِّ عَنۡکُمۡ وَ لَا تَحۡوِیۡلًا ﴿۵۷﴾
    17 : 57 Айткын: «Силер Андан башка (кудай деп) ойлогонуӊарга кайрылгыла. Ошентип, алар силерден балээ-зыянды алып таштоо жана аны буруп жиберүү кудуретине такыр ээ эмес».
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ یَبۡتَغُوۡنَ اِلٰی رَبِّہِمُ الۡوَسِیۡلَۃَ اَیُّہُمۡ اَقۡرَبُ وَ یَرۡجُوۡنَ رَحۡمَتَہٗ وَ یَخَافُوۡنَ عَذَابَہٗ ؕ اِنَّ عَذَابَ رَبِّکَ کَانَ مَحۡذُوۡرًا ﴿۵۸﴾
    17 : 58 Булар жалбара тургандардын өздөрү дагы Раббисине жакын болуу куралын издешет. (Тактап айтканда: «Биз жардам алуубуз үчүн) ким Ага жакыныраак экен», - (деп карап турушат). Алар Ал (Алла)нын рахматынан үмүткөр болушат жана Анын азабынан коркушат. Албетте, Раббиӊдин азабы ушундай нерсе: андан коркуу керек.
  • وَ اِنۡ مِّنۡ قَرۡیَۃٍ اِلَّا نَحۡنُ مُہۡلِکُوۡہَا قَبۡلَ یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ اَوۡ مُعَذِّبُوۡہَا عَذَابًا شَدِیۡدًا ؕ کَانَ ذٰلِکَ فِی الۡکِتٰبِ مَسۡطُوۡرًا ﴿۵۹﴾
    17 : 59 Биз кыямат күнүнөн мурун ар бир кыштакты жок кылуучубуз же ага өтө катуу азап берүүчүбүз. Бул нерсе китепте жазылып коюлган.
  • وَ مَا مَنَعَنَاۤ اَنۡ نُّرۡسِلَ بِالۡاٰیٰتِ اِلَّاۤ اَنۡ کَذَّبَ بِہَا الۡاَوَّلُوۡنَ ؕ وَ اٰتَیۡنَا ثَمُوۡدَ النَّاقَۃَ مُبۡصِرَۃً فَظَلَمُوۡا بِہَا ؕ وَ مَا نُرۡسِلُ بِالۡاٰیٰتِ اِلَّا تَخۡوِیۡفًا ﴿۶۰﴾
    17 : 60 Аяттарыбызды түшүрүүдөн Бизди илгери өткөндөрдүн ал (аят)тарын четке каккандыктарынан бөлөк эч нерсе тоскон эмес. Биз Самудга дагы ачык-айкын аят-белги катары ургаачы төө тартуулаган элек. Анан алар ага акысыздык кылышты. Биз аят-жышаандарды акырындан кулактандыруу үчүн гана жөнөтөбүз.
  • وَ اِذۡ قُلۡنَا لَکَ اِنَّ رَبَّکَ اَحَاطَ بِالنَّاسِ ؕ وَ مَا جَعَلۡنَا الرُّءۡیَا الَّتِیۡۤ اَرَیۡنٰکَ اِلَّا فِتۡنَۃً لِّلنَّاسِ وَ الشَّجَرَۃَ الۡمَلۡعُوۡنَۃَ فِی الۡقُرۡاٰنِ ؕ وَ نُخَوِّفُہُمۡ ۙ فَمَا یَزِیۡدُہُمۡ اِلَّا طُغۡیَانًا کَبِیۡرًا ﴿٪۶۱﴾
    17 : 61 Биз сага: «Албетте, Раббиӊ адамдарды курчап алды», - дегенибиз(ди эсте). Жана Биз сага көрсөткөн түштү да, Куранда каргышталган деп айтылган даракты да, адамдар үчүн, болгону сыноо кылдык». Биз аларды акырындан кулактандырабыз, бирок бул алардын чоӊ кежирлигинен бөлөк эч бир нерсесин көбөйтпөйт.
  • وَ اِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلٰٓئِکَۃِ اسۡجُدُوۡا لِاٰدَمَ فَسَجَدُوۡۤا اِلَّاۤ اِبۡلِیۡسَ ؕ قَالَ ءَاَسۡجُدُ لِمَنۡ خَلَقۡتَ طِیۡنًا ﴿ۚ۶۲﴾
    17 : 62 Жана Биз периштелерге: «Адам үчүн сажда кылгыла», - дегенибизде, Иблистен тышкары, алар(дын баары) сажда кылышты. Ал айтты: «Сен ылайдан жараткан киши үчүн сажда кылайынбы?!»
  • قَالَ اَرَءَیۡتَکَ ہٰذَا الَّذِیۡ کَرَّمۡتَ عَلَیَّ ۫ لَئِنۡ اَخَّرۡتَنِ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ لَاَحۡتَنِکَنَّ ذُرِّیَّتَہٗۤ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿۶۳﴾
    17 : 63 Ал (дагы) айтты: «Эмне, ойлоп көрдүӊбү? Сен менден абзел кылып койгон (нерсе) ушулбу? Эгер кыямат күнүнө чейин мага мөөнөт берсеӊ, мен албетте, анын тукумдарынын бир азынан башка баарын жок кылып коёмун».
  • قَالَ اذۡہَبۡ فَمَنۡ تَبِعَکَ مِنۡہُمۡ فَاِنَّ جَہَنَّمَ جَزَآؤُکُمۡ جَزَآءً مَّوۡفُوۡرًا ﴿۶۴﴾
    17 : 64 (Алла) айтты: «Бар! Демек, алардан ким сени ээрчисе, албетте, тозок баарыӊардын толук «сыйлыгыӊар» болот.
  • وَ اسۡتَفۡزِزۡ مَنِ اسۡتَطَعۡتَ مِنۡہُمۡ بِصَوۡتِکَ وَ اَجۡلِبۡ عَلَیۡہِمۡ بِخَیۡلِکَ وَ رَجِلِکَ وَ شَارِکۡہُمۡ فِی الۡاَمۡوَالِ وَ الۡاَوۡلَادِ وَ عِدۡہُمۡ ؕ وَ مَا یَعِدُہُمُ الشَّیۡطٰنُ اِلَّا غُرُوۡرًا ﴿۶۵﴾
    17 : 65 Демек, алардан каалаганыӊды үнүӊ менен жолдон чыгар жана өз атчан менен жөө желдеттериӊди аларга каршы алып кел, ошондой эле дүнүйө-мүлк жана тукумда аларга жолдош бол жана аларга убада бер». Шайтан аларга алдоодон башка эч кандай убада бербейт.
  • اِنَّ عِبَادِیۡ لَیۡسَ لَکَ عَلَیۡہِمۡ سُلۡطٰنٌ ؕ وَ کَفٰی بِرَبِّکَ وَکِیۡلًا ﴿۶۶﴾
    17 : 66 «Албетте, Менин пенделеримдин үстүнөн сага эч кандай жеӊиш насип болбойт». Бир гана Раббиӊ коргоочу катары жетиштүү.
  • رَبُّکُمُ الَّذِیۡ یُزۡجِیۡ لَکُمُ الۡفُلۡکَ فِی الۡبَحۡرِ لِتَبۡتَغُوۡا مِنۡ فَضۡلِہٖ ؕ اِنَّہٗ کَانَ بِکُمۡ رَحِیۡمًا ﴿۶۷﴾
    17 : 67 Анын берешендигин издөөӊөр үчүн Раббиӊер силер үчүн деӊизде кемелерди жүргүзө турган (Алла). Албетте, Ал силерге кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ اِذَا مَسَّکُمُ الضُّرُّ فِی الۡبَحۡرِ ضَلَّ مَنۡ تَدۡعُوۡنَ اِلَّاۤ اِیَّاہُ ۚ فَلَمَّا نَجّٰٮکُمۡ اِلَی الۡبَرِّ اَعۡرَضۡتُمۡ ؕ وَ کَانَ الۡاِنۡسَانُ کَفُوۡرًا ﴿۶۸﴾
    17 : 68 Деӊизде силерге кандайдыр бир балээ келгенде, Андан бөлөк силер чакырган ар бир зат (силерди) таштап кетет. Анан Ал (Алла) силерди кургак жакка куткарып алып келгенде, силер (Андан) жүз бурасыӊар. Адамзат өтө шүкүрсүз.
  • اَفَاَمِنۡتُمۡ اَنۡ یَّخۡسِفَ بِکُمۡ جَانِبَ الۡبَرِّ اَوۡ یُرۡسِلَ عَلَیۡکُمۡ حَاصِبًا ثُمَّ لَا تَجِدُوۡا لَکُمۡ وَکِیۡلًا ﴿ۙ۶۹﴾
    17 : 69 Демек, Ал (Алла) силерди кургактык жээгине (алып барып) жуттуруп жиберүүсүнөн же үстүӊөргө күчтүү бороон жиберүүсүнөн, анан силер өзүӊөргө эч бир коргоочу табалбай калууӊардан коопсузсуӊарбы?
  • اَمۡ اَمِنۡتُمۡ اَنۡ یُّعِیۡدَکُمۡ فِیۡہِ تَارَۃً اُخۡرٰی فَیُرۡسِلَ عَلَیۡکُمۡ قَاصِفًا مِّنَ الرِّیۡحِ فَیُغۡرِقَکُمۡ بِمَا کَفَرۡتُمۡ ۙ ثُمَّ لَا تَجِدُوۡا لَکُمۡ عَلَیۡنَا بِہٖ تَبِیۡعًا ﴿۷۰﴾
    17 : 70 Же Ал (Алла) силерди кайра анын өзүнө кайтарып жиберүүсүнөн, анан үстүӊөргө абдан тез күчтүү бороон жөнөтүүсүнөн жана шүкүрсүздүгүӊөр себептүү силерди чөктүрүп жиберүүсүнөн, анан силер Бизге каршы өзүӊөргө мунун өчүн алуучуну табалбай калууӊардан коопсузсуӊарбы?
  • وَ لَقَدۡ کَرَّمۡنَا بَنِیۡۤ اٰدَمَ وَ حَمَلۡنٰہُمۡ فِی الۡبَرِّ وَ الۡبَحۡرِ وَ رَزَقۡنٰہُمۡ مِّنَ الطَّیِّبٰتِ وَ فَضَّلۡنٰہُمۡ عَلٰی کَثِیۡرٍ مِّمَّنۡ خَلَقۡنَا تَفۡضِیۡلًا ﴿٪۷۱﴾
    17 : 71 Албетте, Биз Адам балдарын урматтуу кылдык, аларга кургактык менен деӊизде унаа тартууладык, аларга таза нерселерден ырыскы бердик жана аларды Өзүбүз жараткан көптөгөн нерселерден абзел кылдык.
  • یَوۡمَ نَدۡعُوۡا کُلَّ اُنَاسٍۭ بِاِمَامِہِمۡ ۚ فَمَنۡ اُوۡتِیَ کِتٰبَہٗ بِیَمِیۡنِہٖ فَاُولٰٓئِکَ یَقۡرَءُوۡنَ کِتٰبَہُمۡ وَ لَا یُظۡلَمُوۡنَ فَتِیۡلًا ﴿۷۲﴾
    17 : 72 Биз ар бир коомду анын имамы менен чакыра турган күн(дү эстегиле). Ошентип, амал дептери оӊ колуна бериле турган киши – мына ошолор амал дептерин окуй турган кишилер болушат жана аларга кылчалык дагы зулумдук кылынбайт.
  • وَ مَنۡ کَانَ فِیۡ ہٰذِہٖۤ اَعۡمٰی فَہُوَ فِی الۡاٰخِرَۃِ اَعۡمٰی وَ اَضَلُّ سَبِیۡلًا ﴿۷۳﴾
    17 : 73 Ким бул дүйнөдө сокур болгон болсо, ал акыретте дагы сокур болот жана жол жагынан эӊ эле адашкан.
  • وَ اِنۡ کَادُوۡا لَیَفۡتِنُوۡنَکَ عَنِ الَّذِیۡۤ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ لِتَفۡتَرِیَ عَلَیۡنَا غَیۡرَہٗ ٭ۖ وَ اِذًا لَّاتَّخَذُوۡکَ خَلِیۡلًا ﴿۷۴﴾
    17 : 74 Биз сага вахий кылган нерсе туурасында, сен андан башка кандайдыр бир нерсени Бизге каршы ойлоп чыгарып алышыӊ үчүн алар сени чагымга дуушар кылып коюшуна аз калган эле; ошондой болгондо, алар албетте, кечиктирбестен сени дос кылып алышмак.
  • وَ لَوۡ لَاۤ اَنۡ ثَبَّتۡنٰکَ لَقَدۡ کِدۡتَّ تَرۡکَنُ اِلَیۡہِمۡ شَیۡئًا قَلِیۡلًا ﴿٭ۙ۷۵﴾
    17 : 75 Эгер Биз сени туруктуу кылып койбогонубузда, сен аларга бир аз ыктап кетишиӊ ыктымалы бар эле.
  • اِذًا لَّاَذَقۡنٰکَ ضِعۡفَ الۡحَیٰوۃِ وَ ضِعۡفَ الۡمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَکَ عَلَیۡنَا نَصِیۡرًا ﴿۷۶﴾
    17 : 76 Анан Биз албетте, сага жашоо азабын дагы эки эсе таттырган болоор элек, өлүм азабын дагы эки эсе; ошондо сен Бизге каршы өзүӊө эч кандай жардамчы таба албайт элеӊ.
  • وَ اِنۡ کَادُوۡا لَیَسۡتَفِزُّوۡنَکَ مِنَ الۡاَرۡضِ لِیُخۡرِجُوۡکَ مِنۡہَا وَ اِذًا لَّا یَلۡبَثُوۡنَ خِلٰفَکَ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿۷۷﴾
    17 : 77 Жана алар сени мекениӊен кууп жиберүү үчүн андан кадамдарыӊды козголтуусуна аз калган эле. Ушундай абалда алар дагы сенден кийин узак мөөнөт тура албайт болчу.
  • سُنَّۃَ مَنۡ قَدۡ اَرۡسَلۡنَا قَبۡلَکَ مِنۡ رُّسُلِنَا وَ لَا تَجِدُ لِسُنَّتِنَا تَحۡوِیۡلًا ﴿٪۷۸﴾
    17 : 78 Бул Сүннөт Биз сенден илгери жөнөткөн пайгамбарларыбызга тийиштүү эле. Сен Биздин Сүннөтүбүздө эч кандай өзгөрүш таппайсыӊ.
  • اَقِمِ الصَّلٰوۃَ لِدُلُوۡکِ الشَّمۡسِ اِلٰی غَسَقِ الَّیۡلِ وَ قُرۡاٰنَ الۡفَجۡرِ ؕ اِنَّ قُرۡاٰنَ الۡفَجۡرِ کَانَ مَشۡہُوۡدًا ﴿۷۹﴾
    17 : 79 Күн ооп , түн караӊгысы жайылып кеткенче, намаз оку жана багымдат (маалын)да Куран окууга маани бер. Албетте, багымдат (учурун)да Куран окуу ушундай нерсе: ал үчүн күбөлүк берилет.
  • وَ مِنَ الَّیۡلِ فَتَہَجَّدۡ بِہٖ نَافِلَۃً لَّکَ ٭ۖ عَسٰۤی اَنۡ یَّبۡعَثَکَ رَبُّکَ مَقَامًا مَّحۡمُوۡدًا ﴿۸۰﴾
    17 : 80 Жана түндүн бир бөлүгүндө дагы бул (Куран) менен Тахажжудду окуп тур; ал сен үчүн нафл катары болот. Балким, Раббиӊ сени эӊ бийик даражага көтөрөөр.
  • وَ قُلۡ رَّبِّ اَدۡخِلۡنِیۡ مُدۡخَلَ صِدۡقٍ وَّ اَخۡرِجۡنِیۡ مُخۡرَجَ صِدۡقٍ وَّ اجۡعَلۡ لِّیۡ مِنۡ لَّدُنۡکَ سُلۡطٰنًا نَّصِیۡرًا ﴿۸۱﴾
    17 : 81 Айт: «Эй, Раббим! Мени ушундай киргизгин: менин киришим акыйкат менен болсун жана мени ушундай чыгаргын: менин чыгышым акыйкат менен болсун жана мага Өз алдыӊдан күчтүү жардамчы тартуулагын».
  • وَ قُلۡ جَآءَ الۡحَقُّ وَ زَہَقَ الۡبَاطِلُ ؕ اِنَّ الۡبَاطِلَ کَانَ زَہُوۡقًا ﴿۸۲﴾
    17 : 82 Жана айт: «Акыйкат келди, жалган качты. Албетте, жалган качуучу».
  • وَ نُنَزِّلُ مِنَ الۡقُرۡاٰنِ مَا ہُوَ شِفَآءٌ وَّ رَحۡمَۃٌ لِّلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ۙ وَ لَا یَزِیۡدُ الظّٰلِمِیۡنَ اِلَّا خَسَارًا ﴿۸۳﴾
    17 : 83 Биз Курандан момундар үчүн шыпаа жана рахмат болгон нерселерди түшүрөбүз. Ал заалимдерге бир гана зыянды көбөйтөт.
  • وَ اِذَاۤ اَنۡعَمۡنَا عَلَی الۡاِنۡسَانِ اَعۡرَضَ وَ نَاٰ بِجَانِبِہٖ ۚ وَ اِذَا مَسَّہُ الشَّرُّ کَانَ یَــُٔوۡسًا ﴿۸۴﴾
    17 : 84 Биз адамзатка белек бергенибизде, ал жүз бурат жана четтеп кетет. Анан ага кандайдыр бир балээ-кырсык келгенде, абдан үмүтсүз болуп калат.
  • قُلۡ کُلٌّ یَّعۡمَلُ عَلٰی شَاکِلَتِہٖ ؕ فَرَبُّکُمۡ اَعۡلَمُ بِمَنۡ ہُوَ اَہۡدٰی سَبِیۡلًا ﴿٪۸۵﴾
    17 : 85 Айт: «Ар ким өз алынча амал кылат. Ошентип, кимдин жолу эӊ туура экенин Раббиӊер абдан жакшы билет».
  • وَ یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الرُّوۡحِ ؕ قُلِ الرُّوۡحُ مِنۡ اَمۡرِ رَبِّیۡ وَ مَاۤ اُوۡتِیۡتُمۡ مِّنَ الۡعِلۡمِ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿۸۶﴾
    17 : 86 Алар сенден Рух туурасында сурашат. Айткын: «Рух Раббимдин буйругунан жана силерге абдан аз илим берилген».
  • وَ لَئِنۡ شِئۡنَا لَنَذۡہَبَنَّ بِالَّذِیۡۤ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَکَ بِہٖ عَلَیۡنَا وَکِیۡلًا ﴿ۙ۸۷﴾
    17 : 87 Эгер Биз каалаганыбызда, Биз сага түшүргөн нерсени кайтарып алып кеткен болоор элек. Анан сен бул иште Бизге каршы өзүӊө эч бир колдоочу табалбайт элеӊ.
  • اِلَّا رَحۡمَۃً مِّنۡ رَّبِّکَ ؕ اِنَّ فَضۡلَہٗ کَانَ عَلَیۡکَ کَبِیۡرًا ﴿۸۸﴾
    17 : 88 Жалаӊ Раббиӊдин рахматы менен (сакталып калдыӊ). Албетте, сага Ал (Алла)нын берешендиги абдан чоӊ.
  • قُلۡ لَّئِنِ اجۡتَمَعَتِ الۡاِنۡسُ وَ الۡجِنُّ عَلٰۤی اَنۡ یَّاۡتُوۡا بِمِثۡلِ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنِ لَا یَاۡتُوۡنَ بِمِثۡلِہٖ وَ لَوۡ کَانَ بَعۡضُہُمۡ لِبَعۡضٍ ظَہِیۡرًا ﴿۸۹﴾
    17 : 89 Айткын: «Эгер адамдар жана жиндердин баары ушул Курандын окшошун алып келүүлөрү үчүн биргелешип алышса дагы, алар анын окшошун келтире алышпас, мейли алардын айрымдары-айрымдарына жардамчы болсо дагы».
  • وَ لَقَدۡ صَرَّفۡنَا لِلنَّاسِ فِیۡ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنِ مِنۡ کُلِّ مَثَلٍ ۫ فَاَبٰۤی اَکۡثَرُ النَّاسِ اِلَّا کُفُوۡرًا ﴿۹۰﴾
    17 : 90 Албетте, Биз ушул Куранда адамдар үчүн ар түрдүү мисалдарды ар кыл ыкмалар менен баян кылганбыз. Анан адамдардын көпчүлүгү жалаӊ шүкүрсүздүк кылган бойдон четке кагышты.
  • وَ قَالُوۡا لَنۡ نُّؤۡمِنَ لَکَ حَتّٰی تَفۡجُرَ لَنَا مِنَ الۡاَرۡضِ یَنۡۢبُوۡعًا ﴿ۙ۹۱﴾
    17 : 91 Алар айтышат: «Сен жерден биз үчүн кандайдыр бир булак чыгарып бермейинче, биз сага такыр ыйман келтирбейбиз;
  • اَوۡ تَکُوۡنَ لَکَ جَنَّۃٌ مِّنۡ نَّخِیۡلٍ وَّ عِنَبٍ فَتُفَجِّرَ الۡاَنۡہٰرَ خِلٰلَہَا تَفۡجِیۡرًا ﴿ۙ۹۲﴾
    17 : 92 Же өзүӊ үчүн курмалар жана жүзүмдөрдүн кандайдыр бир багы болуп, анын ортосунан абдан көп дайраларды казып жибермейинче;
  • اَوۡ تُسۡقِطَ السَّمَآءَ کَمَا زَعَمۡتَ عَلَیۡنَا کِسَفًا اَوۡ تَاۡتِیَ بِاللّٰہِ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ قَبِیۡلًا ﴿ۙ۹۳﴾
    17 : 93 Же өзүӊ ойлоп жатканыӊ сыяктуу асманды бырчалап үстүбүзгө түшүрмөйүнчө же Алла жана периштелерди бетме-бет келтирмейинче;
  • اَوۡ یَکُوۡنَ لَکَ بَیۡتٌ مِّنۡ زُخۡرُفٍ اَوۡ تَرۡقٰی فِی السَّمَآءِ ؕ وَ لَنۡ نُّؤۡمِنَ لِرُقِیِّکَ حَتّٰی تُنَزِّلَ عَلَیۡنَا کِتٰبًا نَّقۡرَؤُہٗ ؕ قُلۡ سُبۡحَانَ رَبِّیۡ ہَلۡ کُنۡتُ اِلَّا بَشَرًا رَّسُوۡلًا ﴿٪۹۴﴾
    17 : 94 Же өзүӊө алтындан салынган кандайдыр бир үй болмойунча, же сен асманга көтөрүлмөйүнчө. Бирок сен бизге (асмандан) биз окуй алчудай бир китеп түшүрмөйүнчө, биз сенин көтөрүлгөнүӊө дагы такыр ыйман келтирбейбиз». Айткын: «Раббим (ушул иштерден) таза (жана) мен болсо, болгону бир адам-пайгамбармын».
  • وَ مَا مَنَعَ النَّاسَ اَنۡ یُّؤۡمِنُوۡۤا اِذۡ جَآءَہُمُ الۡہُدٰۤی اِلَّاۤ اَنۡ قَالُوۡۤا اَبَعَثَ اللّٰہُ بَشَرًا رَّسُوۡلًا ﴿۹۵﴾
    17 : 95 Адамдарды өздөрүнө хидаят келгенде, алардын: «Эмне, Алла бир адамды Пайгамбар кылып жөнөтүптүрбү», - дегендеринен бөлөк эч нерсе ыйман келтирүүсүнөн тоскон эмес.
  • قُلۡ لَّوۡ کَانَ فِی الۡاَرۡضِ مَلٰٓئِکَۃٌ یَّمۡشُوۡنَ مُطۡمَئِنِّیۡنَ لَنَزَّلۡنَا عَلَیۡہِمۡ مِّنَ السَّمَآءِ مَلَکًا رَّسُوۡلًا ﴿۹۶﴾
    17 : 96 Айткын: «Эгер жерде тынч гана кезип жүрүүчү периштелер болгондо, Биз аларга албетте, асмандан периштени гана пайгамбар кылып түшүргөн болоор элек».
  • قُلۡ کَفٰی بِاللّٰہِ شَہِیۡدًۢا بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَکُمۡ ؕ اِنَّہٗ کَانَ بِعِبَادِہٖ خَبِیۡرًۢا بَصِیۡرًا ﴿۹۷﴾
    17 : 97 Айткын: «Мени менен силердин ортоӊордо Алла күбө катары жетиштүү. Албетте, Ал пенделеринен дайыма кабардар (жана аларды) тереӊ күзөтүүчү».
  • وَ مَنۡ یَّہۡدِ اللّٰہُ فَہُوَ الۡمُہۡتَدِ ۚ وَ مَنۡ یُّضۡلِلۡ فَلَنۡ تَجِدَ لَہُمۡ اَوۡلِیَآءَ مِنۡ دُوۡنِہٖ ؕ وَ نَحۡشُرُہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ عَلٰی وُجُوۡہِہِمۡ عُمۡیًا وَّ بُکۡمًا وَّ صُمًّا ؕ مَاۡوٰٮہُمۡ جَہَنَّمُ ؕ کُلَّمَا خَبَتۡ زِدۡنٰہُمۡ سَعِیۡرًا ﴿۹۸﴾
    17 : 98 Кимди Алла хидаят кылса, ошол гана хидаят табуучу. Ал эми кимди Ал адашкан деп өкүм чыгарса, ушундайлар үчүн Ал (Алла)дан бөлөк эч кандай дос таба албайсыӊ. Кыямат күнү Биз аларды эт-бетинен кеткен, көр, дудук жана дүлөй бойдон топтойбуз. Алардын турак жайы тозок болот. Ар качан ал (аларга) үлбүлдөп калганда, Биз анын жалынын алар үчүн жалындатып жиберебиз.
  • ذٰلِکَ جَزَآؤُہُمۡ بِاَنَّہُمۡ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ قَالُوۡۤاءَ اِذَا کُنَّا عِظَامًا وَّ رُفَاتًاءَ اِنَّا لَمَبۡعُوۡثُوۡنَ خَلۡقًا جَدِیۡدًا ﴿۹۹﴾
    17 : 99 Бул алардын «сыйлыгы». Себеби, алар Биздин аяттарыбызды четке кагышты жана айтышты: «Биз сөөктөргө айланып, майда-майда болуп кеткенибизден кийин дагы, албетте, бир жаӊы жаратылыш катары тургузулабызбы?»
  • اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اَنَّ اللّٰہَ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ قَادِرٌ عَلٰۤی اَنۡ یَّخۡلُقَ مِثۡلَہُمۡ وَ جَعَلَ لَہُمۡ اَجَلًا لَّا رَیۡبَ فِیۡہِ ؕ فَاَبَی الظّٰلِمُوۡنَ اِلَّا کُفُوۡرًا ﴿۱۰۰﴾
    17 : 100 Эмне, асмандар жана жерди жараткан Алла аларга окшогондорду жаратууга кудуреттүү экенин билишпейби? Ал (Алла) алар үчүн эч кандай шек-күмөн жок бир мөөнөттү белгилеп койгон. Анан заалимдер бир гана шүкүрсүздүк кылган бойдон четке кагышты.
  • قُلۡ لَّوۡ اَنۡتُمۡ تَمۡلِکُوۡنَ خَزَآئِنَ رَحۡمَۃِ رَبِّیۡۤ اِذًا لَّاَمۡسَکۡتُمۡ خَشۡیَۃَ الۡاِنۡفَاقِ ؕ وَ کَانَ الۡاِنۡسَانُ قَتُوۡرًا ﴿۱۰۱﴾٪
    17 : 101 Айткын: «Эгер силер Раббимдин рахмат казыналарына ээ болгонуӊарда дагы, силер алардын сарпталып кетишинен коркуп, аларды токтотуп турган болоор элеӊер. Адамзат албетте, абдан сараӊ!»
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسٰی تِسۡعَ اٰیٰتٍۭ بَیِّنٰتٍ فَسۡـَٔلۡ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اِذۡ جَآءَہُمۡ فَقَالَ لَہٗ فِرۡعَوۡنُ اِنِّیۡ لَاَظُنُّکَ یٰمُوۡسٰی مَسۡحُوۡرًا ﴿۱۰۲﴾
    17 : 102 Албетте, Биз Мусага тогуз ачык-айкын аят-белги тартуулаган элек. Демек, Исрааийл балдарынан сурап (көргүн): (Муса) алардын алдына келгенде, Фараон ага айтты: «Эй, Муса! Мен сени болгону сыйкырланган деп билемин».
  • قَالَ لَقَدۡ عَلِمۡتَ مَاۤ اَنۡزَلَ ہٰۤؤُلَآءِ اِلَّا رَبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ بَصَآئِرَ ۚ وَ اِنِّیۡ لَاَظُنُّکَ یٰفِرۡعَوۡنُ مَثۡبُوۡرًا ﴿۱۰۳﴾
    17 : 103 Ал айтты: «Бул ачык-айкын аят-жышаандарды асмандар жана жердин Раббисинен бөлөк эч ким түшүрбөгөнүн өзүӊ абдан жакшы билип алдыӊ. Эй, Фараон! Мен сени албетте, жок болгон деп эсептеймин».
  • فَاَرَادَ اَنۡ یَّسۡتَفِزَّہُمۡ مِّنَ الۡاَرۡضِ فَاَغۡرَقۡنٰہُ وَ مَنۡ مَّعَہٗ جَمِیۡعًا ﴿۱۰۴﴾ۙ
    17 : 104 Анан ал (Фараон) аларды жерден сууруп таштоого ниет кылды. Ошондо Биз аны жана аны менен бирге болгондордун баарын чөктүрүп жибердик.
  • وَّ قُلۡنَا مِنۡۢ بَعۡدِہٖ لِبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اسۡکُنُوا الۡاَرۡضَ فَاِذَا جَآءَ وَعۡدُ الۡاٰخِرَۃِ جِئۡنَا بِکُمۡ لَفِیۡفًا ﴿۱۰۵﴾ؕ
    17 : 105 Андан кийин Биз Исрааийл балдарына: «Убада кылынган жерде жашагыла. Анан экинчи убада келгенде, Биз силерди дагы топтоп алып келебиз», - дедик.
  • وَ بِالۡحَقِّ اَنۡزَلۡنٰہُ وَ بِالۡحَقِّ نَزَلَ ؕ وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ اِلَّا مُبَشِّرًا وَّ نَذِیۡرًا ﴿۱۰۶﴾ۘ
    17 : 106 Биз муну чындык менен түшүргөнбүз жана бул чыныгы муктаждык менен гана түшкөн. Биз сени бир куш кабар берүүчү жана бир кулактандыруучу катары жөнөттүк».
  • وَ قُرۡاٰنًا فَرَقۡنٰہُ لِتَقۡرَاَہٗ عَلَی النَّاسِ عَلٰی مُکۡثٍ وَّ نَزَّلۡنٰہُ تَنۡزِیۡلًا ﴿۱۰۷﴾
    17 : 107 Куранды адамдарга жайбаракат окушуӊ үчүн Биз аны бөлөк-бөлөк кылып түшүрдүк, ошондой эле Биз аны чоӊ кудурет жана акырындык менен түшүргөнбүз.
  • قُلۡ اٰمِنُوۡا بِہٖۤ اَوۡ لَا تُؤۡمِنُوۡا ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡعِلۡمَ مِنۡ قَبۡلِہٖۤ اِذَا یُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ یَخِرُّوۡنَ لِلۡاَذۡقَانِ سُجَّدًا ﴿۱۰۸﴾ۙ
    17 : 108 Айткын: «Мейли силер ага ыйман келтиргиле же ыйман келтирбегиле. Албетте, мындан мурун илим берилгендерге ал окулганда, алар сажда кылган бойдон ээктери менен жыгылаар эле.
  • وَّ یَقُوۡلُوۡنَ سُبۡحٰنَ رَبِّنَاۤ اِنۡ کَانَ وَعۡدُ رَبِّنَا لَمَفۡعُوۡلًا ﴿۱۰۹﴾
    17 : 109 Жана алар (мындай) айтышчу эле: «Биздин Раббибиз таза. Албетте, Раббибиздин убадасы сөзсүз жүзөгө ашуучу».
  • وَ یَخِرُّوۡنَ لِلۡاَذۡقَانِ یَبۡکُوۡنَ وَ یَزِیۡدُہُمۡ خُشُوۡعًا ﴿۱۱۰﴾ٛ
    17 : 110 Алар ыйлаган бойдон ээктери менен жыгылаар эле жана бул нерсе алардын баш ийүүсүн арттыраар эле.
  • قُلِ ادۡعُوا اللّٰہَ اَوِ ادۡعُوا الرَّحۡمٰنَ ؕ اَیًّامَّا تَدۡعُوۡا فَلَہُ الۡاَسۡمَآءُ الۡحُسۡنٰی ۚ وَ لَا تَجۡہَرۡ بِصَلَاتِکَ وَ لَا تُخَافِتۡ بِہَا وَ ابۡتَغِ بَیۡنَ ذٰلِکَ سَبِیۡلًا ﴿۱۱۱﴾
    17 : 111 Айткын: «Мейли Алла деп кайрылсаӊар, мейли Рахмаан деп – (Ал Алланын) кайсы бир ысымын атап кайрылсаӊар да, бардык эӊ сонун ысымдар Аныкы». Өз намазыӊды абдан бийик үндө да окуба, аны абдан акырын да окуба. Ушулардын ортосундагы жолду танда.
  • وَ قُلِ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ لَمۡ یَتَّخِذۡ وَلَدًا وَّ لَمۡ یَکُنۡ لَّہٗ شَرِیۡکٌ فِی الۡمُلۡکِ وَ لَمۡ یَکُنۡ لَّہٗ وَلِیٌّ مِّنَ الذُّلِّ وَ کَبِّرۡہُ تَکۡبِیۡرًا ﴿۱۱۲﴾٪
    17 : 112 Жана айткын: «Бардык мактоолор эч качан кандайдыр бир уулду перзент кылып албаган, өкүмчүлүгүндө эч качан кандайдыр бир шерик болбогон жана тим эле алсыраган абалда Ага жардамчы боло турган доско эч качан муктаж болбогон Зат Аллага гана таандык!» Ошондой эле Ал (Алла)нын улуктугун абдан зор басым менен баян кыл.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via