Курани карим Ал-Жаасия • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الجَاثیَة

Ал-Жаасия

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    45 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • حٰمٓ ۚ﴿۲﴾
    45 : 2 Хамийдун Мажийдун: мактоолор ээси, улуу даражалуу.
  • تَنۡزِیۡلُ الۡکِتٰبِ مِنَ اللّٰہِ الۡعَزِیۡزِ الۡحَکِیۡمِ ﴿۳﴾
    45 : 3 Ушул Китептин түшүрүлүшү эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси болгон Алла тарабынан.
  • اِنَّ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ لَاٰیٰتٍ لِّلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ؕ﴿۴﴾
    45 : 4 Албетте, асмандар жана жерде момундар үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • وَ فِیۡ خَلۡقِکُمۡ وَ مَا یَبُثُّ مِنۡ دَآبَّۃٍ اٰیٰتٌ لِّقَوۡمٍ یُّوۡقِنُوۡنَ ۙ﴿۵﴾
    45 : 5 Жана силердин жаратылышыӊарда дагы, Ал (Алла) таркатып жиберген бардык жандыктарда дагы бир ишенүүчү коом үчүн улуу аят-белгилер бар.
  • وَ اخۡتِلَافِ الَّیۡلِ وَ النَّہَارِ وَ مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ مِنَ السَّمَآءِ مِنۡ رِّزۡقٍ فَاَحۡیَا بِہِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَا وَ تَصۡرِیۡفِ الرِّیٰحِ اٰیٰتٌ لِّقَوۡمٍ یَّعۡقِلُوۡنَ ﴿۶﴾
    45 : 6 Жана түн менен күндүн алмашып турушунда, Алланын асмандан бир ырыскы түшүрүп, анан анын жардамында жерди өлгөнүнөн кийин тирилтүүсүндө жана шамалдарды ал жактан бул жакка айдоосунда акыл ээси болгон коом үчүн чоӊ аят-белгилер бар.
  • تِلۡکَ اٰیٰتُ اللّٰہِ نَتۡلُوۡہَا عَلَیۡکَ بِالۡحَقِّ ۚ فَبِاَیِّ حَدِیۡثٍۭ بَعۡدَ اللّٰہِ وَ اٰیٰتِہٖ یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۷﴾
    45 : 7 Булар – Алланын аяттары, Биз аларды сага чындык менен окуйбуз. Демек, Алла жана Анын аяттарынан кийин алар башка кайсы сөзгө ыйман келтиришет?
  • وَیۡلٌ لِّکُلِّ اَفَّاکٍ اَثِیۡمٍ ۙ﴿۸﴾
    45 : 8 Ар бир ойлоп чыгаруучу жана чоӊ жалганчыга ойрондук болсун!
  • یَّسۡمَعُ اٰیٰتِ اللّٰہِ تُتۡلٰی عَلَیۡہِ ثُمَّ یُصِرُّ مُسۡتَکۡبِرًا کَاَنۡ لَّمۡ یَسۡمَعۡہَا ۚ فَبَشِّرۡہُ بِعَذَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿۹﴾
    45 : 9 Ал өзүнө окулуп жаткан Алланын аяттарын угат, анан текеберлик кылган бойдон өжөрлүк кылат, тим эле ал аларды укпагандай. Ошондуктан, ага оор азап «куш кабарын» берип кой!
  • وَ اِذَا عَلِمَ مِنۡ اٰیٰتِنَا شَیۡئَاۨ اتَّخَذَہَا ہُزُوًا ؕ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ عَذَابٌ مُّہِیۡنٌ ؕ﴿۱۰﴾
    45 : 10 Жана ал аят-жышаандарыбыздын айрымдарынан кабардар болгондо, аларды маскара кылат. Мындайлар үчүн кор кылуучу азап бар.
  • مِنۡ وَّرَآئِہِمۡ جَہَنَّمُ ۚ وَ لَا یُغۡنِیۡ عَنۡہُمۡ مَّا کَسَبُوۡا شَیۡئًا وَّ لَا مَا اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اَوۡلِیَآءَ ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿ؕ۱۱﴾
    45 : 11 (Жана) алардын нары жагында тозок бар. Колго алган нерселери аларга эч болуша албайт; ошондой эле Алланы коюп, (өздөрүнө) дос кылып алган нерселери дагы (аларга эч пайда бербейт). Ал эми алар үчүн бир үлкөн азап бар.
  • ہٰذَا ہُدًی ۚ وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِ رَبِّہِمۡ لَہُمۡ عَذَابٌ مِّنۡ رِّجۡزٍ اَلِیۡمٌ ﴿٪۱۲﴾
    45 : 12 Бул – бир чоӊ хидаят. Өз Раббисинин аяттарын четке каккандар – алар үчүн калтыратуучу азаптан бир оор азап бар.
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡ سَخَّرَ لَکُمُ الۡبَحۡرَ لِتَجۡرِیَ الۡفُلۡکُ فِیۡہِ بِاَمۡرِہٖ وَ لِتَبۡتَغُوۡا مِنۡ فَضۡلِہٖ وَ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿ۚ۱۳﴾
    45 : 13 Алла деӊизди, кемелер анда Анын буйругуна ылайык сүзүүсү үчүн, натыйжада силер Ал (Алла)нын берекесин издөөӊөр үчүн, жана шүкүр кылууӊар үчүн силерге бой сундуруп койгон.
  • وَ سَخَّرَ لَکُمۡ مَّا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا مِّنۡہُ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۱۴﴾
    45 : 14 Ал асмандар жана жердеги бар нерселерди силерге бой сундуруп койду. Ой жүгүртүүчүлөр үчүн мында албетте, ачыктан-ачык жышаандар бар.
  • قُلۡ لِّلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا یَغۡفِرُوۡا لِلَّذِیۡنَ لَا یَرۡجُوۡنَ اَیَّامَ اللّٰہِ لِیَجۡزِیَ قَوۡمًۢا بِمَا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    45 : 15 Ыйман келтиргендерге айт: «Алар Алланын күндөрүнөн үмүткөр болбогондорду, Ал (Алла) ушундай коомду өздөрү жасаган амалдарына жараша Өзү «сыйласын» үчүн кечирсин».
  • مَنۡ عَمِلَ صَالِحًا فَلِنَفۡسِہٖ ۚ وَ مَنۡ اَسَآءَ فَعَلَیۡہَا ۫ ثُمَّ اِلٰی رَبِّکُمۡ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۱۶﴾
    45 : 16 Ким жакшы иштерди кылса, ал (муну) өзү үчүн кылат, ким жаман иштерди кылса, ал (муну) өзүнө каршы кылат. Анан баарыӊар өз Раббиӊердин алдына кайтарыласыӊар.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ الۡکِتٰبَ وَ الۡحُکۡمَ وَ النُّبُوَّۃَ وَ رَزَقۡنٰہُمۡ مِّنَ الطَّیِّبٰتِ وَ فَضَّلۡنٰہُمۡ عَلَی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۚ۱۷﴾
    45 : 17 Жана албетте, Биз Исрааийл балдарына Китеп, хикмат жана пайгамбарлык бердик, ошондой эле пакиза нерселерден ырыскы тартууладык жана бүтүн ааламдардан аларды абзел кылдык.
  • وَ اٰتَیۡنٰہُمۡ بَیِّنٰتٍ مِّنَ الۡاَمۡرِ ۚ فَمَا اخۡتَلَفُوۡۤا اِلَّا مِنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَہُمُ الۡعِلۡمُ ۙ بَغۡیًۢا بَیۡنَہُمۡ ؕ اِنَّ رَبَّکَ یَقۡضِیۡ بَیۡنَہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ فِیۡمَا کَانُوۡا فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۱۸﴾
    45 : 18 Жана Биз аларга ачыктан-ачык шариат таалимдерин бердик. Ошондо, алар өздөрүнө билим келгенден кийин өз ара баш ийбестик кылган бойдон талаш-тартыш чыгарышты. Албетте, алар өз ара талашкан нерселер туурасында кыямат күнү Раббиӊ алардын ортосунда өкүм кылат.
  • ثُمَّ جَعَلۡنٰکَ عَلٰی شَرِیۡعَۃٍ مِّنَ الۡاَمۡرِ فَاتَّبِعۡہَا وَ لَا تَتَّبِعۡ اَہۡوَآءَ الَّذِیۡنَ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۹﴾
    45 : 19 Анан Биз сени бир улуу шариат амирине бекем кылдык. Ошондуктан, аны ээрчи жана билбегендердин жеӊил ойлорун ээрчибе!
  • اِنَّہُمۡ لَنۡ یُّغۡنُوۡا عَنۡکَ مِنَ اللّٰہِ شَیۡئًا ؕ وَ اِنَّ الظّٰلِمِیۡنَ بَعۡضُہُمۡ اَوۡلِیَآءُ بَعۡضٍ ۚ وَ اللّٰہُ وَلِیُّ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۲۰﴾
    45 : 20 Албетте, Аллага каршы алар сага эч бир пайда келтире алышпайт. Албетте, зулумдук кылуучулар өз ара дос болушат. Алла болсо, такыбалардын досу.
  • ہٰذَا بَصَآئِرُ لِلنَّاسِ وَ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃٌ لِّقَوۡمٍ یُّوۡقِنُوۡنَ ﴿۲۱﴾
    45 : 21 Булар – адамдарга акыл-парасат тартуулоочу нерселер, ошондой эле ишенүүчү коом үчүн хидаят жана рахмат.
  • اَمۡ حَسِبَ الَّذِیۡنَ اجۡتَرَحُوا السَّیِّاٰتِ اَنۡ نَّجۡعَلَہُمۡ کَالَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ ۙ سَوَآءً مَّحۡیَاہُمۡ وَ مَمَاتُہُمۡ ؕ سَآءَ مَا یَحۡکُمُوۡنَ ﴿٪۲۲﴾
    45 : 22 Эмне, ар кыл жамандыктарды жасай тургандар: «Биз аларды (дагы) ыйман келтирген жана жакшы иштерди жасагандар сыяктуу кылып коёбуз, (тим эле) алардын жашоосу да, өлүүсү да бирдей болот», - деп ойлошобу? Алар чыгарып жаткан өкүм абдан жаман!
  • وَ خَلَقَ اللّٰہُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ بِالۡحَقِّ وَ لِتُجۡزٰی کُلُّ نَفۡسٍۭ بِمَا کَسَبَتۡ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    45 : 23 Алла асмандар жана жерди, ар бир жанга жасаган ишине жараша акы берилсин үчүн чындык менен пайда кылды. Аларга (кенедей да) акысыздык кылынбайт.
  • اَفَرَءَیۡتَ مَنِ اتَّخَذَ اِلٰـہَہٗ ہَوٰٮہُ وَ اَضَلَّہُ اللّٰہُ عَلٰی عِلۡمٍ وَّ خَتَمَ عَلٰی سَمۡعِہٖ وَ قَلۡبِہٖ وَ جَعَلَ عَلٰی بَصَرِہٖ غِشٰوَۃً ؕ فَمَنۡ یَّہۡدِیۡہِ مِنۡۢ بَعۡدِ اللّٰہِ ؕ اَفَلَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    45 : 24 Өз жеӊил оюн өзүнө кудай кылып алган, Алла Өзүнүн билиминин негизинде аны адашкан деп эсептеген жана Ал (Алла) кулагын жана жүрөгүн мөөрлөп койгон жана көздөрүн парда менен тосуп койгон бирөөнү көрбөдүӊбү? Демек, Алладан кийин ким аны туура жолго багыттай алат? Ошондон кийин дагы ибарат албайсыӊарбы?
  • وَ قَالُوۡا مَا ہِیَ اِلَّا حَیَاتُنَا الدُّنۡیَا نَمُوۡتُ وَ نَحۡیَا وَ مَا یُہۡلِکُنَاۤ اِلَّا الدَّہۡرُ ۚ وَ مَا لَہُمۡ بِذٰلِکَ مِنۡ عِلۡمٍ ۚ اِنۡ ہُمۡ اِلَّا یَظُنُّوۡنَ ﴿۲۵﴾
    45 : 25 Жана алар айтышат: «Биздин дүйнөлүк жашообуздан бөлөк эч кандай (жашоо) жок; биз өлөбүз жана тирилебиз; замандан башка эч нерсе бизди жок кылбайт». Акыйкатта, алар бул жөнүндө эч кандай илимге ээ эмес. Алар болгону болжолдошот.
  • وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُنَا بَیِّنٰتٍ مَّا کَانَ حُجَّتَہُمۡ اِلَّاۤ اَنۡ قَالُوا ائۡتُوۡا بِاٰبَآئِنَاۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۲۶﴾
    45 : 26 Жана Биздин ачык-айкын аяттарыбыз аларга окулганда, алардын далили: «Эгер чынчыл болсоӊор, ата-бабаларыбызды кайтарып алып келгилечи?» - дегендиктеринен бөлөк болбойт.
  • قُلِ اللّٰہُ یُحۡیِیۡکُمۡ ثُمَّ یُمِیۡتُکُمۡ ثُمَّ یَجۡمَعُکُمۡ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ لَا رَیۡبَ فِیۡہِ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿٪۲۷﴾
    45 : 27 Айткын: «Алланын Өзү силерге жашоо берет, анан жаныӊарды алат. Анан силерди кыямат күнүнө топтойт, мында эч кандай шек жок. Бирок, көптөгөн кишилер билбейт».
  • وَ لِلّٰہِ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ یَوۡمَ تَقُوۡمُ السَّاعَۃُ یَوۡمَئِذٍ یَّخۡسَرُ الۡمُبۡطِلُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    45 : 28 Асмандар жана жердин падышачылыгы Аллага гана тийиштүү. Кыямат жүз бере турган күнү – ошол күнү жалганчылар зыян көрүшөт.
  • وَ تَرٰی کُلَّ اُمَّۃٍ جَاثِیَۃً ۟ کُلُّ اُمَّۃٍ تُدۡعٰۤی اِلٰی کِتٰبِہَا ؕ اَلۡیَوۡمَ تُجۡزَوۡنَ مَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    45 : 29 Жана сен ар бир үммөттү чөгөлөп жыгылган абалда көрөсүӊ. Ар бир үммөт өзүнүн китебине чакырылат: «Бүгүн силер кылып жүргөн амалдарыӊар үчүн жаза-сыйлык аласыӊар.
  • ہٰذَا کِتٰبُنَا یَنۡطِقُ عَلَیۡکُمۡ بِالۡحَقِّ ؕ اِنَّا کُنَّا نَسۡتَنۡسِخُ مَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۳۰﴾
    45 : 30 Бул – Биздин китебибиз, ал силерге каршы акыйкатты сүйлөйт. Силер жасаган иштериӊердин баарын Биз жазып коёт элек».
  • فَاَمَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ فَیُدۡخِلُہُمۡ رَبُّہُمۡ فِیۡ رَحۡمَتِہٖ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَوۡزُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۳۱﴾
    45 : 31 Ал эми, ыйман келтирген жана жакшы амалдарды жасагандар – алардын Раббиси аларды Өз рахматына киргизет. Мына ушул ачыктан-ачык ийгилик.
  • وَ اَمَّا الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ۟ اَفَلَمۡ تَکُنۡ اٰیٰتِیۡ تُتۡلٰی عَلَیۡکُمۡ فَاسۡتَکۡبَرۡتُمۡ وَ کُنۡتُمۡ قَوۡمًا مُّجۡرِمِیۡنَ ﴿۳۲﴾
    45 : 32 Жана каапыр болгондор(го карата): «Силерге Менин аяттарым окулбайт беле?! Ошого карабастан, силер текеберлик кылдыӊар жана силер бир күнөөкөр коомго айланып калдыӊар», - (деп айтылат).
  • وَ اِذَا قِیۡلَ اِنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ وَّ السَّاعَۃُ لَا رَیۡبَ فِیۡہَا قُلۡتُمۡ مَّا نَدۡرِیۡ مَا السَّاعَۃُ ۙ اِنۡ نَّظُنُّ اِلَّا ظَنًّا وَّ مَا نَحۡنُ بِمُسۡتَیۡقِنِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    45 : 33 «Алланын убадасы акыйкат жана «Саат» тууралуу эч кандай күмөн жок», - деп айтылганда, силер: «Саат» эмне экенин биз билбейбиз, биз (аны) болгону бир болжол деп ойлойбуз жана биз такыр ишенүүчүлөр эмеспиз», - дейсиӊер.
  • وَ بَدَا لَہُمۡ سَیِّاٰتُ مَا عَمِلُوۡا وَ حَاقَ بِہِمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    45 : 34 Жана жасаган иштеринин жаман акыбеттери аларга ачык болуп калат жана алар маскаралап, үстүнөн күлгөн нерсе аларды курчап алат.
  • وَ قِیۡلَ الۡیَوۡمَ نَنۡسٰکُمۡ کَمَا نَسِیۡتُمۡ لِقَآءَ یَوۡمِکُمۡ ہٰذَا وَ مَاۡوٰٮکُمُ النَّارُ وَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ نّٰصِرِیۡنَ ﴿۳۵﴾
    45 : 35 Жана аларга айтылат: «Кудум силер ушул күнүӊөрдөгү жолугушууну унутканыӊардай, бүгүн Биз дагы силерди унутуп коёбуз. Турак жайыӊар тозок болот жана силер үчүн эч бир жардамчылар болбойт.
  • ذٰلِکُمۡ بِاَنَّکُمُ اتَّخَذۡتُمۡ اٰیٰتِ اللّٰہِ ہُزُوًا وَّ غَرَّتۡکُمُ الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا ۚ فَالۡیَوۡمَ لَا یُخۡرَجُوۡنَ مِنۡہَا وَ لَا ہُمۡ یُسۡتَعۡتَبُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    45 : 36 Анткени силер Алланын аят-жышаандарын маскара кылып алдыӊар жана дүйнөлүк жашоо силерди алдап койгон эле». Ошентип, бүгүн алар ал (от)тон чыгарылышпайт жана алардын эч бир кечирими кабыл алынбайт.
  • فَلِلّٰہِ الۡحَمۡدُ رَبِّ السَّمٰوٰتِ وَ رَبِّ الۡاَرۡضِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۳۷﴾
    45 : 37 Ошентип, бардык мактоо асмандардын Раббиси жана жердин Раббиси – бүтүн ааламдардын Раббиси болгон Аллага таандык.
  • وَ لَہُ الۡکِبۡرِیَآءُ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۪ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿٪۳۸﴾
    45 : 38 Жана асмандар да дагы, жерде дагы ар бир улуктук Ага гана таандык. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via